ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАҢЫ КАДАМДАР

  • 30.12.2020
  • 0

 Тагдыр салган сыноону күчтүү жеңет» деген чын бейм, быйылкы COVID-19 пандемиясынын сыноосунан калктын калың катмары катуу жабыркады. Эң эле чоң сыноону окуучулар, ата-энелер жана талыбаган мугалимдер көтөрдү десек жаңылышпайбыз. Каникул карантинге капталып, кийинки окуу чейреги санарип технологиялары менен тыгыз алектенүүгө аргасыз кылды. Мурда интернет желесинен негатив эле алууга мүмкүн деген ата-энелер менен мугалимдер анын түрдүү механизмдери менен жакындан таанышып, балдарды туура нукта окутууга биргелешип күч үрөдү. Шаар жана шаарларга жакын жайгашкан аймактарга интернеттин жеткиликтүүлүгү маселе жаратпаганы менен кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында окутуу кандай абалда болгону ойго салбай коё алган жок.

Алыскы тоолуу Тогуз-Торо районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев кооптуу кырдаалдагы жана жаңы окуу жылындагы окутуудагы көйгөйлөр, жаңылануулар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыктоочу чейреги кыйла ишти тездетүү менен колго алууга мажбур кылды. Айталы мугалимдердин көбү санариптин талабына даяр эмес экени айкын болду, айыл мектептериндеги окуучуларды мобилдештирүү убакыт талап кылды. Алдыңкы мугалимдерибиз өз каражатынын эсебинен Нарын шаарына барып Edu Paig платформасынын негизинде окутуу, иш кагаздарын алып баруу, электрондук журнал, күндөлүк толтурууну үйрөнүп жана жайылтуу максатында райондук масштабда семинар өтүп беришкен эле. Ал платформанын негизинде иш алып баруу айыл жериндеги мугалимдерге кыйын болгондуктан, өз шарттарына ылайык WhatsApp, ZOOM, Telegramm, Classroom программаларын колдонуу менен окутуп жатышты. 2020-2021-окуу жылын жаңылануудан баштап директорлор санарип технологияларды колдонуу менен көптөгөн максаттарды коюп, жаңы дем, жаңы күч менен кадамдарды таштап келе жатышат.

Ийгиликке жетүүнүн кадамдары

Тогуз-Торо райондук Билим берүү бөлүмүнүн методисти Какаева Таалайкүл учурда жүргүзүлгөн иштери тууралуу төмөнкүчө баяндайт:

– Жаңы окуу жылынын экинчи чейреги салттуу режимде окууга өткөрүлгөнү окуучуларды жана мугалимдерди абдан кубандырды. Мектептер шаңга бөлөнүп бака-шака иш башталды. Албетте эң алдынан санитардык-гигиеналык талаптар катуу коюлууда жана көзөмөлдөнүүдө. Ар бир мектепке посттор коюлуп,санитардык бурчтар уюштурулган жана райондук администрация жана айыл өкмөттөрү тарабынан жардамга берилген санитайзер, тепловизорлор менен окуучулардын дене табы текшерилип турат. Онлайн окутуу бардык эле учурда жеткиликтүү кабылдоого учурады деш кыйын, андыктан окуучуларды предметтерге тартуу, кызыктыруу, жөндөмдөрүн арттыруу максатында предметтик декадалар жарыяланып жана предметтик олимпиадаларга даярдоо максатында райондук деңгээлде конференция болуп өттү.

Математика боюнча “Ийгиликке жетүүнүн кадамдары” аттуу райондук онлайн конференция өткөрүлүп, ага райондун математик мугалимдери катышты. Окуу-усулдук кабинетинин башчысы Какаева Таалайкүл предметтик олимпиадага даярдануу жана 6-11-класстар арасында өткөрүлүүчү Республикалык математика боюнча олимпиада (РОМ) боюнча маалымат берип өттү. Мында предметке кызыккан зээндүү окуучулар көмүскөдө калбастан, педагогдордун ишмердүүлүгү менен окуучунун жөндөмүн ачып, предметке болгон кызыгуусун арттыруу керек экендигине кеңири токтолду.

Райондук бирикме жетекчи Султангазиева Айгүл Жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды кантип даярдоо керек экендигин айтып, функциялар бөлүмүнөн айрым эсептерин чыгарууну демонстрациялап көргөзүп берди. Даярдоо учурунда мектеп программасынан сырткары айрым ыкмаларды пайдалануу жана окуучулардын логикасын өстүрүүгө көбүрөөк көңүл бөлүү зарылчылыгын баса белгилейт. Талыкпаган эмгектеринин натыйжасында А.Абалиева-
нын бүтүрүүчүлөрү ийгиликтерди жаратып келет. (2020-жылдын ноябрь айынын экинчи жарымында №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар усулдук бирикмесинде райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин тапшырмасынын негизинде он күндүк декада болуп өттү. Декаданын негизги максаты: башталгыч класстардын окуучуларынын билим сапатын көтөрүү, мугалимдер арасында алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбаларды жайылтуу, мыкты деген сабактарды медиа тармактарга чыгарып, мыкты мугалимдерди аныктоо. Декадага усулдук бирикмедеги бардык мугалимдер активдүү катышып, чыгармачылык изденүү менен техкаражаттарды пайдаланышып, үлгүлүү ачык сабактарды өтүп беришти. Онлайн окуудан тажап, кадимки реалдуу окууга жаңы эле келген окуучулар да активдүүлүгүн көрсөтүшүп, сабактарга жакшы катышып беришти. 1-4-класстардын бардыгында ачык сааттар өтүлдү. Предметтерден 1-класска Алиппеден “к-г” тыбыштары, 2-класска Адабий окуу, мекен таануу сабактары, 3-«а» класска Кыргыз тили, көркөм өнөр сабактары, 3-«б» класска математика сабактары, 4-класска математика сабактары өтүлдү.

Өтүлгөн сабактардын ичинен үч мугалимдин сабагы мыкты деп табылды. 1-класстын алиппе сабагы – мугалими Эсенбаева Айгүл, 3-«а» класстын көркөм өнөр сабагы – мугалими Бусурманкулова Бактыгүл, 4-класстын математика сабагы – мугалими Абдыжапарова Астра. Мыкты деген сабактардын иштелмелери медиа тармактарга, башка мугалимдерге методикалык жардам катары чыгарууга көрсөтүлдү.

Бул декада күндөрү USAIDдин “Окуу керемет” долбоору боюнча жаны келген китептер менен башталгыч класстын окуучуларын тааныштырып, китепканачы менен класс жетекчилер окуучуларга график боюнча китеп окутуп жатышты жана мастер класс өтүлүп турду.

Интернет менен дос болсоң ийгиликтер жаралат

ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАҢЫ КАДАМДАР

Интернет айдыңында жүрүү – бүгүнкү күндүн кадимки калыпка түшкөн көрүнүшү. Тогуз-Торо районунун алдыңкы мектептеринин бири №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин жамааты дагы бул багыттагы өз эмгектери менен тааныштырып өттү. «Эшигин көрүп төрүнө өт» демекчи, мектептин босогосунан эле тазалык, камкор мамиле туюлат, анткени мурда цемент менен капталган кире бериш аянтча кооз брусчатка менен төшөлгөнү, жаңы шифер менен чатырланганы көзгө урунат. 2020-2021-окуу жылы жаңы директордун жетекчилиги астында башталып, жаңы курам алдыга көп максаттарды коюу менен аракеттерин арттырууда. Мектептин директору Атамкулова Назгүл буга чейин орус тили жана адабияты мугалими болуп, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, андан кийин окуу бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Бармактайынан телчигип, мектептин ички-сырткы көйгөйүн так, даана билген жетекчи, өзүнөн кем эмес орун басарлары менен бирдикте, район боюнча жалгыз инновациялык мектеп деп аталган мектептин түмөн түйшүгүн жоопкерчилик менен көтөрүүгө белсенип турган чагы.

Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп окуу-тарбия процессин онлайн форматта баштады жана мектепти жаңы окуу жылына даярдоо, кышка даярдык көрүү максатында мектептин шиферлерин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Каргалык айыл өкмөтү шифер, мык менен камсыз кылып берди (жалпы 49500 сом), ал эми башталгыч класстардын «Окуу керемет” кабинети үчүн интерактивдүү доска (36000 сом), проектор (20000 сом), телевизор (33800 сом), ата-энелердин жардамы менен фильтрден өтүүгө, дене табын өлчөгөн термометр эки даана (3300 сом). Окуучулар аралыкты сактап, бет кап, антисептикалык каражаттары менен сабакка келишет, сабак башталардан мурда атайын фильтрден өтүп, дене таптары текшерилет. Дене табы көтөрүлгөн балдар үйлөрүнө жөнөтүлүп, ата-энелерине маалымдалат. Онлайн форматта билим берүүдө мугалимдер өз билимдерин өркүндөтүү курстарынан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту. Азыр заман талабы жаңы технология, санариптештирүү болуп жаткандыктан, мектептин мугалимдеринин, окуучулардын жана техникалык кызматкерлердин, мектеп жөнүндө маалыматтар ИСУО электрондук маалымат базасына киргизилди. Өзгөчө быйылкы окуу жылында болгон маалыматтардын бардыгы электрондук вариантта жүргүзүлүп жатат. Онлайн форматта окуучулардын, мугалимдердин арасында тарбиялык мааниси бар сынактар өтүлүп жатат, сынактын жеңүүчүлөрүн мектеп тарабынан Ардак грамоталар, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.

– Азыр биздин администрация мүчөлөрү жаңы составдан түзүлгөндүктөн, билек түрө иш алып барып жатабыз. Биздин инновациялык мектептин дагы бир өзгөчөлүгү анын кош тилдүүлүгүндө: орус тилинде жана кыргыз тилинде окутулган класстар бар, — дейт Н.Атамкулова.

«Жалпы мугалимдер билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө болгон күч аракетин жумшап жатканы байкалат. Жамаат улуу муун, жаш муундардан түзүлгөн. Ар тараптуу чыгармачыл, иш тажрыйбасы мол эже-агайлар эмгектенип келишет. Мугалимдерге администрация дем, күч, стимул берип турса, мугалимдер да албан-албан ийгиликтерди жаратышат. Мектепте жети усулдук бирикмеде 14 предметтик ийрим иштейт. Азыркы учурда көркөм өнөр, Манас таануу, кыргыз тили, география, англис тили, эмгек, орус тили, сүрөт, тарых, математика, футбол, волейбол ийримдери онлайн режиминде өтүлүп жатат. 2-чейректе санитардык нормаларды сактап, 1-этап менен 1,5,9 жана 11-класстын окуучулары реалдуу режимде окуп жатышат.

– Окуу процесси 10-класстар үчүн онлайн режиминде жүргүзүлгөнүнө карабастан, 2020-2021-окуу жылында окуучулардын 1-этап мектеп олимпиадасы баардык санитардык талаптарды аткаруу менен өткөрүлүп, райондук 2-этапка даярдыктарды көрүп жатабыз”, — дейт А.Токоева.

Инстаграмм социалдык түйүнүнөн “Активдүү баракча” деген билдирүү келди

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары
А.Сатыбалдиева төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАҢЫ КАДАМДАР

– Жаңы окуу жылы кыргыз тил акциясына активдүү катышуу менен башталды. Эссе, жаңылмач айтуу, кыргыз акындарынын ырларын көркөм окуу конкурстары уюштурулуп, мектеп администрациясы баш болуп активлүү катышып беришти. Жыйынтыгында мектептин алдыңкы мугалимдери Т.Орокбаев, Д.Чөкөнбаева, Э.Токобаева, А.Досматовалар онлай видео ролик аркылуу өнөрлөрүн көрсөтүп беришти.

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата мектеп бүтүрүүчүлөрү “Мугалим жөнүндө сөз” аталыштагы видео ролик даярдашып, мугалимдерге майрамдык жагымдуу маанай тартуулашты.

Биринчи жолу мектебибиз инстаграмм, фейсбук социалдык тармактарынан өзүнүн баракчасын ачып, өзүнүн логотибин таап, ачылган социалдык баракчаларга мектептеги өткөрүлгөн иш-чараларды, конкурстарды жарыялай баштады.

Окуучулар менен медиа команда түзүп, баракчасын активдүү баракчага айландырдык. 1-жолу конкурстар окуучулар жана мугалимдер арасында онлайн режиминде өтүлүп (фото конкурс, видео конкурс) баштады. Мектептин социалдык тармактарына катталган окуучулар, мугалимдер, ата-энелер, күйөрмандар бир айдын ичинде 1500 ашып, кызыктуу сынактар ачык-айкын өткөрүлүп, күйөрмандар өздөрү калыс болуп жатышты.

Реалдуу режимде окуу башталганда 1600 окуучунун ичинен 1, 5, 9 жана 11-класстарынын 553 окуучусу үчүн мектепте санитардык-гигиеналык эрежелер сакталууда. Аралыкты сактоо үчүн атайын белгилер чийилген, ар бир кол жуучу жайларда, окуу кабинеттерде, коридорлордо ар кандай санитардык эрежени сактоо боюнча көптөгөн көрсөтмөлөр илинип, атайын фильтр көзөмөл уюштурулуп, бул жаатта активдүү иш алып барылууда. Мектептин фойесинде чоң телевизор орнотулуп, анда өтүлүп жаткан иш-чаралар, мектептеги жаңылыктар көрсөтүлүп турат.

Ал эми башка коомдук ишмерлерди медиа команда баарлашууга тартып, кызыккан маалыматтар боюнча интервью алып, видео ролик катары тартып, талапка жараша мектептин маалыматтарын, сыйлоо аземдерин фойедеги телевизорго жана социалдык баракчаларга чыгарылып турат. Ар бир конкурстун жеңүүчүлөрүнө тематикалык мактоо баракчалары тапшырылып турат.

Тарбия сааттарды WhatsApp, Telegram тармактары аркылуу класс жетекчилер өтүп турушат, ошондой жолдоштук сабак катары мугалимдер бири-биринин сабагына катышып, баа бергенге мүмкүнчүлүгү бар.

Максат – жаш муундарды коомдун активдүү мүчөсү катары калыптандыруу

ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАҢЫ КАДАМДАР

Жаңы окуу жылында ар дайым мектептеги окуучулар боюнча жалпы маалымат топтолот жана окуучулардын ар биринин үй-бүлөлөрүнүн соц.паспорттору түзүлөт.

2020-2021-жылында мектептин социалдык педагогу тарабынан электрондук вариантта жаңы 1567 окуучу боюнча маалымат базасы түзүлгөн. Ар бир класс боюнча (62 класс комплект) жалпы маалымат жана 13 социалдык категория боюнча окуучулардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык категорияларынын маалымат базасы түзүлдү. Класс жетекчилер үчүн кагаз иши азайып, убакытты үнөмдөө үчүн шарттар түзүлдү.

Учурда 426 окуучу жана алардын үй бүлөөлөрү 13 социалдык категория менен соцпедагогдун ички көзөмөлүндө турат. Ар бир окуучунун үй бүлөөлөрүнүн соцпаспорттору түзүлүп, ата-энелери, класс жетекчилери, окуучулар менен пикир алышуулар жүргүзүлүп папка-файлдар ачылган. Балдардын укугун коргоо конвенциясынын беренелери, окуучулардын жана ата-энелердин укугу, милдеттери таанышытырылып, соцпедагог, ата-эне, класс жетекчинин ортосунда тыгыз байланыштар калыптандырылган.

Соцпедагог Н.Бакасова коомчулук менен да тыгыз байланышта иш алып барууда. Онлайн режиминде окуп жаткан окуучулар анализденип, телефону жок сабакка катыша албай жаткан окуучуга Каргалык Айыл өкмөт башчысы М.Акматбеков менен биргеликте уюлдук телефон менен камсыз кылышкан.

Тартип бузуулар жана кылмыштуулук катталган жок. Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча онлайн режиминде да, кадимки режимде да ИДН менен бирдикте иш алып барылууда. Он жыл ичинде окуучулар үчүн жагымдуу маанай түзүлүп, кылмыштуулук кескин төмөндөгөн.

2013-жылдан бери социалдык педагог түптөгөн мектептин коопсуздук комитети иш алып барат. Бул комитеттин өзүнүн туусу, уставы, комитеттин мүчөлөрүнүн төш белгилери бар. Жаш инспекторлордун өздүк карталары ачылган. Жаш инспекторлор ИДН, соцпедагог, класс жетекчи, окуучулар менен тыгыз байланышта иштешет.

ДМЧ, жардамга муктаж окуучуларга демөөрчүлөр менен биргеликте материалдык жардам акчалай жана өңчөй (кийим кече, жылыткыч, телевизор, тамак-аш) берилип турат. Башкы демөөрчүлөрүбүз: Жээнбек Тотуев, Анара Кыдыршаева жана мектептин педагогикалык жамааты.

Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер тобу менен ДМЧ окуучулар боюнча биргелешип иштер алып барылат. Класс жетекчилер менен рейддер жүргүзүлүп турат.

Н.Бакасова райондук деңгээлде семинар-тренингдерди өтүп, райондук соцпедагогдордун усулдук бирикмесин жетектейт. Райондук деңгээлде өтүлгөн иш-чараларды районго жайылтып турат.

Учурда Балдардын укугун коргоо “Зордук-зомбулуксуз мектеп” программасын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Өспүрүмдөрдүн ден соолугун сактоого, сергек жашоого болгон адаттарды калыптандыруу максатында талыкпай иш алып барат.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы менен тыгыз байланышта иштеп, үй бүлөлөргө, балдарга социалдык жардам көрсөтүү максатында алгылыктуу иштерди жасай алды. Компетенциянын чегинде катаал турмуштук кырдаалдагы, аярлуу катмардагы, анын ичинде кыйын шартта, катаал турмуштун кырдаалындагы үй бүлөөлөрдү анализдеп, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана өкмөт уюмдардын, демөөрчүлөрдүн жардамы менен материалдык, психологиялык жардам көрсөтөт жана жогорку деңгээлде уюштура алды

Өлкөбүздүн мыкты келечек ээсин окутабыз

ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАҢЫ КАДАМДАР

Башталгыч класстарынын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жыргал Жееналиева  алдыдагы максаттары менен бөлүштү:

– Азыркы өспүрүмдөр замандын шарынан артта калбастан, заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен өз кругозорлорун өстүрүп, улам жаңы маалыматтарга ээ болууда. Мугалимдер да билим берүүдө замандын талабына ылайык өсүп, өнүгүүсү зарыл.

Биз окутуп жаткан ар бир бала, биздин өлкөбүздүн мыкты келечек ээси болууга тийиш. Бардык балдарга тарбия берип өстүрүү колубуздан келет. Ал үчүн биз билим берүүнүн агартуучулары, өз билимибиздин үстүндө тынымсыз иштөө менен замандын шарынан калбай, балдарды окутуп, тарбиялоодо алардын талабына жараша жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу коомдо татыктуу инсандарды тарбиялай алаарыбыз бышык.

Билим берүү стандарттары аркылуу билим берүүнүн маңызын өзгөртүүнүн максаты болуп, башталгыч мектептин окуучулары өтө жигердүү, көп маданияттуулук, сабырдуулук, атуулдук, бийик этикалык деңгээл, эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөм, берилген билимдерди турмушта колдоно билүү, демилгелүүлүк, өмүр бою окууга, өзүн-өзү өркүндөтүү ниети сыяктуу сапаттарды калыптандырууну камсыз кылуучу компетенттүүлүккө ээ болушу саналат. Бул ыкма окуучулардын маалыматка ээ болушун эмес, практикалык иште келип чыккан көйгөйлөрдү чече билишин жана иштин ыкмаларына ээ болушун биринчи орунга койгондугу компетенттүү мамиленин өзгөчөлүгү болуп саналат.

Бул багытта сөзүбүз куру болбошу үчүн башталгыч класстан баштап эле санариптик түшүнүктөрдү сиңирип, такшалтуу көндүмдөрүнүн үстүндө иштөөдөбүз. Айта кетсек, “Окуу керемет” долбоорунун алкагында бир кабинетти толук модернизациялап, Каргалык айыл өкмөтүнүн, ата-энелердин жана жеке ишкерлер Ж.Тотуев жана Кыдыршаева Анаранын демөөрчүлүгүнүн жардамы аркасында техникалык каражаттар менен жабдып алдык. Эми планыбызда электрондук китепкана ачып алсак деп турабыз,

Айнура АСАНАЛИЕВА,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер