ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

  • 01.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын жеке менчик жана үй-бүлөлүк бала бакчаларга баруу көрсөткүчүн көтөрүү үчүн жалпы эсеби 1000 ваучердик орун чыгарууну пландап жатат. Коомдун талкуусуна коюлган КР Министрлер Кабинетинин Токтом долбоору бала бакчаларга ваучер механизмин пилоттук апробациялоо жана андан кийин кеңири жайылтуу аркылуу мектеп жашына чейинки бөбөктөрдү бала бакча менен камсыздоону жана жумушчу орундарын көбөйтүүнү көздөйт. 

ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Ваучер деген эмне?

Билим берүү жана илим министрлиги 1-сентябрдан тарта мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун пилоттук ваучердик механизмин киргизет. Ал эки жыл аралыгында иликтенип, жыйынтыгында республикага жайылтылат. Ваучердик механизмди иштеп чыгуучулардын айтымында, бул ыкма балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын жогорулатып, жумуш орундарын көбөйтүүгө шарт түзөт.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек Нишарапов пилоттук апробация учурунда жалпы эсеби 1000 ваучердик орун чыгаруу жана ал ваучерлерди жеке менчик жана үй-бүлөлүк бала бакчаларга баруу үчүн балдарга берүү пландалып жатканын кабарлады.

— Министрлер Кабинетинин Токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми пилоттук апробациялоодон өткөрүлөт.

Ваучер — бул билим алуу үчүн кандайдыр бир суммага чегерилген купон же билет. Ваучердик каржылоону мектепке чейинки билим берүү тармагына киргизүүнүн максаты: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камтуу, калктын аяр катмарына билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Ваучердик механизм аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматын алуучу деп ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук платформасында катталган жана ваучердин ээсинин статусун алган мектепке чейинки курактагы бала эсептелет.

Ваучердик каржылоо киргизилсе, ваучер ээси менчиктин түрүнө карабастан жеке же мамлекеттик билим берүүчү уюмду тандай алат жана окуу акысын төлөөдө ушул билетте көрсөтүлгөн суммадагы окуу акысын төлөй алат.

Бул механизм Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы үчүн жаңы жана буга чейин иш жүзүндө колдонулуп келген эмес. Ошол себептен биринчи пилоттук апробациядан өткөрүү зарыл.

100 орундуу бала бакча куруу үчүн бюджеттен орто эсеп менен 35-40 млн сом коротулат. Балдарды 100 пайыз бала бакча менен камсыз кылуу үчүн кыска мөөнөттө көп бала бакча куруу жана ал бала бакчалардын күнүмдүк чыгымдарын камсыздоо азыркы күндө мүмкүн эмес. Ошол себептен мына ушундай башка альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл, — дейт адис.

Анын айтымында, ваучердик каржылоо баарына эркин тандоо берет жана мында баарынын мүмкүнчүлүктөрү теңдештирилет. Билим берүүчү уюмдардын ортосунда атаандаштыкты жаратып, билим кызматын, сапатын жакшыртуу үчүн шыктандырат. Ийкемдүүлүккө шарт түзөт. Эгерде азыркы күндө мамлекеттин каражаты мамлекеттик бала бакчаларга гана коротулуп келсе, ваучердик каржылоо учурунда каражат окуучунун, баланын артынан ээрчийт.

ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Ким ваучер ээси боло алат?

Биринчиден, жеке бала бакчаларда бир жаштан алты жашка чейинки балдар, ал эми үй-бүлөлүк балдар бакчаларында эки жаштан алты жашка чейинки балдар ваучер ээси боло алат. Ваучер алууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана Баткен районунун калктуу конуштарында жашагандар артыкчылыкка ээ боло алат.

Ваучерди алуу үчүн ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр министрликтин электрондук платформасында каттоодон өтүп, идентификациялык жеке номери (ИЖН), аты-жөнү, паспортунун маалыматтары, уюлдук телефон номери, электрондук почтасы керектелет. Ошондой эле баланын толук аты-жөнү, туулган жылы, баланын жынысы, ИЖН, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери жана үй-бүлөнү аз камсыз болгон деп таануу жөнүндө аймактык социалдык коргоо органдарынын маалымкаты тиркелүүгө тийиш.

Маалыматка ылайык, пилоттук сыноо учурунда жалпы билим берүү уюмунун мектепке чейинки даярдоо классына кирүү алдында бир жашка чейинки куракка жеткен бала бир ай бою жүйөлүү себептери жок болгон учурда жана пилоттук райондун/шаардын чегинен тышкары мектепке чейинки билим берүү кызматын алуучунун жашаган жери алмашкан учурда ваучер белгилөө токтотулат.

Алмазбек Нишараповдун айтымында, ваучердик каржылоо механизмдерин пилоттук апробациядан өткөрүү учурунда жаңы түрдөгү бала бакчаны да сынап көрүшмөкчү.

— Биз ваучердик каржылоо механизмдерин иштеп жатканда башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын да изилдеп чыктык. Алсак, Өзбекстанда үй-бүлөлүк типтеги бала бакча ийгиликтүү ишке ашырылганын көрдүк. Ошол себептен пилот учурунда мындай бала бакчанын түрүн изилдеп көрүп, ийгиликтүү болсо, республика боюнча кенири жайылтуу пландалууда. Кыскача айтканда, үй шарты ылайыктуу педагогикалык билими бар адис өз үйүндө бала бакча ачып, 8 баладан 10 балага чейин окута алат. Бул педагогдун кызмат акысы ваучердик билет аркылуу ар бир бала менен ай сайын берилип турат. Үй-бүлөлүк бала бакчалар боюнча да жобо бекитилет, — деди Алмазбек Талантбекович.

Ваучер алуу процесси кандай жүрөт?

Пилоттук апробация учурунда эки категориядагы ваучердик билеттер чыгарылат. Биринчи категория аз камсыз болгон жана алыскы тоолуу, чек ара аймагында (Баткен облустунда) жашаган калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөр үчүн жана экинчиси жөнөкөй ваучер болот. Экөөнүн айырмасы каражаттын көлөмү боюнча билинет. Жөнөкөй ваучер окутуу процессине, мисалы, педагогдун айлыгы, комммуналдык чыгымдар, окуу куралдарын сатып алууга байланыштуу каражаттарды камтыйт. Калган чыгымдар, мисалы, баланын тамак-ашына жана өздүк гигиенага кеткен чыгымдар ата-эненин каражатынан төлөнөт. Аз камсыз болгон, алыскы тоолуу жана чек ара аймагында жашаган үй-бүлөлөр үчүн ваучер бардык чыгымдарды камтыйт.

Ошондо биринчи категориядагы үй-бүлөлөр жеке менчик бала бакча үчүн төлөөчү төлөмдөр 68900 сомду, үй-бүлөлүк бала бакча үчүн 83 060 сомду түзсө, экинчи категориядагы, б.а. калктын калган катмары үчүн төлөмдөр жеке менчик бала бакча үчүн 47 160 сомду, үй-бүлөлүк бала бакча үчүн 61 380 сомду түзөт.

Пилоттук апробация өткөрүү алкагында 1000 даана ваучер чыгаруу пландалууда жана бул иш-чарага 2024-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин 25 млн сом каражат талап кылынат. 2025-жылы 74,4 млн сом, 2026-жылдын 1-январынан 1-сентябрына чейин 49,6 млн сом каражат талап кылынат.

Ваучердик каржылоо механизмдерин пилоттук апробациядан өткөрүү учурунда республиканын бардык аймактарындагы жарандар пилоттук апробациялоого катыша алат.

— Балдарды бала бакчага кабыл алуу үчүн атайын санариптик платформа бар, ал жерде азыркы күндө ваучердик каржылоого ылайыктоо процесси жүрүүдө. Ваучер алууну каалаган жарандар ошол платформада каттоодон өтүүсү зарыл. Анда бала жана ата-эне тууралуу маалыматтар камтылат. Ошондой эле жеке менчик бала бакчалар ваучер аркылуу балдарды окутууну кааласа, алар да ошол платформадан каттоодон өтө алат. Ошол эле платформадан каалаган жеке менчик бала бакчаны же үй-бүлөлүк типтеги бала бакчаны тандаса болот. Ваучердик билет алгандан кийин, ата-эне менен бала бакчанын ортосунда келишим түзүлөт. Андан кийин бала ошол тандаган бала бакчага бара баштайт жана ваучер боюнча каражат ай сайын ошол бала бакчага которулуп турат. Санариптик платформа бала бакчага барып жатабы, же бала башка бакча алмаштырдыбы, ата-эне көрсөтүлгөн кызматка канааттандыбы ж.б. ушул сыяктуу окуу процессине тиешелүү бардык кыймылдарды көзөмөлдөп турат.

ВАУЧЕР МЕХАНИЗМИ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Ваучер ээсинин укуктары жана милдеттери

Үй-бүлөлүк бакчага мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдарды кабыл алууга жол берилбейт.

Мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна киргизүү үчүн электрондук кезекте турган бала үй-бүлөлүк бакчага киргизилиши мүмкүн, бирок мында анын кезеги жокко чыгарылат.

Үй-бүлөлүк бакчага киргизилген бала ваучердик каржылоо механизмин пайдалануу менен мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн башка уюмга окуу жылында эки жолудан ашык эмес которулууга укуктуу.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жолдомонун базалык наркы Министрлер Кабинети бекиткен региондук коэффициентке жараша өлчөмүн жогорулатат.

Инклюзивдик билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн ваучердин базалык баасы 1,75 эсеге көбөйөт.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо механизминин моделин пилоттук апробациялоо мезгилинде ваучердик каржылоо механизмине катышкан мектепке чейинки билим берүү уюмдары көзөмөл органдары тарабынан текшерилбейт жана белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча финансылык отчеттуулукту тапшырбайт. Ошондой эле мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар коммерциялык банктарда акы албастан тейленет.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 988,8 миң баланын ичинен 220 миң бала, же 22,2% гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтылган. 1 жаштан 6 жашка чейинки 768,8 миң бала мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тышкары калууда. Аларды толук камтуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 2746 имаратын куруу зарыл, бул азыркы шарттарда иш жүзүндө мүмкүн эмес. Ошондуктан, түзүлгөн шарттарга байланыштуу мамлекет балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтуу үчүн ваучердик каржылоо аркылуу жеке менчик бала бакчалардын инфраструктурасын пайдаланууну көздөп жатат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер