«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНЫН ТАЛАБЫ ӨЗГӨРДҮ

  • 24.06.2021
  • 0

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын жобосу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кайрадан иштелип чыкты. Сынакты өткөрүү талабы, тартиби заман талабына жараша өзгөртүлүп, бир катар жаңычылдыктар киргизилди.

Бул сынак жыл сайын мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүнөзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, республиканын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндө маалымат банкын педагогикалык маалымат менен толуктоо максатында өткөрүлүп келет.

"ЖЫЛ МУГАЛИМИ" СЫНАГЫНЫН ТАЛАБЫ ӨЗГӨРДҮ

Кимдер катыша алат?

Сынакка менчиктин баардык түрүндөгү жана формалсындагы жалпы билим берүүчү башталгыч, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери, ошондой эле жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюмдарында айкалыштырып иштеген жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары катыша алат.

Облустук сынактын финалына катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрдүн/башкармалыктардын деңгээлинде жүргүзүлөт. Облустук сынакка катышуу үчүн облустук, же шаардык олимпиадаларда 1-3-орундарга ээ болгон педагогикалык кызматкерлерге уруксат берилет.

Эгерде сынактын облустук, же шаардык этаптарынын жеңүүчүлөрү кандайдыр бир жүйөөлүү себептерден улам сынактын облустук этабына катыша албай калса, жержерлерде уюштуруу комитеттери 4-5-орундарды ээлеген атаандаштарын сынактын финалына катышууга жиберүүгө укуктуу.

Анын катышуусу боюнча акыркы чечимди сынактын уюштуруу комитети аймактык сынактын эксперттик комиссиясы тарабынан материалдарды изилдеп чыккандан кийин кабыл алат.

Педагогикалык стажы жана сынакка катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Сынакка катышуу үчүн педагогикалык кызматкердин ыктыярдуу иши жана сынактын ар бир этабында талапкердин макулдугу талап кылынат.

 

Сынактын шарттары

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер уюштуруу комитетине төмөнкү документтер топтомун тапшырууга тийиш:

1) сынактын катышуучусунун жеке арызы жана резюмеси;

2) катышуучунун сүрөтү (9х12 өлчөмүндө түстүү болушу керек);

3) сынактык сабакка өтүнмө (предмети, классы жана окутуу тили);

4) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана сынактын материалдарын жарыялоого макулдук жөнүндө арыз.

Документтер электрондук түрдө этап башталганга чейин 20 күндөн кечиктирилбестен сынактын уюштуруу комитетине берилиши керек. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилген материалдар рецензияланбайт.

Үчүнчү жана төртүнчү этаптарда шаардык билим берүү органдары сынакка катышуу үчүн арыз берет жана сынактын катышуучусуна сунуштама тапшырат.

 

Сынакта эмнелер каралат?

Баардык этаптарда мугалимдин иш тутуму бааланат жана анын сабактын техникасын, методикасын өздөштүрүү даражасы аныкталат. Жаш муунга билим жана тарбия берүүнүн педагогикалык технологиялары, методикалары, жаңы ыктары жана ыкмалары анализделет.

Сынактын мазмуну ар бир тур үчүн аныкталат жана ага төмөнкүлөр кирет: педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, мастер-класстар, конкурстук сабактар жана өзүн-өзү анализдөө.

 

Өткөрүү этаптары

Сынак жалпы төрт этап менен өткөрүлөт. Биринчи этап жалпы билим берүү уюмдары тарабынан декабрь айында өткөрүлөт. Экинчи этап февраль айында райондук/шаардык бөлүмдөр/башкармалыктар тарабынан жүргүзүлөт. Үчүнчү этапты регионалдык институттар / усулдук билим берүү борборлору, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктары өткөрөт. Төртүнчү – жыйынтыктоочу этабы Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Республикалык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети тарабынан жогорку окуу жайлардын адистеринин катышуусу менен сентябрь айында өткөрүлөт.

Экинчи этапка биринчи этапта 1-3-орунду ээлеген сынактын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарга ээ болгондор, үчүнчү этапка экинчи этапта 1-3-орундарды ээлеген жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери катыша алышат. Сынактын финалына ар бир облустан бир гана катышуучу көрсөтүлөт. Ал сынактын үчүнчү этабынын жеңүүчүсү болушу керек.

Биринчи, экинчи жана үчүнчү этаптарын уюштуруу, методикалык жактан камсыз кылуу үчүн билим берүү уюмдары жана тиешелүү органдар сынактын этаптарын өткөрүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн белгилөөчү калыстар тобунун курамын жана алардын эрежелерин бекиткен уюштуруу комитеттерин түзүшөт, сынактын этаптарын, каржылоо тартибин белгилейт.

Үчүнчү этабынын уюштуруу комитети жыл сайын (этап башталганга чейин эки айдан кечиктирбестен) сынактын үчүнчү этабын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө маалыматты сынактын финалынын уюштуруу комитетине жөнөтөт.

Сынактын үчүнчү этабын уюштуруу комитети жыл сайын (жыйынтыгын чыгаргандан кийин жети календардык күндөн кечиктирбестен) сынактын жыйынтыгын жана сынактын финалын уюштуруу комитетине арыз берет.

 

Өткөрүү тартиби

Баардык этапта мелдеш эки турда өтүп, үч сынактык иш-чараны камтыйт.

I турда катышуучу 15 мүнөттө педагогикалык тажрыйбасын презентациялап, дагы 15 мүнөттүн ичинде калыстар тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берет. Андан кийин 20 мүнөткө чейин мастер-класс өткөрөт.

II турда болсо 40 мүнөттүк сабак өтөт. Өзүн-өзү анализдөөгө дагы беш мүнөттүк убакыт берилет. Сынактык сабактын темасы калыстар тобу тарабынан сынак өткөрүлүп жаткан жалпы билим берүү уюмунун календардык-тематикалык планына ылайык аныкталат.

Сабактын темасы жана аны баалоо критерийлери катышуучуларга сынак башталганга чейин жети календардык күн мурун маалымдалат. Сынактык иш-чараларды баалоонун критерийлери Кыргыз билим берүү академиясы жана Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет жана катышуучуларга алдын ала жеткирилет. Сынактык иш-чаралардын жүрүшү видео тасмага тартылат. Эки турдун жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүсү жана сыйлык ээлери аныкталат.

 

Сынактын финалы

Сынактын финалына катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү сынактын үчүнчү этабынын уюштуруу комитети тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде үчүнчү этабынын жеңүүчүсү кандайдыр бир себептерден улам финалга катыша албай турган болсо, анда 3-этаптын уюштуруу комитети 2-орунду алган катышуучуну финалга жиберүүгө укуктуу. 3-этаптын уюштуруу комитеттери финалга катышуучулардын жол чыгымдарын камсыздашат.

 

НОМИНАЦИЯЛАР

Ар бир этапта сынак үч номинация боюнча өткөрүлөт:

— «Жылдын мыкты мугалими» (5 жылдан ашык педагогикалык стажы бар);

— «Педагогикалык дебют» (5 жылдык педагогикалык стажы менен);

— «Эң мыктынын мыктысы» (педагогикалык стажга талап коюлбайт).

 

Калыстар тобу

Калыстар тобу билим берүү тутумунун жалпы билим берүүчү, илимий, усулдук уюмдарынын квалификациялуу адистеринен, коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган 15 адамдан (ар бир сынактык иш-чарага беш адамдан) түзүлөт. Тиешелүү баскычтардагы калыстар тобунун курамы жалпы билим берүү уюмунун, жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин башчысынын буйругу менен бекитилет. Калыстар тобунун курамына атаандаш иштеген жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлери жана башка кызыкдар адамдар кире албайт.

Калыстар тобу ачык сабактын темасын аныктап, ачык сабактарды, мастер-класстарды, билим берүү иш-чараларын, финалисттердин тажрыйбасынын презентациясын критерийлердин негизинде баалап, сынактын жеңүүчүсүн жана байге ээлерин аныктайт.

 

Уюштуруу комитети

Сынакты уюштуруу-методикалык жактан камсыз кылуу жана өткөрүү үчүн сынактын уюштуруучулары менен макулдашуу боюнча сынактын төрагасы, төраганын орун басары, жооптуу катчы жана мүчөлөрдөн турган уюштуруу комитети түзүлөт. Комитет жыл сайын сынак жөнүндө кулактандырууну уюштуруучулардын расмий сайттарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону камсыз кылат. Сынакты өткөрүүнүн тартибин белгилеп, ар бир этаптын видео тасмага түшүүсүн камсыз кылууга тийиш. Сынактын калыстар тобунун курамын жана алардын иштөө эрежелерин бекитип, ордун жана өткөрүү мөөнөтүн, каржылоо тартибин аныктайт.

Сынактын тиешелүү баскычтарын уюштуруу комитетинин курамы жалпы билим берүү уюмунун, жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин башчысынын буйругу менен бекитилет.

Уюштуруу комитетинин чечими анын тизмесинин жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Чечимдер протокол менен түзүлөт, ага төрага, ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер