ЖАТАК МЕКТЕПТЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

  • 08.07.2021
  • 0

Чүй жатак мектебине тоголок жетим, жарым жетим, ата-эненин көзөмөлү жок калган балдар келет. Бүгүнкү күндө 145 бала бар. Балдар бир жылда 365 күн ушул жерде жашап тарбияланат. Мурда бул жатак мектебинде 9-класска чейин билим алып, андан кийин кесиптик лицей, коллеждерге барып окуганы окуп, окубаганы ар кайсы жумуштарда иштеп жан багууга аргасыз эле. Бирок балдардын кесиби, өз алдынча жашоого шарты жок, турмушка быша элек кезинде чыгып кетиши ойго салып, Билим берүү министрлиги менен макулдашып, быйылкы окуу жылынан баштап жатак мектепте окуп тарбиялануу мөөнөтү узартылууда. Эми балдар 11 жылдык билим менен кошо түрдүү багыттагы кесиптерди үйрөнүп, сертификат алып, анан чоң турмушка аттанышат.

ЖАТАК МЕКТЕПТЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

“Быйылкы жылы биздин мектеп үчүн жаңылык болуп, 11 жылдык билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Окуучуларыбыз 10-11-класстан окуп, аттестат менен кесиптик билимди кошо алып, бир кесиптин ээси болуп чыгуусун максат кылып жатабыз. Мисалы, тигүү цехинде кыздар, балдар тиккенди, бычмачылыкты үйрөнүүдө. Тигилген буюмдарды мыйзамдаштырып, чыгарганына жараша баалап, ошол эмгек акысын ар биринин атына ачылган атайын бет эсепке топтоону туура таптык, анткени бул, биринчиден мотивация, экинчиден, окууну бүтүп кең турмушка аттанганда кичине болсо да өздүк капиталы болот деген ойдобуз. Бир эле тигүүчүлүк эмес, столярдык цехте да дал ушундай максат менен иштешет, ал эми жакында кондитердик цехибиз ишке киришет деп күтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө иш таап кетиш оңой эмес, ошондуктан заманбап, суроо талабы бар кесиптерге үйрөтөлү деп чечтик”, — дейт жатак мектеп директору Назгүл Мусаева.

Мектептин педагогикалык жамааты 19 мугалим, сегиз тарбиячыдан турат. Жети мугалим “Билим берүү мыктысы” жана сегизи Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Жатак мектептин медицина кызматкерлери да бар: бир врач-педиатр, эки медайым. Балдардын билим сапатын жогорулатуу максатында баардык мугалимдердин, тарбиячылардын сабактардын түрлөрүн үйрөнүү, сынчыл ойломун арттыруу үчүн ар кандай методикалык семинарларды өткөрүп, чыгаан педагогдорду, адистерди чакырып, алардын жардамы менен билимин жогорулатып, кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүп
келишет.

Көп тилдүү сабактар

2020-жылы көп тилдүүлүк долбооруна кирип, кыргыз, англис, орус тилдеринде мугалимдердин сабак өтүшүнө аракет көрүлүүдө. Улуу Британиянын элчисинин жубайы Вероника Гаррет жума сайын келип мугалимдерге жана окуучуларга англис тилинен сабак берип турат. Балдардын кызыгуусун ар тараптан арттыруу, талантын ачуу максатында түрдүү кружоктор иш алып барат. Музыкалык, комуз, шахмат, кикбоксинг, оригами, бий кружокторунда чоңураак, жакшы өздөштүргөн окуучулар кичинекейлерге үйрөтүп, мугалимдерге жардам беришет. Бул балдар арасындагы бир туугандыкты бекемдейт.

“Ийгиликтүү, өлкөнүн келечегин ойлой турган, жакшы инсандарды чыгарабыз десек, балдарга билим, тарбия берип, бир кесиптин ээси кылып, тил үйрөтүп чыгарышыбыз керек. Аттестатын тапшырып жатып, өз атына ачылган бет эсепте чогулган каражатты колуна карматып, жашоого ишенимдүү кадам таштаган бүтүрүүчүнү узатабыз деген тилегибиз бар”, — дейт директор айым.

Демөөрчүлөрдүн жардамы

Шаардан беш чакырымча алыстыкта, таза аба менен бак даракка курчалган мектептин алды жаңы брусчатка менен төшөлгөн. Айланада спорт оюндарын өткөрүүчү аянтчаларда волейбол, теннис, кикбоксинг менен машыккан өспүрүмдөр. Жаңы ачылган үн жаздыруу студиясында ыр сүйгөн балдар, кыздар обон созолонто ырдап жатышат. Селкинчек тээп, конструктор менен түрдүү оюнчуктарды курап отурган кичинекей бөбөктөрдүн кужураган үндөрүн күлкү коштоп, бул жердегилердин күнүмдүк тиричилиги өтүүдө.

Жатак мектептин имараты 1956-жылы курулуп, 200 бала окуганга эсептелген. Эки окуу корпусу, эки уктоочу бөлмө, ашкана, спортзал, китепкана, мончо, тигүүчү жана устачылык каналар, от жагуучу жана башка чарбалык имараттар менен камсыздалган. Албетте, эскилиги жетсе да, ыңгайлуу болуп курулган имараттар, жакшы ремонт менен көзөмөлдүн натыйжасында, дагы көп жылдар кызмат кыла турган абалы бар. Учурда демөөрчүлөрдүн жардамы менен алты миллион сомго эки кабаттуу мончо курулуп жатат. Экинчи кабатына маникюр дизайнери, чач тарач жана балдар үчүн машыгуу залы жайгашмакчы. “Нурлуу кайрымдуу кыздар” тобу тигүү цехин ачууга чоң жардам көрсөттү, ал эми “Алоэ Вера” компаниясы кондитердик цехтин ачылышы үчүн 210000 сом чогултуп берди, эми ремонту бүтүп керектүү шаймандарды алуу эле калды. Ошондой эле кир жуучу жайга кургаткыч, өндүрүштүк жана автомат кир жуучу машиналар алынды.

ЖАТАК МЕКТЕПТЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Окуу процесси бир сменде болот. Күндүн экинчи бөлүгүндө сабак даярдоо, класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү, кесиптик көндүмдөрдү алуу иштери жүргүзүлөт. Окуучулар төрт маал тамактанышат, күнүнө ар бир окуучуга 110 сомдон бөлүнөт. Бүгүнкү күнү Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ашканаларды жабдуу жүрүп жатат, жаңы жабдыктар күтүлүүдө. Мектептин жалпы аянты 25 га түзгөндүктөн, ал жерлерди иштетип, ФАОнун жардамы менен балдар үчүн он миң түп малина тигилип, кайра тамчылатма сугарууга жабдык менен камсыздап беришкен. Андан тышкары 220 түп алма, алмурут, шабдалы, алча ж.б. тигилген.

Кикбоксинде – биринчи,
ыр сынагында – экинчи

Ар бир бала таланттуу демекчи, мектептин кружокторуна катышкан окуучулардын ийгиликтери республикалык, эл аралык сынактарда сыналып келет. Атап айтсак, февраль айында кикбоксинг боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан катышкан эл аралык турнирде жалпы командалык биринчи орунду камсыз кылышса, ыр боюнча республикалык “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам” сынагында экинчи орунду камсыз кылып келишти. Албетте, ар бир педагог өз эмгегин балдарга жумшап жатып, келечекте ушул балдар дүйнөнүн, Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларынан билим алуусун, жашоодо өз ордун таап, ишенимди актаган адам болоорун үмүт кылып, кең турмушка жолун түптөп келет.

ЖАТАК МЕКТЕПТЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Чүй облустук жатак мектебинин сыймыктарын атап өтпөсөк болбос, кикбоксинг боюнча мелдештин катышуучулары:

Мирбабаева Сайёра 1-орун

Ниязова Назик 2-орун

Максимова Юлия-Мелиса 3-орун

Иминова Зарина 2-орун

Токторбаев Абдуганы 1-орун

Табалдиев Болот 3-орун

Шаршенбеков Абдурахман,
Хаджинов Артур, Байскулов
Кунайбек, Гайворонский Павел – жалпы командалык жеңишти алып келгендер.

Китеп – билим булагы дейт эмеспи, китеп окуганды сүйүүчүлөр да жок эмес, алар “Активдүү китеп окуучу” долбоорунун катышуучулары – Юнусов Абду-Расул жана Гайворонская Стелла.

“Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам 2021” республикалык сынагынын катышуучусу, ырдаганды жакшы көргөн Афтандиль Алыбаев экинчи орундун татыктуу ээси болууда.

Ар бир бала мүнөзү, кызыгуусу, таланты менен өзгөчө ажайып бир айтып бүткүс кичинекей дүйнө. “Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар” дегендей, бул жатак мектептин ийгиликтеринин бери эле жагы окшобойбу. Албетте мындай жетишкендиктерди кыйла кыйынчылык коштоду.

– “Менин атым Расул. Чүй жатак интернатында жашаганыма беш жыл болуп калды. Быйыл жетинчи классты бүттүм. Мурда Бишкек шаарындагы кароосуз калган балдар борборунда болгом. Менин апам бар, бирок кандайдыр себептер менен бирге эмеспиз. Мен апамды сагынып, жанында болгум келип, дайыма качып кете берчүмүн. Мени болсо кайра эле кармап келип коюшчу. Ошентип көп жолу кайталанды. Азыр туура эмес кылганымды түшүнүп, өзүмдү колго алып, жүрүш-турушумду оңдоого аракет кылып калдым. Мурдагыдан, көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Албетте кичине чоңойдум, бирок эң негизгиси бул өзгөрүү Назгүл Мукашевнанын келишине байланыштуу болуп баштады деп ойлойм. Назгүл Мукашевна директор болуп келгенден бери интернатыбыздын ичи-сырты эле эмес, биздин жан дүйнөбүз дагы башкача болуп калгандай. Өзгөчө мен, качып жүрүү жакшылыкка алып келбесине көзүм жетти.

Мага насаат айткан тарбиячым Абдылдаева Рахат эжекенин да мээнети күч болду. Жакшы сөзү менен жаман иштен алыс болуума үндөп келет. Түрдүү иш-чараларга катышып, китеп окууга кызыгым артып баштады. “Активдүү китеп окуучу” долбоорунун эң көп китеп окуган катышуучусу болдум. Азыр өзүмө жакшы окуп, Назгүл Мукашевна, Рахат Курманбековна жана башка эжей-агайлардын эмгегин акташым керек деген ой келди. Баарынан да, мен үчүн ар дайым күйүп-бышкан жана мага ишенген Назгүл Мукашевнанын ишеничин актап, жер каратпашым керек. Баардыгы жакшы болсо, өзүмдүн апама да керегим тиет”, — дейт
Юнусов Абду-Расул.

Мугалим, тарбиячылар жамаатынын үмүттөрү, эмгектери акталып, келечекте татыктуу инсандардын өсүп чыгышына ишенели.

Айнура АСАНАЛИЕВА,
«Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер