Өзгөчө балдарга өзгөчө камкордук

  • 10.05.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы №22 атайын (жардамчы) мектепте интеллектуалдык жетишсиздиги бар балдар окуйт. Алардын  таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жалпы базалык билим берүүдөн сырткары кыздарга тикмечилик, балдарга жыгач, темир устачылык кошумча кесип үйрөтүлөт. Окуучулардын коомго аралашуусуна керектүү көндүмдөрдү үйрөнүшү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Өзгөчө балдарга өзгөчө камкордук

Бул мектептин ачылганына быйыл 95 жыл болду. Башында жөнөкөй мектеп болуп иш алып барса, кийин гана жардамчы мектеп болуп түзүлгөн. Учурда 250 бала окуйт. Жогоруда айтылгандай, мектепте интеллектуалдык жетишсиздиги бар балдар окугандыктан  окуучулардын эске тутуусун, байкоосун, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн көрсөтмөлүү, дидактикалык материалдарга бай сабактар өтүлөт.

– Мындай сабактарды даярдоодо тынымсыз инновациялык каражаттар изилденип, ар кандай интерактивдүү ыкмалар колдонулат. Негизги коррекциялык максат бул окуучулардын кептеги кемчиликтерин оңдоо жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү, сөз байлыгын байытуу, оозеки кептин диалогдук, монологдук формаларын өнүктүрүү болуп саналат, – дейт кыргыз тили боюнча директордун орун басары Гүлзат Сайпидиновна.

Өзгөчө кыргыз тили жана адабияты сабактарында колдонулган диаграммалар, таблицалар, дидактикалык материалдар сабакта өтүлгөн материалдарды көп жолу кайталоого мүмкүндүк берет. Ал эми бул кайталоо, албетте, жыйынтык алып келбей койбойт.

Өзгөчө балдарга өзгөчө камкордук

Агартуучунун айтымында, сабакты өтүүдөгү натыйжалуу ыкма — бул баарлашуу. Баарлашуу атайын мектептеги окуучунун психикалык өнүгүүсүн коррекциялоодо күчтүү курал, андыктан бул ыкма аркылуу окуучулардын сөз байлыгын көбөйтүү, байытуу мектептин негизги милдети.

“Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн ар бир окуучуга жекече жана дифференцияланган мамилени колдонобуз. Биздин окуучулар өзгөчө балдар. Алардын жан дүйнөсү таза, эгер жакшы көрсө абдан чын жүрөктөн берилип сүйүшөт. Ошол эле учурда, алар кээ бир терс сезимдерди абдан курч сезет жана реакция кылат, ошондуктан атайын (жардамчы) мектепте балдар үчүн жүрөгү жана жан дүйнөсү менен иштеп, аларга сүйүү жана мээрим менен мамиле кылгандар гана иштейт”, – дейт Гүлзат Сайпидиновна.

Атайын (жардамчы) мектептин окуучулары үчүн билим, тарбия берүүдө интерьердин жасалгасы, кооздугу кошумча көмөк берерин жетекчилик жакшы түшүнүп, жылуу, жарык, кенен, кооз жасалгаланган бөлмөлөрдүн биринде олтуруп билим алган окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да ыңгайлуу шарт түзүп берген.

Өзгөчө балдарга өзгөчө камкордук

Заманга ылайык жасалгалоо иштери окуучулардын эстетикалык жактан өсүшүнө жана өнүгүшүнө, ой жүгүртүүсүнө, көз караштарынын кыргыз искусствосуна жана маданиятына болгон мамилесинин курчушуна таасир берет. Мугалим окуучулардын көз караштарын сурап, кооздоо-жасалгалоо иштерине активдүү катыштыруу өз мектебин, эли-жерин сүйүүгө болгон мамилесин жакшыртарын тажрыйба көрсөттү. Ошондой эле мектепте уюштурулган ар бир иш-чара окуучулар үчүн абдан маанилүү жана зарыл, майрамдык иш-чаралар аяктайт, ал эми андан алган билим, сезим, маанай окуучулардын эсинде көпкө сакталат деп белгилейт.

Өзгөчө окуучунун кичинекей жетишкендиги мектепте иштеген мугалимдин эмгегинин үзүрү. Мыкты тарбия берүүдө алар ар жылы кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп, заманбап усулдар менен таанышып, мектептеги улуу муундагы педагогдор тажрыйбасы менен бөлүшүп турат.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер