“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

  • 12.04.2022
  • 0
“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Байгазиева Чынаркүл Карагойчуевнанын 7-класстын окуучулары үчүн өткөн кыргыз адабияты сабагынын жүрүшү.

“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Сабактын темасы: Төлөгөн Касымбековдун өмүр баяны жана “АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” повестин жыйынтыктоо.

Сабактын максаты:

  • Билим берүүчүлүк максаты:

Жазуучунун чыгармаларынын негизинде окуучулардын алган билимин тереңдетүү;

  • Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Чыгарманын мааниси жөнүндө окуучулардын билимин, билгичтигин өнүктүрүп, көркөм окууга жана адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу;

  • Тарбиялык мааниси:

Жазуучунун чыгармаларынын мисалында окуучуларды адилеттүүлүккө, ак ниеттүүлүккө жана эмгекчилдикке тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Төлөгөн Касымбековдун сүрөттөрү, ватман, техникалык жабдуулар, ноутбук.

Сабактын формасы: Топ менен иштөө.

Сабактын тиби: Аралаш (бириктирилген)

Окуу методу: Көрсөтмөлүүлүк (интерактивдүү сабак).

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу бөлүгү (окуучулар менен саламдашуу, тактоо, окуу куралдарын көзөмөлдөө, жагымдуу маанай түзүү);

Төлөгөн Касымбековдун өмүр баянын жана “Адам болгум келет” повестин жыйынтыктоо сабагы боюнча классты эки топко бөлүү: I топтун аты “Келечек”, II топтун аты “Жеңиш”.

  • Ар бир топ өз аталыштарын айтып, жактап беришет:

Маселен, I топ “Келечек” деп коюунун себебин “Келечек – жаштардын колунда, биз эртеңки күндүн ээлерибиз” – деп түшүндүрөт.

Ал эми II топ “Жеңиш” аталуунун себебин “Биз билимдүү, адептүү, ынтымактуу болуу менен жеңиштерге жетекбиз”, – деп белгилешет.

  • Изилдөө ыкмасы:
  • “Келечек” тобу Төлөгөн Касымбековдун өмүр баянын (экрандан көрсөтүп) айтып беришет;
  • “Жеңиш” тобу Төлөгөн Касымбековдун өмүр баянын замандаштарынын эскерүүсүнүн негизинде (экрандан көрсөтүп) тааныштырышат.

“Чынжырча” оюну:

  • “Сынган кылыч” тарыхый романы;
  • “Келкел” романы;
  • “Кичинекей жылкычы” аңгемес;
  • “Жетим” повести;
  • “Баскын” романы;
  • “Адам болгум келет” повести;
  • “Чапкын” романы;
  • “Кыргын” романы;
  • “Жетилген курак” романы;
  • “Алымкан” драмасы;
  • “Курманжан датка” драмасы.

“Келечек” тобу “Адам болгум келет” повести боюнча “Комикс” түзөт;

“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

“Жеңиш” тобу “Адам болгум келет” повестиндеги башкы каармандардын бири Базыл боюнча карта түзөт.

“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

  • Сабакты жыйынтыктоо:

“Келечек” тобу Төлөгөн Касымбеков өмүр баяны боюнча “Толкундун эффекти” диаграммасын түзөт;

“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

“Жеңиш” тобу “Адам болгум келет” повести боюнча “Суроолор айлампасын” түзөт:

“АДАМ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Чыгармада кимдер катышат?

  • Атасы Асылбекти кандай адам болууга үндөйт?
  • Жазуучу чыгармасы аркылуу эмнени айткысы келген?

Мугалимдин сөзү:

Чындыгында эле Төлөгөн Касымбеков өзүнүн кайталангыс таланты менен кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анткени, ал мазмуну терең, көркөмдүүлүгү бийик аңгеме, повест, романдарды жазып, кыргыз элине гана эмес, коңшу мамлекеттерге жана алыскы чет өлкөлөргө таанылган. Улуу талант, даңазалуу калемгер быйыл 91 жашка чыкмак. Жазуучунун бул жашоодон көзү өтсө да чыгармалары муундан-муунга окулуп, заманга ыктай жашарып, окурмандарынын санын көбөйтүп келет.

Алсак, “Адам болгум келет” повести жаштарды өз жолун табууга, жакшы менен жаманды иргеп, түшүнүүгө үндөгөн терең мазмундуу чыгарма болуп саналат. Андыктан, чыгарма түбөлүктүү…

  • Үйгө тапшырма: “Эгер мен Асылбектин ордунда болсом… (андан ары ойду улантып, өзү пикириңди жаз).
  • Окуучулардын билимин баалоо.
Бөлүшүү

Комментарийлер