ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДООРУ: КИМДЕРДИ ДАЯРДАШЫБЫЗ КЕРЕК

  • 22.02.2023
  • 0

Адистер жакынкы 15 жылда жасалма интеллект жумуш орундарынын дээрлик 40% алмаштырып, бир канча кесиптер жоголуп, ордуна биз такыр билбеген жаңы адистиктер келерин айтышууда. Демек, биз жасалма интеллект доорундагы жаңылыктардан артта калбай,  технологиялык өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашып, керектүү кесиптерди гана даярдоого өтүшүбүз керек.

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДООРУ: КИМДЕРДИ ДАЯРДАШЫБЫЗ КЕРЕК

Мындай пикирди өткөн жумада өткөн Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да айтып, азыр көп  тапшырмаларды аткара алган, кээ бир убакта адамдын ордуна иштеп, жардамчы боло турган потенциалы бар ChatGPT чат-бот сыяктуу жасалма интеллекттер чыгып жатканын баса белгилеп, аны өздөштүрүүнүн мааниси жөнүндө да айтып берди. ChatGPT -жашоону олуттуу өзгөртө турган жасалма интеллект. Ал диалог режиминде иштеп, текст, ыр, сценарий жазып, которуп, керек болсо талашып-тартыша алат экен. Башка чат-боттордон айырмаланып, керектөөчүнүн абалын карап турат, мурдагы суроолорду жана ага берилген жоопторду эстеп кала алат. Адистердин айтымында, келечекте мындан да күчтүү жасалма интеллекттер чыгат, алар медицинадан транспортко чейин ар кандай тармактарда, ал тургай искусстводо да колдонулат.

 

КОРКУНУЧ АЛДЫНДА ТУРГАН КЕСИПТЕР

Роботторду эң көп колдонгон Microsoft журналисттерди жумуштан бошотуп, алардын ордуна жасалма интеллекттерди пайдалана баштады. Башкача айтканда, азыр бизде журналисттер жазып жаткан тексттерди ал жакта роботтор жазып, контентти роботтор жасап жатат. Ошондуктан азыркы жаштар кесип тандоодо жети өлчөп, бир кесип, келечекте керек боло турган кесиптерди тандоого өтүшү керек. Төмөндө биз жаштарга кесип тандоодо жардамчы катары келечекте жок болуп кете турган жана пайда боло турган кесиптер тууралуу маалымат бергенге аракет кылабыз.

Катчылар

Бүгүнкү күндө чалууларды жана каттарды кабыл алган, кардарлардын маалыматтарын жазып алган, иш графигин синхрондоштурууга, жолугушууларды жана корпоративдик чалууларды жасоого жардам берген бир нече ондогон программалар бар. Башкача айтканда, алар катчылардын негизги функцияларын алмаштыра алат.

Котормочулар

Машина котормосунун мүмкүнчүлүктөрү таасирдүү жана технология тездик менен өнүгүп жатат. Мисалы, «Яндекс.Браузер» реалдуу убакыт режиминде беш тилден видеолорду которуп, үн коштоп берет. Акыркы жылдары ырааттуу жана компетенттүү тексттерди которууну үйрөнгөн онлайн текст котормочуларын айтпай эле коёлу. Ошондуктан келечекте котормочулардын да катардан чыгып калышы толук ыктымал.

Бухгалтерлер

Deloitte, Ernst & Young сыяктуу ири аудитордук компаниялар 2010-жылдардын ортосунан тарта эле өз иштерине жасалма интеллектти киргизип келет. Жасалма интеллект юридикалык жана каржылык документтерди талдайт, эсеп дүмүрчөктөрдү жана счет-фактураларды даярдайт, төлөмдөрдү өз алдынча жөнөтөт жана ушуга окшогон көп жумуштарды аткарат.  Кыскасы, шаблондук бухгалтердик операциялардын баарын жасалма интеллект аткарат.

Юристтер

Жасалма интеллект контракттарды автоматтык түрдө анализдеп,  маалыматтардагы карама-каршылыктарды таап, стандарттык укуктук документтерди иштеп чыга алат жана көптөгөн булактардан алынган маалыматтарды салыштырып жыйынтык чыгара алат.

Кабарчылар

Жасалма интеллект басылмалар үчүн кыска жаңылыктарды жазып баштады. Мисалы,  РИА Новости жасалма интеллекттин жардамы менен жазылган баш макалалар көбүрөөк кызыгуу жаратаарын белгилейт. Bloomberg Newsтун Cyborg жасалма интеллекти алардын бардык контентинин 30% түзөт. Associated Press агенттигинде жасалма интеллект ар түрдүү компаниялардын каржылык натыйжалары жөнүндө квартал сайын 3500дөн ашык макала жазат. Машина менен жазылган жаңылыктарды эл журналисттер жазган кабардан айырмалай албайт.

Заводдордун жумушчулары

Өндүрүш тармактарында бардыгы өлкөдөн көз каранды. Мисалы, өндүрүштү роботтоштуруунун эң жогорку көрсөткүчү Түштүк Кореяда. Конденсаторлорду өндүрүүчү эң ири Speefox өзүнүн заводун 75% автоматташтырды.

Мындан сырткары айдоочусуз таксилер,  машинисттери жок поезд, метролор чыккандыктан таксисттер, машинисттер да катардан чыгат. Тамактануучу жайларда да кардарларды роботтор тейлеп баштагандыктан бир далай официанттар, пол жуучулар да ишсиз калууда.

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДООРУ: КИМДЕРДИ ДАЯРДАШЫБЫЗ КЕРЕК

 ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАРАТКАН ЖАҢЫ КЕСИПТЕР

Адам баласын ойго салып жаткан жасалма интеллектти ойлоп тапкан ошол  эле адам экенин эске алсак, анда биз жасалма интеллекттен коркпой, тескерисинче, IT дүйнөсүндө бийлик жүргүзүшүбүз керек. Анткени жасалма интеллект жумуш орундарын алганы менен кайра жаңыларын түзөт. Мисалы, Data Scientist кесиби. Мындай адистер чоң көлөмдөгү маалыматтарды (Big Data) иштетүү үчүн системаларды түзүп, алынган маалыматтарды талдап, корутундуларды жасашат. Жасалма интеллект заманында мындай адистер көп талап кылынат.

Роботторду мугалим болууга үйрөтүү мүмкүн эмес. Ошондуктан робот  жасоочуларды окуткан адистер керек. Алар жасалма интеллект боюнча билим берүүчү адистер деп аталат. Мындай адистер алгоритмдерди үйрөнүүгө жардам берет. Роботторго кантип адамга окшошуш керектигин, адамдын жүрүм-турумун кантип туураш керектигин жана адамдар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн кантип сүйлө керектигин үйрөтүшөт. Андан сырткары маалымат технологиялары секторунда  маалыматтык системалардын архитектору, прораб-вотчер, интерфейстердин дизайнери, маалыматтык технологиялар насаатчысы, санарип лингвист, IT-аудитор, кибер тергөөчү, маалымат коопсуздугу боюнча куратор, акылдуу чөйрөлөрдүн кибертехниги, нейронинтерфейстердин дизайнери сыяктуу адистиктер да биздин жашоого кирет.

 

МЕДИЦИНАДА

Медицина тармагында медициналык роботтордун оператору деген кесип пайда болот. Ал диагностикалык, медициналык жана хирургиялык роботторду программалоо боюнча адис. Роботтоштурулган хирургия 1980-жылдары өнүгө баштаган. Эң атактуу робот-хирург Да Винчи дүйнө жүзү боюнча колдонулуп келет жана митралдык клапанды калыбына келтирүүдөн баштап, омурткаларды калыбына келтирүүгө чейинки ар кандай операцияларды жасай алат. Дүйнөдө 2000ге жакын мындай хирургиялык системалар колдонулат.

Тармак дарыгери (сетевой врач) — маалыматтык-коммуникациялык технологияларга ээ жана онлайн диагноз коюуга жөндөмдүү жогорку класстагы диагностик. Ал алдын ала диагноз коюуга жана оорулардын алдын алууга багытталган. Дал ушул дарыгерлер массалык аралыктан медициналык текшерүү процессине киргизилиши мүмкүн. Булар жеке диагностикалык аппараттардын маалымат борборлорун жана ден соолук порталдарын тейлей алышат.

Мындан сырткары бул тармакта IТ-медик, медициналык жабдыктардын архитектору, генетикалык кеңешчи, клиникалык биоинформатик, медициналык маркетолог, медициналык мекемелердин долбоорчусу, дени сак карылык боюнча кеңешчи, молекулярдык диетолог, кибер протездерди жана импланттарды иштеп чыгуучу, тери инженери, IT-генетик деген сыяктуу бир катар адистиктер биринчи орунга чыгат.

 

АЙЫЛ ЧАРБАДА

Айыл чарба тармагында агроинформатик/агрокибернетик, сити-фермер, автоматташтырылган айыл чарба техникаларынын оператору, айыл чарба экологу, гмо-агроном деген адистиктер  көп талап кылынат. Өзгөчө азыркы шартта гмо-агроном адистигин окуп алуу өтө пайдалуу. Бул айыл чарбасында генетикалык модификацияланган продукцияны колдонуу боюнча адис. Ал биотехнологиянын жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү жана таза продукцияларды алуу менен алектенет.

 

КУРУЛУШ ТАРМАГЫНДА

Бул тармакта эски курулуштарды кайра куруучу, курулуш технологиясын модернизациялоочу, жеткиликтүү чөйрөнүн дизайнери, курулушта 3D-басып чыгаруу дизайнери деген сыяктуу бир катар адистиктерди даярдоо зарылдыгы турат. Өзгөчө акылдуу үйдүн инфраструктурасынын дизайнери деген адистик жаштарды кызыктырышы мүмкүн.  Бул адис турмуш-тиричиликти башкаруунун интеллектуалдык системасын долбоорлоо, орнотуу жана тууралоо менен алектенет. Мисалы, тиричилик техникасы, коопсуздук системалары, энергия, суу менен камсыздоо ж.б. Акылдуу үйлөр өнүккөн мамлекеттерде эбак эле пайда болгон, ал бизге жакынкы беш жылдыкта болбосо да, он-он беш жылда жетиши толук мүмкүн.

Курулуш аянтын анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча талдаган, ошондой эле курулуш компанияларга экологияга зыян алып келбеген же эң аз зыяндуу курулуш чечимдерин тандоо боюнча кеңеш берүүчү курулуштагы эко-аналитик деген кесип да азыр бизге абдан зарыл болуп турат.

 

БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Педагогикалык окуу жайлар келечекте билим берүүчү онлайн-платформалардын  координатору, модератор, оюнустат,  оюнпедагог, окуу траекторияларын иштеп чыгуучу, акылдын абалына жараша окутуу куралдарын иштеп чыгуучу, долбоордук окутуунун уюштуруучусу деген сыяктуу адистерди даярдашы керек болот.

Азыр бизде жогорку окуу жайларында ачылган стартап борборлорду жетектей турган атайын адистешкен адистер жок. Чет өлкөлөрдө болсо стартаптардын ментору деген адистер эбак эле даярдала баштаган. Бул өзүнүн стартап долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйбасы бар, жаңы стартаптардын командаларын көзөмөлдөгөн, жеке долбоорлорунун практикасында ишкердик иш-аракеттерди кантип жүргүзүүнү үйрөткөн адис болот. Батышта бул мурунтан эле калыптанып калган кесип, ал эми Россияда чакан бизнестин начар өнүккөнүнөн улам ал эми гана популярдуулукка ээ болууда. Бизде болсо бул түшүнүктүн киргенине бир жыл да боло элек.

Билим берүү программасын түзүүчү дисциплиналардын алкагында окуучулардын индивидуалдык өнүгүүсүн коштогон, жекече тапшырмаларды иштеп чыккан, карьералык өсүү траекториясын сунуштаган тьютор педагог деген дагы адистик биздин жашообузга кирет. Андан сырткары айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтуу менен байланышкан жашоо образы боюнча балдар жана чоңдор үчүн билим берүү жана билим берүү программаларын иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, ошондой эле өндүрүш ишканалары үчүн жашыл өндүрүш практикасы боюнча программаларды иштеп чыгуучу (ашыкча керектөөдөн баш тартуу, таштандыларды өзүнчө чогултуу, экологиялык жактан аң-сезимдүү жашоо образы ж.б.) ЭКО-насаатчы деген дагы керек болот.

Азыр билим берүү чөйрөсүндө майнд-фитнес боюнча тренер деген дагы түшүнүк пайда болууда. Бул адамдын психотипинин жана милдеттеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын программаларды жана приборлорду колдонуу менен жекече когнитивдик көндүмдөрдү (мисалы, эс тутум, концентрация, окуу ылдамдыгы, менталдык арифметика ж.б.) өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгуучу адис. Мындай программалар чет өлкөлөрдө мурунтан эле бар. Мисалы, Вирджиниядагы Mind Fitness Training Institute ар бир адамга когнитивдик көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн жети күндүк интенсивдүү окууну сунуштайт. Ал эми Lumosity когнитивдик жөндөмдөрдү өнүктүрүү үчүн 40тан ашык онлайн оюндарды иштеп чыккан.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер