ЗАМАНБАП ОКУТУУ УСУЛДАРЫН ТАРТУУЛАГАН ДОЛБООР

  • 05.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги USAID менен биргеликте 14000 башталгыч класстардын мугалимдерин математика сабагын окутуунун натыйжалуу ыкмаларына үйрөтүү боюнча тренингдерди улантууда.

ЗАМАНБАП ОКУТУУ УСУЛДАРЫН ТАРТУУЛАГАН ДОЛБООР

Үстүбүздөгү жылдын 15-19-августунда USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган башталгыч класстардын мугалимдери үчүн эки күндүк тренингди өткөрдү. Бул тренингдер Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту бекиткен 72 сааттык башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында өткөрүлдү. Он  модулдан турган окутуу программасы этап-этабы менен ишке ашырылат. Үч  модуль боюнча окутуу өткөн окуу жылында жүргүзүлсө, калган жети модуль боюнча тренингдер жаңы окуу жылынан баштап өткөрүлөт.

ЗАМАНБАП ОКУТУУ УСУЛДАРЫН ТАРТУУЛАГАН ДОЛБООР

— Долбоор август айынын башында 38 устат жана 384 улуттук тренерлерди башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 4- жана 5-базалык математикалык модулдар («Тексттик маселелерди чыгаруу», «Чоңдуктарды ченөө») жана калыптандыруучу баалоо жүргүзүүгө ылайыкталган электрондук «BaalooApp» тиркемесин колдонуу боюнча окутуу жүргүзүүгө даярдады. Мугалимдер башталгыч класстардын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, математикалык кырдаалдарды талдоо жана алдын ала айтуу, маселелердин чыгарылышын түшүндүрүү жана негиздөө көндүмдөрүн калыптандыруу стратегияларын үйрөнүштү. Бул окутуудан улам, мугалимдер окуучуларга математикалык кырдаалдарды талдоого жана талкуулоого, маселелерди альтернативдүү ыкма менен чыгаруу жолдорун сунуштоого жана өз сунуштарын негиздөөгө мүмкүнчүлүк берүү аркылуу окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизе алышат, — дейт долбоордун тренери Нургүл Шарапова.

Өлкө боюнча 14 000ге жакын башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу башталгыч мектеп окуучуларынын ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон базалык жана функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору республикада башталгыч класстарда окуган 300 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып жатат.

ЗАМАНБАП ОКУТУУ УСУЛДАРЫН ТАРТУУЛАГАН ДОЛБООР

ЗАМАНБАП ОКУТУУ УСУЛДАРЫН ТАРТУУЛАГАН ДОЛБООР

— Ысык-Көл облусу боюнча 156 мектепти камтып, ага 1175 башталгыч класстын мугалимдери тартылды. 9-11-августуна чейин 35 улуттук тренерлер окуудан ɵтүп, ал эми 15-19-августуна чейин эки күндүк тренингдерди башталгыч класстын мугалимдерин окутушту. Тренингдердин жүрүшүндɵ мугалимдер окутуу модулдарынын мазмуну менен терең таанышып, чыгармачылык, зор кызыгуу менен практикалык иштерди аткарышты. Ар бир стратегияларды кеңири токтолуу менен кызуу талкуу жаралды.

Ой-пикир 

Айзада Мусалимова, М. Темиров атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими,  Түп району:

— “Окуу керемет” долбоору окуучуларга абдан жакшы жетишкендиктерди берди. Биз буга чейин математикалык маселелерди чыгарууда кыйналып келсек, бул долбоордун программалары кɵптɵгɵн мугалимдер үчүн абдан жакшы усулдук жардам болду. Мисалы, окуучуларга маселелерди бергенде, балдар ойлонбостон дароо эле кошобуз же кемитебиз деген жообун айтышса, азыр балдар элестетип, кайчы пикир жаратып, ɵзүлɵрүнүн ойлорун туура, так берип жатышат. Балдардын элестетүүсү, логикалык ой жүгүртүүсү, ɵз алдынча эсептерди, меселелерди чыгарып, аналитикалык ой жүгүртүүсү, түрдүү варианттарды алып чыга билүү жɵндɵмдүүлүгү жогорулап жатат.

Элвира Атагелдиева, А. Сопиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими, Түп району:

— Биз долбоордун алкагында математика боюнча 1-3 модулдар “Сан жана сандарды түшүнүү”, ”Кошуу жана кемитүү”, ”Кɵбɵйтүү жана бɵлүү” темасындагы модулдарды окуп, практикада стратегияларды ийгиликтүү пайдаланып келдик. Окуучулар үчүн материлдар абдан жеткиликтүү болуп, балдардын ой жүгүртүүсү, эсептер боюнча анализдɵɵсү, талкуу жүргүзүү менен ɵз варианттарын сунуштоо менен жоопторунун туура же туура эмес экендигинин жыйынтыгын ɵзүлɵрү чыгарууга үйрɵнүштү. Мугалимдер үчүн да практикада кызыктуу жана жеңил болуп жатат.  Долбоордун материалдарын балдарга абдан майдалап, кылдат түшүндүрүп, билимин турмуш менен байланыштырууга үйрɵтүп жатабыз. Балдардын ɵнүгүшү үчүн дагы модулдардын негизинде биз ɵзүбүздүн кɵз карашыбызда иштеп чыккан маселелерди берсек окуучуларыбыз үчүн ɵз натыйжасын берет деп ойлойм. Учурда 4-5-модулдар “Тексттик маселелерди чыгаруу”, “Чоңдуктарды ченɵɵ” темасындагы модулдарды окуп жатабыз. Бул модулдардын да мазмуну абдан кызыктуу болуп жатат. Тексттик маселелерди турмушта колдонуп, кɵрүп жүргɵн предметтер менен мисал келтирип, түрдүү варианттардагы чыгарылыштарды алып чыгуу абдан кызыктуу экендигин кɵрдүк.

Марина Маденова, №11 гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими, Каракол шаары:

— Буга чейин долбоордун алкагында адабий окуу боюнча программалар, стратегияларды толук окудук. Практикада билимибизди ийгиликтүү пайдаланып, окуучулар үчүн ɵз натыйжасын берүүдɵ.

“Окуу керемет” долбоорунун алкагындагы учурда математика сабагы боюнча тренингдер абдан кызыктуу болуп жатат.

Катышуучулар ар кайсы мектептердин мугалимдери болгондуктан, бири-бирибизден тажрыйба алмашуу да жүргүзүлүп жатат. Учурга жараша азыркы замандын балдарынын аң-сезими башкача, ой жүгүртүүсү кенен балдар. “Окуу керемет!” долбоору бизге чоң мүмкүнчүлүк берди. Ошол балдардын кызыгуусун арттыруучу жаңы ыкмаларды бизге берип жатат. Сабагыбызды кызыктуу, заманбап сабак катары ɵтүүгɵ үйрɵтүп жатат. Сабактагы материалдарды жɵн эле кайталап койбостон, модулдардагы стратегиялар аркылуу кызыктуу кайтарым байланыш жүргүзүп жатабыз. Бул ыкмаларды колдонууда бала умтулат, кызыгат, ɵз оюн айтат. Окуучулардын кабыл алуусу бардыгыныкы эле бирдей эмес, ошондуктан дифференцацияланган тапшырмалардын аркасында окуучулар ɵз түшүнүгүн бере алып жатышат.

Математикалык кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүүдɵ тексттик маселелерди иштеп жатып, маселени ɵз алдынча окуйт. Буга чейин мугалим маселени майдалап түшүндүрүп берсе, бул жерде окуучу ɵз алдынча текстти окуп, түшүнүп, аракет кылып чыгарат. Окуучулар арасында карама-каршы пикирлерди жаратуучу суроолордун аркасында түрдүү варианттагы жооптордун чыгуусу балдар үчүн абдан кызыктуу болот. Мугалим жɵн гана багыттоочу болуудабыз. Окуучулар ɵз алдынча иштеп, окуу процессинде борбордук орунда окуучу болуп жатат.

Жалпы билим берүүчү стандарттын негизги компетенттүүлүктɵгү окуучунун ɵз алдынчалуулугун ɵнүктүрүү, кɵйгɵйдү чече билүү маселесине дал ушул “Окуу керемет!” долбоорунун материлдары, программалары бизге практикадагы баалуу усулдарды берип жатат.

Айнура Бапа кызы, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кɵл мамлекеттик университетинин окутуучусу, долбоордун тренери:

— USAID «Окуу керемет!» долбоорунун  математика боюнча иштелип чыккан 10 модулу бүгүнкү күндɵгү заманбап билим берүү талабына жооп берген, мугалимдер муктаж болуп турган усулдарды камтыйт. Башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу тренингдеринин жүрүшүндɵ  алардын абдан кызыгуусун, практикада жемиштүү  пайдаланып жатышкандыгын айтып, ой бɵлүшүп келишет. Алган билимдерин практикада кандай колдонуп жаткандыгын биз сабактарга байкоо жүргүзүүгɵ барган учурда кɵрүп жатабыз. Ошол эле учурда жеринде усулдук жардам кɵрсɵтүп, окуучулар менен колдонулган жандуу практикалык мисалдарды усулдук табылга, кейс, материал  катары жогорку окуу жайында студенттерди окутууда да пайдаланып жатабыз.

Бул  долбоордун  электрондук  калыптандыруучу BaaLooApp тиркемесинин берилиши, андагы ар бир куралдар мугалимдер үчүн дагы, окуучулар үчүн дагы кызыгуусун арттырып, практикада мугалимдерге бир топ жеңилдиктерди, заманбап баалоо системасын берип жатат. Бул дагы биздин билим берүү системасында баалоо формасынын жаңы түрү болуп саналат.

Долбоордун программаларын жогорку окуу жайдын окуу программаларына киргизип жатабыз. Студенттер бизден билим алып, мектептерге заманбап окутуу усулдарын билген даяр адис катары мектептерге барышы керек.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер