«ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНДЕ ХИМИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ»

  • 16.08.2023
  • 0
Редакциядан: Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун видеоконференция системасы аркылуу 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар өткөрүлүүдө.
Вебинарлар, мастер-класстар 14-августтан 27-августка чейин Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлөт. Вебинар күндөлүгүнөн.
«ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНДЕ ХИМИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ»

Химиялык билим берүүнүн мазмунун учурдун талабына ылайык модернизациялоо аркылуу окуучулардын химия илимине болгон кызыгууларын арттыруу зарыл.

«ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНДЕ ХИМИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ»

Сапаттуу билим — адам потенциалынын жана туруктуу өнүгүүнүн ачкычы 

Ааламдашуу шартында окуучулардын химия предмети боюнча сапаттуу билим алуудагы ички потенциалдарын ачуу аркылуу, билим берүү майданында ийгиликтерди камсыз кылууга болот.

Химиялык билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолдору:

  1. Химиялык билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо.
  2. Санариптик технология
  3. Окутуунун мазмунуна STEM дик мамиле
  4. Сапаттуу окуу китеби жана ОМК
  5. Окуучулардын билим жетишкендиктерин жаңыча баалоо  PISA тапшырмалары (PISA)

Химиялык билим берүүдөгү мазмундук өзгөрүүлөр кайсы?

Дүйнөлүк билим берүү талабына төп келген, жаш муундарды эмгек рыногуна даярдоого шайкеш окуу куралдарын түзүү. Ал үчүн республикабызда укуктук-ченемдик документтер иштелип чыкты:  билим берүү мыйзамы, билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, химия боюнча предметтик стандарт, окуу программалары жана сапаттуу окуу методикалык комплекстер (окуу китеби, окуу-методикалык колдонмолор).

STEM – химиялык билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолу.

Горизонталдуу интегралдаштыруу

Предметтердин ичиндеги бирдей  илимий билим берүүчү түшүнүктөрдү  айкалыштыруу менен бирдиктүү билим  системасына алып келүү;  STEM  предметтериндеги мазмундун жаңылануусуна  алып келет. Убакыт үнөмдөлөт жана окуу  жүктөмүндөгү кайталануулар азаят.  Бул интеграцияны  steam предметтер да пайдаланса болот.

Бактыгүл   РЫСПАЕВА,  КББАнын табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты

Бөлүшүү

Комментарийлер