ЖАҢЫЧЫЛДЫККА  ЖОЛ САЛГАН МЕКТЕП

  • 31.03.2022
  • 0

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин Уставына ылайык айрым сабактарга өзгөртүү киргизилип, ачык сабактын ордуна сабак изилдөө, тарбия сааттын ордуна баарлашуу сааты өтүлөт. Бул сабактарга бир эле мугалим сабак бергени  менен  даярдануу процессине  беш мугалим катышып,  жоопкерчиликти баары бирдей мойнуна алышат.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА  ЖОЛ САЛГАН МЕКТЕП

Изилдөө сабак – билим сапатын жогорулата турган модель

Сабак изилдөө модели Казакстанда, башка өлкөлөрдө колдонулуп келе жатат. Ачык сабакта бир гана мугалимдин жоопкерчилиги каралат эмеспи. Эч кимге деле жаңылык эмес, ачык сабакка мугалим формалдуу даярданат, материалдарды окуучуларга бөлүп берип, көрсөтмөлүү кылып өтөт. Ага катышкан мугалимдердин айрымдары сын айтса, кээ бирөөлөрү жакшы пикирин айтып, мактап-жактап калышат. Бирок, тилекке каршы, ачык сабакка жасалган мамиле күндө өтүлчү сабактарда боло бербейт. Муну мугалимдер деле мойнуна алышат. Ал эми “Креатив-Таалим” ББКде ушундай формалдуулуктан кетүү үчүн башка өлкөлөрдө практикаланып жаткан сабак изилдөөгө өтүшкөн.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА  ЖОЛ САЛГАН МЕКТЕП

— Сабак изилдөөдө беш мугалим биригип бир теманы пландаштырып, ошонун үстүнөн ар бири өзүнүн сунушун айтып, бышырышат. Билими төмөн окуучуга бул теманы кантип жеткиребиз, билими жакшы окуучунун көңүлүн кантип бурабыз, өзгөчө таланттуу, шыктуу окуучуга кандай тапшырма бериш керек деп баягы беш мугалим толук изилдеп чыгабыз. Сабакты бир гана мугалим модератор болуп өтөт. Калгандары байкоочу болуп кайсы жерден эмне кемчилик кетирилгенин жазып отурабыз. Бул эсепти ашыкча бердик, натыйжа берген жок, бул тема балага зарыл эмес экен деп. Бул жерде эч ким сарсанаа болбойт, сабагым жакшы же жаман өттү деп. Бул сабакка башкача мамиле жасалат. Ачык сабактагыдай текшерүүчүдөй отуруп, ага сын-пикир эч ким айтпайт. Анткени бул сабакты беш адам даярдады. Болгону ойлорун ортого салышат, — дейт башкы директор Гүлнара Дайырбекова.

Мындай сабак мугалимдердин предметчи катары өсүшүнө чоң түрткү бере турган модель. Бул моделди креативчилер былтыртан бери пайдаланып келатышат. Мугалим чала-була даярданып кирген сабактар, албетте, натыйжалуу болбойт. Бул жерде сабактын түзүмү так тандалып, ичиндеги материалдын мазмуну терең, жеткиликтүү болгон үчүн окуучуларга сабак кызыктуу болот.  Анткени изилдөөдө ачык сабактай бирөөгө көрүнүү эмес, ошол теманы кантип ачып берүү керек, балага кантип жеткиликтүү кылуу керек деген маселе каралат. Ар бир төртүнчү күн — методикалык күн экен. Ошол күнү башкы директор методика жаатындагы жаңылыктар боюнча билдирүү жасап турат.

— Өзүм билген жаңы нерселерди жамаатка жайылтамын. Андан ары жамаат өзүнүн предметине ылайыктап, изилдеп өтүшөт. Сабакты изилдеп өтүп жаткандар азыр четинен сабактарынан үзүндүлөрдү көрсөтүп, өздөрүнөн кеткен кемчиликтерин, артыкчылыктарын айтып, бирге талкуулап жатабыз. Бизде методикага жакшы көңүл бурулат. Мен кандай жаңылык берсем, ошону илгиртпей алып кеткен команда бар. Башын бирөө баштаса, аны өркүндөтүп отуруп, методиканы байыткан мугалимдер арбын. Билим берүү жана илим министрлигинин жасап жаткан реформасын  колдойм.  Сабактын план-конспектисин  формалдуу жазгандын кажети жок. Менин пикиримде, планды дегеле жазбай койсун деген жок, конспектини жазбай койсун деп жатат. Бирок компетенттүүлүк 1, 2 деген жөн эле формалдуу. Ар бир мугалимдин бир күндүк сөзсүз планы болуш керек. Бирок аны милдеттүү кылып текшерип, директордун орун басары  кол койгондун такыр зарылчылыгы жок.  План мугалимдин жеке демилгеси менен жазыла турган иш. Албетте, максат койбой туруп, кантип сабак өтөт? Ал максат бирөө үчүн эмес, директор же директордун орун басарына  эмес, өзүнө керек, — дейт Г.Дайырбекова.

Мугалимге эркиндик берилгенде гана  анын чыгармачылык изденүүсүнө чоң түрткү болот. “Креатив-Таалим” ББКде план-конспект жазылбайт.  Бирок сабак  изилдөө, педагогикалык тур деген моделдерге даярданып жатып, сабактын иштелмеси өзүнөн-өзү даярдалып калат. Бул мектепте жасап жаткан иштин атын атабай эле иштей беришет. Уккан жаңылыкты гана өркүндөтүшөт. Мугалимдерди ушул модель менен иштейсиң деп эч ким да мажбурлабайт. Бирок бул моделдер менен иштеп жаткан мугалимдин  көңүлү ток, канааттануу менен сабагын өтөөрү бышык.

Оодарылган класс

Комплекстин мугалимдери изденүү менен гана иштешет. Дагы бир көңүлдөрүн ток кылган моделдин бири – оодарылган класс (перевернутый класс, flipped classroom). Бул моделди мугалимдер пандемияга чейин өтүптүр.

— Оодарылган класска өтүү үчүн мугалимдердин потенциалы болуш керек. Мугалим күчтүү болуп, өзүнүн предметин так билип, кайсыны балага алдын ала берсе болот, кайсы презентацияны даярдап берсе болот деп пландашы керек. Эгер мугалим өзү презентация даярдай албаса, видео тарталбаса, же тесттик тапшырманы түзө албаса оодарылган класс боло албайт. Окуучу теориясын үйдө окуп, практиканы, эсептерди мугалим менен бирге класста иштейт, — дейт директор.

Онлайн мектеп

Г.Дайырбекованын кыялындагы  кыргыз тилдүү онлайн мектепти ачуу идеясы бышып жетилиптир. Бирок бул идея азырынча ишке ашпай токтоп турат.

— Кыргызстан боюнча онлайн мектеп болсо жакшы болмок. Эки формат бар болчу. Бирөө – ар бир тема боюнча видеосабак, экинчиси — ошол сабак боюнча тесттик тапшырмалар түзүлөт. Мейли Баткенде болсун, мейли Нарын, Ат-Башыда болсун окуучулар бир жерде отуруп, окуй берет. Минималдуу сумманы коймокпуз. Биздин сабактарды көрүп, биз берген тапшырманы аткарып, окуй бермек. Мектептеги окуганына кошумча билим берүү болмок. Бирок  “КР Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында онлайн мектеп деген  жок экен. Ошон үчүн токтоп калдык, — дейт Гүлнара айым.

Педагогикалык тур

Педагогикалык турда кичине өзгөчөлүктөр бар. Кайсы гана мугалимдин сабагына кирбе, 15 мүнөттүн ичинде мугалим ким экенин көрүп койсо болот.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА  ЖОЛ САЛГАН МЕКТЕП

— Муну биз ойлоп тапкан жокпуз. Ар түрдүү адабияттан алып ишке ашырып жатабыз. Эки жыл болуп калды, жемишин бере баштады. Апробациядан өттү. Бир жылда эки жолу педагогикалык тур болот, ага 45 мүнөттүн ичинде үч мугалимдин сабагына катышабыз. Мисалы, 45 мүнөттүк сабагыма биринчи 15 мүнөттө  он киши кирип, сабакты көрүп чыгат, мен сабагымды үзбөй эле өтө берем. Кийинки 15 мүнөттө башка он мугалимден турган топ кирет. Дагы 15 мүнөттө башка он киши кирет, ошондо менин сабагымды 30 киши көрүп чыгат. Ар бир мугалим үч мугалимдин сабагына 45 мүнөттүн ичинде киргенге мүмкүнчүлүгү бар. Бир мугалимдин 1-этабын, экинчинин 2-этабын, үчүнчү мугалимдин 3-этабын көрүп чыгышат. Бизге эки саат берилет, ошол эки сааттын ичинде алты мугалимдин сабагын көрүп чыгабыз. Анын дагы өзүнчө методикалары бар, аны өзүбүзчө отурганда талкуулайбыз. Сунуш-пикирлер дагы башкача форматта айтылат, — дейт мектеп жетекчиси.

Кыргыз-герман инновациялык борбору

Кыргыз-герман инновациялык борборун ачуудан мурда ириде эки жыл аны ийрим катары өтүштү.

Борбордун негизги максаты – Германиянын мектептери менен кызматташып,  окуучулар башка мамлекетке барып, алардын билим берүү системасы,  маданияты, үрп-адаты менен таанышып, көрүп, дегеле дүйнөтаанымын кеңейтүүнү көздөйт.

Комплексте англис тили Базистик план боюнча өтөт. Немис тилин ийрим катары өтүшчү, кийин ата-энелердин талабы боюнча 5-класстан баштап каалоочулар үчүн класстар ачылган. Аларга Инновациялык борбордун мугалимдери сабак берет.

Борбордун мугалимдери Гете институтунда иштешет, сертификаттары бар атайын адистер. Келечекте “Креатив-Таалим” ББКнын бүтүрүүчүлөрү Германия мамлекетинин жогорку окуу жайларына өтүп калышса, мамлекеттин тилинде так сүйлөп, немис студенттер менен тең тайлашып окушса деген изги тилек менен борбор ачылган.

— Мектепте окуп жатып эле эки тараптын окуучулары тажрыйба алмашышат. “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” демекчи, милдеттүү түрдө окусун деген эмес, окуучунун каалоосу, тандоосу керек. 2021-2022-окуу жылынан баштап 1-класста немис тили окутула баштады. 5-класста 5 саат немис тили, 2 саат англис тилин, калгандары 5 саат англис, 2 саат немис тилин окушат. Азыр кыргыз, орус, немис тилинде математикалык, химиялык, биологиялык сөздүктөр даярдалып жатат. Бул дагы борбордун ишине кирет. Немис тилинен сабак берген мугалимдердин потенциалы күчтүү. Жакында эле Кыргызстандагы немис тили мугалимдерине  акысыз курс өтүп беришти. Июнь айынла да курс өтүп бергени турушат, — дейт КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим Гүлнара Дайырбекова.

Жогоруда айтылган тажрыйбалар билим берүүгө зыяны тийбейт. Болгону жаңы модель менен иштеш үчүн, биринчиден, кадр маселеси турат. Экинчиден, бирдиктүү, күчтүү команда керек. Командасы жок бул ишти ишке ашыруу кыйынга тураары бышык. Үчүнчүдөн, материалдык мотивация керек. Ал эми креативчилерде мындай потенциал бар.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер