«ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК» (Кыргыз эл жомогу)

  • 23.04.2022
  • 0
«ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК» (Кыргыз эл жомогу)

Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими

            (Алиппе, 1-класс)

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.
Сабактын формасы: Топто иштөө
Колдонулуучу ыкмалар: Түшүндүрүү, көрсөтмөлүү, видео слайд, аудио уктуруу
Колдонулуучу каражаттар: Окуу китеби, макалдар, дубалдагы сөздөр, 9 табылгы
Предмет аралык байланыш: мекен таануу, адеп, музыка
1.Негизги компетенттүүлүк:
1.Маалыматтык; 2.Социалдык-коммуникативдик; 3.Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү;

2.Предметтик компетенттүүлүктөр:
1.Тыбыш жана тамга менен иштей алуу; 2.Шар, көркөм окуй алуу; 3.Сөз байлыгы менен иштей алуу; 4.Сүйлөм, текст менен иштей алуу;.5.Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнуктөр менен иштей алуу;

Көрсөткүчтөр:
1.Эгерде окуучулар ынтымактын маанисин билишсе; Ынтымак жөнүндө өз ойлорун айта алышса; 2.Китептен жомокту шар окуй алышса; Окуган тексттин үстүндө эркин ой жүгүртө алышса; Класста өзүн ынтымактуу, таза алып жүрүшсө;
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар «Ырыс алды — ынтымак» жомогу менен таанышат жана ынтымактын маанисин кеңири түшүнүп билишет.
2.Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар жомокту шар, көркөм окуп беришет. Түшүнүгүн айырмалап, салыштырып, суроолор аркылуу айтып берип, ойлорун бекемдешет.
3.Тарбиялык: Ынтымакты үй-бүлөдө, мектепте, досторунун арасында сактоого үйрөнүшөт. Таза, тыкан болууга тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Саламдашуу. — Бүгүн кайсы күн? — Кайсы мезгил? – Жаз мезгилинин кандай өзгөчөлүктөрү бар? –Азаматсыңар! Бүгүн менин балдарым, кыздарым өзгөчө татынакай, супсулуу!                      Жагымдуу маанай түзүү. Окуучуларды сабакка шыктандыруу. Видеодон жаз мезгилиндеги алма бакты көрүшүп, келгин куштардын сайраганын угушат.    –Эми “Алтын эрежени“ эсибизге салалык.

Алтын эреже:

Биз мектепке эртең менен шашабыз. Класста адептүүлүк, тазалыкты сактайбыз. Эжекенин айтканын кунт коюп, угабыз, Дайыма бири-бирибизди сыйлайбыз, Сабакты мыкты окуп, жакшы баалар алабыз.

Баалоо критерийи менен тааныштырамын.

– Бүгүн сабакка активдүү катышып, адептүү болгон окуучуга, эң жакшы жооп берген топторго менин белегим бар. Ал белекти алгандарга күндөлүгүнө “5” жана “4” деген бааларды коюп беремин.            Калпак, комуз, көөкөр, чыны менен бааланышат. Эмесе бүгүн сабакта “Алтын эрежебизди” сактап, эң мыкты окуучулардан болгула!
Үй тапшырманы суроо. — Кана балдар, үйгө эмне тапшырма берилди эле? -“Кыргыздын Ала-Тоосу” ырын көркөм айтууга жаттап келүү болгон. –Ырда эмнелер жөнүндө айтылды? –Ырда тоолор, жаныбарлар, кооз гүлдөр жөнүндө жазылган. –Жайы-кышы кетпеген мөңгүсү бар Ала-Тоо дегенди кандай түшүндүңөр?  — Бийик чокуда жайы-кышы эрибеген музду билдим. –Азаматсың! -Тоодогу аппак карды билдим. Азаматсың! -Тукабадай кулпурган тулаңы бар Ала-Тоо дегенди кандай түшүндүңөр? -Кооз килемге окшош жайлоо гүлдөрүн түшүндүм. –Азаматсың! — Ала-Тоонун арасын айбандары жойлогон –дегенди ким кандай түшүндүңөр?  -Ала-Тоонун арасында көп айбанаттар жашайт деп билдим.  –Азаматсың! -Алар кайсы айбанаттар болду экен, ким айтат?

— Аюу, жолборс, илбирс, карышкыр, түлкүлөр жашайт деп билдим.                      –Азаматсың! Балдар, силер айткан айбанаттар кандай аталат? -Алар баары жапайы айбанаттар деп аталат. -Азаматсыңар, баарыңар үй тапшырманы абдан жакшы окуп келипсиңер! Эми ар бир топтон ырды жаттап келгендер чыгып, көркөм айтып бергиле. (Ушул маалда видеодон Ала-Тоонун кооздугу, айбанаттар көрсөтүлүп турат).   Азаматтар! Ырды эң сонун айтып бердиңер! Ала-Тоонун арасында жүргөндөй болдук. Эми ырды унутпай, эсиңерде сактап, айтып жүргүлө!
Сабактын темасы:                            Видеодон көрсөтүлөт. «Ырыс алды — ынтымак» жомогу. Бул — байыркы ата-бабаларыбыздын балдарга арнаган, акыл-насаат жомогу.

Сабактын максаты.
– Бүгүн жомокту жакшы, кунт коюп угасыңар. Ынтымаксыз болгондо эмнелер болоорун түшүнүп, билесиңер. Жомокту шар, катасыз, түшүнүп окуйсуңар. Түшүнгөнүңөрдү кайра айтып бересиңер. Жомокту ролдоштуруп аткарасыңар. Мыкты актёр болосуңар. Ар дайым ынтымактуу болууга үйрөнөсүңөр. Сабактын жүрүшү:                          Мугалим: — Балдар, айткылачы, ынтымак дегенди ким кандай түшүнөт? — Чогуу урушпай ойногондо айтабыз. -Бири-бирине оюнчуктарын берсе. -Китепти бирге окушса.–Кичинекей бөбөктөрүн ойнотсо. –Ата-апасын укса, жардам берсе.

— Мектепке сабакка кечикпей келсе.
–Бирге футбол ойношсо.
–Азаматсыңар! Эң сонун жоопторду айттыңар.  Жоопторуңар мага жакты. Силер ынтымак жөнүндө көптү билет экенсиңер. Аудиодон жомокту угушат. Окуучулар суроолорго жооп беришет. – Атанын балдары, кандай балдар экен? — Атасы балдарынын эмне болгонуна капаланды? — Атасы балдарын ынтымактуу болууга кантип үйрөттү?        — Үй бүлөдө ынтымактуу болуш үчүн эмне кылуу керек? (Окуучулар суроолорго жооп беришет).                                                                — Азаматсыңар! Жомокту жакшы түшүнүп, ынтымак жөнүндө билипсиңер. 3.Видеодогу эс алуу көнүгүүлөрүн музыканын коштоосунда жасашат. Окуучулардын маанайлары көтөрүлөт.
4.Практикалык иш. Окуу китебинен жомокту топтордон каалаган окуучулар шар, катасыз, көркөм окуп беришет.            –Балдар, текстте канча сөз бар экен, тез санагыла. –Азаматтар!
–Текстте канча сүйлөм бар экен, тез тапкыла. –Азаматтар! (Окуучулар тукабадай кулпурган, мөңгү, жойлогон, табылгы, ынтымаксыз деген сөздөрдүн маанисин чечмелеп айтып беришет).

5.Бышыктоо. (Видеодон жомоктун сюжети көрсөтүлөт. Окуучулар табылгы менен жомокту аткарып беришет. Каалоочулар көп болот).
–Жомокту автор, ата, балдары болуп эң жакшы аткардыңар. Азаматсыңар! 6.Жыйынтыктоо. Окуучуларга суроолор берилип, жооптору толукталат.                      – Силерге жомок жактыбы? Бүгүнкү сабактан өзгөчө эмне кылганыбыз жакты?  — Ынтымактуу болуш үчүн кандай сапаттар керек экен? Ким ынтымак жөнүндө макал билет?
— Ырыс алды — ынтымак.
Мугалим жыйынтыктап, макалды чечмелейт.                                                            — Ынтымак болсо элиңде, ырыскы жайнайт жериңде.

7. Баалоо.
— Азаматсыңар! Бүгүн сабакка ар бир топ эң жакшы катышты. Үй тапшырманы эң сонун айтып бердиңер. Жомокту жакшы түшүнүп, ынтымактуу болууну билдиңер. Китептен жомокту шар, катасыз окудуңар. Жомокту сахналаштырып аткарып да бердиңер. Автордун атасынын, балдарынын сөздөрүн жакшы түшүнүп айттыңар. Мен бүгүн силерге абдан ыраазы болдум. Ар бир топтон сабакка активдүү катышкан, эң жакшы жооп берген окуучуларга калпак, комуз, көөкөр, чыны белекке берип бааладым.
8. Үй тапшырма: Алиппе китебинен 72-бетти шар, көркөм окуп келүү. Ролго даярдануу. Саламатта болгула!

"ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК" (Кыргыз эл жомогу)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер