ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ШАЙЛАНУУДА

  • 11.12.2020
  • 0

Жаңы жылга чейин төрт жогорку окуу жайында: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, Ош техникалык университетинде жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ректор шайланат. Кийинки жылдын башында шайлоо өткөрүүгө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен Баткен мамлекеттик университети даярданууда. 

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ректор шайлоо бъгън болуп жатат. Бул окуу жайдын башчылык кызматына  беш талапкер ат салышууда. Алардын үчөө ушул эле окуу жайдан болсо, экөө:  Ж.Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперация институтунун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Тултуков Бакытбек, менен  КР УИАнын Суу жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессордун м.а. Чонтоев Догдурбек сырттан келишти. Университеттин ичинен талапкерлигин койгондор: Абдулдаев Дамир, педагогика илимдеринин кандидаты, ЫМУнун машинатаануу жана автомобиль транспорту кафедрасынын доценти, Иманбаев Аскарбек, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун директору. 5-талапкер болсо университеттин буга чейинки ректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдылдаев Курманбек.

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ШАЙЛАНУУДА

Абдылдаев Курманбек

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ШАЙЛАНУУДА

Тултуков Бакытбек

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ШАЙЛАНУУДА

Иманбаев Аскарбек

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ШАЙЛАНУУДА

Абдулдаев Дамир

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ШАЙЛАНУУДА

Чонтоев Догдурбек

АКЫРКЫ ОН ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР

Университетти Абдылдаев Курманбек 2010-жылдан бери жетектеп келди. Бул жылдары алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн  окуу жайдын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө аракеттер көрүлдү. Эң негизгиси Автоматташтырылган маалымат системасы ишке кирип, аудиториялар, кабинеттер, лабораториялар заманбап техникалык каражаттар менен жабдылды. Бул иштер азыр да аткарылып жатат. Мультимедиалык-компьютердик класстар түзүлүп, интерактивдүү такталар орнотулду. Дарс окула турган аудиториялар мультимедиялык проекторлор менен жабдылган. Электрондук окуу материалдарын иштеп чыгуу жана окутуу үчүн видеостудия (E-Leaning студия) жана электрондук класс (E-Leaning классы) керектүү компьютерлер жана байланыш каражаттары менен толукталды. Бардык структуралык бөлүмдөр жана корпустар тез ылдамдыктагы оптикалык Интернетке жана локалдык маалымат желесине туташкан.

Университет мамлекет тарабынан каржыланган илимий долбоорлорго активдүү катышып, акыркы беш жылда алты миллион сомдон ашык каржылоо менен 11 илимий-техникалык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. Мындан сырткары, Эл аралык илимий-техникалык борбордун каржылоосунун негизинде да илимий лабораториялар ачылып, илим изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушул борбордун каржылоосу менен ачылган Молекулярдык-генетикалык лаборатория ар кандай биоматериалдардан ДНК–РНКны бөлүп алууга, нуклеин кислоталарын амплификациялоого жана гель-электрофорез ыкмасы менен детекциялоого арналган заманбап приборлор жана шаймандар менен жабдылган. Мындан сырткары, бул лаборатория илимий изилдөө иштерди жүргүзүүдө жана инфекциялык ооруларды ПЦР-диагностика жасоочу врач-лаборанттардын классификациясын жогорулатууда колдонулууда.

Университет боюнча эмеректердин 75% жаңыртылып, 28,0 млн. сомго бүткөрүлгөн спорттук ден соолукту чыңдоочу комплекс ишке кирди. Айыл чарба техникумунун базасында түштүк кореялык фирма тарабынан 50,0 миң АКШ долларына күнөскана курулду. Азыркы тапта да ар бир корпустун сырткы көрүнүшүнөн тартып ички абалына чейин өзгөрүүлөр, жакшыртуулар тынымсыз  жүрүп жатат.

ЫМУ Европа Биримдигинин ERASMUS+ программасында жана DAAD Немец академиялык алмашуу кызматы, Гете немец маданий борбору, Тынчтык корпусу (АКШ), Кыргызстандагы Сорос фонду, KOICA Эл аралык корей кызматташтык агенттиги, TIKA түрк кызматташтык агенттиги , GIZ Германиянын эл аралык кызматташтык коому каржылаган эл аралык долбоорлорго жана программаларга активдүү катышып келе жатат. Анын жыйынтыгы болуп жаңы программаларды киргизүү жана эски окуу программаларын модернизациялоо саналат. Андан тышкары, окуу процессине жаңы маалымат технологиялар киргизилип, окуу куралдары жарык көрүүдө. Акыркы беш жылда университет Erasmus+ программасынын жети долбоорун ишке ашырууда.

ЫМУда эл аралык байланыштар боюнча иш алып барган  тилдерди окутуу борборлору, E-learning борбору, Туристтик маалымат борбору да кызмат кылат. Тилдерди окутуу борборлорунда Тынчтык Корпусунун, KOICA, TTEÖMER жана Конфуций институтунун ыктыярчылары жалпы Ысык-Көл облусунун тургундарына корей, кытай, англис, орус, түрк тилдерин акысыз окутушат.

MEVLANA, ERASMUS+, DAAD академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде окутуучулар жана студенттер өнөктөш жогорку окуу жайларга барууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер