ЖАҢЫЛАНГАН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ ЖАНА МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ

  • 29.07.2022
  • 0

Жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты азыркы мектеп реформасынын өзөгү болуп эсептелет.

Алгач, Мамлекеттик билим берүү стандарты деген эмне? Ушуга жооп берип алсак. Мамлекеттик билим берүү стандарты деген бул мамлекет өзүнүн бардык атуулдарына милдеттүү түрдө камсыз кылуучу билим берүүнүн минималдуу, алгачкы, түпкү деңгээли болуп эсептелет.
Бул деңгээлден төмөн түшүүгө болбойт, ошол деңгээл гана адамга өз алдынча билимин улантууга, өзүнүн турмуш жолун туура аныктап алууга мүмкүндүк берет. Демек, стандарт – коом тарабынан ар бир атуулга кепилдене турган билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы. Мындай норма окуучулардын билим деңгээлин өлкөнүн ичинде жана андан тышкары жерде салыштырып баалоого мүмкүндүк берет.
Эсиңиздерде бардыр, жабык коомго ылайыкташкан мурунку советтик билим берүү системасы окуучулардын реалдуу билимдерин башкалар менен салыштырып кароого жол берчү эмес. Мектептердин ийгилиги, мугалимдердин эмгегиндеги жетишкендиктер отличник, ударниктердин саны менен бааланчу. Бул системанын туура эместигин бизге, агартуучуларга, биринчи ирет эгемендүүлүк жылдарындагы ЖРТ жыйынтыктары ачыктаса, кийин барып, 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн билим сапатын баалаган эки жолку эл аралык PISA иликтөөсү көрсөттү. Биринчи жолу катышканда (PISA-2006) Кыргызстан 57 өлкөнүн ичинен эң акыркы, экинчи жолкусунда (PISA-2009) да 65 мамлекеттин арасынан акыркы орунда калды.
Аянты жана калкынын саны жагынан Кыргызстанга чамалаш Финляндия бул эки иликтөөдө тең эң алдыңкы көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, билим сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде лидер аталды. Ушуга чейин ал өлкөнүн жетишкен ийгилигин өзүбүз менен салыштыруудан тажабайбыз. Бул бизге өнүгүү үчүн керек деп ойлойм.
Финляндияда окуучуларга билимдер таңуулабагандай эле, мугалимдерге да тигил же бул усул-ыкманы сабакта колдонуу таңууланбайт экен. Мугалимге окутуу усулун тандоодо чексиз эркиндик берилген. Окуучулар болсо үй тапшырмасы дегенди билишпейт. Бизде окуу жүктөмү 1000 сааттан ашса, аларда 800гө жетип-жетпейт. Ал жакта окуучулар биринчи класска 7 жашында барат, 6 жашында ойногусу келген балага эч ким тоскоол болбойт.
Билим берүүдөгү Финляндия өрнөгү бизге билимдүүлүктүн деңгээлин сандык көрсөткүчтөр менен баалоого болбостугун, ал милдеттүү окуу жылдарынын саны менен да, окуу предметтеринин тизмеси менен да, окуу программаларынын сапаттары менен да, окуу материалынын көлөмү менен да, аттестаттагы баалар менен да ченелбестигин түшүнүүгө жардам берди. Билимдүүлүктүн деңгээлин мындай көрсөткүчтөр менен баалоо стандарттык-бюрократтык структураларда гана орун алат. Чындыгында билимдүүлүктүн деңгээли — адамдын практикада активдүү ойлоно билгичтиги жана ишмердүүлүк жөндөмү, б. а. анын эмнени иштей ала тургандыгы жана татаал проблемалык кырдаалдарда эмнеге жөндөмү бар экендиги. Буга өзүм күбө болгон эки турмуштук мисалды келтирип кетсем дейм. Биринчисинде, мындан туптуура он эки жыл илгери жаңы конуштардын окуучулары үчүн билим берүү демилгесин баштадык. Борборубуздагы жогорку окуу жайлардын биринин доценти жаштарга компьютер менен иштөөнү үйрөтүшү керек болчу. Биринчи эле сабакта агайдын колу калтырайт. Сурасам, «Мен компьютерди билбейм, бирок лекция окуйм» дейт. Анан ошол сабакты атайын жогорку билими жок эле, бир күн ЖОЖдо иштебеген, бирок көзүн жумуп текст тере билген жаш кыз ийгиликтүү окутту.
Экинчисинде, окуя таптакыр башкача өңүттө болду. Тогузду бүтөөрүндө мектептен кетиребиз деген 11-классты аяктап жаткан уулум, баарыбызды таң калтырып, быйылкы ЖРТдан 172 балл, математикадан 79 балл алды! Таң калычтуусу, ал өзү 11 жыл кыргыз мектебинде билим алганына карабастан, тестти орус тилинде тапшырды! Ал мага: «Мен тестке чындап үч ай даярдандым, эгер бир жыл даярдансам, Алтын сертификат алмакмын» дейт.
Бул эки мисал билимдүүлүктүн деңгээли чындыгында эле журналдагы же аттестаттагы баалар, доцент, профессор сыяктуу илимий даражалар менен эмес, билимди тигил же бул турмуштук кырдаалдарда колдоно билгенибиз менен өлчөнөрүн көрсөтүп турат.
Азыркы миллионерлердин саяпкери Роберт Кийосакини мугалимдер жакшы билишет. Арасында «Эгерде сен акылдуу болсоң, эмне үчүн бай эмессиң?» деген акылын окуучуларына айта жүргөндөрү да бар деп ойлойм. Бирок ошол эле убакта дагы деле бизде сабактын башынан аягына чейин өзү сүйлөп, жаңы теманы баяндап бергендер же сабактын аягында «Жаңы сөздөрдү, ырды, текстти көчүрүп жазып, жаттап келгиле!» деп тапшырма берген агай-эжейлер жок эмес. Айтаарым, мындай эски, салтка айланган окутуу жолу менен биз санарип замандагы окуучуларды ЖРТга же предметтик олимпиадаларга, бейтарап PISA иликтөөсүнө, же жок дегенде эртеңки турмуштун өзүнө даярдай албайбыз.
Ушундан улам азыркы реформатор министр Алмазбек Бейшеналиев билим берүүнүн мазмунун жаңыртууну көздөп жатат. Аны аныктаган эң негизги документ Мамлекеттик билим берүү стандарты болуп саналат. Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Т.А. Ашымбаеванын пикиринде жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарты компетенттүүлүккө багытталган б.а. бүгүн окуучу келечекте кайсыл кесипти өздөштүрбөсүн, мектеп партасынан маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүктөрүн жана ушулардын негизинде предметтик компетенттүүлүккө толук өлчөмдө ээ болуп чыгышы керек.
— Мурунку кабыл алынган Мамлекеттик билим берүү стандартында Бүтүрүүчүнүн модели көрсөтүлгөн эмес. Ал эми азыркы сунушталып жаткан Мамлекеттик стандартта башталгыч класстардын, негизги мектептин жана орто мектептин бүтүрүүчүсү кандай компетенттүүлүктөргө ээ болуп чыгышы так көрсөтүлгөн, — дейт Токтобүбү Абасовна.
Айта кетсек, Мамлекеттик билим берүү стандарты бул багыт берүүчү документ. Буга ылайык ар бир предмет боюнча предметтик станддарттар иштелип чыгат.
Предметтик стандарт өз кезегинде Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын мектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык ишке ашырат жана конкреттештирет. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделин калыптандыруунун негизи болуп саналат. Мамлекеттик билим берүү стандарты окуучулардын класстар боюнча окуу жүктөмүнүн чегин, алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана иштин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча бир жумадагы окуу күндөрүнүн санын аныктайт.
— Предметтик стандарттар иштелип чыккандан кийин окуу программасы, анан жаңы муундагы окуу китептери иштелип чыгат. Бул иштерди аткарууда мурдагы бардык кемчиликтер: окуу китебиндеги кайталанма темалар, тектеш предметтер, STEM билим берүүсү сөзсүз эске алынат, — деп жыйынтыктады өз оюн КББАнын вице-президенти.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер