ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

  • 31.03.2022
  • 0

Аз күндө окуучулардын жазгы эс алуусу аяктап, мектептерде окуу иштери кайрадан улантылмакчы. Мугалимдердин даярдыгынан кабар алуу максатында борборубуздагы Учкун конушунда жайгашкан №89 орто мектепке бардык.

Калктуу конуштун чок ортосундагы заманбап билим очогун оңой таптык. Мектеп директору өз бөлмөсүндө толгон-токой иш кагаздары менен таанышып жатыптыр.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

— Мугалимдик кесипте иштегениме жыйырма жылга жакындап калды. Мурун башка мектепте директордун Мамлекеттик тил боюнча орун басары болуп иштегем. Жетекчилик кызматка тизмеде болчумун.  Ошондон улам бул мектепке директорлукка дайындалдым. Жамаатыбыз абдан ынтымактуу экени жакты. Азыр биздин алдыбызда биринчи класска окуучулардын электрондук каттоосун кынтыксыз уюштуруу, ЖРТны жана мамлекеттик аттестациялоо боюнча сынактарды жогорку деңгээлде өткөрүү милдети турат, — дейт ары жооптуу, ары сыймыктуу орунга жаңыдан дайындалган мектеп директору Топчугүл Худайбердиева.

Айтуусунда бул кызматка чейин окутуучулук иштин казанында кайнап, анын миң түркүн сырларын мыкты устаттардан үйрөнүп, ар дайым жаңычылдыкка жакын болуп, тажрыйбасын байытып, ар түркүн кесиптик сынактарга катышып, ийгиликке да жетип келиптир.

— Айрыкча  COVID — 2019  тушундагы онлайн окутуу агартуучулар үчүн зор сыноо болду. Мен өз предметим боюнча телесабактарды өтүп жаттым. Ошондогу эмгегим бааланып, билим берүү министринин өз колунан ыраазычылык кат алдым.  «Ат чабыш — кыргыздын улуттук оюну» аттуу санарип сабагым  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголия мугалимдери катышкан аймактык сынакта ийгилик алып келди. 400дөн ашуун талапкердин арасынан Эстония, Молдовия жана Грузиядан тандалган калыстар тобунун чечими менен ll даражадагы дипломго  көрсөтүлдү. Сыйлык жогорудагы үч өлкөнүн биринде тапшырылат экен, — дейт мектеп жетекчиси.

Жаңы дайындалган мектеп директору мектепти өзгөртүүнүн, жаңылоонун, анын ишин илгерилетүүнүн эң бир жеткиликтүү жолу деп ар бир мугалимдеги чыгармачылык изденүү аракеттеринин болушун атады.

— Таланты жок бала болбойт. Баланы канчалык деңгээлде мугалим шыктандыра алса, ал ошончо ийгиликке жетишет, — дейт директор.
Учкун конушундагы бул мектепте азыркы тапта 1134 окуучу билим алат. Аларга татыктуу таалим-тарбия берүүдө 60 мугалим талыкпай эмгектенип келүүдө. Мектептин  соцпедагогу Ишеналы кызы Мээримдин маалыматына таянсак, окуучулардын социалдык абалы бирдей эмес. Мектепте социалдык колдоого муктаж 25 окуучу, ата-энеси алыста эмгектенип жүргөн 13 окуучу катталган. Алардын тарбиясына убактылуу жоопкер адамдар менен соцпедагог түздөн-түз иш алып барат экен.

Шаардын башка мектептериндей эле бул мектепте да окуучулар арасынан эмгекте, спортто жана күнүмдүк сабактарда жетишкендиги боюнча алдыда жүргөндөр бар. Окуучулардын ушундай ийгиликтери менен бизди мектептин тарбия иштеринин уюштуруучусу жана музыка мугалими Кубанычбек уулу Бакберген тааныштырды.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

— Биздин мектепте таланттуу балдар абдан көп. Ошон үчүн мектеп парламенти да «Артбилим» деп аталат. Символдорубуз да искусствонун чексиздигин, түбөлүктүүлүгүн билдирет, — дейт ал мектеп парламентинин өзгөчөлөнгөн белгилерин көрсөтүп.

Кубанычбек уулу Бакберген өзү да мектептеги чыгармачыл мугалимдердин сап башында турганын бизге кесиптештери айтты. Теледе да алып баруучу болуп иштеп калган жаш педагог ар бир сабагын өз деңгээлинде музыкалык аспаптардын коштоосунда өтүүгө аракет кылат.

Бул мектепте келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш педагогдордун катарында Кубанычбек уулу Бакберген жалгыз эмес.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

Мектептеги мугалимдер бөлмөсүнөн сабактарына даярданып отурушкан жаш педагогдордун бир тобу менен тааныша алдык. Бул жердеги Омуркулова Элиза география, Таалайбек кызы Айпери башталгыч класс, Ниязова Наргиза физика, Темирболотов Канат англис тили, Бейшеналиев Калыс физика мугалими экен. Жаш педагогдор мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Асылбаева Бурул менен биргеликте сабактын планын талкуулап жатыптыр.
Учурдан пайдаланып аларды сүрөткө да тартып алдык.

— Бизде өзүңөр көргөндөй ушундай иш десе ишке тойбогон жаш педагогдор иштешет. Ар бирине насаатчы мугалимдер бекитилип берилген. Мугалимдерибиз кесиптик билимин жогорулатып турушат. Жакында эле интерактивдүү окутуу усулдары жана компетенттүүлүк боюнча бир топ мугалимдер өз билимин жогорулатып келишти. Окуп жаткандары да бар, — дейт директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

Усулканадан чыгып биз англис тили каанасына бардык. Жаш педагог Темирболотов Канат интерактивдүү панелди өз сабагында кантип колдонорун көрсөтүп берди.

— Интерактивдүү панель менен сабак өткөн абдан жеңил. Колдонушу жагынан телефонго окшош. Бардык керектүү окуу материалын жүктөп алса болот, — дейт ал.

Интерактивдүү панелдин мугалим жана окуучулар үчүн пайдасы зор экенин байкадык. Эң башкысы, сабакта зарыл маалыматты издеп табууда убакытты үнөмдөөгө болорун билдик.
Бул мектептеги окуу кааналары менен таанышып жүрүп биз азыркы сабакты технологиясыз элестетүүгө болбостугун түшүндүк. Орус тили жана адабияты мугалими Сооданбекова Жаңыл өз кабинетиндеги принтер менен ноутбукту өз акчасына сатып алганын айтат.

— Ар бир сабакка көрсөтмө куралдар керек болот. Анан ар бир жолу эле Аламедин базарына барып,  керектүү кагазды чыгарып келе албайт экенсиң. Акчаң да, убактың да кетет. Үйдөгү жолдошум мага жардам кылып, ушуларды сатып берди, — дейт мугалим.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

Башталгыч класстар каанасында тажрыйбалуу педагог, Билим берүүнүн мыктысы, 3″в»классынын класс жетекчиси Көчөрбаева Рысбү «Окуу керемет!» долбоорунун стратегиялары менен сабагына даярданып жатыптыр.

— Бул долбоордо бир топ алгылыктуу стратегиялар бар экен. Айрыкча математиканы окутууда белгилүүлөрдү, белгисиздерди өз-өзүнчө бөлүп бергени окуучуларга бат түшүнүүгө жардамы тийип жатат. Окуу боюнча да ушул стратегияларды колдонсо болорун байкадым, — дейт мугалим.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БАР

Окутуу орус, кыргыз тилинде жүргүзүлгөн бул мектепте окуучулар адабий китептер менен жетиштүү санда камсыз болуптур. Китепканачы эже китепканада кыргыз класстары үчүн 800, ал эми орус класстары үчүн 1000 даана адабий китептер бардыгын айтты.
Мектептин ички жасалгасы, текчелерге коюлган бөлмө гүлдөрү, бардык жердеги тазалык көргөн адамдын көңүлүн көтөрөт.

— Эртең район акимин күтүп жатабыз. мектептердин окууга даярдыгы менен таанышканы келет экен, — дейт мектеп директору мугалимдерге жакын арадагы тапшырмаларды берип жатып.
Бул, албетте, мугалимдердин түмөн-түйшүктүү ишинин бир эле үзүмү…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер