ЖАЛГЫЗ КҮҮ

  • 23.07.2021
  • 0

“Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн” (Элден)

АҢГЕМЕ

Редактордон: Бул аңгеме тээ 1963-жылы “Жаш ленинчи” журналына жарык көргөн экен, урматтуу окурман. “Аңгеме жалгыз күү тууралуу. Жалгыз чыгарма. Автору Окин Кулматов. Ата жөнүндө, атасынын жалгыз күүсү жөнүндө жазылган баян. Атасынын эл ичинде баланчанын “Өмүр күүсү”деп чертилип жүргөн жалгыз күүсү тууралуу эбак көзү өткөн автордун кырчындай курагында жазган жалгыз чыгармасы. “Жалгыз күүнү “ жазган автор ушул аңгемеси жарык көрүп, окурман колуна тие турган жападан жалгыз чыгармасы болуп калаарын боолгобосо керек. Калеминен дагы чыгармалар жаралар деп үмүт кылгандыр. А балким ушуну менен башка жазылбасын билгендир же жазбай турган болуп чечкендир. Биз аны билбейбиз. Чыгарма жарык көргөндө балдары жарык дүйнөгө жарала элек болчу. А балдары эс тартканда автор дүйнө салган болот. Аңгеменин каарманы тестиер бала атасынын өзү билбеген, укпаган жактары бардыгана кубанат жана өкүнөт. Атасынын эл ичинде чертилип жүргөн жалгыз күүсү жөнүндөгү атанын жарык көргөн жалгыз чыгармасы балдарына эми кез болгону ошондон. Балдары, азыр жашы атасынан улуу балдары атасынын жалгыз күүсү тууралуу буга чейин бар экенин шек санабаган жалгыз чыгармасын окуп, миң толгонот…

Кыштактын дал ортосундагы балык жон жабылган төрт терезелүү там биздики.

Үйдүн кежигесинде бир чоң түп кара жыгач жана бир түп терек бар. Кыштакты кайдан карасаң да, кайсыл убак болбосун адегенде ошол бак даана көрүнүп турат. Анан ошол бак боюнча “бактан бешинчи, бактан алтынчы, бактын бет маңдайындагы” деп өз үйлөрүн ажыратышат. Кызык! Эмнегедир ушул айылда бул эки түп бактан башка бир да бирөөнүн бактары жок. Кыштакта ар түрдүү, ар жаштагы адамдар болсо деле бак жагына келгенде биздин үй гана айырмаланат.

Бул бакты атам Мамбет кыштак ушул жерге орношкон жылдарда калемче кылып сайган экен. Эмнегедир ушул эки түп бак – мага баардыгынан кымбат. Мен атамды көрсөм да толук ажырата албай калдым. Бар болгону атамдын күзүндөгү ушул биздин теректин жалбырактарындай сейрек сакалы гана көз алдымда турат. “Бала ата-эненин өмүрүнүн уландысы, алардын ишинин улантуучусу дейт. Сен атаңдын толуп жаткан өнөрүнөн кур кол калдың, кур десе колуңдан келгени ушул атаң тиккен бакка кошумчалап, бирдеме өстүрсөң боло” деген апамдын сөзүнөн кийин мектепке жаңы алып келген өрүктүн жыгачынан беш-алтысын отургузгам. “Жаңы өстүргөн бак тежемел баланы баккан менен бирдей” деген атамдын сөзүн айылдагылар көп эскертчи. Ошентип, быйыл жайлоого барбай эртели кеч ушул өрүктөрдүн жанындамын.

Ар бир адамдын мүнөзү – кыялы болот эмеспи. Менин да өзүмө таандык “жоруктарым” бар. Өзгөчө сабак окуп жатканда бирөөлөр алаксыттыбы – жинимдей көрөм. Мына, азыр да үйдө өзүбүздүн бакты кошуп огороддун сүрөтүн тартып жаткам. Сырттан иттин бир-эки үргөнү угулуп, аттын дүбүртүнө улай бирөө үн салды:

– Ой, үйдө ким бар?

– Мен.

– Сен болсоң бери чык…

Артына бала учкаштырган, торала ат минип көз айнек тагынган бир чал эшиктин алдына токтоптур.

– Мамбеттин үйү ушулбу?

– Ооба, түшүңүз.

– Байбичеси кайда экен?

Анын салмак менен чыккан бул сөзүнөн кийин эки жактан апамды издеп:

– Эми эле үйдө эле. Келип калар.

– Сен Мамбеттин уулусуңбу?

– Ооба, — өмүрүмдө көрбөгөн адамдын мени билишине бир таңыркадым. Ал артындагы учкашкан балага кайрылып:

-Кана уулум, кожоюнум, чекке жеттикко – деди.

Ушул сөздү күткөнсүп бала аттан секирип түшүп:

-Байкебай, атамды түшүрүп алсаңыз, атамдын…

-Ал жалооруй мага карап өзүнүн эки көзүн басып койду. Мен нес болгондой туруп калдым. Баланын муңайым чыккан сөзү абышканын көзү көрбөй тургандыгынан да оор тийди: үйгө кирели деген өтүнүчүмө:

-Шашпа, байбиче келсин. Теректин түбүнө барып бир аз отуралычы. Көптөн бери сагынбадымбы… уулум. Кайран гана теректер, таранган кыздардай жазгы желге шуудурап турган тура!

Аларды таштап апамды издөөгө туура болбоду. Чалдын колунда комузу бар экенин адегенде эле көргөм. Өзү чертеби десем, тиги жанындагы кичинекей балага сунуп:

– Кана кожоюн, бир аз эрмек болуп берчи – деди.

Мен бул сөздү тамашадай көрдүм. Кантип тырмактай бала комуз черте алсын. Анын үстүнө комуз чертүү кыйын да. Бала мени бир жалт карап алды, анан комузду алып, бытыйган кичинекей колу менен Алымкулдун жай обонун черте баштады. Анын комузду кармашы, колду ташташы, кадим эле үйрөнгөн, машыккан комузчулардай. Кайруулары да так, жеңил экен. Бала ар түрдүү обондорду чертти. Чал мага бурулуп:

– Сен комуз билесиңби, же үйрөнбөй калдыңбы?

Мен комуз билүүчү эмесмин. Атамдын комузу деп бир топ жыл мурда бир киши комуз берген. Айылыбызда комузду жакшы билген эч ким жок болгондуктан үйрөнө албадым.

Чал бир аздан кийин кайра мага бурулуп – сенин атың Омор беле? — деди.

– Ооба. Кайдан билесиз, мени кантип тааныйсыз?

– Дурус экен аның. Кантип тааныбайын, көз көрбөсө да, көкүрөк эстен чыгарбайт да. Унутуп калды дейсиңби?

Анын бул сөзүнөн кийин уялып кеттим, бирок баарибир тааный албадым. Кайдан тааныйт болду экен? Чал сөзүн дагы улантты:

– Сен чын эле тааныбай турасыңбы? Уй кайтарып барсаң бүгүн да тааныйт элең го.

“Уй кайтарып!?”.

Анан чал уулунан комузду алды да “эмесе угуп тур” дегендей черте баштады. Комузга жан кире баштады. Күү жай башталып, анан улам шаңкылдап көңүлдү карк кыла берди. Күү кулакка кандайдыр жаккан сезилди. Бир паста ошончолук кайгылуу, ошончолук муңдуу бир ыргакка өттү. Менин көз алдыма күү ыргактарынан кең адырлуу тоо, колот, шаркырап аккан суу, мемиреген айлана; арышын салмак менен таштап ошол кең өрөөндөрдүн биринде бийикке өрдөп бараткан, түйшүкчүл адамдын кебетеси тартылат, артынан карап калгандай болом. Балким күү бир аз созулганда мен “Оо, адам, токтой тур, мен да сен бараткан бийиктикке чыгам!” деп кыйкырат белем. Айтор күү токтоп, мен ал өйдөгө тырмышкан адамга “кош” кете бер деп шаша айткандай селдейе түштүм. Бул күү атамдын күүсү. Ооба, менин атамдын “Өмүр” деген күүсү.

Ушул мүлжүлгөн аркадай куу сакал чалдын өзүнөнбү же анын жүрөк титиреткен күүсүнөнбү, айтор өткөндөгү бир окуя мени өзүнө сүйрөдү.

Мен мындан бир нече жыл мурда бир киши менен кезигиштим. Ал көрүшүү капысынан болгону менен менин эсимде. Күнү бүгүнкүдөй, азыр эле болгондой сакталуу.

***

Чынында менин коркконум экөө: бири – шамал болуп турганда, айрыкча түнкүсүн боз үйдөн жаткандан корком. Жел болгон сайын үзүк, туурдуктар желпилдеп, кереге уук кычыр-кучур этип үрөйдү учурат.

Экинчиси, болсо күн ысыкта уй кайтаруу. Чынында сайгак жабышканда уйларды тушап койсо да жөн турбасы белгилүү го. Менин уйларымдын да айрым “эрте учарлары” куйруктарын көтөрүп желип-желип токтоп калышып жатты. Бул көрүнүш анчейин болгону менен сөзсүз “чоң” иштин, “кадимки сайгактын” башталышы. Бирок бул жолу айрым “эрте учарлардын” демилгеси күчөбөй басылды. Ушинтип, кыштактагы уйлардын кезүүсүн кайтарып жүргөн күн.

Кара-Колдон башталган Сөөктүн суусу денеге таралган кан тамырлардай болуп, ушул жерден тарам-тарам бөлүнөт. Мурунку кезүүдө сайда жылгындардан башка эч нерсе жок болчу. Бул жолу жайык сайдагы көк майсанга бир боз үй тигилип калыптыр. Үйдүн түндүгү тартылып, эшиги түрүлүү. Төрдө бир чал жанаякка асмай ийлеп отурган. Менин биринчи саламымды укпады. Экинчи жолу үнүмдү бек чыгарып:

– Ат салоомалейкум! — дедим.

Чал төрдөн эңкейип карады. Анан аттан түшүп үйгө кирдим да өзүм озунуп кол бергнеден уялып, иреге жакка жөлөндүм. Чал мени жаңы көргөндөй:

– И-ии уулум, жол болсун! Кайдан? — обдулуп коюп сурай баштады. Мен жайды түшүндүрдүм.

– Дурус, дурус…

– Атаң барбы?

– Жок.

– Кайда?

– Өлгөн.

– “Атаң кимдин аялы”.

Мен буга түшүнбөй иренжип, алжып калган го деп унчукпадым. Анан ал денесин солкулдатып күлдү:

– Кебетеңди урайын десе, апаң барбы деп жатпаймбы? Чоң эле жигиттин сөзгө түшүнбөгөнү кандай?

– Атам Мамбет, атым Омор…

Чал селт этип мени бир карады.

– Кайсыл Мамбет? Алиги комузчу Мамбетпи?

Эми мен аны жал эте тиктеп, бир аз апкаарый түштүм. Ушул убакка чейин атамды айылдагылар “Уста Мамбет”, “Уйчу Мамбет” деп аташчу. Биздин айылдын көпчүлүгүнүн боз үйлөрү атамдын колунан чыккан. Ал турмак Москвага чейин барып, көргөзмөлөрдө тигилчү
Абдразак агайдын чоң ак боз үйүн да атам жасаптыр. Кара-Колдогу үйлөрдүн чоңу ошол Абдразактыкы.

“КОМУЗЧУ МАМБЕТ”, бул сөз мага биринчи эле. Чынында атам өз кесиби менен элге таанымал экен. Согуш жаңы башталганда, менин ымыркай денемди кангыча жыттай электе аттанып, мен үчкө аяк басканда келди. Ал жактан жарадар болуп жазган бир катында: “Жаратым жакшы, барганда баарыңарды бирден үйлүү кылам” деген сөзүн билбеген адам аз. Ошол тилегине толук жетпей мүдүрүлдү. Үйгө келгенден бир жарым жыл чамасында каза тапты.

Мен көпкө турдумбу, айтор чал мага кадала карады:

– Эмне, атаңды билбейсиңби?

– Билем, атам жыгачтан үй жасачу.

Анан чал күңгүрөнүп далайга тургандан кийин:

– Ооба, сенин атаң комузчу да болчу. Комузду өзү жасап, өзү күү чыгарып чертчү. Мен комузду сенин атаңдан үйрөндүм, кийин мага көп жолугушуп, өзүнүн комузун мага берди. Атаң менден кичүү болгону менен теңтуш өстүк. Сен атаңдын бир эле жагын билет турбайсыңбы…

Атамдын мен билбеген, укпаган жактары бардыгана кубандым жана өкүндүм. Бир оокумда чал керегедеги илинүү комузду алды. “Ушу комуз менен атаңдын күүлөрүн черткенде, өзү менен сүйлөшкөндөй болуп канааттанам. Кайран киши” деп тамшанып анан азыркы күүнү черткен. Чынын айтканда анда күүнүн эмне жөнүндө чертилгенин түшүнгөн эмесмин. Бирде аттын таскагындай шайбырлап чыкса, бирде жамгыр жаагандай шыбыргактайт. Аяк жагы күңгүрөнөт. Мени өзгөчө ушул аяк жагы кызыктырды: эмнегедир бир жери жетпей жаткансыйт. Башталганы шаңдуу, бийик чыгат да бирпаста жарыштан озгон күлүктүн капысынан буту сынгансып, жай термеле түшөт. Бирок күүнүн аягы өкүнүчтүү бүтпөйт: Кайра элпек лепилдеп жүрөккө от жагып каныңды кызытат. Кандайдыр бир жакка. Алыска чакырат. Карыянын колу комузда ойноктогон жок, комузу деле ордунда турду. Тек гана күнгүрөнүп отуруп, макул дегендей башын силкилдетип, комуздун боорун “эзип”, “мыжыгып” чертти.

Чал менен андан кийин көрүшкөн эмесмин.

Жыл айланган соң анын баягыда байбичеси өлүп, Жумгалдагы кыздарына кетиптир деген сөздү ар кимден уктук. Ошондогу анын “ата ушундай жакшы адамдардын артындагы туягына өнөрү калбаганын карачы” деп каңырыгы түтөп айткан сөзү алигиче көңүлүмдө. Ошондогу чертилген күү мени арбап алганбы, ар дайым кулагыма угулуп турчу. Чал менен коштошуп үйдү көздөй басканымда, ал мага “ме, атаңдын комузу эле, үйрөнүп ал” деп комузун берди да уйларды сайдан чыгарышып, суудан өткөнчө карап турду.

– Кош бол, ата деп кыйкырып тебетейимди булгаладым. Биротоло чал менен да күү менен да коштошконсугам.

***

Андан бери бир топ жыл ала салды. Атамдын багынын жанына тиккен өрүктөрүм жыл сайын гүлүн ачып, бак баягындай жалгыз эмес. Ошондой эле кыштакта да бактуу үйлөр арбыды. Баягыда капысынан жолугуп, кийин өзү издеп келген чал – Самсаалы, азыр анын күүлөрүн радиодон көп эл угат. Ошондой эле анын аткарган күүлөрүнүн ичинде атамдын да күүлөрү бар. Күү элди өзү издейт.

Мен анда ал күүнү жалгыз, тигил карыянын өзүндөй менттен тайыган – карыган күү деп ойлоп кетчүмүн. Көрсө күү жалгыз эмес, күнүгө жашарып чертиле берет экен. Күү эми мени “э-эй, жүрү!” деп чакырып жүрөт.

Окин Кулматов

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер