ЖАҢЫ БАШ МЫЙЗАМ ƟЛКƟНҮН ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕГИНИН НЕГИЗИ

  • 29.03.2021
  • 0

Өлкɵбүздүн коомчулугу ушул күндɵрү зор маанилүү окуянын алдында турат. Белгилүү болгондой, бул 11-апрелде ɵткɵрүлүүчү жалпы элдик референдум жана жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоо.

Алдыда турган референдум республикабыздын жаңыртылган Конституциясын –Башкы мыйзамын кабыл алуу боюнча ɵткɵрүлɵ тургандыктан жалпы элибиздин, ошондой эле чет ɵлкɵлүк уюмдардын, коңшу ɵлкɵлɵрдүн коомчулугунун да кызыгуусун арттырууда.

Конституциянын маани-маңызы, түзүлүшү, Кыргызстандын учурдагы жана келечектеги ɵнүгүшүнɵ, мамлекеттеги башкаруунун бутактарына, дагы башка маселелерге, беренелерге катара талаш-тартыштар, суроо-жооптор референдум жакындаган сайын күчɵп келүүдɵ. Албетте, бул алдын ала күтүлгɵн, баарыбыз түшүнɵ биле турган, мыйзам ченемдүү кɵрүнүш. Антсе да кɵпчүлүктүн талкуусунда, эл аралык деңгээлде кɵңүлдүн борборунда турган бул жаңы Конституцияны жазууга катышкан Конституциялык Кеңешменин мүчɵсү катары кээ бир “кɵйгɵйлүү” деп аталып жаткан маселелерге токтоло кетейин. Коомчулуктун жалпы пикири ошонун ичинде жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгып жаткандардын кɵңүлүн буруп жаткан Президентке “авторитардык”, “жеке бийлик” берилип калды деген маселе биринчи кезекте талкууга түшүп жатпайбы. Ал турмак Конституцияны “ханституция” деп да атап жиберишти. Албетте ар дайым жаңы нерсе, гуманитардык болобу, экономикалык болобу же прикладдык болобу, ар дайым коомчулук тарабынан ошол замат колдоо таап, жактырылып кетпейт. Бекеринен кыргыз элинде сонун сɵз бар эмеспи – “бышылуу аштын күйүтү кɵп, даяр иштин сынчысы кɵп” деген. Ошол, “ханституция” деп какшап атышкан замандаштарыма мындай айтар элем: Эгерде Президент Садыр Жапаров чын эле дилинде хандык башкарууну ойлосо портрет-сүрɵттɵрүн иш кабинеттерде илбегиле деп кɵрсɵтмɵ бербейт эле, ɵзүнɵ кайрылууларда “улуу урматтуу президент”, “бийик даражалуу президент” деген сɵздɵрдү колдонбогула дебейт эле, ары-бери жүргɵндɵ кɵчɵлɵрдү-жолдорду жаппагыла деген сыяктуу жолдомолорду айтпайт эле.

Ал эми Президенттин ɵкмɵттүк иштерди да аткаруусу жɵнүндɵ Конституциянын тийиштүү беренелеринде таамай, ачык жазылган. Түшүнгɵн адамга бул маселелер боюнча да эч кандай “хандыктын” белгиси жок.

Конституциянын долбоору боюнча Өкмɵт башчысынын милдеттеринин дээрлик кɵбү президентке ɵткɵрүлүп берилүүдɵ. Бирок Кыргызстанга ким президент болуп шайланбасын, элибиз ага тоталитардык режимди киргиздирбейт. Кыргыз элинин менталитетинде демократиялык принциптер илгертеден бар. Эч кимге жүгүнбɵгɵн, акыйкатсыздыкка чыдабаган калкпыз. Өзүңүздɵр кɵрүп тургандай, ɵлкɵ экономикасы ɵтɵ оор абалда. Президент айыл чарбасынан баштап, эл аралык карым-катнаштарга чейинки түрдүү тармактардын баарын ɵз башкаруусуна жана  жоопкерчилигине алат. Долбоордо президент кайсы учурда иштен четтетилип, кандай жагдайда сот жообуна тартыла турганы ачык жазылды.   Айрым саясатчылардын түшүнүгү боюнча муну менен жаңы Президент  “жыргайт”деп ойлошсо керек. Канча ыйгарым укук берилсе андан эселеген зор жоопкерчилик да кошо тагылып жатат. Мисалы, А.Атамбаевдин тушунда Бишкек ЖЭБине, Чолпон-Атадагы кɵчмɵндɵр оюунуна карата курулган ат майданына, Мамлекеттик тарых музейине алынган кредиттердин натыйжалуулугуна эч ким жооп берген жок. Мурдагы Өкмɵт башчы Сапар Исаков баш болгон чиновниктер камалды. Бирок, андан уурдалган акчалар ордуна келип калдыбы?

Учурда түндүк-түштүк жолунун курулушуна кеткен каражаттар боюнча да кайчылаш пикирлер абдан кɵп. Мамлекеттин эсебине алынган майда-чоң кредиттердин кɵбү кумга сиңгендей жок болду. Буга чейинки президенттердин экономика тармагына жооп берүүсү баш мыйзамда каралбагандыктан алар “суудан кургак” чыгып жатышкан. Эми Конституциянын ушул долбоору кабыл алынып калса, президент жалпы экономикага да, келген инвестицияларга да баш-оту менен жооптуу болот.

Премьер-министрлер жыл сайын алмашып жатышкан. Акыркы жылдары Өкмɵт башчылар коррупцияга аралашты деген шек менен да иштен алынышты. Жаңы Өкмɵт келген сайын Өкмɵт мүчɵлɵрү алмашып, сɵзсүз түрдɵ  структурасы кошо жаңыртылып жатты. Мындай башаламан, туруксуз саясаты бар ɵлкɵгɵ алтын тамга менен мыйзам жазылса да инвестор келбеси бышык. Келген инвесторлор кайра качып жатышты. Ал эми бул жаңы долбоордогу эң алгылыктуу жагдай — президентти эл шайлаган соң, аткаруу бийлиги бир нече жылга чейин туруктуу иштейт деген үмүт артып жатабыз.

Бир ууч саясатчыларга бул ɵзгɵртүүлɵр жакпай жатат. Алар парламенттик башкаруу системасы жакшы ɵнүккɵн ɵлкɵлɵрдү мисал келтиришүүдɵ. Бирок парламентаризмди жолго коюп алган мамлекеттерде депутаттары ɵздɵрү кураган Өкмɵтүнɵ “ɵч” болуп, жылда бирин отставкага кетирген учурду кɵрɵ албадык. Демек, ар бир эл ɵзүнүн менталитетине, ɵнүгүү ыңгайына жараша мамлекетти башкаруу системасын кабыл алганы дурус.

Эми дагы бир тынымсыз талкуу болуп жаткан Венеция комиссиясынын биздин Конституцияга карата пикирлери боюнча окурмандарга мындай түшүндүрмɵ берет элем. Ооба, аталган комиссиянын катышуучусу катары Кыргызстан алардын айткан кеп-кеңештерине кɵңүл бурушу керек. Ал комиссия деле “сунуштарыбызды сɵзсүз , тотоосуз түрдɵ аткаргыла” дебейт, бирок бизди эске алышса деп үндɵйт. Иш жүзүндɵ Конституциялык кеңешмеде деле биздин долбоорубуз Венеция комиссиясында иликтɵɵгɵ алынаарын алдын ала түшүнүп, биз Конституцияны анын бащка да дүйнɵ мамлекеттерине коюп келе жаткан талаптарына шайкеш келтирип жаздык, ɵзгɵчɵ адам укугуна, башкаруу, сот, жарандык жана башка укуктар боюнча. Ага карабай эле жаңы Конституцияны кабыл албоону кɵздɵгɵн кээ бир адистер, алардын арасында юристтер да элдин ой-пикирин бузууга аракет кылып жатышпайбы.

Венеция комиссиясы окшогон ар түрдүү маселелер боюнча дүйнɵ мамлекеттерине сунуш, кɵрсɵтмɵ берүүчү, БУУнун комитеттерине чейинки эл аралык уюмдар толуп жатат. Мисалга алсак, БУУнун Азык-түлүк боюнча комиссиясы дайыма Кыргызстанга калкты тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча кээде ɵтɵ катуу сунуштарды айтып келатат.  Эл аралык PIZA уюму Кыргызстандын мектеп окуучуларынын билиминин сапаты жɵнүндɵ сын-пикирлерди рейтинг аркылуу дайыма кɵрсɵтүп келүүдɵ. Өлкɵнүн тарыхий-маданий эстеликтерин сактоо боюнча ЮНЕСКО тарабынан канчалаган сунуштар дайыма келип турат.

Бирок ал уюмдар эч убакта “биздин айткан сунуштарыбызды аткарбасаңар донордук, гранттык  жардамдарды бербейбиз” деп айтышпайт. Ошондуктан тиги оппоненттердин “Венеция комиссиясынын айткандарын укпаса Кыргызстан эл-аралык жардамдан куру калат” дегендери суу кечпейт. Андай эле “күйүп-бышып” жатышса ал оппоненттер, жарандык, дагы башка кɵз карандысыз уюмдар бирин-экин элдин жашоо-турмушун оңдоого арналган гранттарды алып келип иштетишсе болмок.

Ар бир ɵлкɵдɵ мамлекеттин ишин, багытын, жетекчисинин ички-тышкы саясатын жактагандар да, жактабагандар да болот. Бул тарыхий, кадыресе кɵрүнүш. Бирок, кандай болгондо да алар ɵлкɵсүнүн келечеги, элинин жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн ар дайым ɵз-ара консенсуска, башкача айтканда орток пикирге келе алышат. Мен дагы жаңы Конституциябызды аша-чаап жамандап, элге “11-апрелде референдумга барбагыла” деп чакырык таштап жаткан замандаштарга мындайча кулак кагыш кыламын: “азчылыктын кɵпчүлүккɵ баш ийиши” демократиянын негизги принциптеринин бири. Эгерде сиздер чыныгы демократия үчүн иштеп жатсаңыздар үстүбүздɵгү жылдын 10-январындагы шайлоочуларыбыздын 80 пайызы президенттик  башкаруу формасына добуш бергенин унутпасаңыздар. Ал эми ɵлкɵбүздүн жашоочулары, чет ɵлкɵлɵрдɵ жашап, иштеп жүргɵн атуулдары Кыргызстаныбыздын жаңы сапаттагы келечеги үчүн 11-апрелде болуучу референдумду колдоп берет деп ишенем.

 

Кеңешбек Алымбеков

техникалык илимдердин доктору,

профессор.

М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун кафедра башчысы

Конституциялык Кеңешменин мүчɵсү

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер