ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ 15-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ

  • 13.08.2021
  • 0

ЭҢ МААНИЛҮҮ ЭКИ ФАКТОР ҮЧҮН ОКУУ ЭКИ ЖУМАГА АРЫ ЖЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ 15-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова төмөндөгүдөй түшүндүрдү: «Эң ириде – биз педагогдордун, окуучулардын ден соолугун биринчи орунга коюп жатабыз. Экинчиси, албетте – билим сапатын камсыздоо. Бул убакыт аралыгында эмдөө иши мерчемделгендей деңгээлде аяктаса, жамааттык коопсуз чөйрө түзүлгөн шартта мугалимдер жана ата-энелер балдарын окуу жылына эч кандай тоскоолдуксуз даярдай алышат жана окууну салттуу режимде улантабыз деген ишенимде болуп жатабыз.

Билим берүү чөйрөсү үчүн эң негизгиси – ушул. Дагы бир себеби, өлкөнүн экономикалык кырдаалын да эске албай коюуга болбойт. Биздин өлкө туризмди өнүктүрүүдөн бир кыйла пайда табаарын унутпашыбыз керек. Ал эми Туризм департаментинин маалыматы боюнча туристтик мезгил июнь айында эмес, кечирээк башталгандыктан, августтун аягына чейин уланып, андан ары эл арасында айтылып жүргөндөй, бархат сезону башталат. Эгерде окуу процесси 15-сентябрдан башталса, жарандарыбыз шашпай эс алууга мүмкүнчүлүк алышат, андан тышкары, жергиликтүү бюджетке да кошумча киреше түшөт».

Министрликтин адистери белгилешкендей, жергиликтүү бийликтер, тиешелүү органдар менен биргеликте, мектептерди реалдуу режимге даярдап, Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн алгоритм талаптары кандай шартта аткарылып, кандай шартта мугалимдердин, окуучулардын коопсуздугу корголуп, окуу процесси толук кандуу улантылаары күн тартибиндеги маселе катары кылдат иликтениши керек.

Окууну 15-сентябрда баштоодо кандай тобокелдик күтүлүшү мүмкүн? Биринчиден, бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларына өтүү мөөнөтүнө шайкеш келбей калабы деген кооптонуу болгон. Министрликтин эл аралык бөлүмүнүн кызматкерлери изилдеп чыгышкан соң, бул багытта эч кандай маселе жаралбайт деген ишенимин билдиришти. Бүтүрүүчүлөр августта аттестат алып үлгүрүшкөндүктөн, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго өтө алышат. Ал эми өзүбүздөгү жогорку жана орто окуу жайлардын окуу процесси, мектептегидей эле он беш күн жылдырылгандыктан, бүтүрүүчүлөр мында деле мектептен справка, табелдердин көчүрмөлөрүн алышып, онлайн же офлайн түрүндө документтерин каалаган окуу жайларга тапшыра беришет.

– Биздин адистердин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча, 1-11-класстарда окуу процесси 8-июнда аяктайт. Быйыл апробациядан өтсөк, окуунун жүрүшүндө терс көрүнүштөр пайда болбосо, балдар окуу жүктөмүнүн баарын тапшырса, аттестат алышса, окуу процесси ушул режимде улана бериши керек.

Дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттерди алып карасак, баарыңар 1-сентябрда баштап, майда аяктагыла деген мыйзам жок экен, ар бир өлкө өзүнүн ыңгайына жана климаттык, экономикалык шартына жараша окуу жылын баштай берет. Мисалы, Жаңы Зеландия, Австралия 27-январда баштайт, Финляндия августта, Япония жазында баштайт, АКШнын ар бир штаты ар бири өзүнчө баштай берет, — дейт Н. Джусупбекова.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ 15-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ

АГАРТУУ ТАРМАГЫ ДА, КООМЧУЛУК ДА КОЛДООДО

Улан МАМБЕТАКУНОВ,

КББАнын вице-президенти, профессор:

– Айрым Европа өлкөлөрүндө окуу жылы мектептерде август айында башталат. Азия өлкөлөрүндө сентябрдын жарым айында окушат. Ошондой эле көпчүлүк мамлекеттерде жергиликтүү аба ырайынын шартына карата окуу жылынын башталышы ар кандай чечилген. Кыргызстанда окуу жылы жылса дагы, билим берүүнүн сапаты төмөндөбөйт деген ойдомун. Себеби сабактарга бөлүнгөн окуу жүктөмдөрү өзгөрбөйт жана берилүүчү маалыматтар белгиленген көлөмдө болот.

Алмазбек Токтомаметов,
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, п.и.к.:

– Окуу жылы дүйнө боюнча алганда, ар башка мезгилде башталат. КР Билим берүү жана илим министрлиги “Акипресс” менен биргеликте 2018-жылы окуу жылынын башталышын 10 күнгө кийинкиге жылдыруу боюнча мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын пикирин сурамжылап, изилдөө өткөрүп, жыйынтыгын 17-майда жарыялаган. Изилдөөнүн жыйынтыктары ар бир облуста ар башка болуп, жалпысынан 64,7% мугалим, 50,9% ата-эне окуу жылын 10 күнгө жылдыруу балдардын жетишүүсүнө таасир этпейт деп эсептеген. Ал тургай, сурамжыланган ар бир төртүнчү мугалим (25,4%) жана сурамжылоодон өткөн ата-энелердин үчтөн биринен көбүрөөгү (37,3%) окуу жылынын ачылышын 10 күнгө жылдыруу биринчи чейректеги окуучулардын жетишүүсүн жакшыртат деп эсептеген.

Көпчүлүк каршы болгон ата-энелер “1-сентябрдан башка мезгилде да окуу башталабы?”, “Мектеп кеч башталса, анда балдарды ким карайт” деген суроолорду көп беришкен.

Ошондой эле сурамжылоо ар бир үчүнчү бала сентябрда окууга барбай тургандыгын (68,3% ден соолугуна байланыштуу, 15,9% окууну каалабагандыктан) аныктаган.

Окуу жылын жылдырууда төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:

  1. Жогорудагы сурамжылоодон көрүнүп тургандай, ата-энелер, коомчулук арасында окуу жылынын башталышы боюнча маалымат жетишсиз. Демек, маалымат берүү, түшүндүрүү иштерин колго алуу зарыл.
  2. Бул багыттагы изилдөө иштери күчөтүлүшү абзел.
  3. Окуу жылын жылдыруунун айынан каникул күндөрү негизсиз кыскарбашы же жылдырылбашы керек. Анткени алар илимий жактан негизделген. Бул маселе боюнча кеңири талкуудан кийин чечим кабыл алуу кажет.
  4. Окуу жылын жылдырууга байланыштуу мектеп бүтүрүүчүлөрү чет мамлекеттерге жогорку окуу жайларга тапшырууда жабыркап калбашы керек.

Сулайман Рысбаев, профессор:

– Окуу жылынын башталышы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ар башкача. Ал ар бир өлкөнүн социалдык-экономикалык шартына, табиятына жараша болот. Ошентсе да, окуу жүктөмү аткарылып, балага зарыл өлчөмдөгү билим-тарбия берилиши шарт. Биздин өлкөдө буга чейин калыптанып калган салттуу окуу жылы элибиздин турмуш-тиричилигин туура уюштурууга да ылайыкталып калган. Анткени кыргыз үй-бүлөсү жайында жайлоого чыгып, күзгү оруп-жыйноо ишине жакын кыштакка түшүп, жанында бала-чакасы болуп, жашоосу андан ары кетчү.

Кышкы суук күндөрү балдар үйдө болуп, ден соолугун чыңап, анан бир аз чилде чыгууга жакындап күн узарганда, кайра сабактарын баштоочу. Жазында жазгы жумуштарын баштап, малын жайлоого чыгаруу кезинде, тактап айтканда, май айынын аягында ата-энелери балдарын алып, жайлоого чыкчу. Бул турмуш-тиричилик жактан да ыңгайлуу экени талашсыз.

Эми, экинчи маселе, кыргыз жеринин табиятында жайкы чилде аяктап, сентябрь айы башталып, күн бир аз салкындаганда, окуу жылы башталганы жакшы. Бул балдардын окууну өздөштүрүүсүнө да жакшы шарт болот. Кышкы чилде кезинде, мектепти да жылытуу кыйын кезде кышкы каникул болгону да логикалуу.

Үчүнчү дагы бир маселе: жазгы үзүмчүлүк апрель-май айларында баланын гана эмес, алардын ата-энелеринин, мугалимдеринин да эс алгылары келип, табияты каникулду талап кылып калат. Демек, майдын аяк ченинде каникул башталып, окуучулар жылдык чарчоолорун 90 күндө кетирип, кайрадан окууну самап калганча эс алышканы жакшы. Муну менен, окуу жылын кеч баштап алып, окуу жүктөмүн бүткөнчө аны июнь айында созуунун пайдасыздыгын эстеп жатам.

Эми каникулдардын ролун, аны педагогикалык-психологиялык жактан илимий негизде туура талдап көрүп, окуу жылы ичиндеги каникул күндөрүнүн баланстарын да туура эсептөөнүн зарылдыгы келип чыгат. Бул да чоң маселе. Канткен күндө да, быйыл 15-сентябрда баштап жаткан соң, быйылкы окуу жылы сынак катары эсептелинип, андан алган сабактарыбызды, илимий жактан анализдеп, талдап, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жагын да эске алып, окуу жылынын ички түзүлүшүн тууралап түзүп алган оң. Анан негизги маселе – Кыргызстандын табиятын, анын баланын ден соолугуна таасирин, ошого ылайык балдардын билимди өздөштүрүүдөгү табиятка шайкештик деген принципти көңүлгө алуубуз кажет.

Мурат Касмалиев,

Бишкек шаарындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору:

– Азыркы учурдун көз карашы менен алып карасак бул чечим эң туура. Мугалимдер да колдоп жатышат. Себеби азыр бул оору мугалимдердин да, окуучулардын да үйүндө бар. Мугалимдердин 70% эмдөөдөн өттү деп жатышат. Бул жакшы. Биздин мектептин мугалимдеринин жарымына жакыны вакцина алды. Дагы бир айга чейин оору басаңдап калат деген прогноз бар. Экинчиден, бул чечим өзгөчө айыл жериндеги мектептер үчүн абдан пайдалуу. Себеби айылдык окуучулардын көбү күзгү оруп-жыйноо иштеринен улам октябрга чейин мектепке бара албай калышат.

Кеңеш Сайназаров,

билим берүү тармагы боюнча эксперт:

– Бул маселени мен көптөн бери эле айтып келе жатам. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан бизге абдан зарыл. Дал ушул сентябрь айында жыйым-терим башталат. Окуучулар болсо ата-энесине жардам берип мектепке барбай калат. Ошол эле маселе мугалимдердин өздөрүндө да болот. Ошондуктан он беш күндү башка каникулдардын эсебинен жана окуу жылын майдын аягына чейин узартып толуктап алса болот.

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ ОКУУ ЖЫЛЫ КАЧАН, КАНДАЙ БАШТАЛАТ?

Биз 1-сентябрды Билим күнү деп эсептеп, бул күнү колуна гүлдесте кармап, мектеп формасын кийген балдарды көрүүгө көнүп алганбыз. Бирок, башка өлкөлөрдө жайгашкан географиялык, климаттык, экономикалык шартына жараша Билим күнү ар башка убакта башталат. Кызыктуусу, бизде окуу жылы аяктап жатканда окууну жаңы баштап жаткан мамлекеттер да бар экен.

Мурунку Советтер Союзунун курамында турган мамлекеттердин ичинен Өзбекстан, Беларусия, Армения, Украина, Россия, Молдова жана Түркмөнстан Билим күнүн 1-сентябрда белгилейт. Былтыр Россияда жаңы окуу жылын 1-октябрга жылдыруу маселеси көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес.

Европада

Европанын бир катар өлкөлөрүндө: Бельгия, Венгрия, Македония, Ирландия, Балтика өлкөлөрү, Словения жана Польшада да окуу 1-сентябрда башталат. Ал эми Финляндия менен Швецияда окуучулар мектепке 15-августта барышат. Улуу Британияда мектептер окуучуларын жайдын акыркы аптасында тосуп алса, шотландиялыктар сентябрдын биринчи жумасында окуп башташат.

Германияда болсо ар башка. 16 федералдык аймагынын ар биринин окуу жылынын башталышынын өз тартиби бар. Болжолдуу түрдө балдар окуусун август-сентябрда башташат. Жайкы каникул 1,5 айга созулат жана жыл бою мектеп окуучулары Рождестводо, кышкы каникулда, Пасха жана Үчилтикте эс алышат.

Бирок бул мамлекеттин ар бир майрамы баардык аймагында бирдей белгиленбейт. Кээ бир майрамдар айрым аймактарга гана жарактуу, бир шаарга гана белгиленген майрамдар да бар. Мектеп каникулдары Германиянын ар бир штатында өз графигине жана узактыгына ээ жана көбүнчө өлкөнүн башка штаттарындагы майрамдардан айырмаланат. Мындан тышкары, ар бир мектепте жыл бою каникул катары бир нече күндү өз алдынча белгилөө мүмкүнчүлүгү бар.

Сабактардын ар башка башталышы Италияда да колдонулат. Климатка жараша ар бир региондо ар башка. Абдан ысык болгон Түштүгүндө балдарга дагы бир жума эс алууга уруксат берилет. Ал күндөрдү кышында толукташат. Жалпысынан алганда, италиялыктардын окуу жылы алты айга созулат. 24-декабрдан 6-январга чейин Рождестволук тыныгуу бар, февраль карнавалына бир нече дем алыш күндөрү жана Пасха үчүн сабактарсыз бир жума берилет.

Болгария менен Румыниянын мектептеринде окуу 15-сентябрда, Францияда – 3-сентябрда, Грецияда – 11-сентябрда, эгерде бул күн дем алуу күнүнө туш келсе 11-сентябрдан кийинки биринчи дүйшөмбүдө башталат.

АКШ жана Канада

АКШ менен Канаданын мектептери окуу жылынын башталыш күнүн тандоодо эркин, бирок ал августтун ортосунан сентябрдын он бешине чейин болушу керек. Окуу жылы эреже катары июнь айынын аягында аяктайт. Окуу жылы үч мөөнөткө бөлүнөт, алардын ортосунда окуучулар кыска эс алууга укуктуу.

Азия

Кытайда, Гонконгдо, Лаосто, Тайванда жана Монголияда окуу жылынын башталышы биздикиндей, 1-сентябрга туура келет. Ал эми Мьянмада мектептер сентябрдын экинчи шаршембисинде иштей баштайт.

Түштүк Кореяда болсо такыр башкача. Ал жерде окуу 3-мартта башталып, июлдун ортосунда аяктайт. Андан кийин эки айлык каникул болот жана августтун аягында февралдын ортосуна чейин созулган экинчи семестр башталат.

Жапон окуучулары 1-апрелде парталарына отурушат. Дал ушул күнү жаңы жашоонун, сулуулуктун жана жаштыктын символу болгон сакура гүлдөп баштайт. Буларда да окуу жылы үч мөөнөттөн турат жана ал кийинки жылдын 31-мартында аяктайт. Чакан каникулдар мектеп окуучуларына кышында, жазында жана жайында берилет.

Бизде окуу жылы май айынын аягында аяктап жатса, бул айда Таиландда тескерисинче жаңы окуу жылы тай жаңы жылын белгилегенден кийин башталат (анын датасы ар бир жолу жекече аныкталат, бирок көбүнчө апрелдин ортосуна туура келет). Филиппиндиктер болсо июнь айынын башында мектеп босогосун атташат.

Сингапурда мектепке жараша окуу жылы январдын башында же ноябрдын аягында башталат. Айтмакчы, бул жакта мектеп окуучуларынын каникулу бир жарым айга гана созулат.

Ал эми Индияда окуу жылынын башталышы июль айына туура келет. Бул жакта май, июнь айлары өтө ысык болгондуктан, ушул учурда окуучулары каникулга чыгарылат.

Араб өлкөлөрүндө мектептери эшигин сентябрда ачат: Иранда болсо перс календары боюнча күздүн башталышына туура келген 22 же 23-сентябрда, Катар менен Бириккен Араб Эмираттарында – 15-сентябрда, Египетте – 15-24-сентябрда, ал эми Оман менен Сауд Арабиясында окуу жылы сентябрдын биринчи жумасында башталат.

Түштүк Америка

Башка өлкөлөрдө жай башталганда Латын Америкасына кыш, ал эми күз март айына туш келгендиктен, Аргентина, Коста-Рика жана Бразилияда сабактардын башталышы февралдын биринчи жумасына туура келет, Чилиде мектептер окуучулар үчүн эшигин 1-мартта, Уругвайда – марттын биринчи дүйшөмбүсүндө ачышат.

Африка

Көптөгөн Африка өлкөлөрүндө да балдар 1-сентябрда мектепке барышат. Мисалы, Эфиопияда, Нигерияда жана Сомалиде, Алжирде Билим күнү салт боюнча сентябрдын биринчи жекшембисинде белгиленет.

Кениянын кээ бир аймактарында мектеп 1-сентябрда башталат, ал эми өлкөнүн башка региондорунда окуу жылы январь айында, Жаңы жылдан кийин дароо башталат. Түштүк Африкада жана Танзанияда окуу жылынын башталышы январдын ортосуна туура келет, ал эми Түштүк Суданда мектеп 20-мартта
башталат.

«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер