“УЗАРТУУ ЭМЕС, ДҮЙНӨГӨ ТЕҢДЕШҮҮ”. КЫРГЫЗСТАН МЕКТЕПТИН 12 ЖЫЛДЫК МОДЕЛИНЕ КӨЧӨТ
- 17.03.2024
- 0
Кыргызстандын Министрлер Кабинети жалпы орто билим берүү системасын 12 жылдык моделге этап-этап менен көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган мамлекеттин билим берүүнү трансформациялоо программасынын эң маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Андан мурда бул маселе президент катышкан жыйында да каралып, Садыр Жапаров чечкиндүү колдоого алды. Эми бул демилге Жогорку Кеңеште жана коомчулукта колдоо табышы керек.
Ал үчүн эң оболу элге туура маалымат жеткирүү абдан маанилүү. Анткени эки жылдан бери талкуунун жаагы басылбай келди, өзгөчө каршылык Жогорку Кеңеште болгону белгилүү. Депутаттар элдин камын ойлогонун көрсөтүш үчүн эле маселени түшүнүп-түшүнбөй эле каршы чыгышкан. Алардын эң башкы жүйөсү — азыркы он бир жылдыкка акча жетпей атканда, 12 жылга узартуунун кереги барбы дешет.
“Орто мектептин окуу жылын бир жылга УЗАРТЫП – 12 жыл кылып жатышат” деген туура эмес!”,-деп жазды Фейсбукка Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
“Биз болгону баштапкы, мектепке даярдоо жылын алып салдык (нөлүнчү класс). Учурда анын орундан орто мектептеги окуу жылы 1-класстан баштап 12-класска чейин деп гана өзгөрттүк. Себеби дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык өлкөлөр ушул системада, айрыкча өнүккөн өлкөлөр. Келечекте балдарыбыз билим алуу тармагында башка мамлекеттер менен тең ата болсун десек, бул системаны колдошубуз милдет”.
Расмий маалыматка караганда, 12 жылдык моделге көчүү жолу жакшы талдоодон өткөн, кеп аны элге туура жеткирип ишке ашырууда турат. Азыркы мектепке даярдоо класстары (нөлүнчү) биринчи класс деп аталат, калгандары автоматтык түрдө бирге жогорулап өзгөрөт.
Балдар алты жаштан мектепке бара баштайт жана жүз пайыз тартылат. 6-9-класстарда функционалдык сабаттуулукка – турмуштук кырдаалды чечүү үчүн билгичтиктерин, жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн калыптандырууга орчундуу көңүл бурулмакчы.
Ал эми 10-12-класстардын негизги багыты бир жагынан адистештирилген мектептер (физика-математика, лингвистика, программалоо), экинчи багыты кесипке окутуу (минимум – тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста, мейманкана сервиси) болуп калмакчы.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Кыргызстан жаңы мектеп моделине көчүүгө даяр экенин билдирди.
“Даярдык бар ар бир мектепте бар. Учурда 0 класска 100.000 ден ашык бала тартылган жана балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800.000.000(сегиз жүз млн) сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 млн.400миң сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо, дээрлик биринчи класска келген 157.000 окуучунун 80% даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүү калган 20% бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт», – деп жазды министр социалдык медиадагы баракчасында.
Кыргызстан жалпы орто билим берүү системасын модернизациялай албаса, анда өркөнү өскөн алдыңкы мамлекеттердин жолуна түшө албайт, жакындабайт. Анткени БУУга мүчө 193 өлкөнүн 150 он эки жылдык билим берүүгө өткөн. Анын ичинде Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстан да бар. Бул деген кыргыз жаштарына ушунча өлкөнүн эмгек рыногуна жол ачылат дегендик.
Министрдин өзөктүү суроолорго берген так түшүндүрмөсүнө коомчулуктун реакциясы да жакшы болууда.
«Эң сонун, бил демилге биринчиден буга чейин элге туура эмес түшүндүрүп алгандыктан колдоо тапкан эмес, экинчиден, «кабыл алуучулар» өздөрү түшүнгөн эмес. Азыркы мектепке даярдоо класстарын 1-класс кылып кабыл алып баштоо учурдун талабы. Туура болду»,-деп жазды Фейсбукта Нарындан Улан Турсунов.
“Алтын казык” – айкын багыт
Билим берүү жана илим министри өлкөнүн билим берүү системасын азыркы тездик менен өзгөрүп жаткан доордун талабына ылайык модернизациялоону максат кылууда. Жаңы эле жарыяланган “Алтын Казык” программасында ушул өзгөрүүлөрдүн башкы багыттары каралды.
Бул 12-жылдык окутуу системасына өтүү, окуу китеп көйгөйүн эки жылда чечүү, бала бакчалар менен камсыздоону ушул жылы 40% жеткирүү, мектептик билим берүүнүн мазмунун заманбап жаңылоо, дүйнөлүк алдыңкы билим тажрыйбаларын жайылтуу. Ошондой эле кесиптик билим берүү тармагында эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоо жана билим берүүнүн мазмунун жана технологиясын сапаттуу өзгөртүү милдети турат.
Билим берүү тармагынын акылгөй адистери мектептик билим берүүнү он эки жылдык моделге көчүрүүнүн зарылдыгын жана маанисин көрүп билип турушат.
Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын башчысы М.К.Иманкулов жакында эле “Кут Билим” гезитине 12 жылдык моделге көчүүнүн өзү иштеп чыккан концепциясын жарыя кылган эле.
“XXI кылымда – жогорку технологиялуу маалыматтык коомдун шартында, мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн адамдык потенциалдын сапатын, калктын билиминин жана маданиятынын деңгээлин жогорулатуу зарыл. Кыргызстандын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кириши үчүн, ата мекендик билим берүү стандарттарын дүйнөлүк коомчулуктун нормаларына ылайыктоо жалпы орто билим берүүнүн узактыгын кеминде 12 жыл кылуу талап кылат. 6 жашар балдарды мектепте окууга толук камтуу, баланын толук өнүгүшү үчүн психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жеткиликтүү пайдаланууга мүмкүндүк берет. Алты жаштагы балдардын бардыгын 6 жылдык мектеп программасына тартуу бул курактагы балдардын өз убагында сапаттуу мектептик билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдейт”,-дейт Мурат Иманкулов.
12 жылдык билим берүүгө өтүү окуучулардын кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн толугураак эсепке алууга жана билим берүүнүн деңгээли боюнча окуу материалын сарамжалдуу түрдө кайра бөлүштүрүүгө, жекече билим алууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Ошондой эле эмгек рыногундагы атаандаштыктын шарттарында дайыма эле жумуш таба албаган 17-18 жаштагы жаштар үчүн, экономикалык жактан пайдалуу өбөлгөлөрдү түзөт.
Билим берүүнү модернизациялоо планы бир эле учурда колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет.
“Билим-шоу” жылдыздары жана чайкоочулук
Ош мамлекеттик университетинин профессору М. Мамаюсупов мамлекеттик стратегиялык тармак болуп саналган билим берүүнү түшүнбөсө деле жалпы агартуучулардын атынан күйүп-жанган “Билим-шоу жылдыздары” менен ээн-ооз саясатчылардын коомчулукту ары-бери чайкаган аракети болуп жатканын айтууда.
“Эгемендик жылдарында мектеп билим берүү тармагында жүргүзүлгөн реформаларда, окуу предметтери окуучулар менен коомчулуктун муктаждыктарына карата эмес, пландалган саат өлчөмдөрүн педагогикалык чөйрөдөгү өз ара бөлүштүрүү тартыш-талаштарындагы үстөмдүк үндөрүнө жана коомчулуктун сезимдеринойноо менен саясатка аралашууга ниеттенген ээн ооз көчө бирикмелери менен демократтарын таасирлерине жараша чечилип келген. Натыйжада, ал предметтердин окуучулардын келечек жашоосуна пайдасы тийеби же тийбейби деген суроо чечилбей кала берген.
Өлкө жоопкерчилигин жеке моюнуна алган президентибиз бардык тармактар боюнча жаралган көйгөйлөрдү тамырынан кыркып, кайра жаралбай тургандай чечүүнү талап кылып, өзүнүн чечимдери менен аткарган иштеринде далилдеп жатканын билебиз. Ошондуктан, бул долбоорду саат талашуучулар менен саясат оюнчуларынын талкуу-талаштары талаасында эмес, заманбап технологияларды колдонууга, жасоого кудуреттүү окуучулардын, өлкө экономикасын реалдуу өнүктүрүүгө шык берүүчү илимий-техникалык прогресстин талаасында чечүү зарыл”,-дейт Маккамбай Мамаюсупов.
Соңку сөз
12 жылдык билим берүү моделине көчүүнү ишке ашыруу үчүн алдыда көп иш турат. Эң оболу «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга толуктоолор киргизилет жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштелип чыгат. 12 жылдык жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик (улуттук) стандартын иштеп чыгуу, предметтик стандарттарды кайра карап чыгуу керек болот. Мындан сырткары, окуу-методикалык жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жагы ансыз деле түшүнүктүү. Бул жагынан мамлекеттин казынасында каражат көбөйүп, билим берүүгө аянбай берилип жаткан убак.
Мугалимдердин эмгек акысы 2022-жылы биринчи жолу 80-100 % жогорулады. 2023-жылы эле 79 жаңы мектеп курулду. Азыркы учурда өкмөт өлкөдөгү мугалимдердин баардыгына бүт бардык ресурстар менен иштеген атайын ноутбуктарды сатып бере турганын жарыя кылды. Тармактык министрлик «Окуу китеби» басма үйүн түзүп, Кембрирдждин окуу стандарттары менен Сингапурдун педагогикалык технологияларын киргизип, 46 окуу китебин (физика, математика, химия, биология, англис тил) үч жылда которуп, жергиликтүү өзгөчөлүккө адаптациялап берген жатат. Президент окуу китепке байланышкан көйгөйдү эки жылда чечүү тапшырмасын берип, керектүү каражатты таап берүүнү Министрлер Кабинетине тапшырды.
Кубатбек Чекиров, «Кут Билим»
Комментарийлер