ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

  • 04.08.2022
  • 0

Ысык-Көл облустук билим берүү институту Билим берүү жана илими министрлигинин алдындагы Республикалык билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун курамына кирет. ЫОББИ билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, педагогдорунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин,  райондук, шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып барат.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

Ысык-Көл облустук билим берүү институту облустук билим берүү башкармалыгынын базасында 1973-жылдан 2005-жылга чейин мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту наамында иш жүргүзгөн. 2005-жылдан тарта Ысык-Көл облустук билим берүү институту статусун алган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 12-ноябрындагы буйругу менен облустук билим берүү уюмдарына координациялык иш жүргүзүү милдети киргизилген.

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда 26 кызматкер эмгектенет. 11 улуттук тренер, 17 кызматкер билим берүүнүн мыктысы наамына ээ. Облустук билим берүү институтунун кызматкерлери АКШ, Германия, Франция, Россия, Казакстан өлкөлөрүндө кесиптик квалификацияларын жогорулатып келишкен. Институттан жылына 900гө жакын облустун билим берүү тармагынын кызматкерлери кесиптик квалификациясын жогорулатып турушат.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

Облустук билим берүү координациясы тарабынан мугалимдер, мектептер, бала бакчалар жана окуучулар арасында республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп келет. Атап айтканда, “Жыл мугалими”, “Мыкты айылдык мектеп”, “Мыкты шаардык мектеп”, “Мыкты бала бакча” кароо-сынактарда, окуучулардын предметтик олимпиадаларында жана “ХХI кылымдын интеллектуалдары” аттуу республикалык кароо-сынактарда баш байгени ээлеп келишүүдө.

Ысык-Көл облустук билим берүү институту бир катар эл аралык билим берүү программаларындагы долбоорлор менен кызматташтык жүргүзүп келет.

Институтта 5 илимий усулдук лаборатория: табигый-математикалык, гуманитардык, мектеп менеджменти жана педагогика, инновация жана маалымат технологиялар, башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү лабораториялары иш алып барышат.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

Окуу жыл ичинде облустук билим берүү институтунда түзүлгөн план-график боюнча 39-40 тан кем эмес курстар атайын бекитилген жана Республикалык билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан макулдашылган 72 сааттык план-программалар боюнча өткөрүлөт.  Курстан өткөн мугалимдерге мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет. Жылына 800-900гө жакын мугалим курстан билимин өркүндөтүшөт.

Ысык-Көл облустук билим берүү институту бир катар эл аралык билим берүү программаларындагы долбоорлор менен кызматташтык жүргүзүп келет.  USAID    “Келгиле окуйбуз”, “Бирге окуйбуз”, “Окуу Керемет” долбоорлору, ДБ тарабы менен каржыланган «Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо”,  АѲБ тарабынан каржыланган “Билим берүү секторун бекемдɵɵ долбоору”, UNICEF эл аралык уюмун менен кызмататташтык иштерди жүргүзүп келет.

Квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча  2018-2019-окуу жылында облустук билим берүү институтунда  651 мугалим квалификациясын жогорулатышты. Ал эми 2019-2020-окуу жылынын сентябрь айынан май айына чейин 802,  2020-2021-окуу жылында сентябрь айынан май айына чейин 773,  2021-2022- Окуу жылынын 18-октябрынан 15-майына чейин   792 педагог курстан  ɵткɵрүлдү.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

Заманбап педагогикалык технологияларды киргизүү жана  сапаттуу билим берүү долбоорлору менен кызматташтыкта болуу институттун миссиясы болуп эсептелет. Ал эми институттун максаты — Ысык-Көл облусундагы педагогикалык кызматкерлеринин чеберчилигин жогорулатууда курстун окуу программасына натыйжалуу, инновациялык педагогикалык технологиянын окутуу методикасын киргизүү менен билим алуу муктаждыгына жараша түрткү берүү болуп эсептелет.

Облустук билим берүү институту “Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2030-жылдарга карата өнүктүрүү концепциясын”  ишке ашыруу багытында иштерди алып барууда. Облустагы педагогикалык кызматкерлери менен тыгыз байланышта, кызматташтыкта болуп, алардын чеберчилигин сапаттуу жогорулатуу менен педагогикалык иштерди уюштуруу, илимий-усулдук жана басма сөз иштерин жандандыруу, алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбаларды жайылтуу, усулдук жардам уюштуруу менен мектепти башкарууда, билим берүүдө жана тарбиялоодо МББ стандарты, предметтик стандарттык жана тарбиялоо Концепциясынын негизинде “Жылдын мыкты бала бакчасы” аттуу конкурстар өткөрүлүп турат. Быйылкы окуу жылында “Жылдын мыкты усулчусу” деген конкурс уюштурулду. Өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгында “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун,     тарбиячыларынын чыгармачылык, кызматташтык кербени”  темасындагы  кароо-сынактын  1-этабы райондор, шаарлар арасында өткɵрүлдү. 2-этабы институт тарабынан облустук денгээлде К.Жантɵшев атындагы музыкалык драма театрында ɵткɵрүлдү.

Баш байгени —  Жети-Өгүз району “Алтын-Уя” мектепке чейинки билим  берүү уюму алса, 1-орунду Түп району “Керемет”  бала бакчасы, 2-орунду Ак-Суу району “Күн Чубак” жана

3-орунду  Ысык-Көл районундагы  “Жыргал-ай” МЧББУсу жана Тоң районундагы №7   мектепке чейинки билим берүү уюмдары камсыздашты. Бул да болсо педагогдорубуздун мындан ары да изденип, чыгармачылык менен иштөөсүнө чоң өбөлгө болмокчу.

Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө эмгектенген усулчулардын арасында “Мыкты усулчу -2021” кароо-сынагы областтык деңгээлде өткөрүлдү. Бул кароо-сынакка ар бир район, шаардан бирден усулчу катышышты. Усулчулардын документацияларын баалоо үчүн атайы жобо иштелип чыккан. Алгач катышуучулардын документациялары баалоо критерийлери аркылуу бааланды. Педагогика, психология боюнча тест тапшырышты. Андан соң кароо-сынактын финалдык туру 2021-жылдын 15-декабрында болуп өттү. Бул финалдык I, II, III даражадагы дипломдор, баалуу белектер жана номинациялар (“Жаратман усулчу”, “Заманбап окуу усулдук кабинети”) ыйгарылды. Жогорку деңгээлде даярданып Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Д.Кулубаева баш байгени ээледи. 1-орунга 201 упай менен Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу А.Мамбетакунова, 2-орунга 193,3 упай менен Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу А.Намазбекова, 3-орунга 188 упай менен Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Дүйшеева ээ болушту. Активдүү катышкандары үчүн 176 упай менен Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу П.Каденова “Заманбап окуу усулдук кабинети” жана 173,8 упай менен  Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Ш.Кадыркулов “Жаратман усулчу” номинацияларына ээ болушту.

Облустук билим берүү институтунда илимий-практикалык багыттагы программаларды жайылтуу максатында илимий-методикалык кеңешмелер  ɵткɵрүлүп турат.

Жалпы билим берүүчү предметтер боюнча республикалык олимпиаданын областтык этабын өткөрүү милдети областтык билим берүү институтуна жүктөлгөн. 2021-жылы өткөрүлгөн областтык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 53окуучу тандалып алынып, пандемия шарттарына байланыштуу Республикалык олимпиаданын жыйынтыгында дал ушул окуучулар жеңүүчү деп табылды. Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана мугалимдерге баалуу сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Облустук билим берүү институту облустун билим берүү уюмдарынын координациясы катары бир катар иштерди алып барат. Билим берүү тармагына тиешелүү статистикалык жана башка маалыматтарды облустун райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн алып жыйынтыктап, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн аппаратына жана башка мамлекеттик уюмдардын суроо-талаптары боюнча жиберип турат.

Облустук билим берүү координациясы тарабынан мугалимдер, мектептер, бала бакчалар жана окуучулар арасында республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп келет. Атап айтканда “Жыл мугалими”, “Мыкты айылдык мектеп”, “Мыкты шаардык мектеп”. “Мыкты бала бакча” кароо сынактарда, окуучулардын предметтик олимпиадаларында, жана “ХХI-кылымдын интеллектуалдары” аттуу республикалык кароо-сынактарда баш байгени ээлеп келишүүдө.

Кадр менен камсыз болушу

Облустук билим берүү институтунда штат боюнча 20 жогорку квалификациядагы кызматкерлер эмгектенишет. Институттун кызматкерлери билим берүү тармагында иш алып барышкан бир катар Эл аралык уюмдар менен биргеликте, билим сапатын жакшыртууга болгон багыттагы семинар –тренингдерди уюштуруп, окутуунун жаңы технологияларын үйрөтүү, аны жергиликтүү шарттарга ыңгайлоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүшөт. Алып айтсак Германия Техникалык Кызматташтыгынын (GIZ) “Борбордук Азиядагы орто билимди өнүктүрүү”  READ программасынын алкагында “Башталгыч мектепте баалоо”, “Айылдык билим берүү” (ДБ), Евросоюз каржылаган “Кыргыз Республикасынын Билим берүү секторун колдоо “,  “ЮСАИД”,  “ЮНИСЕФ” ,  АӨБ “Билим берүү секторун бекемдөө” жана башка долбоор менен кызматташтыкта иш алып барышат.

Штаттардын комплектелиши жана педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча  курстардын программаларынын максаттарын жана мазмунуна шайкеш келет.

Институттун материалдык-техникалык базасы

Облустук билим берүү институту пайдаланган аянттары жана окуу-материалдык базасы:

Институттун имараты 1952-жылы курулган, имараттын  жалпы аянты 490 км/м түзөт, ал эми территориясынын аянты 4277 кв/м.

Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт 2010-жылдын 13-майында 929 номеринин негизинде берилген.

Институтта 3 окуу классы, 18 кабинет, 2 компьютердик класс, 1 конференц-залы бар.

Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен химия-физика кабинеттери, лабораториялары, жатакананын эки бөлмөсү жана ашканасы — 1.873.682 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 323.808 сомго окуу-куралдары, мебелдер жана  техкаражаттар алынып, 1.282.836 сомго лабораториялар приборлор менен жабдылып, ошондой эле мультимедиа кабинети 1.547.437 сомго техкаражаттар менен жабдылды.

2019-жылы АѲБ тарабынан 227.375 сомго стол, стул шкафтар берилип, ал эми 2020-жылы 463.565 сомго компьютердик техникалар менен толукталды.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн астында түзүлгөн Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 3 млн. 150 миң сомдун эсебинен институттун экинчи кабаты жана класстык бөлмөлөрү, имараттын сырты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мугалимдердин билимин жогорулатууга жакшы шарттар түзүлдү.  Ал эми сырткы донорлор тарабынан 60 миң сом өлчөмүндө шкафтар жасатылып, 8 жерге 65 миң сом өлчөмүндөгү көзөмөлдөөчү камера орнотулду.

Жогорудагылардын негизинде Облустук билим берүү институтунда мугалимдердин билимин жогорулатууга толук түзүлгөн  шарттар, окуу-кабинеттердин жабдылышы, техникалык каражаттар менен камсыз болушу, курстарды үзгүлтүксүз өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендигин тастыктайт жана мындан ары дагы алгылыктуу иштер жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.

Ишмердүүлүктүн артыкчылыктары

Институтта тажрыйбалуу усулчулар эмгектенишет. Инновациялык программалар боюнча алгылыктуу иштер аткарылып, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу иштери жогорку деңгээлде ɵткɵрүлɵт. Курстун программаларынын мазмунунда  билим берүү программаларындагы актуалдуу темалар боюнча теориялык билим берүү менен катар практикалык стажировкалар жүргүзүлɵт. Облустагы алдыңкы тажрыйбалуу билим берүү уюмдарынын тажрыйбаларын тааныштыруу максатында курстун угуучуларына жеринде барып практика менен тааныштырылат. Мектеп, бала бакчалардын толук ишмердүүлүгүн кɵрүшɵт. Курстун программалары тренинг, кайтарым байланыштын түрдүү формалары, санариптик окутуу форматында  жүргүзүлɵт.

Программанын мазмунунда башталгыч класстарда “Окуу жана жазуу кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүү”, “Математикалык кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүү”, Заманбап баалоо формалары, Санариптик билим берүү, STEM  билим берүү, Инклюзивдик билим берүү, Окутуунун заманбап усулдары, Ата-энелер менен иштɵɵ жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы заманбап окутуу “Тынчтык куруу”, “Балалык”, “Наристе”  480 сааттык мектепке даярдоо программалары боюнча сапаттуу билим берүү иштери жүргүзүлɵт. Педагогикалык ар кандай иш-чаралар облустук деңгээлде  уюштурулат. Алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу иштери, бенефис, илимий-практикалык конференциялар, форумдар ɵткɵрүлɵт. Институттун кызматкерлеринин жана облустагы педагогдордун методикалык иштери республикалык деңгээлде басма сɵз беттерине жарыяланып турат.

Облустагы педагогдорго практикадагы усулдук жардамдар кɵрсɵтүлүп, заманбап усулдук борбор катары кызмат аткарып келет.

Билим берүүнүн мазмунундагы заманбап технологиялар, онлайн форматындагы ишмердүүлүктɵр  жүргүзүлɵт.

Педагогдор, усулчулар, билим берүү уюмдары арасындагы заманбап билим берүү, жаңылануу багытына демилге берүүчү түрдүү иш-чаралар, кароо-сынактарды ɵткɵрүп, натыйжаларга ээ болуп келет. Окуучулар арасындагы ар түрдүү интеллектуалдык кароо-сынактарды жана предметтик олимпиадаларды ɵткɵрүү менен республикадагы жогорку кɵрсɵткүчтɵргɵ ээ болуп келет.

Облустагы түрдүү тармактар ички иштер органдары, спорт жана дене тарбия, маданият, аскер комиссиариаты, саламаттыкты сактоо тармагы менен тыгыз кызматташтык иштери жүргүзүлүп, балдар жана ɵспүрүмдɵрдү тарбиялоо жана кам кɵрүү максатындагы биргелешкен иш-чаралар жогорку деңгээлде  ɵткɵрүлɵт.

Максат Курманалиев, Ысык-Кɵл облустук билим берүү институтунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер