ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМГЕ  ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАТИР БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ?

  • 10.10.2024
  • 0

Жакындан бери  Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагынын Ош шаардык жана республикалык турунун жеңүүчүсү Илгиз Шамырзаевге берилген батир берилбей келгендиги жөнүндө Facebook баракчаларына түрдүү пикирлер айтылып жатат. Анда сөз башынан болсун!

 Биздин каарманыбыз Илгиз Шамырзаев 2011-2016-жылдар аралыгында Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык жогорку окуу жайынын тарых-филология факультетинде кыргыз тили жана адабияты адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

V курсту аяктар алдында ошол кездеги Ош гуманитардык педагогикалык институту тарабынан республика боюнча филология тармагында билим алып жаткан студенттердин арасында уюштурулган «Педагогикалык дебют — 2016-6» кароо-сынагында баш байгенин ээси аталган.

2016-2017-окуу жылы Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейине кыргыз тили жана адабияты мугалими катары жумушка кабыл алынат. 2017-жылы мектеп ичинде өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими — 2017» кароо-сынагында баш байгенин ээси аталат.

Жогорку Кеңеште депутат болуп турган Абдывахап Нурбаевдин демилгеси менен ордолуу Ош шаарында эмгектенип жаткан жаш мугалимдердин арасында «Жылдын мыкты жаш мугалими — 2018» кароо-сынагы болуп өтүп, бул сынакта байгелүү I орунду жеңип алып, атайын акчалай сыйлык, статуэтка менен сыйланат. Ал эми 2021-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагында дагы баш байгенин ээси аталып, Ош шаардык мэриясы тарабынан бир бөлмөлүү батир ыйгарылган. Ушул эле жылы Илгиз Шамырзаев Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган республикалык  «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагында да баш байгени ээлеп, Ош шаарынын намысын татыктуу коргогонун жазып чыкканбыз. Ошондой эле «Билим азыгы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Заманбап мугалим — 2022» кароо-сынагында да Илгиз баш байгени ээлеп, «Ихсан» кооперативдик компаниясы тарабынан бир бөлмөлүү батирдин жеңүүчүсү деп табылган болчу.

ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМГЕ  ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАТИР БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ?

Белгилей кетчү жагдай, 2021-жылдан баштап Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп келе жаткан «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагында эң алдыңкы орундарды Ош шаарынын мугалимдери үзгүлтүксүз ээлеп келүүдө. Дегенибиз, ошол ар бир жеңүүчү менен Бишкек шаарына кошо барып, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, кеп-кеңеш, көмөктөрүн аябаган мугалим катары ар бир ийгиликтин артында да Илгиз Шамырзаевдин тургандыгын баса белгилеп кетмекчибиз.

Демек, соңку төрт-беш жыл аралыгында Илгиз агай «Жылдын мыкты мугалими» сынагы боюнча абсолюттук түрдө Кыргызстандын чемпионуна айланып, бул багытта өзү багындырган сынактардын парадын түзө алды.

— Илгиз мырза, жакынкы күндөрдө Facebook баракчаларына чыккан маалыматтардын биринде Сизге берилген батир берилбегенди жөнүндө түрдүү пикирлер болууда. Окурманага түшүнүктүү болуу үчүн айтсаңыз батирди ким бермек эле?

— Алгач түшүнүктүү болуусу үчүн бул сынактын башталашы жөнүндө малымат бере кетейин. 2021-жылдын 10-мартында Ош шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында Ош шаарында алгачкы ирет чоң байгелер коюлган сынак болору тууралуу маалыматтар берилген. Анда Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов шаардагы мектеп директорлору жана мугалимдер менен жолугушуп, сынак үчүн коюлган байгелер тууралуу айтып берген. Мугалимдерге сынактын шарттары түшүндүрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн берилчү сыйлыктардын сертификаттары Ош шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырылган. Дал ошол окуядан кийин мен сынакка катышууга белсенгем,  жыйынтыгында «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагынын баш байгесин жеңип алдым. А бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин мага убада кылынган батир берилбейт келе жаткандыгы ырас.

— Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи кайсы жерде болгон жана бир бөлмөлүү батирдин сертификатын Сизге ким тапшырган?

— Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи 2021-жылдын 20-майында Ош Улуттук драма театрында болуп өткөн. Анда «Эмаком» курулуш компаниясынын бир бөлмөлүү батир берүү жөнүндөгү сертификатына Мелис Жусупов кол коюп, салтанаттуу түрдө ошол кездеги шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырган.

—  Бул маселе боюнча кимдерге кайрылып көрдүңүз?

— Сынак жыйынтыгына келген соң мени «Эмаком» курулуш компаниясынын Ош шаарындагы жетекчиси Мелис Жусупов өзүнүн кеңсесине чакырып, Ош шаарында он үч кабаттуу көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын, ошол көп кабаттуу үйдүн он үчүнчү кабатынан бир бөлмөлүү, т.а. 68-батирдин иш кагаздарын тапшырган. Ошол учурда курулуп жаткан үй төртүнчү кабатына келип калган болчу. Ал үйдүн батыраак курулуп бүтүүсүн менчелик эч ким күтпөдү болсо керек. А бирок курулуш иштери аяктап, ал жердин тургундарын каттай баштаган учурда мага берилген батирди башка бир адам сатып алгандыгын айтып, анын да колунда кудум эле мага берилген иш кагаздары бар экендигин далил катары көрсөткөн.

Аталган маселе боюнча кайрадан компанияга кайрылган учурда, айтор, көңүл жылытарлык кабыл алышпай, улам эле жетекчинин жок экендигин айтып, жылдан жылга күтүп туруумду сөз кылып, тил эмизип келишүүдө.

ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМГЕ  ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАТИР БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ?

Ош шаардык мэриясына эки ирет кат түрүндө кайрылган учурда алар мага бул маселе боюнча компаниянын өзүнө кайрылуумду айтып, жооп жазышкан.

Ошол кездеги шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кайрылган учурда ал сертификатты шаар мэри катары официалдуу түрдө тапшырып койгондугун айтып, мени компаниянын негизги негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов менен WhatsApp колдонмосу аркылуу видео түрүндө байланыштырган. Жусупов Эмилбек мырза өз сөзүндө мага берилген батир эртеби-кечпи берилерин, компаниянын учурдагы абалын айтып, бул маселени тез арада чечип берүүсүн убада кылган. Айтор, 2021-жылдан баштап бул маселе боюнча эч бир тарап алгылыктуу жооп айтпай, ара жолдо мени абдан эле ыңгайсыз абалга салышууда.

— Ошол кезде маалымат массалык каражаттарына берген интервьюларыңыздын биринде айлык-акынын аздыгынан мугалимдик кесипти таштап кетем дедиңиз эле. Кийин сынактагы ийгиликтерден кийин мектепте эле ишиңизди улантарыңызды айткан элеңиз. Азыр мектепте эле иштеп жатасызбы?

— Ооба. Чынын айтканда үй-бүлөнүн тирөөчү катары бизге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Жашоо да бир калыбында токтоп турбайт. Улам замандын алга карай жылуусу менен күнүмдүк муктаждыктарың да арта берет. Ал эми үй-жайы болбогон адамга шаарда мугалимдик кесип менен үй алуу деген татаал иш. Ошол кездерде жөн гана куруучуларга кошулуп иштесем да мектепке салыштырмалуу көп акы аларымды ойлоп, акырындап мектептен кетүүнү каалап жүргөм. Ал эми сынакка батир коюлат деген кабарды уккандан баштап, бар дараметимди ушул багытка сарптадым. Бир бөлмөлүү батирдин жеңүүчүсү деп жарыялашкан учурда кубанганымдан «Мен мындан ары бар билимимди балдарга арнаймын! Бул тармакта түбөлүктүү иштеймин!» деп интервью берген элем. Бир тараптан айтылган сөз, атылган ок, экинчи тараптан окуучуларга болгон сүйүү, үчүнчүдөн, кесипке болгон чыгармачылык гана мени мектепте кармап турат. Учурда ушул эле мектепте мугалимдик кесипти аркалап келүүдөмүн.

ЖЕҢҮҮЧҮ МУГАЛИМГЕ  ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАТИР БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ?

Facebookтун колдонуучулары «Биз Сизди ошол үйдө жашап жатат деп жүрөбүз го», «Сизге чын эле батирди беришкен жокпу?» деген өңдүү пикирлерди калтырышыптыр. Аларга эмне деп жооп берүүдөсүз?

— Туура айтасыз. Мени эң ыңгайсыз абалга салган суроолордун бири «Сен ошол батирде жашап жатасыңбы?» деген собол. Мен аларга жөн гана «Кези келсе аларбыз» деп жооп беремин. Ал эми ичимден мага жылдын эң мыкты мугалими эмес, жылдын эң ооматсыз мугалими наамын беришсе болмок экен деп ойлойм. Себеби мугалимдик чыгармачылыгы менен эки батирди жеңип алып, а бирок өзү батирде жашап жаткан адам мен болсом керек деп ойлойм! Анан да Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар жылы уюштурулган «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын республикалык финалисттерине ар жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылат. Багы жокко, дагы жок дегендей, бул төш белги да мага ыйгарылбай, андан кийинки сынактардын финалдык турунун катышуучуларына ыйгарылып келет жатат…

— Демек, Сизди ушул маселе абдан өкүндүрөт экен?

— Албетте! Анан да биздин мамлекетибиздин билимге болгон мамилеси! Айталы, спорттун кайсы бир түрү боюнча олимпиаданын катышуучуларына канчалык деңгээлде көңүл бурулуп жатат да, илим-билимдин жеңүүчүлөрүнө канчалык деңгээлде көңүл бөлүнүп жатат? Айырмасы асман менен жердей. Мен мамлекетибиздин ушул тармакка да көп көңүл бөлүүсүн, мамлекетибизде спорт эле эмес, интеллектуалдык деңгээлде да чоң масштабдагы таймаштардын болуусун каалайт элем.

— Сиз бул окуялардын баары кандай аяктайт деп ойлойсуз?

Биздин жашообузда болуп жаткан ар бир окуянын өзүн жакшылыкка деп жоруу керек. Бул жаатта Ош шаардык мэриясы да колдоо көрсөтүп, тез арада бул маселенин чечилип калуусун каалар элем.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер