ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

  • 12.04.2024
  • 0

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчылыгына Рита Баялиева сынактан өтүп келгенине аз эле убакыт болсо да, бир топ алгылыктуу иш-аракети менен мектептерди, бала бакчаларды алдыга сүрөп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн атайын план түзүп, аны ишке ашырып жаткан чагы.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

Билим сапатын көтөрүү – башкы максаты

Рита Баялиева Кызарт айылындагы Р.Солтонбеков атындагы орто мектепте он бир жыл, Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы мектепте беш ай директор болуп үзүрлүү иштеп келди. Тажрыйбалуу жетекчи 2023-жылдын август айынан баштап Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Рита Баялиева ишке келген күндөн тартып, атайын план түзүп, анын негизинде иш алып барып жатат. Ал ар бир ишке жоопкерчилик менен карап, өзгөчө билим берүү сапатын жогорулатуу максатында райондогу мектеп окуучуларын райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга даярдоо, жыйынтык көрсөткөн окуучулар менен жеке иш алып барууну камсыздоону колго алды. Андан соң анын планында 8-11-класстын окуучуларынын билим сапатына мониторинг жүргүзүүнү, көп тилдүүлүктү  өнүктүрүү боюнча волонтерлор менен иш алып барууну, ийримдерди уюштурууну, ошондой эле  чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жаш мугалимдерге жеткирүү боюнча райондук ресурстук борбор ачууну көздөп жатат. Мындан сырткары ал мугалимдердин билимин жогорулатуу үчүн курстарга жиберүү менен жаңы STEM-билим берүү ыкмалары менен иш алып баруу да маанилүү экенине басым жасоодо. Ал эми окуучуларды PISA – 2025 эл аралык сынагына даярдоого, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө, предметтер боюнча жаңы инновациялык методдорду колдонуу менен кошумча ийримдерди, ЖРТга даярдоо үчүн окуу курсун уюштурууга да ак эткенде, так этип келди.

2023-2024-окуу жылында Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жылдык планы белгиленип, окуу жылынын башталышы менен райондук мектептерде билим сапатын көтөрүү жана ЖРТ карата алдын ала иштери жүргүзүлүп,  бул боюнча О.Ногойбаев атындагы орто мектебинде өткөн тегерек столго 24 мектептин кыргыз тили, математика мугалимдери жана  бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелер комитеттери катышкан. Анда жалпы райондук  мектептердин билим сапатын көтөрүүгө, Жалпы республикалык тестирлөөгө сунуш-пикирлер айтылды.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

Жумгал райондук билим берүү бөлүмү айтылган сунуштардын негизинде, ЖРТга даярдоодо Бишкек шаарындагы  “School club” атайын окуу борборундагы  курстарына математика жана кыргыз тили боюнча 20 мугалим жиберген.

2023-жылдын 9-октябрынан баштап окуп келген мугалимдер 11-класстарды даярдап, кошумча расписаниелер түзүлүп, пландалган иштер жүзөгө ашты. ЖРТга даярдалган бүтүрүүчүлөрдүн жыйнтыктары ар бир чейрек сайын кошумча окуу тесттеринин жардамы менен мониторинг жүргүзүлүп турду.

Албетте, сапаттуу билим берүү ириде окуу китептерине көз каранды эмеспи. Андыктан кыргыз тилдүү мектептер  окуу китеп менен 81,32% камсыз болсо, орус тилдүү мектептерде 78%, жалпы 79,66% түзөт. Ошондой эле окуучуларды ысык тамак менен камсыздоону карап көрсөк, 24 мектептин ичинен 3762 окуучу  беш күндүк ысык тамак менен камсыздалган. 2023-2024-окуу жылына ысык тамакка 6 771 600 сом бөлүнгөн.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

— 2023-жылдын сентябрь айынан баштап А.Садырбаев атындагы орто мектеби ысык тамак менен камсыздалды. Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн 752 миң сомго ашкана салынды. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 2 млн 200 миң сомго ашкана эмеректери берилди. Түгөл-Сай айыл өкмөтү тарабынан 40 миң сом бөлүнүп, кол жуугучтар жана Аристон алынып келинсе, мектеп жааматынын 55 миң сомуна ашкананын ичине суу тартылып киргизилген. Ата-энелер тарабынан беш миң сомго ашканага керектүү идиш-аяктар алынды. Учурда ысык тамак менен камсыз кылууда мамлекет тарабынан бир балага 14 сом бөлүнөт, — дейт бөлүм башчы.

Санариптик билим берүү

Бүгүнкү күндө райондун мектептеринде жалпы компьютерлердин саны 707 болсо, анын ичинен  98  даанасы иштебейт экен. Мындан тышкары,  Билим берүү жана илим министрлиги ЮСАИДдин “Келечекке билим берүү” долбоору менен бирдикте райондун 15 мектебине 21 даана компьютер, 2 даана проектор, 32 даана компьютер алынып келип, учурда тиешелүү класстык кабинеттерге орнотулуп жатат. Ошондой эле “Тынчтык корпусу”  менен  Жумгал районундагы 24 мектептин ичинен төрт мектеп, т.а. А.Идинов, С.Медетов, А.Молдокеев, О.Ногойбаев  атындагы орто мектептери иш алып барат. А.Молдокеев атындагы орто мектебинин ыктыярчысынын жардамы менен мектепке 1 млн 317 миң сомго долбоор тартылып, ал каражатка ноутбук, проектор  жана 11 даана компьютер, китептер алынган. О.Ногойбаев мектебине 280 миң 665 сомго долбоор тартылып, ага  англис тил кабинетине эмеректер, жогорку класстын окуучуларына окуу китептери, принтер, проекторлор алынган.

Капиталдык ремонт

Чаек айылында жайгашкан Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын капиталдык ремонт иштеринин 50% аткарылып, жылытуу системасы орнотулуп, имараттын сырткы иштери ремонттон өткөн. Ал эми М.Алыбаев атындагы мектебинин имараты капиталдык оңдоого муктаж. Учурда жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 235 000 сом  акча каражаты которулуп,  жылытуу системасы убактылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан сырткары, Чаек айылында жайгашкан Шабданбек уулу Алтынбек атындагы бала бакчасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жылытуу, электр системалары , 1-кабаттын терезелери алмаштырылыптыр.

— 2023-жылдын 1-сентябрында Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин жаңы имараты ишке берилсе, 2023-жылдын 16-октябрында К.Акыев атындагы орто мектебинин имараты толугу менен ишке берилген. Ошондой эле Таш-Дөбө орто мектеби, курулуш ишинин 80% аяктаса, И.Орозалиев атындагы орто мектебинин курулуш ишинин 85% бүткөрүлүп, ишке берилүү пландалууда, — дейт Р.Баялиева.

Эпкин айылындагы А.Садырбаев атындагы орто мектебинде төрт класстык кабинеттер гана болгондуктан, кээ бир учурларда окуучулар атайын түзүлгөн ийкемдүү жүгүртмөнүн негизинде үч сменде окушат экен. Айыл тургундарынын саны жылда өсүп жаткандыктан, бул мектепке кошумча окуу корпусу куруу зарыл экенин айтып коюу керек.

Мугалимдерге 200 долларлык колдонмолор бекер берилди

Учурда Жумгал районунда “Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү” аталыштагы үч  күндүк окууга район боюнча биология жана башталгыч класстын 40 мугалими катышып,  окуган ар бир мугалимге 200 долларлык усулдук даяр колдонмолор бекер берилди.

2023-2024-окуу жылына карата “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” окуучу жаштардын эл аралык форумунун райондук туру Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде өтсө, облустук туру Нарын шаарында өткөрүлдү. Анда Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Кубанов Ислам “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясында 1-орун; Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин окуучусу Карыбекова Керемет “Дубал моделдер боюнча” номинациясында 2-орун; Жусуп Сары уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Эмелбеков Эрбол “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясында 2-орун, О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Тазабекова Гулина “Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар” номинациясында 3-орунду камсыздашканын жетекчи кубануу менен айтып берди.

Бала бакчада  турмуштук көндүмдөр жасалат

Өлкө Президентинин Жарлыгына ылайык, улуттук нарктуулукту сактоо, жайылтуу максатында  Баш-Кууганды айылындагы Советбек Жамгырчиев атындагы бала бакчасында  жакында эле өткөн облустук  семинарда мектепке чейинки билим берүү мекемесинин  жогорку тайпасында “Майрамга кубанып жатабыз” аттуу темада  балдар сүмөлөктү жасоонун ыкмаларын көрсөтүү менен тарыхын айтып, эң жакшы сабак көрсөтө алышса (тарбиячылар Д.Рысалиева, З.Калманбетова), ортоңку  тайпада “Ноорузга чакырабыз” темасында баланы бешикке салуу салтын көрсөтүштү (тарбиячылар М.Жапарова, Н.Садырбекова), ал эми кенже тайпанын тарбиялануучулары ата-энелери менен бирдикте “Сармерден” өткөрүп, келгендердин купулуна толушту.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

 

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН

Ошентип, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рита Баялиеванын жетекчилигинде мектептерде, бала бакчаларда алгылыктуу иштер жүрүп, жалпы жамаат шымаланып, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” иштеп жаткан чактары.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер