ЖУСУП АБДРАХМАНОВ — КЫРГЫЗДЫН КУТУ

  • 23.12.2021
  • 0

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар Жусуп Абдрахмановдун ким экендигин, кыргыз тарыхында ээлеген ордун, саясий ишмердигин жана басып өткөн өмүр жолун биле алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Оюн эркин айтып, атуулдук жана мекенчилдик сезимдерин өстүрө алышат.
Тарбия берүүчүлүк: Адилеттүү жана чынчыл болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Жусуп Абдрахмановдун үй-бүлөсүнүн, бирге иштеген кесиптештеринин сүрөттөрү, батман, маркер, скотч.
Предмет аралык байланыш: Кыргыз адабияты, сүрөт, музыка
Сабактын формасы: Тарбиялык саат
Жаңы тема:

Мугалим: Саламатсыздарбы кымбаттуу мугалимдер, окуучулар! Кыргыздын улуу инсаны Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата «Жусуп Абдрахманов — кыргыздын куту» аттуу иш-чарабызды ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер! Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемиров «Кыргызга эки жолу кут түшкөн. Биринчиси — Жусуп Абдрахманов, экинчиси — Исхак Раззаков. Бирок өз мезгилинде аларды кут сыяктуу кабыл ала албадык» — деп айткандай, бүгүнкү иш-чарабызда мына ошол кыргыздын биринчи куту — тарыхчы, тилчи, жазуучу, мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, дипломат Жусуп Абдрахманов жөнүндө кеңири маалыматтарды алып, суроолорго жооп беребиз. Анда сөз 9-класстын окуучуларына берилет.

1-окуучу: Манаптын тукуму. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинен 3-классты аяктайт. 1914-жылдан баштап окуусун Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында улантат. Тилекке каршы, 1916- жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калат.

2-окуучу: Томолой жетим кылган Үркүн.
Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза болот. Үркүндүн өспүрүм Жусупка салган азабы, муңу менен гана токтоп калган эмес. Анын энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Ошентип, иниси Токо экөө томолой жетим калган 15 жаштагы Жусуп дүрбөгөн эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап күн көрө баштайт.

3-окуучу: Кыргызды ачарчылыктан сактаган.
Жусуп Абдрахманов 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикада бардык маанилүү жумуштарды баштайт. Эл жана өлкө үчүн айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды түзөт. Өжөр жана тайманбас өкмөт башчы өлкөдөгү кээ бир маселелер боюнча борбордук бийликке баш ийбеген саясатты жүргүзгөн.
Колхоздоштуруу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары айтылуу ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда, Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан, Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын «улутчул» деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда «Компартияга каршы аракеттенген» деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ - КЫРГЫЗДЫН КУТУ

4-окуучу: Өлкөнүн чегин аныктаган.
Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Эл өз эгемендигин өзү чечиш керектигин белгилеген коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу чыгаандар менен бирге борбору Жалал-Абад болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чейин созулган Кара кыргыз — Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат. Тилекке каршы, бул идея ишке ашпай калган. Бирок Абдрахмановдун аракети менен адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон Кыргызстан өз эгемендигин алгыча СССРдин курамында союздук республика болуп турду.

5-окуучу: Репрессиянын курмандыгы. Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага “антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү” деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай, күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрында өлтүрүлгөн. Ошол күнү аны тергөөчү бөлмөсүнө чакырат. Абдрахманов суракка алып жаткан тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Ызы-чууга чуркап келген сакчылар аны атып салат. Абдрахманов 1958-жылы гана толугу менен акталган.

6-окуучу: Ленин менен сүйлөшкөн. Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлөт. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуйт. Бирок оорудан улам аскердик карьерасын токтотууга аргасыз болот. Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышат. Курултайда советтик бийликтин жол башчысы Владимир Ильич Ленин менен жолугуп, экөө узак убакыт аңгемелешет.

7-окуучу: Кыйын кезеңди башынан өткөргөн үй-бүлөсү.
Жусуп Абдрахманов казак кызы болгон жубайы Гүлбахрам менен 1917-жылы Алматыда таанышат. Жаш кыз жалданма иштерде иштеген уланды алгач теңине албаганы менен акылдуу, эмгекчил бала анын көңүлүн өзүнө бурат. Ошентип экөө Алматы шаарында баш кошот. Беш баланы тарбиялаган үй-бүлө Жусуп Абдрахманов «эл душманы» деп атылгандан кийин абдан кыйын кезеңди башынан кечирет. Бир кездери жалпы кыргызды ачарчылыктан сактаган инсандын үй-бүлөсү эми өзү бир сындырым нанга жетпей калат. Аларга өлкөдөгү мектептердин, жумуш берген мекемелердин эшиги жабылат. Бул мамиле Жусуп Абдрахманов акталгандан кийин гана өзгөрөт.

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ - КЫРГЫЗДЫН КУТУ

8-окуучу: Билген тилдери.
Москва шаарында архивдик маалымат боюнча Жусуп Абдрахманов 1933-жылдын 29-июлунда кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча толтуруп, анда «немец, өзбек тилдеринде окуп, сөздүктүн жардамы менен ал тилдерге котором. Перс, өзбек, уйгур тилинде окуп, ал тилдерде оюмду түшүндүрүп бере алам. Казак тилинде эркин сүйлөйм» деген маалымат берген. Алматыдагы президенттик архивиндеги анкетага «татар тилин да билем » -деп толтурган. Англисче, орусча эркин сүйлөгөн, фарс тилин билип, арабча «Кыргызстан» китебин жазган.

Мугалим: Демек, балдар, азыркыдай тил үйрөтүү курстары жок кезде тилдик туюму, дээри аркылуу эне тилин кошкондо, 11 тилди билген. Улуу инсандын бул сапаттары жаштар үчүн бүтпөс баян, өчпөс өрнөк болуп саналат. (Эки топко бөлүнүп, бир топ билген тилдерине кластер түзөт. Экинчи топ кроссворд чечмелейт).

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ - КЫРГЫЗДЫН КУТУ

1. Ачкачылык мезгилде казактарга жардам көрсөткөн.
Бул кайсы инсандык сапатка кирет?
2. Билген тилдеринин бирин ата.
3. Жусуп кимге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилейт?
4. Москвага данды жөнөтпөй койгондо, Жусупту эмне деп күнөөлөшкөн?
5. Социал-Туран деген бул эмненин аталышы?

Мугалим: Азаматсыңар! (Сахналык көрүнүш көрсөтүлөт. Жусуп Абдрахмановдун сот залында атылышы)
9-окуучу: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн көркөм айтуу.

Сарыбаев Эрхан: Эртең менен ат чабуучу жайда болдум. Ат мингенде ат жалында өскөн бүтүндөй кыргыз насилим ойгонду. Элиме болгон сүйүүм жүрөгүмдү козгоду. Ал сүйүүмдү калкыма кылган кызматым менен акташым керек. Ушул ой мени өмүрүмдүн акырына чейин коштойт окшойт. Башымды жоготкон сүйүүмө кайыл болуп, ак эмгегимди Ата Мекенге арноону чечтим. Тагдыр жолум катуу болгону менен Кыргызстандын эгемендүүлүгү, эркиндиги жөнүндө айткандарымды түшүнгөндөр аз, түшүнбөгөн түркөйлөр көп болду. Канжыгага башымды байлаган каар заманда, Кыргызстан башкалардын катарында багымсыз болоорун, эңсеген тилегим бүгүн болбосо, эртең ишке ашаарына ишенем! Эркин элдин эртеңи болот. Кыргызымдын эркиндигине кызмат кыл! Мен чапкан жолдун сапарын улантаар — сенсиң урпагым! Ала-Тоону, аны байырлаган байыркы кыргызымды, бүгүнкү Кыргызстанымды сактагыла, сактагыла, сактагыла!!!

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ - КЫРГЫЗДЫН КУТУ

Хор: “Кыргызстан тоолордун мекени”

Мугалим:  Бүгүнкү күндө Жусуп Абдрахмановдун ысымы менен Ысык-Көл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши); Бишкек шаарынын бир көчөсү (мурдагы Совет көчөсү) аталган. Туулган айылына жана Каракол шаарында эстелик тургузулган. Балдар, улуу инсандын атын дагы кайсы жерлерге койсок болот?

1-окуучу: Бир облуска атын ыйгаруу.
2-окуучу: Борборго эстелигин тургузуу.
3-окуучу: Мамлекеттик университеттерге атын коюу.

Мугалим: Азаматсыңар, балким келечекте айткан сөзүңөр ишке ашаар деп үмүттөнөм.
“Баары өтөт түбөлүктүү жакшы атак,
Жакшы адамдын сөзүн айтып макташат.
Сен да өтөсүң калтыр жакшы атыңды,
Атың калса сактаганың данкыңды” – деп Жусуп Баласагын атабыз айткандай, силер да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон, Жусуп Абдрахманов сыяктуу улуу инсандардай, мыкты уул-кыздардан болгула!

Үйгө тапшырма: “Жусуп Абдрахманов — кыргыздын куту” — деген темада дил баян жазып келүү.

ШАЙЛИЕВА Назира, Кара-Суу району, Топ-Терек негизги мектеби

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер