ЖАШ МУУНДАРДЫ ТАРБИЯЛООДОГУ ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР

  • 16.07.2021
  • 0

Гулайым Жумабаева,
Кыргыз билим берүү академиясынын Педагогика илими кесиптик билим берүү борборунун башкы илимий кызматкеринин м.а., п.и.к.

Макалада жаш муундарды тарбиялоодогу (класс жетекчинин ишинде) кездешүүчү психологиялык көйгөйлөр, анын себептери, психологдун максаты, психолог менен класс жетекчинин кызматташтыгынын багыттары кыскача баяндалган. Окуучулардын психологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө карата Россияда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, ушул проблеманы чечүүгө арналган методикалык колдонмолордун негизинде жазылган автордун макалалары жазылат.

Аннотация

В данной статье расматриваются психологические проблемы подрастающего поколения встречающиеся воспитательной работе классного руководителя. Описаны причины их возникновения, цель психолога, сотрудничество классного руководителя с психологом, практическая деятельность. Представлен опыт российских педагогов и психологов по устранению психологических проблем учащихся. Автор предлагает свое видение на основе своих разработанных методических руководств по данной теме.

Түйүндүү сөздөр: психологиялык көйгөйлөр, адептик, рухий, тарбия, эмоционалдык, интеллектуалдык, жүрүм-турум, моралдык ж.б.

Ключевые слова: психологические проблемы, нравственный, духовный, воспитание, эмоциональный, интеллектуальный, поведение, моральный и т.д.

КМШ курамына кирген өлкөлөр социалдык-экономикалык, экологиялык, демографиялык, саясый, адептик-рухий жана идеологиялык кризисти башынан өткөрүүдө. Социалдык-экономикалык проблемалар бардык курактагы адамдарды толкундандырууда. Жумушсуздуктун натыйжасында балдарын туугандарына таштап, миграциялаган ата-энелер көбөйдү. Окуучулар арасында педагогикалык жактан кароосуз калган балдар көбөйдү. Өспүрүмдөрдүн эмоционалдык, интеллектуалдык абалы начарлап, элдин кылымдап түзгөн моралдык-этикалык салттуу тартибин бузуп, Батыштын бейадеп “үлгүлөрүн” нормага айландырган окуучулар пайда болду. Ошондуктан жүрүм-турум нормаларын өспүрүмдөрдүн аң-сезимине жеткирип, адептик-рухий тарбияга көңүл бөлүү мезгилдин талабы болууда. Улуу ойчулдар Аристотель менен Квинтилиандан баштап, Л.С.Выготскийге, В.А.Сухомлинскийге ж.б. чейин адептик-рухий тарбияга көңүл бөлүп келишкен. Тарбия – окуу процессиндеги борбордук маселе, ал педагогдон фундаменталдуу билимди, талыкпас эмгекти талап кылат.

Мындан жүз жыл мурда философ Генри Торо: «Көпчүлүк адамдар айласы түгөнгөн, үмүтсүз абалда жашашат», — деп жазган. Замандашыбыз философ Р.Стоун «Бардык адамдар айласы түгөнгөн, үмүтсүз абалда жашашат»,- дейт. Бул сөздүн өспүрүмдөргө да тиешеси бар. Эмне үчүн көпчүлүк өспүрүмдөр айласы түгөнгөн үмүтсүз абалда жашашат? Анткени социалдык-психологиялык көйгөйлөрү бар. Анын себеби төмөнкүлөр:

— адамдын жашоо шартынын жана эмгегинин технологиясы тез өзгөрүп, жатат, алар адамды стресске алып келүүдө, өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү ага адекваттуу аракетке мүмкүнчүлүгүн, жөндөмүн жетишерлик эмес сезишет;

— окуучулардын адептик сапаттарын жогорулатуу жөнүндөгү маселе актуалдуу болгонуна карабастан, алардын аң-сезими төмөн бойдон калууда;

— жалпы калктын маданий деңгээлин жогорулатуу боюнча объективдүү талаптар жогорулап жатат, бирок коомдо псевдомаданияттык, атүгүл антимаданияттык тенденциялар миллиондогон жаштардын арасында өнүгүп кетти;

— окуучулардын жеке жөндөмү, реалдуу таанып-билүү мүмкүнчүлүгү чектелүү, бирок илимдин логикасынын жыл сайын өсүп (татаалданып) жатышы, программанын ага жараша кеңейиши жана тереңдеши, материалдын көлөмүнүн жыл сайын өсүп жатышы балдардын нервин бузууда;

— окуучулардын жеке кызыкчылыгы (аз иштеп, ийгиликке жеткиси келгени) бар, бирок жалпы билим берүүдөгү стандартты аткаруу боюнча талап жогорулап жатат;

— өспүрүмдөр бир нече социалдык катмарга бөлүнгөн, социалдык маселелери чечилбеген балдар стресске келүүдө;

— мектептерде окуучулардын интеллектуалдык потенциалын өсүшүнө көбүрөөк көңүл бөлүшүп, бирок инсандык сапаттарын өнүгүшүнө жеткиликтүү көңүл бөлүнбөй келе жатат;

— айрым гана жакшы окуган балдардын ийгиликтен башы айланбаса, көпчүлүк балдарын окуудан ырахат табуусу аз болгондуктан негативдүү ойлор көп жаралууда (Б.А.Вульсон. Стратегия образования на западе на пороге ХХI века. М.2001.),

— советтик идеологиянын, Батыштын таасиринин натыйжасында улуттун өз рухий маданияты, этикалык традициялары унутулуп бара жатат, анын натыйжасында балдар менен ата-энелердин пикир келишпөөчүлүгү көбөйүүдө;

— улуттун өз рухий маданиятын өздөштүрбөгөн окуучулар, тарыхты, мурдагы доордогу адамдардын ойломун толук кандуу түшүнө албай калган балдар көбөйдү, аларды түшүнбөгөн балдардын стратегиялуу ойлому проблемалуу болууда;

— окуучулардын позитивдүү ойломуна караганда негативдүү ойлому үстөмдүк кылып, депрессияга келген балдар көбөйүүдө, иррационалдуу ойломдон рационалдуу ойлому үстөмдүк кылып, үй-бүлөнү сактай албай калган жаштар көбөйүүдө, социалдык жетим балдар (ата-энеси бар, бирок балдарын карабаган) деген түшүнүк пайда болду;

— элдин менталитетинин калыптанышында революцияга чейинки элдик тарбия-таалимдин ролу зор болгон, элдин генетикалык программасында ал бар, элдин менталитетинин, генетикалык программасын эске албаган билим берүү натыйжалуу болбой, көп проблемаларды пайда кылды, эл ичинде адептик-рухий кризистин масштабы кеңейди, дүйнө жүзүндө глобалдык, рухий проблемалар пайда болду;

— коом социомаданий кризиске келди, өспүрүмдөр арасында укук бузуу фактылары көбөйдү, улут аралык, үй-бүлө ичинде чыр-чатак чыгып жатат;

— телеберүүлөрдө зордук, зомбулук көрсөтүлүүдө, ММКда маалымат зордугу бар, анын жаштарга терс таасири тийип жатат;

— өспүрүмдөрдүн арасында сектага кирген жаштар, психикалык проблемалар көбөйүүдө, суицид актыларын токтотуу кыйын болуп бара жатат;

— агрессивдүүлүгү жогору, депрессиялуу, апатияга келген, кунт коюусу начар, гиперактивдүү, пессимисттик ойломун жеңе албаган ж.б. проблемалуу балдар бар (А.В.Бородина. История религиозной культуры. Программа учебного курса для общеобразовательных школ, лицеев и гимназий. М.,2005).

Өспүрүмдөр арасында баңгилик, ичкилик ичүү, тамеки тартуу ж.б. жаман адаттар көбөйдү, СПИД инфекциясын жугузган балдар пайда болду. Анын 75% – он беш жаштан отуз жашка чейинки жаштар. (А.В.Кузмина. Социально-психологические проблемы подростков и пути их решения). Ошондуктан өспүрүмдөр арасында профилактикалык иштерди жүргүзүү, психологиялык-педагогокалык жана социалдык көйгөлөрдү чечүү маселеси актуалдуу болууда. Мындай көйгөйлөрдү чечүү максатында мектептерде психологдун (айрым мектептерде социалдык педагогдун) кызматы киргизилген. Психологдун максаты – окуучуларга окууга, эмгектенүүгө ыңгайлуу шарт түзүү, өспүрүмдөрдүн инсандык сапатын өнүктүрүүгө жардам берүү, алардын дилинин (психикалык), денесинин (соматикалык) соолугуна камкордук көрүү, проблемалуу окуучуга жеке жана дифференцирлеп көмөк көрсөтүү, социалдык-психологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү, билим берүүчү мекемелерде (психологиялык жактан) оңтойлуу климат түзүү, бардык субъектилерге колдоо көрсөтүү ж.б. Психологиялык кызматтын милдети – окуу тарбия процессинде администрация, класс жетекчи менен бирдикте эмгектенүү, жеке жана коллективдүү өнүгүүгө көмөктөшүү, өз алдынча таанып билүүгө, өзүн өзү жөнгө салууга, өзүн өзү тарбиялоого, өзүн өзү өнүктүрүүгө жардам берүү, психикалык көйгөйлөрдү аныктоо, девианттык жүрүм-турумдагы (нормадан четтеген), өнүгүүсү боюнча артта калган окуучулар менен иштөө, окуучуну жаңы шартка көнүүгө, социалдашуусуна жардам берүү, педагогдордун психологиялык билимин тереңдетүүгө жардам берүү. Психолог саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдары менен тыгыз башланышта эмгектенет.

Класс жетекчи менен психологдун кызматташтыгы төмөнкү үч багыт боюнча жүргүзүлөт:

  • Психологиялык-педагогикалык диагностика;
  • Окуучуларды жана ата-энелерди психологиялык жактан агартуу иштерин жүргүзүү;
  • Класстык коллективди жана психологдун жардамына муктаж окуучуларга коррекциялык иш жүргүзүү.

Тарбиялык иштерди уюштурууда класс жетекчи психологдон айрым маалымат алат, психолог класс жетекчиге окуучулардын абалын, төмөнкү маселелерди: окуу мотивациясын, үй-бүлөгө мамилесин (менин үй-бүлөм деген тест менен аныктайт), интеллект деңгээлин, эмнеге кызыгарын, жалпы жана адистик жөндөмдүүлүгүн, адептик приоритетин (биринчилигин), кесиптик кызыкчылыгын, эмнеге муктаждыгын, керектөөлөрүн ж.б. изилдөөгө жардам бериши керек.

Класс жетекчи маанилүү адептик эрежени эсине бекем тутушу керек: окуучу жөнүндө психологдон алган маалыматты профессионалдуу эмес (байкабай айтуу, билдирип коюу) колдонуу, окуучуну депрессияга чейин жеткириши мүмкүн. Окуучулардын абалын диагноздоо боюнча психологдун өзүнүн ар бир класска (курак өзгөчөлүгүнө жараша) планы, методу болот. Мисалы 9-класста окуучуну үйрөнүү методу: кызыгуу картасы (Климовдун тести), жашаган чөйрөсүн билүү (интерактивдүү оюн), бүтпөгөн тезис (сүйлөмдү толуктоо), окуучулар коллективинин психологиялык жактан оңтойлуулугун үйрөнүү (тест) ж.б. Класс жетекчи окуучулардын психологиялык көйгөйү менен байланышкан темада класстык сааттарды өткөрүүдө, жеке жана тематикалык консультация берүүдө, мамиле түзүүнүн жол-жоболорун үйрөтүүдө (тренинг уюштурууда), (окуучуга) ийримди тандоодо, ата-энелердин чогулушун өткөрүүдө, психологиялык жактан маданияттуулукка тарбиялоо боюнча атайын сабак өткөрүүдө, психологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө, дубал газетасын чыгарууда психологдон жардам алат. Диагностикалык изилдөөнү психолог өзү жүргүзөт, алынган жыйынтык менен класс жетекчини тааныштырат.

Окуучунун абалын диагноздогондон кийин анын жүрүм-турумун коррекциялоо (түзөтүү) боюнча максатка багытталган иштерди психолог жүргүзөт. Мисалы, бир окуучунун унутчаактыгы боюнча класста нааразычылыкты пайда кылып жаткандыгын класс жетекчи психологго билдирет. Психолог ал окуучу менен эске тутумун, кунт коюусун жакшыртуу боюнча коррекциялык сабактарды өтүп, көнүгүү иштерин жүргүзөт. Мектепте “Психологдун кызматы” же ушу сыяктуу башка аталыштагы дубал газетага кунт коюуну, ой жүгүртүүнү, эске тутууну ж.б. жакшыртууга, көйгөйлөрдү чечүүгө карата көнүгүүлөр сунушталат. Окуучулар арасында интелектуалдардын конкурсун өткөрүү да окуучуларга психологиялык жактан жардам берүүгө кирет.

Азыр Россияда балдар бакчасынан баштап, мектептерде, институттарда социалдык-психологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча атайын курстар ачылып, «Социалдык баш калкалоо», «Кайрадан жаралуу», «Социалдык жактан тейлөө борбору», «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору», «Карыларга, майыптарга жана балдарга жардам берүү борбору», «Социум», «Атайын курстардын борбору», «Балдарга мээрим тартуулоо», «Жардам берүү», «Камкордук», «Студенттердин демилгеси» ж.у.с. аталыштагы борборлор түзүлүп, ар кандай практикалык тарбиялык маселелер чечилүүдө. Бул проблемаларды чечүүнүн бир варианты катары билим берүүнүн мазмунуна ата мекенибиздин жана дүйнөлүк маданияттын диний-этикалык башатын системалаштырып киргизүү да практикаланууда. КМШ элдери өз улуттук маданиятына кайрылышып, диний традицияларын кайрадан калыбына келтирип жатышат. Анткени дин − адамдардын, этнос-улуттардын, элдердин бири-бири менен алака-мамиле түзүшүндө мамлекеттердин өнүгүшүндө маданияттардын калыптанышында, социалдык-психологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө аныктоочу фактор болуп келген.

Психологиялык көйгөйлөрдүн баарын психологго жүктөп коюу туура эмес. Окуучуларга жардам берүү – бардык педагогдордун милдети. Биз окуучулардын психикалык проблемаларын чечүүгө карата төмөнкү темалар боюнча иштелмелер даярдаганбыз: “Аң-сезимди негативдүү ойдон тазалоонун мааниси”, “Эркти тарбиялоонун ыкмалары”, “Мээнин күчүн туура пайдаланууга үйрөтүү”, “Адамга ой аркылуу таасир этүүгө болобу?”, “Ой соолук маданияты”, “Ойду концентрациялоо”, “Оптимисттик көз карашты калыптандыруунун ммааниси”, “Окуучуларды позитивдүү ойлонууга, негативдүү ойдон кутулууга үйрөтүүнүн мааниси”, “Окуучуларды стресстен кутулууга жардам берүү”, “Сектага кирген окуучулар менен иш алып баруу, “Суициддин алдын алуу” ж.б.

Социалдык-психологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча мугалимдерге жардам катары бир нече методикалык колдонмолор чыккан. Алар – Б.Д. Бадмаевдин “Психология в работе учителя”, В.Н. Дружининдин “Психология общих способностей”, Э.М. Казин, Н.Г. Блинова, А.И. Федоровалардын “Социально-психологические, медико-биологические аспекты и адаптация”, И.С. Кондун “Психология старшеклассника”, О.А. Семиздралованын “Психологическое здоровье педагога и пути его сохранения”, К. Теппервайндын “Как противостоять превратностям судьбы” ж.б.

Бөлүшүү

Комментарийлер