ВАУЧЕР СИСТЕМАСЫНЫН КАНДАЙ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ БАР?

  • 27.02.2023
  • 0

Билим берүүнү каржылоонун ваучердик модели азыркы мектеп реформасынын эң башкы талаптарынан болуп эсептелет. Бул тууралуу өлкө башчысынын билим берүү тармагынын азыркы жетекчиси менен жолугушуусунда да баса белгиленди.

ВАУЧЕР СИСТЕМАСЫНЫН КАНДАЙ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ БАР?

Билим берүүнү каржылоодогу ваучер системасы

Баарынан мурун ваучер деген эмне экенинин ачыктап алсак. «Ваучер» англис тилинен которгондо «кепилдик», «тил кат» дегенди түшүндүрөт. Билим берүү ишинде ваучер ата-эненин мамлекет менен түзгөн келишими болуп эсептелет. Мамлекет ваучер аркылуу өз жаранына түздөн-түз акча которуусуз окуу курсун сатып алуу укугуна кепилдик берет. Бул учурда мамлекет билим берүү мекемесине акча которуу жолу менен окуу акысын жарым-жартылай же толук төлөп берүүгө милдеттенет.

Ата-эне баласын кайсы мектепке жиберүүнү өзү тандай алгандыктан жана мектепти каржылоо бул схема боюнча окуучулардын санына түздөн-түз көз каранды болгондуктан, мектептер окуучулар үчүн атаандашууга аргасыз болушат.

Мындан тышкары, ваучер калктын жакыр катмарына даректүү колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, ошону менен коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашырууга салым кошот.

Ваучерлер – ар кандай киреше деңгээли бар адамдардын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын механизмдеринин бири.

Билим берүүдө каржылоонун ваучер модели керектөөчүлөрдүн тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, билим берүү системасында рыноктук мамилелерди өнүктүрүүнү, билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууну, билим берүү чөйрөсүндөгү каржылык агымдардын ачыктыгын камсыз кылууну көздөйт.

Каржылоонун бул ыкмасында мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө, мектеп администрациясын кармоого, же мугалимдердин эмгек акысын төлөөгө эмес, биринчи кезекте — билим берүү жараянындагы башкы фигура — окуучу балага көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилет.

Ал эми Кыргызстанда азыркыга  чейин мугалимдер класстагы окуучулардын санына карап эмес, жума ичинде окуткан сабактарынын санына жараша маяна алышат.

— Мектепке бөлүнгөн акча биринчи иретте мугалимге же мектеп имаратына эмес, ар бир окуучуга багытталып бөлүнүшү керек. Ошондо гана мектептин таалим-тарбия ишинде жылыш болот. Биз көп учурда мектеп кимдики экенин унутуп коебуз. Мектеп — бул мугалимдики да, директордуку да эмес! Ал баарынан мурун — окуучунуку! — дейт билим берүү адиси Рашид Шакиров.

Чет элдик тажрыйбадан сабак алсак

Билим берүү ваучерлерин киргизүү тажрыйбасы бир катар өлкөлөрдө өз жемишин берүүдө. Адатта ал жакта каржылоонун мындай новатордук модели эң кеңири тараган схема «акча студентти ээрчийт» принциби аркылуу ишке ашырылып келет. Ваучердин баасы окутуунун орточо баасы менен аныкталат.

— Билим берүү тармагы жакшы өнүгүп жаткан өлкөлөрдө ашыкча борбордоштуруудан качып, мектептерге, ата-энелерге, балдарга тандоо, чечим чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү берилип жатат. АКШ, Улуу Британия,  Финландия, Сингапур, Грузия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы билим берүү секторуна ваучердик механизмди киргизүү бул тармакты жакшыртуунун өтө эффективдүү жолу экендигин көрсөттү, — дейт билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков.

Чындыгында эле, 1981-жылдан бери Улуу Британиядагы мектептерде ваучер программасы бар. Анын максаты — жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу студенттерге сапаттуу билим алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү. Алар Билим берүү жана илим департаментинде катталган өз алдынча мектептерде окуу акысын төлөө үчүн каржылык колдоо алышат.

1992-жылы ваучердин баасы жылына орточо 3500 долларды түзгөн. 1995-жылы бул программага 294 өз алдынча мектептен 29 800 окуучу катышкан. Программага жыл сайын 5000ге жакын жаңы студенттер кошулат, алардын көбү 11-13 жаштагылар.

Мектепте билим берүүдө жолдомолорду колдонуу тажрыйбасы кийинчерээк кесиптик билим берүү мекемелерине (коомдук колледждерге) жайылтылган. Ваучер программасы студенттерге билимдин керектүү деңгээлин көрсөтүү менен окуу жай менен окуу үчүн жеке келишимдерди түзүү жолу менен колледжди тандоого мүмкүндүк берди.

Улуу Британиядагыдай эле Чилиде билим берүү ваучерлери биринчи жолу 1981-жылы пайда болгон. Аларды киргизүү бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, атап айтканда, ваучерлерди киргизүү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деп болжолдонгон.

Ваучерлердин пайда болушу менен жеке менчик мектептерде окуучулардын саны бир топ көбөйдү. 1990-жылы Чили өкмөтү билим берүүгө жумшалган чыгымдарды көбөйтүп, ваучердин баасын жогорулаткан. Натыйжада, негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окуган мектептер даректүү каржылык жана техникалык колдоо алышты.

Ваучерлерди иш жүзүндө колдонуу аракети АКШнын бир катар штаттарында жасалган. Эң ийгиликтүү мисал —  1990-жылы ишке ашырылган Милуоки мектебинин «Милуокидеги ата-энелердин тандоо программасы». Программаны киргизүүдө калктын эң жакыр катмарына каржылык колдоо жетпей калабы деген коркунуч жаралган.

Бирок, программанын жыйынтыгы эл күткөндөн да жогору болду. 10 жылдын ичинде  программага 8000 студент камтылып, 1994-жылы бир ваучердин баасы  2900 долларды түзгөн.

Дагы бир  «жеке менчик мектептер эң жөндөмдүү студенттерди гана кабыл алат» деген чочулоо бар болчу. Программа алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ортосар  студенттерине да жеке мектептер ар кандай окуу программаларын сунушташкан.

Ваучердик схеманын дагы бир артыкчылыгы анын жыйынтыгына ата-энелердин канааттануусу, атап айтканда, окуу процессинин уюштурулушу жана окуучулардын тартибин жогорулатуу болду.

1992-жылдан бери Колумбиянын мектептеринде да билим берүү ваучерлери колдонулуп келет. Алгач ваучердик программалардын киргизилишине мамлекеттик орто мектептерде орундардын жетишсиздиги себеп болгон.

Алар алгач ваучерди  6-класска баруучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн колдонуп көрүшөт. 1994-жылга карата программа 100 000 ге жакын окуучусу бар 1789 жеке менчик мектептерди камтыган.

Мындан тышкары, программаны ишке ашыруунун алгачкы этабында жүргүзүлгөн текшерүүлөр чындап эле калктын эң муктаж катмарына материалдык жардам көрсөтүлүп жатканын көрсөттү.

Ваучердик программанын киргизилиши аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучуларына жеке менчик мектептерде билим алууга мүмкүнчүлүк түздү жана ошол эле учурда мамлекеттик мектептерде окуучулардын ашыкча санда билим алуу көйгөйүн чечет.

Өлкө ичиндеги алгачкы аракеттер

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ЮСАИДдин PIKS долбоору (2005-2006-жж) аралыгында билим берүү системасында каржылоонун жаңы механизмин ишке ашыруу аракеттерин көргөн.

Кийинчерээк, ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору бул саамалыкты Чүй облусунун 300 мектебине жайылтып, мектеп мугалимдерине, администрациясына, айыл өкмөт башчыларына, эсепчилерине жаңы механизм боюнча жетиштүү билим берген семинар-тренингдерди уюштурду.

Чүй облусунун мектептеринде мектеп бюджетин ар тараптан талкууга алган бюджеттик угуулар өтүп, алардын ишине мугалимдер, мектеп администрациясы, Камкорчулар кеңешинин активдүү мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, эсепчилери, ата-энелер, окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тегиз катышкан.

Буга удаалаш мындай мазмундагы аракеттер Бүткүл Дүйнөлүк Банктын «Айылдык билим берүү» долбоору аркылуу республикабыздын Ысык-Көл, Баткен облустарында ишке ашып, коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болгону белгилүү.

Каржылоонун жаңы системасында топтолгон тажрыйбага таянып, Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылдан баштап жан башына каржылоо системасын Ош жана Бишкек шаарларында Европалык Союздун көмөгү аркылуу жайылта баштаган болчу.

Тилекке каршы, бардык эле мектептер бул ишти шыр колго алып кетишпеди. Үнөмдөлгөн акча көпчүлүк учурда айыл өкмөтүнүн эсебинде калып, Каржы министрлиги да үнөмдөлгөн акчадан ар кандай эсептөөлөрдү жүргүзүү аркылуу өз пайдасына өөнөп кирди.

Бул көрүнүш, албетте, Билим берүү жана илим министрлигинин орундуу тынчсыздануусун пайда кылган болчу.

Жыйынтыктап айтсак, каржылоонун жаңы модели бизге төмөнкү артыкчылыктарды берет:

1. Ваучер системасында акча мектепке окуучу санына карап бөлүнөт. Демек, мектептер ортосунда атаандаштык күчөйт.
2. Жаңы моделде мугалимдин ишке болгон жоопкерчилиги жогорулайт. Мектепте тийди-качты эптемей сабак берген мугалимдер болбойт.
3. Рентабелсиз мектептерди жыл сайын кура берүүдөн кутулабыз. Мектеп салуу маселесин жергиликтүү бийлик органы эмес министрлик  чечет.
4. Предметтик сабактардын саны кыскарып, окуучулардын окуу жүктөмү азаят. Финляндиядагыдай 684 сааттын тегерегинде окуп калабыз.
5. Бөлүнгөн акчага коомдук көзөмөл күчөйт. Жаңы системада ар бир тыйындын өз орду бар жана буга мугалимдер менен катар Камкорчулар же Байкоочулар кеңештери көзөмөл кылат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер