ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАРДАМГА КЕЛҮҮДӨ

  • 06.09.2021
  • 0
ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАРДАМГА КЕЛҮҮДӨ

Баланы мектепке даярдоодо ата-энелер алгач мектепке чейинки билим берүүгө көп көңүл бөлө баштаганы анык. Баланын акыл-эсин, дене боюн өстүрүүгө, социалдык көндүмдөрүнө өбөлгө түзүүчү, өзгөчө усулдар менен өнүктүрүүчү бала бакчаларга берүүнү көздөп келишет. Албетте, андай мүмкүнчүлүктөр бар, бирок бала бакчалардын саны бөбөктөрдүн баарын камтууга шарты жок. Андыктан, заман талабына шайкеш келген жеке менчик бала бакчалардын пайда болушу жана учурда көбөйүшү кубандырбай койбойт.

Бишкек шаарынын тургундары мамлекеттик бала бакчаларда орун тартыш болгондугуна байланыштуу электрондук кезекте катталып, бирок жеке менчик бакчага барууга аргасыз болуп келет. Чын-чынына келгенде акысы кымбат болгону менен, ар түрдүү багыттагы окутуулар, кружоктор ата-энелерди кызыктырбай койбойт. Бир гана сапат маселесине келгенде түрдүү пикирлерди угууга болот:

ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАРДАМГА КЕЛҮҮДӨ

– Шаарыбыздагы “Антошка 2”, “Киндерли”,”Всезнайка”, “Карамелька”, “Илим”, “Звездочки”,”Эврика” аттуу жеке бала бакчаларды кыдырып чыктык. Азырынча бизге “Эврика”бакчасынын тилдерди окутуу методикасы, мектепке даярдоо ыкмалары жакты “Мамонтёноктун” логопедиялык багытын жактырып жатабыз. Жашаган жерибизден алысырак, бирок айла жок, — деп ою менен бөлүштү Үмүт Мамытканова, Бишкек шаарындагы Жал кичи районунун тургуну.

– Биз Ак Ордо конушунда жашайбыз, кызыбызды берүүгө бакча тандоодо өз аймагыбыздагы жана башка жактагы жеке бакчаларды жактыра алган жокпуз, себеби биринин имараты муздак, биринин тамактандыруусу начар, оюнчуктары тартыш, окутуу каражаттары аз, бөлмөлөрү тар, педагогдору аз, баланын саны көп, ал эми жактырган бакчанын акысы кымбат болуп жатты. Азырынча эки балабызды тең карап бергенге өз үйүндө кароочу жеке бакчага алып барып жатабыз. Ал жерде жалпы беш эле бала жана балдарыбыздын чогуу жүргөнү, шарты жана кароо убактысы төлөө акысына туура келди, — дейт Бишкек шаарынын тургуну Айжаркын Көкүлова.

Жеке бала бакчалар жөнүндө оң пикир, терс пикир абдан көп, бирок баланын тандоосу дагы маани берүүчү болоруна ынанган Юлия Соколова төмөнкүлөргө токтолду:

– Кызым Алена үч жашта. Бишкек шаарынын жашаган жерибизге аймакташ болгон жеке бала бакчаларын карап жүргөн учурда кызыбызды ээрчитип жүргөн элек. Барган бакчалар канчалык кооз, ойноочу жерлери ыңгайлуу болуп турса да Аленка мага жармашып, алаксыбай, кетели деп эле ыйлай берди. Биз дээрлик беш бакча кыдыргыча үнү басылбады. Акыры “Гномик” аттуу бала бакчага баш багып сүйлөшкүчө, кызыбыз акырын жылып барып балдарга аралашып ойноп кеткенин байкадык. Демек, баланын комфорту, тандоосу да чечүүчү болот экен!

Баланы мектепке даярдоодо бала бакчалардын жардамы, анын ичинде жеке менчик бакчалардын кыргыз, орус, англис тилдерин, менталдык арифметика, искусство негиздерин үйрөтүүдөгү кеңейтилген методикалары заман талабынын зарыл баскычы. Бир гана аксаган жери мамлекеттик бала бакчалардын аздыгы болуп турат. Ошол себептен жеке бакчаларга суроо-талап жогору болуп турган кези.

Билим берүү министрлигинин берген маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында төрөлгөн жети жашка чейинки балдардын жалпы саны бир миллион 117 миң 950 баланы түзөт. Акыркы алты жылдын ичинде мектепке чейинки уюмдардын саны 462 көбөйдү. Эгерде
2015-жылы 1186 бала бакча болсо, 2021-жылдын башында 1648 бала бакча болгон. Алардын көбөйүшү мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү формаларынын ачылышынын аркасында мүмкүн болду. Бул МЧББ менен камтууну 161 миңден 196 миң балага же тиешелүү курактагы балдардын санынын 19,9 % дан 22% чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Менчик формасы боюнча – 1435 бала бакча мамлекеттик жана муниципалдык, ал эми жеке менчик 213 бала бакча.

Окутуу тилдери боюнча:

— 1052 бала бакчада тарбиялоо процесси кыргыз тилинде;

— 337 бала бакчада орус тилинде;

— 250 бала бакчада кыргыз жана орус тилинде;

— 9 бала бакчада өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, мектепке чейинки уюмдарга барбаган 5,5 жаштан жети жашка чейинки 101075 бала, дээрлик 100% мектепке чейинки даярдоо программасы боюнча окутулган.

Ата-эне баласынан эч нерсе аябаган шартта да үй-бүлөлүк бюджеттин жетишсиздиги, эки баланын бирин гана бакчага берүүгө мүмкүн экенин билдирген Асанбеков Максат:

– Менин айлык маянам болгону 16000 сомду түзөт, келинчегим иштеш үчүн балдарды бакчага берүүнү көздөп, бакчалар менен таанышып жатып эки балабыздын бирөөсүн эле бере аларыбызды билдик. Андан тышкары кирүү акысы деп принтер алып берүүбүздү эскертишти. Электрондук кезек менен мамлекеттик бала бакчага кирүүгө катталган туруктуу жерибиз жок болуп жатат, — деди.

Учурда бала бакчалардын камсыздалышы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу ар кандай себептерден улам жетишсиз бойдон калууда.

– Ошондуктан биздин министрлик эрте өнүктүрүү программаларына жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн иштеп жатат.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен башталды. Долбоордун алкагында 2025-жылга чейин 500 кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлөт, бул мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40000 балага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” гранттык долбоору боюнча иштер башталды, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү секторунун башчысы Нурзида Касымова.

Гранттык макулдашууну ратификациялоо аркылуу кыска мөөнөттүү 60 жаңы бала бакчаны түзүүгө жана жабдууга, 3000 баланы камтууга мүмкүнчүлүк жаралат. Долбоордун алкагында билим берүү программалары иштелип чыгат жана педагогдор окутулат, жаңы ачылган жана иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 5000ден ашуун тарбиячыларынын квалификациясы жогорулатылат.

Нурзида Абабакировнанын айтымында, учурдагы көйгөйлөрдүн арасынан төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү зарыл:

— бала бакчаларга маалыматтык башкаруу системасын жана электрондук кезекти киргизүүнүн абалы татаал. Учурда республикада 371 бала бакчага компьютер жетишпейт. Кабелдик интернетке 519 гана бала бакча кошулган. Башка бала бакчаларда модемдер жана мобилдик интернет колдонулат. Колдо болгон компьютерлер, эмеректер, окуу ресурстары канааттандыраарлык эмес абалда.

Мында республикалык бюджеттин каражаты бала бакчалардын кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалат, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирет, алар негизинен дотацияда болгондуктан, бала бакчаларга керектүү каражаттарды
бөлбөйт.

— мектепке чейинки курактагы балдардын тамак-ашына болгон каражаттын суммасынын учурдагы азык-түлүк баалары менен дал келбестиги.

— жаңы бала бакчаларды каржылоо жана аларды мамлекеттик бюджетке киргизүү олутту кыйынчылыктарды жаратууда.

2020-2021-окуу жылына 533 тайпага ылайыкташкан 182 жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдары ачылды. Бирок, эгерде быйыл 331,0 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнбөсө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары эмгек акысыз калышы мүмкүн.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер