ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

  • 09.09.2022
  • 0

Жаңы окуу жылында борбор калаабыздагы №10 мектеп толук реконструкциялоодон өтүп, балдар жаңыртылган мектепте окуп баштады.

ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

 

Мектептин директору Гүлжан Уметалиеванын айтымында, сметалык баасы 83 млн сомду түзгөн бул мектептин имаратын реконструкциялоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде башталган.

— Авариялык абалда турган мектептин эки корпусун ремонттоо жана реконструкциялоо иштери шаардын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Анын аткарылышын КР Президенти өзү көзөмөлгө алып, белгиленген мөөнөтүндө толук аяктаганына мугалимдер, балдар, ата-энелер аябай кубанып турган чагыбыз. 1-сентябрда биздин мектепте өткөн салтанат КР Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү.

КР Министрлер кабинетинин башчысы окуучуларыбыз ар дайым ушундай заманбап жаркыраган мектептерде окушуна, мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө, жашоо шартына, кадыр-баркынын көтөрүлүшүнө өкмөт тарабынан бардык жетиштүү аракеттер жүргүзүлүп  жатканына токтолуп, мектептин лентасын салтанаттуу түрдө кесип, ак жол каалады, — дейт.

Мектеп тарыхынан

Мектептин тарыхына токтолсок, бир нече блоктон турган мектептин биринчи блогу 1937-жылы түптөлүп, 1938-жылы эксплуатацияга берилген. Мектептин экинчи, үчүнчү блогу 1950-жылдын аягында курулган. Ал ортодо мектептин ондоп-түзөө иштерине жеткиликтүү көңүл бурулбагандыктан, биринчи жана үчүнчү блогу авариялык абалга туш болуп, ал жерде окуу процесси токтотулган эле. Мектептин директору Гүлжан Уметалиева иштен чыккан имараттарын оңдоп-түзөтүү өтүнүчү менен көптөгөн эшиктерди какты, бирок тилекке каршы,ушул кезге чейин  эч бир майнап чыкпай келди. Анан ушул жылдын апрелинде Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык-курулуш башкармалыгынын тизмесине киргени, жөн гана тизмеге кирбей, президенттин өзүнүн көз кырына илингени мектептин эмгек жамаатынын өчкөн үмүтүн жандырды.

Мектеп ачылган жылдан бери ошол мезгилдин саясатына шайкеш кыйла жыл балдарды орус тилинде окутуп келген. 1987-жылдан баштап ата-энелердин кайра-кайра жазган өтүнүчү менен кыргыз класстары ачыла баштаган. 1993-жылы Гүлжан Уметалиеваны Бишкек шаарындагы көзгө басар жалгыз кыргыз тилдүү №5 мектепте тарбия завучу болуп иштеп жүргөн жеринен ушул мектептин директорлук кызматына дайындашканда, биринчи милдет – кыргыз тилдүү класстардын санын көбөйтүү тапшырмасын тагышкан.

— Биздин мектепте балдар кош тилде билим алышат, 1-класстан 11-класска чейин эки тилде окутабыз. Мен директор болуп келгенде мага кыргыз тилдүү класстарды толук кандуу иштетүү миссиясы жүктөлгөн. Мен ошол миссияны аткардым деп эсептейм.

2021-2022-окуу жылында мектепти 943 бала аяктады. Азыр акыркы маалыматтарга караганда, кабыл алынган балдардын саны миңден ашты. Жаңырган мектепте билим алгысы келген балдардын саны көбөйүп жатканы бизди да кубандырат. Биздин мектепке мурдараак тегерек четтеги жаңы конуштардын балдары келчү. Кийинки жылдары ал жактарда да жаңы мектептер ачылып, инфраструктуралар оңолуп, балдар алыс жолго чыкпай жанындагы мектептерде окуп калышты. Бул дагы жакшы жышаан, жакшы жаңылык.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Президентибиз Садыр Жапаровго чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз, мугалимдердин айлыгы жогорулап, мугалимдин түмөн түйшүктүү иши татыктуу бааланып жатканына кубанып турабыз, — дейт.

ЖАҢЫРТЫЛГАН МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КҮЧ, ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

Кубаныч тартуулаган куруучулар

“Кыска мөөнөттө оңдоп-түздөө иштерин ойдогудай жүргүзгөн курулушчулардын баа жеткис эмгегин кантип белгилебей коебуз?!” — дейт, Гүлжан Давлеткуловна. – “Бизге ушундай зор кубаныч тартуулаган “Аргын” курулуш компаниясынын куруучуларына, компаниянын генералдык директору Кубан Жарыкбашовго чексиз ыраазыбыз. Күндүр-түндүр тыным албай иштеген куруучулар мектептин ремонтун сапаттуу кылып жакшынакай аяктап беришти. Алардын сапаттуу иш аткаргандарын атайын келген комиссиялар да бир ооздон белгилеп жатышат. Алтын колдуу усталардын зор салымы менен 1-сентябрда биздин сүйүктүү балдарыбызга мектептин реконструкцияланган имаратындагы спорт залда машыгып, майрамдык иш-чараларды концерттик залда өткөрүүгө, шарттары жакшыртылган кабинеттерде билим алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мектептин ичи эле эмес, айланасы да көрктөндүрүлүп, спорттук аянтчалар курулуп, мектебибиз кыска мөөнөттө ушундай жаркыраган мектепке айланды”.

Мектептин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү

Аталган мектептен билим алган атактуулар да арбын. Атпай журтка белгилүү хирург Эрнест Акрамов ушул мектептен 1-класстан 10-класска чейин окуган. Мектептин дагы бир бүтүрүүчүсү белгилүү экономист, Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиевдин ысымын мугалимдер сыймык менен аташат. Ал эми “ХХ кылымдын эң мыкты гандболисти” деп аталган Талант Дүйшөбаевди кимдер гана билбейт?! Ал дүйнөнүн мыкты гандболисти наамын эки жолу жеңип алган. Кыргызстандын дагы бир белгилүү футболчусу Михаил Сиротин ж.б. ушул мектептен билим жана тарбия алган, мектептин сыймыгын арттырып жүргөн бүтүрүүчүлөрү. Мектептин фойесинде Баткен согушунда курман болгон кыргыздын дагы бир патриот уулу Асылбек Муканбетовдин сүрөтү илинип, өмүр баяны жазылып турат.

 

Мына ушундай билим десе билим жагынан, ден соолук, экономика жана албетте, спорт жагынан балдарга үлгү болуп, мектептин эле эмес, Кыргызстандын атын алыска, даңкын далайга угузган мыкты уулдар дал ушул мектептен билим алган.

Антип-минткенче жаңы окуу жылы жаңы барагын ачты. Аны бул мектептин мугалимдери жана окуучулары мына ушундай жаңыртылган мектепте жаңы дем-күч менен баштады.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер