ЖОГОРКУ БИЛИМ: БИЛИМ, ИЛИМ, БИЗНЕС ЖАНА ӨНДҮРҮШ

  • 12.04.2022
  • 0

1-апрелден тартып мектеп мугалимдери менен бирге жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын да эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруу кызматкерлериники 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлериники 80 пайызга жогорулады.

4-апрелде Президент Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлери менен жолугушуп, эмгек акылардын жогорулашы менен билим берүү тармагынын кызматкерлерине коюлган талаптар күчөтүлүп, тармакта бир катар жаңылануулар жана өзгөрүүлөр боло тургандыгын жарыялады. Андан кийин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушуп, жогорку кесиптик билим берүүнүн деңгээлиндеги реформаларды ишке ашыруу жолдору, механизмдери боюнча маалымат берип, пландалган иштерди жүзөгө ашырууда жетекчилерди мезгил менен тең жарыша иштөөгө чакырды.

ЖОГОРКУ БИЛИМ: БИЛИМ, ИЛИМ, БИЗНЕС ЖАНА ӨНДҮРҮШ

ТАЛАП КЫЛЫНБАЙ КАЛГАН АДИСТИКТЕР ЖАБЫЛЫП, ЖАҢЫ КЕСИПТЕР АЧЫЛАТ

Жогорку окуу жайларда замандын талабына жооп бербей калган структуралык бөлүмдөр, кафедралар, билим берүү программалары жабылып, ордуна эмгек рыногунун муктаждыгына жооп берген жаңы багыттагы модернизацияланган билим берүү программалары ачылат.

Мындан сырткары ар бир окуу жайга бир эле учурда эки же үч кесипти бириктирип окута турган мүмкүнчүлүк берилет.

– Азыр окуу жайларга болушунча мүмкүнчүлүк берилип жатат. Алар эми керек болсо бир эле учурда эки же үч кесипти окута алышат. Мисалы, педагог бир эле учурда эки же үч кесип алып чыкса болот. Психолог бир эле учурда башталгыч класстардын мугалими, шыгы болсо музыка мугалими боло алгыдай деңгээлге жетишибиз керек. Бул жакта эч кандай чектөө жок. Мамлекеттик стандартка кантип отургузабыз деп кыйналбагыла. Мындан кийин стандарттар болушунча окуу жайлардын өздөрүнө берилет. Силер эң башкысы дүйнөлүк стандартта мындай жакшы жаңылыктар бар экен, биз дагы ушундай билим бере алабыз деп бизге келсеңер, министрлик болушунча ийкемдүү саясат жүргүзөт, Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгы менен Кесиптик билим берүү башкармалыгы болгон сунуштарды кабыл алат, колдойт. Ошондуктан кайсы кесипти ачыш керек болуп жатса, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла. Ушул эле мүмкүнчүлүк PhD программасын ача турган окуу жайларга да берилип жатат. Эки багытты бириктирип, эки илимдин ортосунда илимий изилдөө жүргүзөбүз дегендерге да ачыкпыз. Андыктан окуу жай жетекчилери замандын агымы менен тең жарыша иштеши керек, — деди министр.

Мындан сырткары жаңы окуу жылынан баштап кээ бир программаларды гибриддик негизде окутууга уруксат берилет. Мисалы, жүктөмдүн 80% салттуу окутулса, калган 20% онлайн окууга өткөрүүгө болот. Ал үчүн окуу контенттеринин бардыгын камтыган көп платформаларды электрондоштуруп, студенттерге эркин колдонууга ылайыктуу кылуу керек.

СТУДЕНТТЕР УНИВЕРСИТЕТТЕН ЭЛЕ ӨЗҮНҮН ФИРМАСЫН АЧА АЛАТ

Жогорку окуу жайларда студенттик стартап мамлекеттик программасы ишке кирет. Ал үчүн университеттердин алдында бизнес-инкубаторлор, коворкинг (coworking – биргелешип иштеген) борборлор ачылуусу керек.

Стартап — бул кандайдыр бир идеяга негизделген, ишке ашыруу үчүн каржылоону талап кылган коммерциялык долбоор. Алмазбек Бейшеналиев бул идеяны ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү каражат бөлүнүп жатканын айтып, ар бир окуу жайга өзүнүн профилине жараша технопарктарды, инкубаторлорду ачууну тапшырды.

ЖОГОРКУ БИЛИМ: БИЛИМ, ИЛИМ, БИЗНЕС ЖАНА ӨНДҮРҮШ

– Бул дагы мезгил талабы болуп жатат. Азыр студенттердин потенциалын университет жана коом үчүн колдонуу зарыл. Колдон келсе, айрыкча, экономика жана финансы кафедралары барлар ушул ишти биринчи башташы керек. Андан сырткары ар бир окуу жай өзүнүн профилине жараша же технопарктарды, же инкубаторлорду ачуусу зарыл. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун ушул биз отурган залы студенттер үчүн жакшы бир инкубатор болуп берет. Ушул жерде бир эле учурда жүздөгөн, миңдеген адам окуп, иштеп, жыйналыш өткөрүп, идеяларын ишке ашырса болот. Ачылган инкубаторлор WiFi, тийиштүү техникалык каражаттар, эмеректер менен камсыздалышы керек. Кечки саат алтыда эле жаап салбай, керек болсо түнгө чейин студенттерге ачып берип, идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Ар бир студент мындан кийин дипломдук иш жазгандын ордуна 2-курстун башынан баштап өзүнүн идеясынын стартабын, башкача айтканда, фирмасын, компаниясын негиздеши керек. Үч, беш студент биригип да иштесе болот. Ошонун негизинде студенттердин жүздөгөн, миңдеген компанияларын, фирмаларын негиздеп, аларды университеттердин астында субкомпания кылып ачса болот. Булар эч кандай салык төлөбөйт, өз алдынча иш алып барат. Ушул идеялардын негизинде чыныгы бизнес чөйрөсүндө жүргөндөрдү да тартып, студенттерге кантип бизнес ачыш керектигин, ал үчүн кантип долбоор жазса боло тургандыгын, идеяны кантип реалдуулукка ашырса боло тургандыгын үйрөтөбүз. 3-4 жылдын ичинде ошол студенттердин стартаптары университеттерден бөлүнүп чыгып, жашоодо чыныгы фирмаларга айланышы керек. Жакшы идеяларды ишке ашыруу үчүн мамлекет 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин кредиттик негизде колдоо көрсөткөнгө даяр, — дейт министр.

Студенттердин идеялары үчүн Дүйнөлүк банктан дагы октябрь айынан баштап төрт миллион АКШ доллары кредит катары берилет. Андыктан министрликтин тийиштүү башкармалыгы бир канча окуу жайлар менен иштешип, 31-август – Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата миң студенттик стартапты ишке киргизиши керек.

–  Бул мамлекеттин эгемендүүлүгүнө карата ЖОЖдордун белеги болот. Мисалы, Кембридж университети он жылдын ичинде, тактап айтканда 2001-2011-жылдардын аралыгында ушундай идеяны ишке ашырып, миңдеген фирма университеттен бөлүнүп чыгып, өз алдынча иштеп кетти. Ошол эле учурда миңдеген фирма кайра эле жабылып калды. Бул жактан студенттер жок дегенде фирма ачканды, анан аны кайра жапканды үйрөнөт. Эч нерсеге жарабаган дипломдук иштерди жаздыргандын ордуна, ушундай реалдуу салым кошкон иштерди жасашыбыз керек. Бул ишти ишке ашырууда тажрыйба топтоо үчүн мамлекеттик он окуу жайдын — КУУ, КУАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, Нарын МУ, ЫМУ, ЖАМУ, БатМУнун жетекчилери менен апрель айынын аягында АКШга иш сапарга чыгып келебиз. Андан кийин гуманитардык университеттердин жетекчилери менен август айында Венгрия, Эстонияга, техникалык багыттагы окуу жайлар менен Түштүк Кореяга жай айларында иш сапарга барып келебиз. Жеке менчик университеттер болсо өз алдынча изденүү менен инкубаторлорду негиздеп, стартаптарды ишке ашырышы керек, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

БЕШ ЖОЖго ӨЗГӨЧӨ СТАТУС БЕРИЛЕТ

Кыргызстандын беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет. Алар экономикалык жана өндүрүштүк эркиндикке ээ болуу менен стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитип, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачып, башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүүгө ээ болушат.

Ал беш окуу жайга өзгөчө талаптар коюлат. Беш жылдын ичинде Азиядагы окуу жайлардын рейтингинде топ беш жүзгө кирип, бардык институционалдык, программалык аккредитациядан өтүп бүтүшү керек. Андан сырткары бардык окуу жайлар билим, илим, бизнес жана өндүрүш деген төрт багытта өнүгүүгө тийиш.

– Жакынкы арада окуу жайлар ирилештирилип, бири-бирине кошулат. Азыр аларга каржылык эркиндик берилип жатат. Иштеп тапкан акчаны мурдагыдай казынага которбостон, мамлекеттик банктарда кармап, окуу жайдын өнүгүшү үчүн каалаган учурда колдонууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору иштелип жатат. Эми болгону жетекчилер университеттин каржылык базасын чыңдоо үчүн жигердүү иштеп бериши керек, — дейт министр.

Андан сырткары ЖОЖдордо башкаруунун философиясы өзгөрөт. Төртүнчү муундагы университетке өтүп, инновациялык долбоорлордун толук жашоо цикли «идея-продукт» ишке ашырылат. Башкача айтканда, бардык иш билим-илим-бизнес менен иштешүү жана инновациялык продукцияларды өндүрүүгө багытталат.

Мындан ары илим-изилдөө иштери жогорку окуу жайларда жүргүзүлөт. Илим-изилдөө институттары университеттерге өткөрүлүп, лабораториялык базалар чыңдалат. Министр ректорлорду PhD докторантурага болгон талаптарды күчөтүп, сапаттуу даярдоонун механизмдерин ишке киргизүү боюнча активдүү иш алып барууга чакырып, бул долбоорду төрөлө электе эле өлтүрүп алууга жол бербөө керектигин баса белгиледи.

ЖОГОРКУ БИЛИМ: БИЛИМ, ИЛИМ, БИЗНЕС ЖАНА ӨНДҮРҮШ

МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАРГА ТАЛАП КҮЧӨТҮЛӨТ

Быйыл 15-июнга чейин клиникалык базаларын далилдеп, Саламаттык сактоо министрлиги берген №6 формасын сактап калган жана эл аралык аккредитациядан өткөн медициналык окуу жайларга гана абитуриент кабыл алууга уруксат берилет.

– Медицина – эң жоопкерчиликтүү тармак. Адам өмүрүн медиктердин колуна аманат кылып берет. Анан дарыгерлерди даярдаган окуу жайлардын клиникасы жок болсо, билим сапаты төмөн болсо, биз кантип кепилдик бере алабыз. Ошондуктан ар бир окуу жайдын өзүнүн жеке клиникасы болууга тийиш жана ал жактан студенттер практикадан эркин өтүшү керек. Анан чет мамлекеттерден келген студенттер кыргызстандык студенттер менен бир аудиторияда отуруп окугудай болушу шарт. Анткени Пакистан менен Индиянын талабы ошондой болуп жатат. Алар биздин студенттер өзүңөрдүн студенттериңер менен чогуу окусун, операцияга киргенге, ошол жактан иштегенге уруксат бергиле деп жатат. Себеби алар практикага окутуучунун коштоосунда барат дагы, оорулуу менен түз сүйлөшө албайт, башкача айтканда, түз байланыш жок. Ошондуктан окуу жайлар чет өлкөлүктөрдү реалдуу окутам десе, мындан ары жергиликтүү студенттерге кошуп окутушу керек жана аларга практикадан өтүү үчүн орус же кыргыз тилин кошо үйрөтүшү керек. Окуу жайын бүткөндөн кийин жок деген 5% иш менен камсыз кылуусу шарт, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер