ЖАШ БАЛДАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАНДАЙ КАРАЛАТ?

  • 24.04.2024
  • 0

 

 

ЖАШ БАЛДАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАНДАЙ КАРАЛАТ?Коомчулукта жаш балдар кириптер болгон кылмыш же бейбашчылык кийинки кезде көп катталганы байкалууда. Ушундан улам алар канча жашынан баштап жасаган кылмышы же жоруктары үчүн жоопко тартылышы мүмкүн,  балдарга карата сот адилеттиги деген эмне, мыйзам менен чатагы бар балдарга кандай мамиле жасалышы керек, сот адилеттигин орнотуудагы балдарга байланышкан айрым жагдайлар жөнүндө Нарын облустук сотунун Жазык иштери  жана жоруктар  жөнүндө иштер боюнча төрагасынын орун басары Исажанов Келдибек Сайдахматович менен маектештик.

-Келдибек Сайдахматович, сот адилеттиги жана балдар үчүн сот адилеттигинин системасы (ювеналдык юстиция) деген эмне? Кылмыш-жаза сот тутумунда жашы жетпегендерге карата кандай мамиле жасалат? Кепти ушундан баштасак.

-Ювеналдык юстиция тутуму 18 жашка чейинки балдарга тиешелүү. Эгерде адам 18 жашка толгондон кийин кылмышка барса, милиция ага чоң адамдай мамиле жасап, бойго жеткен адам катары кылмыш-жаза сот тутуму колдонулат.

Сот адилеттиги жана балдар үчүн сот адилеттигинин системасы же ювеналдык юстиция түшүнүгү жашы жетпегендердин иштери боюнча сот менен тыгыз байланышкан. Демек, ювеналдык юстиция терминин балдардын иштери боюнча сот адилеттиги катары чечмелесек болот. Белгилей кетсек, Кылмыш -Жаза кодекси боюнча 18 жашка чыга элек адам мурда жашы жете элек деп аталса, азыркы мыйзам боюнча бала деп айтылат.

Ювеналдык юстиция өз ичине сот адилеттиги жана социалдык реабилитация маселелерин камтыган иш-чаралар системасы (сот, милиция, адвокаттардын ж.б. ишмердүүлүгү). Ал өз ичине  мыйзам менен чатагы бар балдарга, ошондой эле жабырлануучу же күбө болуп саналган балдарга  карата, максималдуу турдө алардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатындагы укуктук (соттук дагы), медициналык-социалдык, психологиялык-педагогикалык, реабилитациялык процедураларды жана программаларды өзүнө камтыган иш-чаралардын тутуму болуп эсептелет.

-“Мыйзам менен чатагы бар балдар” деген терминди чечмелеп берсеңиз?

— Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 5-беренесинде бул терминге төмөнкүдөй аныктама берилген. Тагыраак айтсак, мыйзам менен чатагы бар балдар — бул кылмыштарды жасоого шектүү, айыпталуучу, кылмыш жасаганы үчүн соттолуучу, соттолгон болуп саналган балдар. Ошондой эле администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча аларга карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан, мыйзамда белгиленген тартипте администрациялык укук бузууга күнөөлүү деп таанылган балдар болуп саналышат.

— Канча жаштан баштап жаш балдар кылган кылмышы жана жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартылат?

-Өспүрүм 14 жашка толгондон баштап киши өлтүрүү, уурдоо, опузалап талап кылуу, каракчылык сыяктуу белгилүү кылмыштар үчүн (көбүнчө бул оор жана өзгөчө оор кылмыштар) жазык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. Толук тизмеси КРнын ККнин 30-беренесинде көрсөтүлгөн. 16 жаштан баштап, өспүрүм дээрлик бардык кылмыштары үчүн жоопкерчилике тартылат (кылмыштын жалпы субъектиси). Ал эми 18 жаштан баштап адам, бойго жеткенде гана жасай алган кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылат (атайын кылмыш субъекти). Мисалы: аскерге чакырылуучулардын, резервисттердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн (дезертирдик) кылмыштары. 16 жаштан баштап жорук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

— Мыйзам менен чатагы бар балдарга, ошондой эле, жабырлануучуларга же күбөлөргө кандай укуктар кепилдик кылынат?

-Айыпталуучу, жабырлануучу же күбө катары таанылган балага урмат-сый менен мамиле кылуу керек. Аларды басынтпаш, кемсинтпеш керек. Ошондой эле, ал купуялуулукка кепилденет, башкача айтканда, маалымат башкаларга таратылбайт. Мыйзам менен чатагы бар балага байланыштуу, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү бөлүмү адвокаттын макулдугу менен баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат.

Камакка алуу түрүндөгү чектөө чараларын тандоо (изоляторлордо камакка алуу), ошондой эле, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалар балдарга акыркы чара катары гана колдонулушу керек. Укук бузган балага карата, мыйзам менен чатагы бар балдарды реабилитациялоо боюнча иш-аракеттердин планынын негизинде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чаралар көрүлүшү зарыл.

Эгерде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чараларды колдонуунун жүрүшүндө, баланын жүрүм-турумунун түзөлгөндүгү жана коомдук коркунучту жоготкондугу аныкталса, ага карата берилген жазык сот өндүрүшү, жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.

-Зомбулуктун жана ырайымсыз мамилеге туш келген балдарга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт?

-Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балага сөзсүз түрдө анын ден-соолугун жана психологиялык бейпилдигин калыбына келтирүү, ошондой эле анын кийинки реабилитациясы үчүн зарыл болгон медициналык, юридикалык жана психологиялык жардам КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлүүгө тийиш.

-Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда кайсы жагдайлар эске алынат?

— Аталган кодеске ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар акылга сыярлык жана жасалган кылмышка өлчөмдөш болууга тийиш. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, аны кадимки окуу процессинен четтеткен, ошондой эле, баланын физикалык же психикалык ден соолугуна зыян келтирген милдеттенмелерди жүктөөгө тыюу салынат.

 Эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган деп эсептөөгө негиз болсо, тергөөчү ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан мыйзамда каралган тартипте чыгаруу максатында сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл ала алат.  Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган бала пробациялык көзөмөл же тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, жазадан бошотулат.

 Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын эң мыкты кызыкчылыктары, жасалган кылмыштын мүнөзү жана оордугу, жаш курагы, күнөөсүнүн даражасы, келтирилген залал, кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-туруму, анын биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасагандыгы, мурда соттуулугунун жоктугу, кылмыш жасаганын мойнуна алгандыгы ж.б. учурлар көңүлгө алынууга тийиш.

Аңгемелешкен М.Токторов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер