ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КОНЦЕПЦИЯ, ТАЖРЫЙБА, РЕФЛЕКСИЯ

  • 10.12.2021
  • 0

Жаңы муундагы окуу китептерин жаратуунун тажрыйбасы республикалык илимий-педагогикалык конференцияда талкууланды.

ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КОНЦЕПЦИЯ, ТАЖРЫЙБА, РЕФЛЕКСИЯ

 

Балдарга сапаттуу жакшы окуу китептери керек. Кыргызстанда канткенде, эмне кылганда мектептерге, окуучуларга, мугалимдерге сапаттуу, аларды өнүктүрө турган окуу китептерин биз жарата алабыз? Авторлордун потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн абдан жогорулатып, мотивациялап, окутуу керек.  Экинчи жагынан абдан күчтүү эксперттердин  базасы болуш керек, алар ар кандай окуулардан өтүшү зарыл. Ошон үчүн биз республикалык практикалык-илимий “Окуу китеби” борборун түздүк. Ал жерде адистер иштейт, бирок окуу китебин бул адистер жазганга укугу жок. Кызыкчылыктардын конфликтиси болбошу керек, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

Окурмандардын эсине салсак, өткөн жылы окуу китептерин чыгаруунун жаңы жобосу долбоору даярдалып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан расмий бекитилген эле. Бирок, бул жобого дагы өзгөртүү киргизүү керек экенин убагында адистер айтып чыгышкан. Анткени, шашылыш даярдалгандыктан, кемчиликтер бар болчу. Ошол жобо боюнча мурда авторлор өздөрү окуу китептеринин кол жазмаларын алып келип, анан министрлик  даярдатат эле. Эми окуу китептерин даярдоо иши бүтүндөй басма үйлөрүнө жүктөлдү. Басма үйлөрү авторлор менен түзмө-түз иштеп, аларга гонорар төлөп, китепти комплекстүү даярдап, анан “Окуу китеби” борборуна  экспертизага алып келишет.

Эл аралык тажрыйбаны изилдеп туруп,  биз экспертизанын төрт түрүн аныктадык. “Окуу китеби” борборунун максаты дагы окуу китептерин сапаттуу экспертизадан өткөрүү,  экспертизанын төрт түрүн уюштуруу (илимий, илимий-педагогикалык, педагогикалык-практикалык, гендердик); окуу китептерин даярдоого байланыштуу нормативдик документтерди иштеп чыгуу, мазмунуна мониторинг жүргүзүү, анын сапатын жакшыртуу үчүн басма үйлөрүнө сунуш берүү жана электрондук окуу китептерин даярдоо болуп саналат. Бул Кыргызстан үчүн экспертизанын жаңы түрү. Биз буга үйрөнгөн эмеспиз, ошондуктан атайын окуулардан өткөрүп, сертификат берип, ошол эксперттердин базасына өтөт. Эң негизгиси күчтүү, мыкты эксперт болгон күндө дагы бир туура куралды беришибиз керек, ошол куралдын негизинде алар терең, объективдүү экспертиза жүргүзө алат.  Биздин куралдар ар бир окуу китебин терең изилдеп, терең анализ кылып экспертизадан өткөргөнгө шарт жаратты. Үстүртөн жазылып калган китептер мектептерге барбайт. Биз бардык жагынан аракет кылып жатабыз. Албетте, бардыгы идеалдуу деп айта албайбыз. Бирок апробациядан кийин окумуштуулардын, эксперттердин  жардамы менен бара-бара нукка салып кетебиз деп ойлойм, — деди министрдин орун басары.

Адистердин айтуусуна караганда, окуу китептеринин жаңы муундарын түзүү – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун, заманбап жана эффективдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн түйүндүү шарты болуп саналат. Бир гана информативдик кызматты аткарган эмес, а көпчүлүк учурда азыркы кездеги жаңы педагогикалык ыкмаларды ишке ашырууга байырлаган, окутуунун ишмердүүлүк процессин уюштурууга, окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө, окутуунун активдүү, интерактивдүү жана башка окутуунун заманбап формаларын колдонууга багытталган окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди түзүү керек.

Азыркы заманбап мектеп окуу китебинин максаты — окуу китептеринин, окуу-методикалык комплекстердин жана окуу-методикалык колдонмолордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын (ГОС КР), типтүү окуу программасынын жана типтүү окуу планынын талаптарына шайкеш келген билим берүүнүн жаңыланган мазмунун ачып берүү, ал системалаштырылган, дидактикалык жана усулдук жактан кайра иштелип чыккан окуу материалдарын сунуш кылуу менен ишке ашырылат. Окуу китеби мазмунду тандап алуунун дидактикалык принциптерине, окутуунун максаттарынын системасын ишке ашырууну камсыздоого, окуу материалын мотивацияланган өздөштүрүүгө шайкеш келиши керек. Ал окуучунун илимий көз караштарын, инсандын нравалык сапаттарын калыптандыруу кызматын аткарып, аны окууга, жан дүйнө баалуулуктарында багытын табууга, көйгөйлөрдү чечүүгө аныкталган социалдык ролду аткарууга үйрөтөт. Азыркы кездеги мектеп окуучусу окууну жашоо жана практика менен, окуу ишмердүүлүгүндөгү билимдерин жашоодогу кырдаалдар менен байланыштырууну ишке ашырат, — дейт п.и.д., профессор Кыялбек Акматов.

ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КОНЦЕПЦИЯ, ТАЖРЫЙБА, РЕФЛЕКСИЯ

                 Окуу китептерин чыгаруунун алгоритми 

Биринчи – Билим берүү жана илим министрлигинин китеп сектору окуу китептеринин абалы, камсыз болушу боюнча  мониторинг жүргүзөт. Андан кийин окуу китептерине конкурс жарыяланып, ал  Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына, “Кут Билим” гезитине жарыяланат. Бул сынакка басма үйлөрү даяр китептерин китеп секторуна алып келишет. Бул сектор табыштамаларды каттайт, кол жазмаларын кабыл алып, анан “Окуу китеби” борборуна жөнөтөт. Ушул процесс бир айдын аралыгында аткарылышы керек. Анан борбор экспертизаны уюштурат. Келишимдин негизинде эксперттерди камсыздап, келген китептерди аларга тапшырышат. Алар бир айдын аралыгында экспертизадан өткөрүшү керек.

Эксперттердин бүтүмүн биз алып, белгиленген кемчиликтерди басмаларга оңдогонго жөнөтөбүз. Эксперттердин айткан сунуштарын эске алып, басма үйү оңдоп, кайра алып келишет. Ошондон кийин китеп чыгаруу сектору менен бирге апробацияны өткөрөбүз. Андан соң төртүнчү экспертизанын берген кемчиликтерин оңдоо үчүн кайра басма үйүнө жөнөтүлөт. Ондолгондон кийин гана биз китеп чыгаруу  секторуна жалпы бүтүмдү беребиз, ал министрликтин коллегиясына алып чыгып, буйрук даярдайт. Ошондон кийин БИМ окуу китебине гриф берүү жараянын өткөрөт жана аны сунушталган окуу китептеринин тизмесине киргизет.  Андан соң гана министрлик КР мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик сатып алууларды уюштурат. Биздин борбор китептин ичинде ката жокпу, стандартка, гендердик талапка туура келеби, жасалгасы кандай ж.б.у.с. жооп берет, — дейт “Окуу китеби” борборунун директору Чинара Курбанова.

Санарип муунга ылайык ыңгайлашуу

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин проректору, профессор Салидин Калдыбаевдин пикиринде, окуу китептердин даярдоонун көз карашы өзгөрүш керек. Себеби санариптик муун келаткандан кийин, ошолорду окутууга карата китептердин дагы мазмуну, структурасы өзгөртүүгө дуушар болушу керек:

Санариптик муунду биз окуу методикалырыбызга адаптация эмес, тескерисинче, биздин билим  берүү, окутуу системабызды санариптик муунга адаптациялашыбыз керек. Демек, окуу китебинин функциясы, мазмуну өзгөрөт. Бул жерде жөн эле маалыматты окуучуга берүү эмес, окуучу өзү ошол маалыматтар менен иштеп, жаңы продукцияны түзүп чыга тургандай деңгээлге жетиши керек. Демек, окуу китеби ушул багытта кандай салым кошо алат, дүйнөлүк тенденцияда кандай алдыга кетүүлөр күтөт, Кыргызстанда дагы кандай жаңылануулар болуп жатат ж.б.у.с. ой бөлүшүүлөр болду. Келечекте Кыргызстанда мектеп окуучулар үчүн жаңы муундагы жакшы китептерди чыгара алабыз деген үмүт бар. Электрондук китепти биздин сайттан окуучулар алып колдонсо болот. Надира Сынташевнанын электрондук формат тууралуу айтып кеткен ою абдан маанилүү. Кагазга чыккан окуу китеби менен кошуп интерактивдүү колдоо деген сөз болуп жатат.  Демек, практикалык иштерди иштеп жаткан кезде интерактивдүүлүктүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланыш керек. Ошондо тапшырмалардын аткарылышы боюнча окуучуга жардам берүү, кантип аткарыш керек болот, ошого көрсөтмө берип, андан сырткары окуучулар менен жекече иштеп бүткөндөн кийин китептеги берилген тапшырманын аткарылышындагы туура жоопту интерактивдүү түрдө көрсөтүп, окутуу ошону менен салыштырылат. Бул абдан кызыктуу нерсе, келечекте ушул жакка барышыбыз керек. Математикада башталгыч класстар үчүн ушундай түрдөгү окуу китептерин даярдай турган авторлор бар. 

Кандай кемчиликтер бар?

Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин  квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору: 

Окуу китебине жараша окуу процесси жүрөт. Тилекке каршы, ошол окуу китептер жаатында, т.а. 5-6-класстын китептери боюнча бир топ  кемчиликтер кетти. Бул негизинен жакшы иш болгон. Анткени 33 наамда үч миллионго жакын китеп Кыргызстанда өзүбүздүн китептер чыгарылды. Бирок, тилекке каршы, бир топ каталар менен чыгып кетти. 7-9-класстын табигый-математикалык багыттагы китептери даярдалды, бирок бүгүнкү күндө алар чыга элек.  Кандай кемчиликтер бар? Биринчи кемчилик – окуу китептерди даярдоодо бизде ошол китепти жазгандардын теориялык билими анчалык жетише бербейт. Окуу китебинин концепциясы эмне экенин жөнүндө маалыматтары жок болуп калган учурлар бар. Ошондуктан биринчи кезекте окуу китептеринин авторлорунун деңгээлин көтөрүү керек. Аларды окутуп, даярдоо зарыл. Көп учурда сурасак жаңы китеп эмнеси менен айырмаланат десек, мурдагы китептерден 30% айырмаланат дешет. Андай болбош керек. Автор окуу китебин жазуудан мурда концепциясын даярдап, коргоп, андан кийин гана китеп жазса болот. Ал китеп натыйжалуу болмок. Экинчи маселе — Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруучу басмалар өтө эле аз болуп калды. Жаңы басмалар жок, ошондуктан аларды дагы мамлекет колдоп, өнүктүрүү керек. Басмалардагы кемчилик – кадрлардын жетишсиздиги. Басмалар тендерди утуп алганда эле адистерди алып келип иштетишет, калган учурда иштешпейт. Корректор, редактор, дизайнер деген сөзсүз дайыма иштеп турушу керек. Дайыма иштеп, өзүнүн компетенциясын өркүндөп турган адистердин колунан гана иштер келет. Үчүнчүдөн, окуу китептин мааниси тууралуу коомчулукка жакшы таркатылбайт. Көпчүлүк учурда кемчиликтер жөнүндө гана кеп болот, ал эми окуу китептин мааниси, ролу, аны кандай пайдаланышы керек, эмнелерге жардам берет деген маселелер болбойт. Ошол жагынан алганда өткөн конференцияны кубануу менен колдодум. Мындай конференция анда-санда эмес, системалуу өтүп турушу керек. Керек болсо, авторлорду окутуу ай сайын жүрүп турушу зарыл. Ошондо гана жакшы натыйжаларга жетишебиз. Авторлорго чоң кыйынчылык жараткан нерсе – компетенция маселеси. Компетенттүүлүк мамилени өздөштүрүүдө мугалимдер дагы, окуучулар дагы, авторлор  дагы кыйналып жатышат. Аны бир-эки окуу менен өздөштүрүп алууга болбойт. Системалуу окуп турганда гана авторлор түшүнүп, анан алар өз китептерине сиңирет деп ойлойм. 

Окуу китеби окуу-комплекс түрүндө дярдалат 

Бактыгүл Рыспаева, химия китебинин авторлорунун бири, КАОнун табигый-математикалык  предметтер боюнча лабораториясынын мектептик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси:

8-11-класска чейинки жаңы муундагы окуу китептерди даярдап чыктык. 8-класстагы окуу-методикалык окуу китептери мурда өздөрү эле даярдалып келген болсо, учурда окуу-методикалык комплекс түрүндө даярдалып жатат. Себеби окуу китебинин функциясын, кызматын жеңилдетүү, мазмунун оптималдаштыруу керек. Ошондой эле окуу китебин мугалимдерге окутуу методикасын дагы кошо берип жатабыз. Окуучулар үчүн тесттик тапшырмалардын жыйнагын, маселелер чыгаруу жыйнагын, жумушчу дептерин, айтор, ушулардын баарын окуу-методикалык комплекске топтоп, иштеп чыктык. 8-класс боюнча окуу китеп учурда аталган төрт экспертизадан өтүп, массалык түрдө тиражга даярдалып жатат. Билим берүү жана илим министринин буйругу менен 25 мектептен апробациядан өттү. Ушул учурда эксперттердин айткан мүчүлүштүктөрүн, кемчиликтерин оңдодук, мазмунун талапка ылайык жаңырттык. 

Б.Рыспаева менен авторлош С.Молдогазиева, Т.Байдинов – химия илимдеринин кандидаттары, теоретиктер, ал эми Бактыгүл Рыспаева  п.и.к., методист, практик-мугалим. Алар 8-класс үчүн жазган химия окуу китеби толук бүтүп, басып чыгарууга даярдалууда. Бул авторлор 10-11-класстын химия окуу китептерин эл аралык деңгээлде даярдайлы деп Кыргызстандын предметтик стандартынын программасынын негизинде россиялык автор Л.М.Кузнецова менен 10-класстын окуу китебин, окуу-методикалык колдонмосун жазып, учурда апробацияга жөнөтүшкөн. Аталган авторлор 11-класстын дагы окуу китебин жазып коюшту, т.а. бир линиядагы химия окуу китептери даяр болду.

Окуу китебин жазчу автор адегенде окуу китептин, окуу-методикалык комплекстин  концепциясын жазып алышы керек. Ошол концепциянын ичинде бардык окуу китепке коюлган учурдун талаптары, критерийлери ж.б. ошол жерге камтылат. Ошол критерий, талаптардын негизинде жазылган окуу китептер структуралык, логикалык жактан иштелип чыгат, ошонун негизинде абдан сапаттуу окуу китептер болот. Авторлорду топтогондо дагы кандайдыр бир критерийлердин негизинде алуу керек, экинчиден, окуу-методикалык комплексти иштеп чыгуу менен анын концепциясы системалуу түрдө иштелип чыкса, абдан сапаттуу окуу китеби менен келечекте турмушка жакын окуучуларды даярдап алат элек да, алар билимдүү, сапаттуу билимге ээ болушат. Авторлорду тандоодо – ал ириде методист, мектептин мугалими, практик болушу зарыл, анан чыгармачылык менен жаза билүүсү да керек, — дейт Бактыгүл Рыспаева.

Басма үйлөрүнүн милдеттери

Айзура Чыкынова, “Аркус” басмасынын маалыматтык-методикалык борборунун директорунун орун басары:

Биздин басмакана окуу китептеринин линиясын улантуу боюнча иш жүргүзүп жатат. Мурда министрлик менен чогуу чыгарган китептердин предметтик линиясын толуктайлы деп жатабыз. Мисалы англис тилинен 3-6-класска чейин коммуникативдик методиканын негизинде китептер түзүлгөн. Мугалимдерден биз эски китептерге кайтпай, ошол методика менен окутууну кийинки класстарда улантсак, окутуу эффективдүү болот деген сунуштар болгон. Биздин басмакана өзүнүн эсебинен 7-8-10-класстын окуу китептерин чыгарды, ал эми 9-11-класстарга китептер иштелип жатат.

Басмаканада окуу китептерин сапаттуу чыгарганга аракет кылынат. Анткени биздин китептер сатыкка чыгат. Маселен, китептер начар сапатта чыгып калса, аны эч ким сатып албайт. Биздин басмакана бул китептерди чыгаруу үчүн канча деген каражатты сарпташат. Мисалы биз орус тилинен китептерди чыгарганда, мамлекеттик экспертизадан сырткары, кошумча Москвадагы А.С.Пушкин атындагы орус тили институтунун экспертизасынан дагы өткөрөбүз. Бул китептин сапаттуу чыгышына көрүлүп жаткан иш-аракет.

Кыргыз тилинен дагы мурда 5-6-класстар үчүн окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге китептер чыккан. Ал эми быйыл биздин басмаканада 7-класстын китеби чыкты. Мындан тышкары, басмаканада дагы бир нече китептер жаңы басып чыгарылды: “Химия.10-класс”, “Геометрия. 7-9-класс”, “Орус тили.1-класс”, “Орус тили. 7-класс” жана башка.

Басма үйлөрү мамлекеттик заказ алып жаткандан кийин, ириде мамлекеттик мектептерди окуу китептери менен камсыз кылат, калгандарын базарга чыгарат. Азыр негизги күч басма үйлөрүнө жүктөлгөн. Басма үйлөрү дагы жаңы структурасын түзүп, уюштуруп, методист, корректор, редактор кызмат орундарын түзүп жатышат.

Мурда “Мектеп” деген басма бардыгына жооп берчү экен. Ал кийин жоюлуп, чакан-чакан типографиялар ачылып, китептин мазмунуна жооп бербей, келген китепти басып, чыгара берип. Ошондуктан олчойгон каталар кетип, окуу китебинин сапатынын начардыгынан тиешелүү ведомстволор коомчулуктун каарына, сынына калышкан.

Маселен, коңшулаш Казакстанда “Окуулук” деген борбор канча жылдан бери иштейт. Бир нече басма үйлөрү окуу китептерин чыгарышат. Бири башталгыч класстын, бири так илимдерди басышат экен. Алардын өздөрүнүн да дүкөндөрү бар. Коомдук талапка ылайык, биздин басма үйлөр да ошондой нукта иштеп башташты. Биз альтернативага уруксат беришибиз керек. Мисалы, Казакстанда үч автордун китебин, мугалимдер тандап алып, окутушат экен. Бир басмаканасына ишеним көп артылат экен, ошондон чыккан китепке суроо-талап да жогору. Ошондой эле 3-класстын окуу китептери чейрек-чейрекке  бөлүп чыгарышат. Бул балага да ыңгайлуу, анткени санитардык нормага туура келет. Түстүү, эң башкысы жеңил. Баланын китеп кабы бир нече кг.дан  ашпашы керек деген норма бар. Тилекке каршы, биздин балдар салмагы чоң китептерди салып, кыр аркалары ийри (сколиоз) болуп калууда. Кыскасы, окуу китептери  заман талабына ылайык чыгарылышы керек, — дейт профессор Кыялбек Акматов.

Ырас, окуу китебин сапаттуу чыгарууда маселе өтө эле көп, жумуш  оор, бирок акырындап системага түшөт деген ишеним чоң.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер