“УСУЛДУК КЕЙСТЕР” СЫНАГЫ

  • 12.03.2021
  • 0

“Усулдук кейстер” сынагы – мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу каражаты катары.

Бүгүнкү күндө балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү тармагы вариативдүү, гумандуу жана демократиялуу системада билим жана тарбия берүү уюму макамын алып келе жатат. Албетте, окуу-тарбия берүү процессинин жаңы, азыркы заман менен адымдаш деңгээлге өтүүсү бир нече себептерге шартталган: биринчиден, коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсү – адамга көз караш анын инсандык сапаттарына, өнүгүүсүнө көбүрөөк маани берилүүдө; экинчиден, өнүктүрүү менен коштолгон билимге, маалыматтык жана бош убактыны пайдалуу өткөргөнгө багытталган билим жана тарбияга балдардын да, ата-энелердин да суроо-талаптары өсүүдө.

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн негизги максаты – баланын кызыгуусуна, жөндөмүнө, шыгына жараша билим берүү, заманбап жашоодо атаандаштыкка жөндөмдүү, коомдо өзүнүн ордуна бекем турган, өзүн-өзү аныктоого, баалоого, ишке ашырууга, өнүктүрүүгө жөндөмдүү баланы тарбиялоо. Мындай чоң максатка кесиптик, социалдык компетенттүүлүгү жогору мугалим гана жетээри баарыбызга маалим. Ал эми окуу-тарбия ишинин негизи катары окуу программасы каралат эмеспи. Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша ар бир мугалим балдардын керектөөлөрүнө жараша өзү иштеп чыккан программа менен окуу-тарбия ишин алып барат. Ошентсе да, мектептен тышкаркы уюмдардын мугалимдеринин усулдук сабатынын жетишсиздиги, укуктук-ченемдик иш кагаздарды анализдөөнү билбегендиги, көпчүлүк мугалимдердин педагогикалык эмес, атайын билим менен иштегендиги, заманга ылайык санарип сабактарды аз түшүнгөндүктөрү, мугалимдердин программаларынын жалпыга чыгарылбагандыгы, укуктук-ченемдик базанын начарлыгы тармактын мугалимдерине кыйындык жаратууда.

“УСУЛДУК КЕЙСТЕР” СЫНАГЫ

Аталган көйгөйдү чечүү максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы буйругунун негизинде балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында “Көркөм жана социалдык-педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин” программалык-усулдук иштелмелеринин республикалык сынагы болуп өттү. Сынактын максаты – көркөм жана социалдык-педагогикалык багыттардагы кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдеринин мыкты усулдук кейстерин аныктоо. Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдеринин усулдук компетенцияларын жакшыртуу, кесиптик мотивацияларын жана өнүгүүсүн жогорулатуу. Кошумча билим берүүдө кесипкөй педагогикалык командаларды өстүрүү, педагогикалык кызматкерлердин долбоордук жана усулдук ишмердигин активдештирүү, усулдук кейс иштеп чыгууда алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, программа түзүү үчүн санариптик усулдук топтомду түзүү максатында өткөрүлдү. Сынакты маалыматтык-укуктук, эксперттик, уюштуруу-техникалык коштоону “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору алып барды.

Сынак «2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы жөнүндө» Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жүргүзүлгөн иш чаралардын алкагында болуп өттү.
2 этапта өткөрүлгөн сынак 1-турда (сырттан) – 2020-жылдын 15-октябрынан 2021-жылдын 15-февралына чейин усулдук кейстердин кесипкөй экспертизасы, 2021-жылдын 21-январында эксперттердин жана кошумча билим берүү кызматкерлеринин алдында онлайн-жактоо түрүндө болушу менен мугалимдердин изденип даярдануусуна өбөлгө түздү десек жаңылышпайбыз.

Сынактын миссиясы — мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнү алдыга жылдыруу, өнүктүрүү; балдарга кошумча билим берүүнүн мазмунун жана усулдук камсыздоону санариптик жаңыртуу, алыскы региондордогу уюмдарды усулдук коштоонун натыйжалуулугун жогорулатуу. Коюлган максатты ишке ашыруу мыкты кейстерди тандоо, экспертизалоо, жалпылоо жана жарыялоо аркылуу ишке ашырылды.

Өткөрүлгөн сынак өз максатына жетти десек жаңылышпайбыз, себеби тандалган мыкты кейстер санариптик тармакта, Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Балажан” РЭТОУБдун расмий сайттарында ачык-айкын, жеткиликтүү болуу менен ар бир кошумча билим берүү мугалимдерине усулдук колдонмо катары пайдаланууга коюлат. Сынактын жүрүшүндө “Балажан” борборунун кызматкерлери тарабынан ага катышуучулар үчүн алты усулдук вебинар, 80ге жакын жекече усулдук кеңештер өткөрүлүп, усулдук кейстерди санариптештирүү боюнча технологиялык коштоолор жүргүзүлдү.

Сынакка республикадагы уюмдардын ар бир мугалими катышып, алардын ичинен тандалып алынган мугалимдердин кейстери кийинки деңгээлдерде каралды. Шаардык, райондук турларга жалпысынан 774 мугалим катышты, ал эми облустук турга 324 мугалим тандалып, алардын иштери облустук координатор-борборлордо каралып чыккан. Ошонун негизинде Республикалык турга баардык региондордон 63 усулдук кейстер жиберилген. Алардын ичинен Чүй облусунан тогуз кейс, Ысык-Көл облусунан тогуз, Баткен облусунан бир, Ош шаарынан үч, Ош облусунан бир, Нарын облусунан алты, Жалал-Абад облусунан 21, Талас облусунан жети жана Бишкек шаарынан төрт кейс келип түшкөн. Алардын ичинен 36 кейс «Өнөр аркылуу тарбиялоо», «Көркөм өнөр аралыктан», «Маданий мурас» номинациялары боюнча көркөм багытта түзүлгөн. Ал эми 28 кейс «Кесипке жол», «Санариптик трансформация», «Балдарды эрте жаштан өнүктүрүү» номинацияларында Социалдык-педагогикалык багытта иштелип чыккан. Бул кейстер инварианттык: локалдык-ченемдик актылар, билим берүү программасы, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү программаларын тандоого окуучулардын пикирин жана ата-энелердин максаттуу суроолорун каттоо боюнча жыйынтыктардын усулдук материалдары, уюмдун расмий сайтына жайгаштырылган жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган көркөм же социалдык-педагогикалык багыттагы кошумча билим берүү программасы, балдардын билим алууда жетишкендиктерин баалоонун мониторинги, Ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн таануусун жана позитивдүү баа берүүсүн чагылдырган маалыматтар жана (же) материалдар, программаны ишке ашыруунун жыйынтыктарын коомдун таануусун тастыктаган маалыматтар, интернет мейкиндигинде көрсөтүлгөн билим берүү программасын ишке ашыруунун «Санариптик издери»: билим берүү уюмунун расмий сайтында, ЖМКда, социалдык тармактарда, профилдик маалыматтык-усулдук, илимий ж.б. ресурстарда интернет-ресурстарына шилтеме иретинде көрсөтүлгөн маалыматтар, тажрыйба, жыйынтыктар, жетишкендиктер. Ал эми мугалимдин чыгармачылык иштелмелери: программанын тематикалык бөлүмдөрү боюнча окуу-усулдук комплекттер, сабактын иштелмелери, сабакка дидактикалык материалдар, балдардын сабактан тышкаркы ишин уюштуруунун долбоордук жана (же) оюн технологиялары, сценарийлер, технологиялык карталар, программалык-усулдук иштелмелердин жана материалдардын басылып чыгышы сыяктуу материалдарды вариативдик бөлүм өзүнө камтыды.

Биринчи турдагы эксперттик кароодо алынган баллдын санына жараша 21 кейс көпчүлүктүн алдында онлайн-жактоого коюлган. Жактоо материалдын логикалуу берилиши, кептин кесипкөй сабаттуулугу, адабий тилдин жана ишкердик тилдин функционалдык стилинин нормаларын билүүсү, жеке жана кесиптик маданиятын, педагогикалык ынандырууну көрсөтүү жөндөмү, усулдук кейсти көрсөтүүнүн каражаты катары даярдалган презентациянын сапаты боюнча бааланды.

Сынакка катышкан усулдук кейстерди 13 адамдан турган кесипкөй эксперттер карап чыгышты, алардын курамын: Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор У.Мамбетакунов, М.Кашгари атындагы Чыгыш университетинин проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Байсеркеев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Р.Кутанова, Кыргыз билим берүү академиясынын билим жана тарбия берүүнүн теориясы жана практикасы лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Э.Супатаева, “Балажан” РЭТОУБдун директору, КРнын билим берүүсүнө Эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин кандидаты Д.Мусина, КРнын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик өнөр жана маданият университетинин профессору Т.Саламатов, кошумча билим берүүнүн Эл аралык сынактарынын эксперти, КРнын Билим берүүсүнүн мыктысы З.Молдалиева, «Балажан» РЭТОУБдун усулчулары, ЖОЖдордун аспиранттары түзүштү. Эксперттер тобу сынактык иштерди талдап, баалап чыгышып, жыйынтыгында бир добуштан төмөнкү орундарды ыйгарышты: 1-орунду Чүй райондук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун мугалими Пенкина Валентина Михайловнага, Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун мугалими Кудинова Наталья Васильевнага, Чоң-Алай райондук балдар чыгармачылык борборунун мугалими Мамаражапова Марзихан Курсановнага, Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Жусупбекова Рахат
Раимбековнага, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун мугалими Марченко Елизавета Юрьевнага, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун мугалими Мусина Айнур Сапарбековнага.

2-орунду Сузак райондук балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Мамасалиева Жамила Курбаналиевнага, Ала-Бука райондук балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Сакиева Бактыгүл Туранбаевнага, Аламүдүн райондук балдар чыгармачылык борборунун мугалими Кыздарбекова Аида Какимжановнага, Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун мугалими Ишанкулов Баходир Маматкуловичке, Ак-Талаа райондук балдар билим берүү борборунун мугалими Орозакунова Айзат Нарынбаевнага.

3-орунду Талас райондук балдар билим берүү борборунун мугалими Сагынбаева Мээрим Таалайбековнага, Түп райондук балдар чыгармачылык борборунун мугалими Ботоева Эркингүл Омуровнага, Бишкек шаарындагы «Олe Лукойе» балдарды өнүктүрүү борборунун мугалими Саламатов Тимур Сагынбаевичке, Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Жолдошбай кызы Динарага, Москва райондук “Таң нуру” балдар чыгармачылык борборунун мугалими Мамбеталиева Гүлжан Кудайбергеновнага, Араван райондук балдар чыгармачылык борборунун мугалими Султанова Тамара Токтоматовнага. Сынакты өткөрүүнүн аркасында мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнү программалык-усулдук камсыздоонун, аталган уюмдарга кесипкөй мугалимдин жана усулчунун керектиги аныкталды. Ошону менен катар мугалимдер усулдук кейс технологиясы менен таанышты, окуу программасын жакшыртуу жана усулдук коштоо боюнча комплекстик усулдук иштелмелер жөнүндө түшүнүк алышты. Албетте, мындай усулдук иштер балдардын жөндөмдөрүн мотивациялоого жана өнүктүрүүгө, замандын негизги компетенцияларын жана көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет. Сабак берүүнүн сапатын жакшыртуу менен балдардын саны көбөйдү жана мугалимдердин өз алдынча билимин өркүндөтүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Сынак республиканын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Covid-19 пандемиясына карабастан, биз күткөндөй эле, сынакка уюмдардан 60% мугалим катышты. Сынакка келген иштерде көркөм багыттагы кейстер басымдуулук кылды, анткени мектептен тышкаркы уюмдардагы ийримдердин 67,5% көркөм-эстетикалык багытта иштешет. Сынактын жыйынтыгын чыгарууда мугалимдер өздөрүнүн педагогикалык ишмердигине сырттан кароо менен анализдешип, иштелмелерин системага келтире алышты, ошону менен бирге тажрыйбаларын жайылтып, көпчүлүктүн алдында көрсөтө алышты. Усулдук кейстердин үстүндө иштөөдө мугалимдер көп сандагы усулдук адабияттарды, ийримдердин жана студиялардын программаларын, иштеп чыгышып, усулдук топтомду толукташты. Өздөрүнүн маалыматтык-коммуникациялык билимдерин жогорулата алышты. Эң негизгиси, мугалимдердин жана жетекчилердин жогорку кызыгуусу жана кийинки сынакка катышууга даярдыгы аныкталды. Себеби аларга усулдук туңгуюктан чыгып, изденип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү десек жаңылышпайбыз.

«Усулдук кейстердин» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2021-жылдын 26 февралында “Балажан” борборунун сүрөт галереясында билим берүү жана илим министри Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевичтин катышуусу менен өткөрүлдү. Министр жеңүүчүлөрдү министрликтин 1-, 2-, 3-даражадагы дипломдору, компьютер жана принтер менен сыйлады. Ал эми сынакка катышкан баардык мугалимдерге министрликтин атынан сертификаттар жөнөтүлдү.

Сынакта мыкты деп табылган усулдук кейстер Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Балажан” борборунун расмий сайттарына жарыяланат жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн усулдук колдонмо басылып чыгат.

“Усулдук кейстер” сынагы — мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу каражаты катары алардын мындан аркы педагогикалык ишмердигинде кесипкөйлүккө, жогорку чеберчиликке жана чыгармачылыкка шыктандырат деген зор ишеничтебиз.

З.Молдалиева,
“Балажан” РЭТОУБдун директорунун орун басары, кошумча билим берүүнүн эл аралык сынактарынын эксперти, КРнын билим берүү мыктысы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер