ЗАМАНГА КАДАМДАШ МУГАЛИМДЕР

  • 13.11.2020
  • 0

6-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган “Санариптик педагогика” сынагы өз жыйынтыгын чыгаруу менен Кыргызстандын булуң-бурчунан келген чыгармачыл мугалимдерди сыйлоо аземин өткөрдү.

Сынактын максаты – заманбап педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу, популяризациялоо, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык жана техникалык компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу, бирдиктүү маалыматтык-усулдук билим берүү аймагын түзүү. Сынак кошумча билим берүүдөгү педагогикалык кызматкерлердин алдыңкы иш тажрыйбаларын өздөштүрүү, колдонуу, жайылтууда эффективдүү практика жана билим берүүнүнүн усулдарынын жаңылануу шарттарында бирден бир формасы болду. “Балажан” борбору Республика боюнча тандалып чыккан чыгаан мугалимдерди кучак жая тосуп алды.

ЗАМАНГА КАДАМДАШ МУГАЛИМДЕР

 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев куттуктоо сөзүндө мугалимдердин эмгегине, изденүүсүнө, чыгармачылыгына терең ыраазычылыгын билдирүү менен дагы жаңы тепкичтерди багынтып, билимдерин өркүндөтүп жана балдардын сүймөнчүлүгү, үлгүсү болуусуна тилектештигин билдирди. Жеңүүчү мугалимдер “Ардак грамота”, баалуу белектер менен сыйланды. Куттуктоо аземи “Балажан” борбору тараптан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Сынакка келип түшкөн 500 сабакты республиканын ВОДО методисттери жана алдыңкы адистерден куралган эксперттик кеңеш ортого салып электен өткөрдү. Кошумча билим берүүнүн түрдүү тармагын камтыган, (музыкалык, сүрөт, тилдер, спорттук багыттар, кол өнөрчүлүк, хореографиялык жана компьютердик сабаттуулук) сынак бир нече этап менен апрель-октябрь аралыгында өткөрүлдү. Эксперттик кеңештин иши да оңой боло калган жок. Жеңүүчүлөрдү аныкташ үчүн сынакка жиберилген иштин мазмунунун сынактын талаптарына жооп бергендиги, актуалдуулугу, заманбап билим берүү талаптарына шайкештиги тыкыр каралды. Практикалык багыттуулугу, усулдук баалуулугу жана санарип технологиялык билимдерди сиңирүү даражасы, сюжеттик багыттын логикалык түзүлүшү, МКТ каражаттарын колдонуу чеберчилиги, видеоматериалдын динамикасы жана жабдылышы, көрүнүшүнүн жана угулушунун сапаты өзгөчө эске алынды. Ошону менен катар монтаждоо жана жаздыруу сапаты, сабак бою тапшырмалардын берилиши жана окуучулар менен кайтарым байланыш уюштуруу боюнча көрсөтмөлөр дагы көз жаздымда калбады.

“Күлүктү күлүк көргөндө — төрт аягы тыбырайт” демекчи, жети айга созулган сынактын жыйынтыгы жеңүүчү катары 15 педагогду сууруп чыкты.

 

Күч – кызматташтыкта

ЗАМАНГА КАДАМДАШ МУГАЛИМДЕР

Азыркы замандын балдары үчүн санарип технологиялар көнүмүш жашоо чөйрөсү. Ошол себептен билим берүү процессинде аны колдонуу күнүмдүк турмуштун ажырагыс бөлүгү. Андыктан, мугалим жаңы билим берүү технологиялар менен кадамдаш болуусу шарт.

 

КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык эстетикалык тарбиялоо билим берүү методикалык борборунун “Санарип педагогика” сынагын өткөрүү – “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясынын бир бөлүгү. Бул сынак – педагогдордун кызматташтыгы, деп эсептейт Республикалык“Санарип педагогика” сынагынын жеңүүчүсү, Билим берүү мыктысы, 42 жылдык эмгек тажрыйбасы бар педагог – Люция Самакова. Өзүнүн эскерүүсүндө Люция Сапарбековна мынтип айтат: “ Кесип тандоо мезгили келген кезде эч ойлонбостон апамдай педагог болууну чечкем. Анткени, апам – Самакова Шарымкан Алдашевна Жети Өгүз районундагы алдыңкы педагогдордун бири, Жети Өгүз райондук бала бакчасынын башчысы эле. Педагогикалык окуу жайды бүткөн соң орус тили жана адабияты мугалими болуп мектепте иштедим. Каракол шаарындагы балдар бакчасын жетектөө сунушу түшкөндө кабыл алып, облустагы биринчи орундагы бала бакча даражасына жеткизип ал жерде 18 жыл талбай эмгектенип келдим. Андан соң беш жыл Караколдогу “Билимстан” балдар чыгармачылык борборунда эмгектендим. Убакыт деген учкан куш экен, ардактуу эс алуу мөөнөтү келип калды. Бирок үйгө отуруп калбастан, беш жылдан бери “Умники и умнички” мектепке чейинки даярдоо студиясыннын жетекчиси болуп иштеп келем”, — дейт.

“Санарип педагогика” сынагына кантип келип калдыңыз деген кызыгуубузга эжеке төмөндөгүдөй жооп берди:

– Мектепке чейинки жеткинчектер – өздөрү эле изилдөөчүлөр. Алардын бир нерсеге кызыккандыгы, ар дайым экспериментке умтулуулары, кандайдыр бир жагдайларда өз алдынча чечим чыгарууга аракеттенүүлөрү буга далил боло алат. Педагогдун милдети – ал ынтызарды кыйбастан, тескерисинче жардам берүү. Жеткинчек курак адам өнүгүүсүнүн эң маанилүү убагы, анткени бул убакта бала физикалык, психологиялык жана социалдык жактан өзгөрүүлөргө дуушар болот. Бул убак педагогикада жана психологияда өз мыйзамы бар, субьективдүү көз карашта бактылуу, бейкапар, түрдүү кызыктарга жана ачылыштарга толгон ажайып жашоо деп кабылданат. Мектепке чейинки балалык жана билим берүү кийинки этаптардагы инсандык калыптанууга чоң таасир берет.Балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрдүн мүнөздөмөсү үй-бүлө шартында, бала бакчада билим берүүнү туура уюштурууга абдан зарыл.

Бул сынакта мен өзүмдүн идеяларым, иштелмелеримди коллегаларым менен бөлүшкүм келди, практикада колдонуусуна шарт түздүм. “ Эгер сиз билимге ээ болсоңуз, аны башкалар менен бөлүшүңүз, өз отуңуздан чычала тамызып алуусуна шарт түзүңүз”, — деп Томас Фуллер айткандай, бул сынак педагогдорго ушундай мүмкүнчүлүк берди. Биз билимибиз жана тажрыйбаларыбыз менен алмаштык”.

Атамдын жолун уладым

ЗАМАНГА КАДАМДАШ МУГАЛИМДЕР

Жунушова Бурул Бишкек шаарынын Свердлов районунун балдар чыгармачылык борборунан келди. Сынакка катышууга эмне себеп болду деген сурообузга төмөндөгүдөй жооп улады:

 

— 2015-жылы көркөм сүрөт академиясынын керамика факультетинде мугалим, куратор болуп иштедим. Кийин Свердлов райондук балдар чыгармачылык борборунда чопо ийримин, кийин көркөм сүрөт ийримин жетектеп калдым. Сынак башталганга чейин дистанттык окуу учурунда телесабакка тартылганбыз. Сынакка катышуудагы максатым: мугалимдин сабаттуу сабак өтүшүнө, структурасына, мазмунуна, тактыгына көп көңүл бөлдүм. Натыйжада биринчи орунга ээ болуп, ноутбук, 1-даражадагы диплом менен сыйландым.

Бул кесипти аркалоонун түпкүрүндө атамдын сүрөтчүлүгү, устачылыгы (комуз чабат) таасир этти деп эсептейм. Атамдын жолун жолдоп сүрөтчүлүк багытты тандап алгам десем болот.

Мен үчүн чоң стимул

ЗАМАНГА КАДАМДАШ МУГАЛИМДЕР

Ал эми дагы бир катышуучубуз Орозбаева Динара Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү чыгармачылык борборунда кытай тили ийримин жетектейт, эмгек стажы эки жыл.

– Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сабактарды онлайн форматта өтүп баштаганбыз, ушунун негизинде “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюшулган онлайн сабактардын сынагына катыштым. Албетте бир топ кыйынчылыктар болду, эң негизгиси маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонгонду үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Натыйжада 3-орунга татыктуу болуп, 3-даражадагы диплом жана лазердик принтер менен сыйландым. Бул сынактын жыйынтыгы мага чоң стимул берди, мындан ары дагы окуучуларга билим берип, көптөгөн ийгиликтерди багынтууга аракет кылам.

Бул мектептен тышкаркы билим берүү борборлору үчүн эң жакшы конкурс болду дейм, учурдан пайдаланып КР Билим берүү жана илим министрлигине жана “Балажан” РЭТБОУБ терең ыраазычылык билдирем.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер