УЮШТУРГУЧ ЖЕТЕКЧИ, ПАТРИОТ ИНСАН ЭЛЕ

  • 09.08.2022
  • 0

Сузак районунда Балташ Борбукеевдин ысымы улуу муундарга жакшы тааныш. Агартуучулук жолунда катардагы мугалимден баштап, мектеп директору жана башка бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган ал адамдын ысымын жердештери Благовещенка айылындагы А.Гайдар атындагы орто мектепке ыйгарууга ниеттенишүүдө.

УЮШТУРГУЧ ЖЕТЕКЧИ, ПАТРИОТ ИНСАН ЭЛЕ

 

Бардык сыноолордон татыктуу өткөн

Балташ Борбукеев 1938-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы аймагына караштуу Ак-Терек айылында жадыраган жаз айында, 12-мартта жарык дүйнөгө келген. Өзү туулуп-өскөн айылдагы мектептен орто билим алган соң, алгачкы эмгек жолун 18 жашында Сузак районундагы Жийде башталгыч мектебинде улуу пионер жетекчиси болуп иштөөдөн баштаган. Идиректүү уландын уюштургуч сапаты көз жаздымда калбай, өзү иштеген эмгек жамааты демилгечи болуп, анын андан ары билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүп беришкен. Ал кезде жоопкерчиликтүү, сабаттуу жаштарды ишке алуунун мына ушундай салт болуп калган мыкты ыкмасы бар болчу. Келечектүү андай жаштарды тымызын даярдап, бышырып, кызматтык даражасын улам жогорулатып, колдоо көрсөтүп турушар эле. Жада калса, катардагы мугалим болуп иштетүү үчүн такшалтып, окуучулар менен иштей тургандыгына ынанып, анан барып мугалимдик ишке дайындашчу.

Балташ Борбукеев өзүнө артылган мына ушундай жогорку ишенимди толук актай алды десек болот. Ал пионер жетекчисинен кийин Ак-Булак башталгыч мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеп жүрдү. Ал ортодо Советтик Армиянын катарында мекен алдында атуулдук бийик вазийпасын абийирдүүлүк менен аткарып келди. Бул да жигиттик сапаттарды аныктай турган дагы бир сыноо эле. Ушул мезгил аралыгында өзүнүн келечеги мугалимдик экенине толук ынанган жаш улан, жогорку билим алуу максатында Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайынан, кийин Оштогу педагогикалык институтунда билимин өркүндөтүп, география мугалими адистигине ээ болгон.

Жогорку билим алган соң, мугалимдик чыйырын Сузак районундагы Орто Азия мектебинде дене тарбия сабагынын мугалими болуп иштөө менен улантып, ал жерде төрт жыл иштеп, өзүнүн билимин, мыкты уюштуруучулук сапатын, ишке болгон жоопкерчилигин жана эмгек жамаатындагы бийик аброюн иш жүзүндө көргөзө алды десек болот. Айткандай эле район жетекчилиги Балташ Борбукеевди 1964-жылы ошол эле райондогу Дзержинский атындагы орто мектебинин директорлугуна дайындаган. Балташ Борбукеевич ал жерде иштеген беш жыл ичинде келечек муундарга терең билим, мыкты тарбия берген мугалим да, мугалимдер жамаатын башкара билген мыкты жетекчи да экендигин далилдей алды. Оозго аларлык ийгиликтерди жаратып, ошол кездеги райондун алдыңкы жетекчилеринин катарына кошулду.

УЮШТУРГУЧ ЖЕТЕКЧИ, ПАТРИОТ ИНСАН ЭЛЕ

Балташ Борбукеевдин жетекчилик изги тажрыйбасын туура багытта пайдаланууну көздөгөн райондун жетекчилиги аны 1969-жылы Кыргызстан Компартиясынын Сузак райондук комитетинин инструкторлук кызматына чакырган. Ал кездерде мындай кызматка өтө жоопкерчиликтүү, мыкты уюштургуч сапаттарга ээ болгон кадрларды гана тандап алышчу. 

Атам иштеген мектеп бизге ыйык көрүнөт

Атасы Балташ Борбукеевдин агартуу тармагына, деги эле мекен алдында сиңирген ак эмгеги тууралуу анын уулу Байдылда Борбукеев бизге буларды айтып берди.

— Менин атам союз маалында алгач катардагы мугалим, андан кийин Гайдар атындагы мектептин директору болуп иштеген, жаш муундарга татыктуу билим-тарбия берген тажрыйбалуу агартуучу болгон. Ал учурда мыкты уюштургуч жетекчилерди дароо партиялык кызматтарга алып кетишчү эмес беле. Атам да мектептен кийин узак жылдар Сузак айылдык кеңешинин аймагында, атап айтканда, Коммунизм колхозунун партиялык-чарбалык иштеринде, парткомдун катчысы милдетин аркалаган мээнеткеч, өтө жоопкерчиликтүү кызматкер катары алдыңкы катарда жүрдү. Бизге, балдарына атам иштеп кеткен Гайдар атындагы мектеп мурдагыдай эле көзүбүзгө ысык, жакын сезилет. Ошондон улам колдон келишинче ал мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өз салымыбызды кошкубуз келет, — дейт ал.

Аталган мектептин алгачкы пайдубалы 1895-жылы түптөлгөн экен. Кийинки имараты 1988-жылы колхоздун эсебинен курулган. Учурда мында билим алган балдардын саны эки миңге чукул, окуучуларга 80ден ашык мугалим билим-тарбия берет. Азыр бул мектепте 20 класс каана, 58 класс комплект бар. Окуучулар үч нөөмөттө билим алышат. Ушундан улам мектепке кошумча класстарды ачуу муктаждыгы бар.

— Мектеп жетекчилиги, ата-энелер коомчулугу мектепке кошумча кааналарды куруп берүү өтүнүчү менен тиешелүү мекемелерге жардам сурап кайрылган менен, бул маселе алигүнчө чечилбей келет. Биз аны чечүү жолдорун өз алдыбызча издештирип көрөлү деп демилге көтөрүп, мектепке дагы сегиз кошумча каана, бир мектеп ашканасын куруу боюнча долбоор даярдадык. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча долбоордун жалпы наркы 46 млн 982 миң 65 сомду түздү. Учурда ушул долбоорду ишке ашырууга астейдил киришүүдөбүз, — дейт Байдылда Борбукеев андан ары сөзүн улап.

Ал бизге айылдын эли биротоло мектептин атын Балташ Борбукеев атындагы мектеп деп өзгөртүү сунушун киргизип жатканын билдирди. Алар мындай демилгеси аркылуу Сузак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү, жаш муундарды тарбиялоо жана жалпы коомдун алга жылышы үчүн көп эмгек сиңирген маркум Балташ Борбукеевдин жаркын элесине, ал аткарган иштерине урмат көрсөткүлөрү келишет.

Мамлекеттик тилде окуткан класс ачкан

Балташ Борбукеевдин мектеп директору болуп иштеп жүргөн кезин анын кесиптеши Айтбек Нишанов мындайча эскерет:

— Балташ Борбукеевич биринчи орунга билимди, балдардын адеп-ахлагын, тартибин койгон жетекчи эле. Ал биздин эсибизде патриот адам катары да сакталып калды. Ошол учурда биздин мектеп балдарга орус жана өзбек тилинде гана билим берчү. Кыргызча окугусу келген балдар ар кайсы мектептерге барып окушар эле. Балташ агай биздин мектепке кыргыз класстарын ачууга негиз түздү. Ал мамлекеттик тил биринчи орунда болушу керек, балдар кыргыз тилинде окушу керек деген талаптарды коюп, ал мүдөөсүн ишке ашырганын билебиз. Жумушка билимдүү, сабаттуу адистерди гана алчу, ал кезде коррупция, тааныш-билиш дегенди билчү эмеспиз. Бардык жагынан алып караганда, Балташ агайдын айыл элинин турмушуна, жаштарды тарбиялоодо, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кошкон салымы эбегейсиз зор, — дейт.

Кезегинде Балташ Борбукеев менен бирге иштеген эмгек ардагери, Гайдар атындагы мектептин математика мугалими Акматбек Төлөшов, ошол эле мектепте дене тарбия сабагынын мугалими болуп иштеген Айтбек Нишанов, чет тилдер мугалими Хайтбай Касымов, башталгыч класстардын мугалими Рукия Бурханова, өзбек тили жана адабияты мугалими Манзура Исаназарова сыяктуу педагогдор, анын өрнөгүн алган шакирттери ал тууралуу жакшы кептерди айтып, унутпай эскерип турушат.

— Атамдын айтуусунда, 1970-жылдар, тагыраак айтканда, 1971-жыл анын турмушундагы бурулуш жыл болгон. Ал райондогу ири чарбалардын бири Тайгараев атындагы совхоздо партиялык комитеттин катчысы болуп иштеп жүргөндө, аны зор ишеним менен Ташкенттеги партиялык жогорку мектепке окууга жиберишет. Эки жылдык жогорку партиялык мектептен билим алып келген соң, 1973-жылы Сузак райондук партиялык комитети аны райондогу эң бай жана мартабалуу чарбалардын бири Коммунизм колхозуна партиялык комитеттин катчысы кызматына жөнөткөн. Бул жерде да аткарган иштери үчүн макталып, сыйлыктарды алып, алдыңкы катарда жүрдү. Азыр партиялык жоопкерчилик, партиялык тапшырма, партиянын ишеними деген сөздөрдүн мааниси башкача болуп калды. Ал кезде партиянын ишенимин актоо деген сөздүн мааниси өтө чоң эле. Ошентип баркталып, макталып жүргөн атамдын билимин, күчүн, уюштуруучулук тажрыйбасын райондун жетекчилиги башка тармакка, кино тармагына багыттамакчы болот. Кинону биз азыр оюн-зоок катары көргөнүбүз менен, союз учурунда калктын коомдук-саясий аң-сезимин кино аркылуу тарбиялоо, бекемдөө жагына өзгөчө орун берилчү. Анткени кино деп аталган эң чоң индустриянын коомдогу орду жана ролу өтө жогору эле. Азыр деле кино, мобилдик телефон балдардын тарбиясына таасири күч болуп жатканы талашсыз чындык эмеспи, — дейт Байдылда Борбукеев.

Педагогдордун үй-бүлөсү

Балташ Борбукеев өмүрлүк жолдошу Мөөркан Мамбетова менен бирге жети баланы тарбиялап-өстүрдү. Уучугун улаган, ордун баскан балдары, небере-чөбөрөлөрү анын атын өчүрбөй, ардактап келатышканы сыймык эмей эмине дейсиз.

Өмүрлүк жары Мөөркан Мамбетова да билимге умтулган жаштардан болгон. Ал Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын аяктагандан кийин 42 жыл башталгыч класстарда келечек муундарга таалим-тарбия берип эмгектенип келди. Бактылуу баатыр энелердин катарында үлгүлүү үй-бүлөнүн пайдубалын куруп, азыркы учурда бакубат карылыктын доорун сүрүүдө. Жети баласы тең жогорку билимдүү. Жетөөнүн ичинен ата-эненин жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалагандар арбын.

— Биз жети бир тууган болсок, анын ичинен бешөөбүз мугалимдик кесипти тандадык. Улуу агабыз Байдылда — тарыхчы, Анара эжем – орус тили жана адабияты мугалими, Бакыт байкем – Одессадагы байланыш институтун аяктаган инженер-байланышчы, Мира эжем  экөөбүз — башталгыч класстардын мугалими, сиңдим Айнура — орус тили жана адабияты мугалими, — дейт кызы Венера.

Балташ Борбукеев байбичесинин, уул-кыздарынын, айылдаштарынын эсинде үйдө да, сыртта да бир калыбынан жазбаган, бир сырдуу, олуттуу мүнөзү, эмгекчилдиги, баарына бирдей талап кое билген калыстыгы менен сакталып, аткарып кеткен ак эмгеги аркылуу унутулбай жашай бермекчи.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер