“БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМГА ЖАҢЫ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРЕТ

  • 23.06.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгып, талкууланып жатат. Бул мыйзам долбоору билимге болгон укукту ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө жана билим берүү жаатында адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдигин камсыздоого багытталган.

Кандай өзгөртүүлөр кирди?

Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимовдун маалыматына таянсак, жумушчу топтун жыйынтыгы боюнча окуучулардын жана ата-энелердин укуктары жана милдеттери толукталды.

— Мектепке чейинки билим берүү, балдарга жана чоңдорго кошумча билим берүү программаларын лицензиялоо жокко чыгарылды; мектепке чейинки билим берүү программаларын аккредитациялоо, аккредитациялоонун ыктыярдуулугу алынып салынган, ошондой эле андан ары мыйзам алдындагы актыларга киргизүү үчүн лицензиялоо жана аккредитациялоо механизмдерин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар эске алынган, — дейт бөлүм башчы.

Мугалим ата-энелерге жана коомдун башка мүчөлөрүнө, Кыргызстандын маданий-тарыхый баалуулуктарына, анын мамлекеттик түзүлүшүнө урмат көрсөтүү духунда окуу-тарбиялоо иштерин жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого тарбиялоого; жалпы адамзаттык баалуулуктарга: боорукердикке, эмгекчилдикке, гуманизмге, патриоттуулукка, чындыкка, адилеттүүлүккө жана башка изгиликтерге карата сый-урмат менен кароого, коррупцияга каршы тарбиялоого; өзүнүн кесиптик билимин жана көндүмдөрүн үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө, өз квалификациясын жогорулатууга; окуп жаткандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого, өз ишинде гендердик зомбулуктун жана басмырлоонун пайда болушуна жол бербөөгө; өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда окуучуларды аң-сезимдүү жашоого даярдоо; окуп жаткандардын жеке чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү милдеттендирилет.

 

Дүйнөлүк эмгек рыногуна адистерди даярдоо зарыл

Мыйзамдын жаңы долбооруна Жогорку Кеңештин депутаттары дагы өз сунуштарын киргизип, коомчулуктун талкуусуна  коюшту.

— Ааламдашуу шартында билим берүү системасы эл аралык билим берүү чөйрөсүнө кирип жатат жана азыртан эле ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк эмгек рыногунда да суроо-талапка ээ боло ала турган адистерди даярдоого багытталышы керек.  Ошентип, бүгүнкү күндө билим берүү системасын методология менен камсыз кылуу жана эмгек рыногун региондук өлчөмдө болжолдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Экономиканын туруксуздугунан улам, өлкө экономиканын кадрларга болгон муктаждыгынын узак мөөнөттүү прогнозуна муктаж, ал даярдалган кадрлардын санын жана аларды даярдоонун натыйжаларын эмгек рыногунун талаптары менен салыштырууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, жогорку кесиптик жана жогорку окуучу жайдан кийинки билим берүүнүн деңгээлинде башка нерселер менен катар университеттердин ишмердигинде илимдин катышуусун күчөтүү, ошондой эле билим берүү системасында илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл, — деп белгилейт депутат.

Демилгечи депутаттын пикиринде,  азыркы реалдуулукка таянып, жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген билим берүүнүн приоритеттерин белгилөө зарыл. Анын ою боюнча, инсандык жогорку адеп-ахлактык сапаттарды, боорукердик жана башка адамдарга жардам берүүгө даярдуулукту, башка социалдык системаларга, маданий салттарга, коомдук түзүлүштөрүнө жана башка түшүнүктөрүнө толеранттуу мамилени камтыйт.

Мындан тышкары, билим берүү уюмдары жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Мыйзам долбоорунда бардык кызматкерлерди, окуучуларды  жана окуучулардын ата-энелерин билим берүү уюмунун уставы менен тааныштыруу үчүн шарттарды түзүүсү сунушталып жатат.

— Практика көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө эл аралык билим берүү процесстерине интеграциялануу үчүн глобалдык маалымдамадагы эл аралык тилдерде берилген маалыматтын чоң көлөмүнө байланыштуу эл аралык коммуникация тилдеринин бирин билүүсү зарыл. Ушуга ылайык, Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык тилдердин бирин окутуу жана окуу мүмкүнчүлүгүн белгилөөсү сунушталат. Мындан кийин, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн жана илимий (изилдөө) ишмердүүлүккө кызыгуусун өнүктүрүү, илимий билимдерди жайылтуу максатында Мыйзам долбоорунда республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерине мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу жайларга тапшырууда колдоо көрсөтүү сунушталууда, — дейт Н.Кадырбеков.

Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында кели шимдерди (контракттарды) түзүү улуттук валютада сунушталат.

— Ушул сунуш, билим берүү уюмдарында окуу акысы чет элдик валютанын кымбатташынан көз каранды эместиги болушу үчүн байланышкан. Анткени, иш жүзүндө чет элдик валютанын курсу олуттуу өсүш тенденциясына ээ болгон учурлар болгондугун белгилей кетүү керек, бул акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын алуучуларга терс таасирин тийгизген жана билим берүү уюмдарында окуу акысынын көлөмүнүн өсүшүнө алып келген. Ошентип, сунушталган Мыйзам долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт жана мыйзамга карама-каршылыкты келтирбейт, ошондуктан Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт, ошону менен бирге, билим берүү тармагындагы жогоруда айтылган маселелерди чечүүгө багытталган.  Мыйзам долбоорун кабыл алуусу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт, — дейт депутат.

ДЕПУТАТ Н.КАДЫРБЕКОВДУН СУНУШТАР

14-1-берене. Билим берүү жана маалымат ресурстары

  1. Билим берүү уюмдарында билим берүү программаларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында илимий жана башка окуу адабияттарына, маалыматтык системаларга, ошондой эле башка маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу китепканалар, анын ичинде санариптик (электрондук) китепканалар иштейт. Билим берүү уюмунун китепканасы ишке ашырылып жаткан негизги билим берүү программаларына киргизилген бардык сабактар, курстар, дисциплиналар (модулдар) боюнча басма жана (же) электрондук окуу басылмалары (анын ичинде окуу китептери жана окуу куралдары), методикалык жана периодикалык басылмалар менен толуктоолуусуна тийиш.
  2. Билим берүү уюмун өз ишинде тиешелүү билим берүү программасы боюнча бир окуучуга эсептелген окуу басылмалары менен камсыз кылуунун ченемдери мамлекеттик билим берүү стандарттарында белгиленет.
  3. Билим берүү уюмдары тиешелүү билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууда ушул билим берүү программаларын ишке ашырууда пайдалануу үчүн окуу китептерин чыгаруучу уюмдардын тизмесине кирген уюмдар тарабынан чыгарылган окуу китептерин белгиленген тартипте сатып алышат.

Ошол уюмдардын тизмеси, ошондой эле окуу китептерин чыгаруучу уюмдарга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

14-2-берене. Билим берүү системасын илимий жактан камсыздоосу

Билим берүү системасында билим берүү ишин толук камсыз кылуу максатында колдонмо илимий уюмдар, институттар, лабораториялар, окуу-тажрыйба чарбалары, илимий базалар, инновациялык борборлор, ошондой эле билим берүү ишин маалыматтык-технологиялык жактан камсыз кылуучу уюмдар түзүлүшү жана иштеши мүмкүн.

14-3-берене. Мектептик олимпиадаларды өткөрүү

Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн жана илимий (изилдөө) ишмердүүлүккө кызыгуусун аныктоо жана өнүктүрүү, илимий билимдерди жайылтуу максатында мектептик билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында деңгээлдеги олимпиадалар өткөрүлөт.

Мектеп окуучуларынын деӊгээлдик олимпиадаларын өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, анын ичинде алар өткөрүлүүчү жалпы билим берүүчү предметтердин тизмеси, мектеп окуучулары үчүн олимпиаданын жыйынтыктоочу жыйынтыктары, мектеп окуучуларынын олимпиадасынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлеринин дипломдорунун үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн акыркы эки классынын тиешелүү багыттары боюнча республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мектеп олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына артыкчылыктуу ирети менен тапшырууга ушул Мыйзамына ылайык укуктуу.

Мектеп формасы — социалдык теңсиздикти жоет

Дагы бир демилгечи  топ, т.а. Исатбек кызы Аида, Г.О.Култаева, Л.Х.Лурова, Г.А.Кожокуловалар маалымкатта белгилешкендей, бул Мыйзам мектеп формасын киргизүүгѳ багытталган, себеби форма тартипти жана класстагы окуучулардын жетишүүсүн жакшырта алат. Ошондой эле мектеп формасын кийип жүрүү окуучунун ѳзүнүн сырткы келбетине жооптуу мамиле кылуусун иштеп чыгып, жүрүм-турумун карап жүрүүсүн калыптандырат, баарлашууда ѳзүнѳ ишенимди арттырат.

—          Парламенттин депутат аялдарынын форумунун Баткен, Ош, Жалал-Абад облусуна кѳчмѳ отурумунун алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле орто мектептердин директорлору диний түрдүү агымдардын таасири күчтүү болуп жаткандыгы тууралуу пикирлерин да айтышты. Мектеп формасын киргизүү жѳнүндѳ жазуу түрүндѳгү кайрылуулар да келип түшкѳн. Бул ѳзгѳчѳ мектеп курагындагы кыздарга терс таасир этет. Мыйзамдын ѳзүндѳ орто мектептердин окуучулары мектеп формасын милдеттүү түрдѳ кийүүсү жѳнүндѳ ченем жок экендигин белгилеп кетүү керек, бул окуучулардын сырткы көрүнүшүнө карата талаптын жоктугуна алып келет.  Дүйнѳнүн кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрүндѳ мектеп формасы – мектептеги жашоонун ажырагыс бѳлүгү, — деп белгилешүүдө депутаттар.

Демилгечи топтун пикиринде,  бирдиктүү мектеп формасы балдардын кийимди мелдешип кийинүүсүнѳн алыс кылат. Андан тышкары, мектеп формасы түрдүү бүлѳнүн балдарынын социалдык жана материалдык абалдарын теңдейт. Ошону менен катар депутаттар эл аралык мыйзамдарга жүргүзүлгѳн талдоо кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдѳ мектеп формасы киргизилгендигин кѳрсѳттү. Алсак, Улуу Британияда,  Индияда, Сингапурда, Японияда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Кытайда жана башка ѳлкѳлѳрдѳ мектеп формасы каралганын белгилешкен.  Ал эми постсоветтик ѳлкѳлѳрдѳ милдеттүү мектеп формасы Ѳзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда каралган. Ошондой эле ата-энелер мыйзамда каралган талапты аткарышы жѳнүндѳ ченем киргизилип жатат.              

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер