ӨЗГӨЧӨ МАКАМ — ӨНҮГҮҮГӨ КАДАМ 

  • 04.08.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Кыргызстанда беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгарылып, аларга бир катар жогорку окуу жайлар бириктирилүүдө. Бул беш университеттен тышкары, Кыргыз экономикалык университетине “изилдөөчү университет” деген макам ыйгарылып, ага Бишкектеги финансы техникуму менен Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы кошулуп, окуу жайга бир катар милдеттер жүктөлдү.   

ӨЗГӨЧӨ МАКАМ - ӨНҮГҮҮГӨ КАДАМ 

ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН БЕРИЛГЕН  МҮМКҮНЧҮЛҮК

Белгилүү болгондой, өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз улуттук университетине Юридикалык университет кошулса, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен Геология университети бириктирилип жатат. Бул эки окуу жай тең мурда КМТУдан бөлүнүп чыккан. Ош мамлекеттик университетине болсо Ош юридикалык институту берилди. Мындай чечим биринчи кезекте ар бир окуу жай үчүн, өзгөчө, чоң университеттерге кошулуп жаткандарга өнүгүүгө эң чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Себеби алар өз алдынча тура бергендин ордуна интеллектуалдык-материалдык ресурстарын, күчтөрүн бириктирсе потенциалы көбөйүп, эл аралык рынокто мамлекеттик университеттердин атаандаштык күчү жогорулайт. Эң башкысы башкаруучулар кыскарып, кайталанган түзүмдөр жоюлат, мамлекеттик каражат сарамжалданат.

Изилдөөчү университет катары КЭУга берилип жаткан мүмкүнчүлүк дагы окуу жай үчүн чоң кадам. Биринчиден, окуу жайдын эл аралык рынокто атаандаштык күчүн жогорулатып, дүйнөлүк рейтингге чыгышына жол ачса, экинчиден, мамлекеттин экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт. Үчүнчүдөн, мамлекеттин бюджетин бир топ үнөмдөп алууга болот. Министрликтин адистери эсептеп чыккан аналитикалык отчетко караганда, ирилештирүү жогорку кесиптик билим берүүнүн 31, орто кесиптик билим берүүнүн 13 багыты боюнча кайталоолорду жоюуга мүмкүнчүлүк түзөт экен. Техникалык жогорку окуу жайларын бириктирүүдөн эле жылына республикалык бюджеттен 3,5 миллион сом, атайын каражаттардын эсебинен 42,6 миллион сом үнөмдөлөт.

 

МИЛДЕТ АТКАРЫЛАТ

Кыргыз экономикалык университетинин мойнуна жүктөлгөн милдетти толук аткарып кете аларына толук ишеним артууга болот. Себеби биринчиден, Кыргызстан боюнча орто кесиптик окуу жайынан жогорку окуу жайына жете алган жалгыз окуу жай жана өзүн-өзү каржылаган мамлекеттик эки университеттин бири. Кыргызстандын “Сапат” сыйлыгынын жеңүүчүсү. Кечээ жакында эле КМШ өлкөлөрүнүн дагы “Сапат” сыйлыгынын дипломанты болду. Экинчиден, башка окуу жайлардан айырмаланып университетте төрт — эл аралык туризм, эл аралык финансы, эл аралык экономика жана бизнести башкаруу программасы англис тилинде гана окутулат. Дипломдук иштер англисче жазылып, диплом дагы англис тилинде берилет. Окутуучулар жалаң чет өлкөлөрдөн бүтүп келгендер, Президенттик администрациядан да келип сабак бергендер бар. Студенттер министрликтердеги эл аралык долбоорлордон же эл аралык уюмдардан практикадан өтөт. Бул жакты бүткөн студенттер Канада, Америка сыяктуу Европа өлкөлөрүнө магистратурага эч кандай кыйынчылыксыз тапшырып кетет.

  • Бизге кошулуп жаткан Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясынын студенттери эч кам санабай эле койсо болот. Тескерисинче, бул академиянын биздин курамга кошулганы окуу жайдын өзүнө, анын ичинде студенттерине жакшы болгону турат. Себеби биз сапатка кепилдик бере алабыз. Бирок алгач окуу жайдан келе турган студенттердин билим деңгээлин текшеребиз. Биздин студенттер менен бирдей алып кете алабы же аларга кошумча сабактарды киргизип беребизби, ушуну аныктап алышыбыз керек. Себеби бизде талап күчтүү. Аларды алып келип кошуп жиберсек, биздин студенттер да, окутуучулар да, жаңы келип кошулган студенттер да кыйналат. Ошондуктан биз дароо эле кошуп жибербей, тесттен өткөрүп туруп анан чечим чыгарабыз. Мисалы, биз студенттин санына карап окуй албагандарды кармап отура бербейбиз. Окуй албагандарды кыйналбагыла деп эле жүздөп окуудан чыгарып сала беребиз.  Албетте, бул иштердин баары этап-этабы менен жасалат. Ал жактан келген студенттер окууну бүтүп жатканда биздин студенттер менен бирдей деңгээлге чыгышы керек, — дейт университеттин ректору Алмаз Кадыралиев.

 

ӨЗГӨЧӨ МАКАМ - ӨНҮГҮҮГӨ КАДАМ СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ ТӨЛӨМҮ САКТАЛАТ

Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясынын студенттеринин саны аз.  Окуу төлөмү да КЭУнукунан эки эсе төмөн. Бирок алардын окуу төлөмү университетти бүтүп кеткичекти өзгөрбөйт. Мурда канча төлөп келсе, окууну бүткөнчө ошончо гана төлөшөт.

  • Бул жагынан алганда бизге эмес, студенттерге көбүрөөк пайдасы тийип жатат. Себеби алар төмөнкү контракт менен сапаттуу билим алып чыгышат. Бизге болсо аларга көбүрөөк инвестиция салышыбыз керек болот. Жакшы жагы окуу жай кеңейип, дүйнөлүк рейтингге катышканга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби биздин окуу жай жакында эле КМШ мамлекеттеринин “Сапат” сыйлыгынын дипломанты болду. Алдыда өзүбүздүн багыт боюнча дүйнөдө өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын рейтингине чыгууга аракет кылабыз. Ал үчүн биздин университетти бүтүп кеткендердин кайсы жерде иштеп жатканы абдан маанилүү. Ошондуктан биз билим сапатына абдан чоң маани беребиз, — дейт жетекчи.

 

ФИНАНСЫ ТЕХНИКУМУНА ЖАҢЫ ЖАШОО, ЖАҢЫ ДЕМ

КЭУга кошулуп жаткан Финансы техникумуна да потенциалын жогорулатып алууга чоң мүмкүнчүлүк берилет. Анткени бул окуу жайдын аты мурдагыдай эле сакталып калат. Андыктан техникумдун жамааты дагы эч нерседен чочулабай эле койсо болот. Себеби техникум университетке кошулганда дагы башынан бери келе жаткан, өзүнүн бренди бар окуу жай катары беделин жоготпойт, тескерисинче, аларга жаңы жашоо, жаңы дем берилет.

  • Албетте, алардын дагы буга чейин калыптанган салты бар. Биз ал калыбын бузбастан, жаңы традицияларды, башкача айтканда, бизде буга чейин англис тилинде окутулуп келген программаларды киргизебиз. Анткени азыр заман талабы ушундай. Анан албетте, эки окуу жайдын тең окутуучуларын көз жаздымда калтырбайбыз. Баарын өзүбүздүн  кесиптик чеберчиликти жогорулатуучу курстардан  өткөрүп анан иш менен камсыз кылабыз, — дейт жетекчи.

 

ОНДОГОН ИЛИМИЙ ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШАТ

КЭУ “Изилдөөчү университет” макамын алып жаткан окуу жай катары бардык студенттерди илимий ишке, илимий долбоорлорго тартат. Ал үчүн чоң илимий долбоорду баштап, учурда Түп, Кочкор, Сузак райондору менен иштешип, бул райондорду өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоого бел байлоодо.

  • Илимий көз караш менен ар бир райондун социалдык-экономикалык абалын, өнүгүү потенциалын, анын ичинде адамдык, мал чарба, жаратылыш, кыскасы, бардык ресурстарын эске алып, канча көлөмдө инвестиция керектигин, өнүгүү үчүн эмне зарылдыгын, ал канча жылда өзүн актай тургандыгын, логистикалык маселелер кандай чечилиши керектигин аныктап беребиз. Буюрса, иш башталды. Биз бир жылда бүтөбүз деп аракет кылып жатабыз, бирок бир жарым жылга созулуп кетиши ыктымал. Себеби илимий долбоор дароо ишке ашып кетпейт. Ошондуктан кыска, орто анан алыскы мөөнөт деп үч этапка бөлдүк. Бул долбоорго магистратурада окуп жаткан студенттердин баарын аралаштырабыз. Негизи мындай ишти буга чейин эле баштаганбыз. Былтыр бакалавр программасын бүтүп жаткан студенттер тарабынан 40 райондун ар биринин экономикалык потенциалын иликтеп, бизнес планын түзүп чыгуу боюнча бир нече дипломдук иштер аткарылган. Бирок биз саналуу гана районду алып, конкреттүү иштеп чыгып, мамлекетке конкреттүү сунуштарды беришибиз керек экенин түшүнүп, азыр ишке ашырууга кириштик, — дейт жетекчи.

Окуу жайдын илимпоздору кечээ жакында эле райондордун акимдери менен жолугуп, долбоордун алкагында түзүлгөн методология менен тааныштырып келишти. Учурда окумуштуулар менен акимдер тыгыз кызматташып, иштин биринчи этабын баштоо алдында турушат. Алгач университет тандап алган райондорго сайт түзүп берүү милдетин алган. Сайт бүтөөрү менен ар бир райондун кандай инвестициялык потенциалы бар экендиги илинип, талданып, экономикалык эсептер жасалып, анан өкмөткө сунушталат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер