ӨЗ ДООРУНАН АТ ЧАБЫМ АЛДЫГА КЕТКЕН АДАМ

  • 08.10.2021
  • 0

Сөз көрүнүктүү окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР илимдер академиясынын академиги, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмери, КРнын илим жан техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Эл аралык маалыматташтыруу академиясынын мүчөсү Аманбек Жайнаков жөнүндө болмокчу.

ӨЗ ДООРУНАН АТ ЧАБЫМ АЛДЫГА КЕТКЕН АДАМ

Агайдын улуттук илимдин лидерлеринин сап башында тургандыгы талашсыз жана анын илимий эмгектери жөнүндө агайыбыздын үзөнгүлөш кесиптештеринен маңыздуу  кошумча кылыш кыйыныраак деп эсептейм.

Мен оюмду башка нукка бургум келет, тагыраак айтканда агайдын жаңы муунга билим жана тарбия берүүгө кошкон эң зор салымы жөнүндө азын-оолак кеп болмокчу.

 Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эң алгачкы чыгармаларынын бири болгон «Биринчи мугалим» повестиндеги негизги идеяны – татыктуу билим менен сыймыктуу илимди камтыган Дүйшөн менен Алтынайдын образдарын биздин агайыбыз жалгаштырып тургандай туюлат.

Анткени, Аманбек Жайнакович да эң биринчи кадамын Ивано-Алексеевка орто мектебинде мугалимдиктен баштап, кийинки турмуш жолунда илимдин жогорку баскычы – академик болууга жеткендиги муну айгинелеп турат.

Аманбек Жайнакович 1996-жылы академик Үсөнгазы Асаналиевичтин чакыруусу менен Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтуна кафедра жетекчиси  болуп келип, ушу күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Албетте, бул биздин университеттин жамааты үчүн чоң сыймык.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Сергей Петрович: «Россия үчүн начар кадрларды даярдоонун көйгөйү илимдин, билимдин жана өндүрүштүн ар кимисинин өз алдынча кеткендигинде» — деп айтканы бар. Менимче, Аманбек Жайнаковдун илим менен билимди айкалыштырмак турсун, күрөө тамырларына чейин бириктириши жогоруда айтылган сөзгө эң сонун жооп болуп саналат. Анткени, агайыбыздын жетекчилиги менен көптөгөн жогорку илимий  даражадагы кадрлар даярдалса, кафедранын студенттери акыркы жылдары катары менен Президенттик стипендияга татыктуу болуп келе жатышат.

Мен бул жерден жаш муундарга эң таасирдүү делген агайдын төмөнкү сапаттарын белгилеп кетким келет:

— агайдын сабак берүү ыкмасы – бул чыныгы илим менен билимдин жуурулушунан жаралган шедевр десем жаңылбайм, сабактын кандай бүткөнүн сезбей, эң жакшы бир чыгарма уккандай ырахат аласың;

— чынчылдыгы  Виктор Гюгонун «Ближе всего к великому стоит честность»  деп айтканындай, эгер агай убада берген болсо, анда  кандай гана татаал маселе болбосун анын өтөөсүнө чыкпай койбойт;

— жогоруда белгилеп өткөн жетишкендиктери агайдын тубаса жөндөмдүүлүгү менен кыл чайнаган максаттуу өжөрлөнгөн эмгегинин үзүрү.

Улуу полководецтердин чакырыгы болгон «За мной!» дегендей, агайыбыз  «Алдыда жүрсө ак жолтой, артта жүрсө сан колдой» болуп, биздин университет үчүн кандай гана маселе болбосун көч башында өзү туруп жол баштайт. Эске сала кетчү нерсе, биздин тоо-кен университети кайра жаралуу босогосунда турганда агайдын түздөн-түз сунушу менен «Кылсаңар университет кылгыла! Болбосо биз мурда деле институт эмес белек», — деп кесе айтып, чегинбей турганы үчүн биз университет болгонбуз.

Агайдын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилесин ушундан билиңиз – ушул күнгө чейин бир да сабагын калтырбай эң жогорку деңгээлде өтүп келет жана окумуштуулар кеңешинин отурумуна себепсиз катышпай койгон учуру эч качан болгон эмес.

Аманбек Жайнаковдун дагы көптөгөн сабак болчу сапаттарын айта берсек болот, бирок мен өзүм күбө болгон агайдын өмүр жолунан бир үзүм гана белгилеп кеттим.

Урматтуу Аманбек Жайнакович! Зобололуу зор 80 жаш кутман жашыңыз кут болсун!

Сизге, үй-бүлөңүзгө, бала-бакыраңызга чың ден соолук, бакыт-таалай каалайбыз!

Сиз өз өмүрүңүздү арнаган элибиз бакубат болсун!

Сиз эл-журтка чындап эмгек кылуунун зор үлгүсүсүз!

Дагы узак өмүр сүрүп, калкыңызга калдайып караан болуп, биз менен Университеттин чоң ийгиликтерине күбө болуп, көч башында туруңуз!

Акылбек Маралбаев,

академик У.Асаналиев атындагы КМТКУнун ректору                                                           

Бөлүшүү

Комментарийлер