УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

  • 25.04.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси  жана  БААУнун Инновациялык колледжи  “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын насаатчылык боюнча программасын жыйынтыкташты.  Иш-чарага Ош, Бишкек шаарларынан жана Чүй облусунан 193 насаатчы келип катышты. Жолугушууда экс-президент Роза Отунбаева, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ошондой эле Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольм сөз сүйлөштү.

УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

Кыздардын жылдыздарын жандыруу

Иш-чаранын модератору,  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева беш ай бою кыздар менен бекер, далилдүү, ишенимдүү  илимге үгүттөп иштеп берген насаатчылар (менторлор) Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан аялзаттар экенин белгилеп,  өлкөнүн өнүгүшүнө, өзгөчө билим берүүсүнө салым кошуп жаткандарына терең ыраазычылык билдирди. Андан соң, STEM түшүнүгүн биринчи жолу Кыргызстанга алып келген экс-президент Роза Отунбаевага сөз берди.

УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

— Долбоор бүткөн күнү дагы насаатчылыкты токтотпой Кыргызстанга жайылтсак. Ушул маселе менин жүрөгүмдү өйүп жатат. Жалаң эле STEM деп отурбай, кыздарга өзүбүздүн ойлорубузду, жан дүйнөбүздү жеткирсек.  Жаныбызда миллиарддаган эли бар Индия менен Кытай мамлекеттери турат, биз болсо болгону алты миллионбуз, анын ичинен үч миллиону кыз-келиндер, анын жарымын жаш кыздар түзөт. Долбоорго тартылган ар кандай үй-бүлөдөн келген кыздардын кыялдары, ойлору өзгөрүлдү. Аларга акыл  айтып, жол көрсөткөнгө милдеттүүбүз.  Маселен,  Америкада насаатчылык кыймыл абдан күчтүү. Бизнеске келсе да насаатчыларды кошуп беришет. Ментор менен ментилер кафе, ресторанга чогула калып, жолугуп, маселелерди чечишет. Бизде деле чогултсак болот. Кыздарды кыялдантсак, аларга түрткү берип, жылдыздарын жандырсак. Жаңы чакырыктарга даяр кылып өстүрүшүбүз зарыл. Кыздарды акчалуу кесиптерге, т.а. энергетика, тоо-кен жагына багыттап, жакшы кеңештерди берип, даярдайлы, — деди экс-президент.

Өлкөнүн өсүшү, өнүгүшү – STEMге байланыштуу

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда эң маанилүү маселе – кантип билим берүүнүн сапатын көтөрүү, жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу экенине токтолду. Эгерде биз өнүгөбүз, өсөбүз, дүйнө менен интеграция болобуз десек билим берүү негизги өзөктү түзөөрүн айтты.

УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

— Бүгүнкү баланын талабы, эртеңки жашоодогу жөндөмдөрү башкача болушу керек. Анткени коом өзгөрүп жатат. Биз эртеңки күнү балдарга кандай илимдер керек болсо, ошого окутуубуз зарыл. Билимдин ичиндеги мазмунду жеткирүүдө жаңыланышыбыз керек. Биз балдардын өздөрү жашай турган доорго даярдап, алдын ала анализдеп, 15-20 жылга багытташыбыз керек, — деди министр.

Ал бири-бирибиздин жакшы жактарыбызды чыгарып, жаманыбызды жашырып, насаатчылык менен жакшыга үгүттөп, жамандын жолун тосуу менен коомду агартууга чакырды.  Сөзүн улай, министр  бүтүрүүчүлөрдүн моделине басым жасап, бала бакчанын, орто мектептин  жана жогорку окуу жайын бүтүргөн баланын моделинин үстүндө иштеп жатышканын айтты.

— Баланы төрт тараптан өнүктүрүүгө бел байлап жатабыз, биринчиден, сапаттуу билим берүү, экинчиси — искусствонун түрүн өздөштүрүү, анткени аны өздөштүргөн адамдын коомго зыяны тийбейт, ийримдерди өнүктүрүү менен мектепти көп кырдуу кылышыбыз керек. Үчүнчүдөн, дене тарбия, спорттун бир түрүн өздөштүрүү, мейли шахмат болсун, мейли сууга сүзүү болсун. 10-11-12-классты бүтүргөн балдарга  (жаңы долбоор боюнча) бир же эки кыска мөөнөттүү  курстун сертификатын берсек деп пландап жатабыз. Коомдо эмнеге 12 жылдыкка өтүү керек деп кызуу талкуу жүрүп жатат. “0” деген түшүнүк Советтер Союзу учурунда балдарды мектепке  даярдоо үчүн киргизилген. Бардык жерде “0“ деген түшүнүк жок. Балдарды ансыз деле 480 саат жүктөм менен окутуп жатабыз, аны биз 12 жылдык деп аттестат берип койсок, бүтүрүүчүбүз 136 мамлекетке  барганда кыйналбай окуганга мүмкүнчүлүк алат. Бул моделди окуган балдар азыркы балдардай ушул эле куракта мектепти бүтүрүшөт. Эч кандай жылы көбөйүп кеткен жок. Каалагандар мектепти бүткөндөн кийин профтехлицейлерге же колледждерге тапшырганга траектория сакталган. Бирок 11-12-класста биз профилдештирип окутсакпы деп жатабыз. Мына STEMдин өзөгү ушуга байланыштуу. Айыл жеринде профилди экиге бөлөбүз: гуманитардык жана так илимдер; райондук деңгээлде класс азыраак болгон жерлерде үчкө, шаарларда беш профилге чейин бөлөлү деген ойлорубуз бар: так илимдер, гуманитардык, математика, IT, андан сырткары өнүгүү деген тармакты кошуу каралууда: спорт, музыка, чыгармачылык жана технология, ошондой эле тилдерди өздөштүрүү өзүнчө пландаштырылып жатат.  Эң негизгиси – жаңыланууга барышыбыз керек. Дүйнө өтө тездик менен өсүп жатат. Дүйнөдөгү прогресстерди, жаңылыктарды өлкөбүзгө алып келе албай жатабыз. Бүгүн дүйнө жүзүндө илимий изилдөөлөрдүн булактары же интернеттеги  маалыматтардын 54%  англис тилинде. Англис тилин окутуу балдарга суу менен абадай керек. Анткени дүйнөдө чыккан бир жаңылыкты биз которуп, аны апробациялап, эксперимент өткөргөнгө чейин канча убакыт өтүп жатат. Эгерде биздин окуучуларыбыз түз эле англис тилинде булактардан маалыматтарды өзү эле окуп алса, убакыт үнөмдөлөт. Туура, так маалымат алганга шарт түзүлөт эле. Англис тилин окутууда 3-класстан баштасакпы деген ой бар. Базистик окуу планга ITни эки жыл эрте баштаганга киргизип жатабыз. STEM боюнча саясат башталды. Бул предметтерди окуткан мугалимдердин эмгек акысын коэффициент менен  20% көтөрдүк. Өлкөнүн өсүшү, өнүгүшү,  индустрия, өндүрүш ушул тармактарга байланыштуу болуп жатат. Биз үч жылдын ичинде 2230 мектептин химия, физика, биология лабораторияларын жасап бүтөбүз. Биринчи транш менен 500-600 мектепти жабдыйбыз, чоң мектептерде үч толук кандуу лаборатория болот,  300 карлик мектепке бирден лаборатория ачылат. Билим берүүдөгү жаңыланууларды, өзгөрүүлөрдү жер-жерлердеги кесиптештерге жеткирип, менторлук институттарды ачабыз десеңиздер, керек болсо биз И.Арабаев, ОГПИде атайын сертификат программаларын ачуу боюнча колдоого даярбыз. Билим берүүгө кошумча каражаттар каралып жатат. Эгерде мамлекеттин колу жетпеген иштерди активдүү аткарып жаткан бейөкмөт уюмдары министрликке чоң долбоорлор менен кайрылса, биз  каражат жагынан жардам беребиз. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Билим фестивалы”, “Жайлоо бала бакчалары”, “Илимдеги кыздар” ж.б.у.с. өлкөгө кирип жаткан жаңылыктар деп эсептейм, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Өспүрүм кыздарга шарт түзүү зарыл

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольмдин айтымында,  долбоорго беш айдын ичинде 1300 ашык кыз катышыптыр.

— Насаатчы — мугалим гана эмес, өспүрүм кыздарга дос, ишенимдүү  адам. Беш  айдын ичинде кыздардын ишенимин күчөтүп, жол көрсөтө алдыңыздар. Алардын жашоосуна чоң өзгөрүү алып келдиңиздер. Бул программа дагы уланат. Кошумча жаңы кыздар менен иштегенге чакырабыз. Кыргызстандын өнүгүүсүнө STEMдин ролу чоң. Кыздардын STEMге кызыгуусу жана ошол багытта билим алуусу мамлекет үчүн жаңы таланттарды алып чыкканга жардам берет. Гендердик стереотиптерди жоюу керек. Анткени кыздар дагы бул багытта ийгиликтүү иштей алышат. Аярлуу катмардан чыккан өспүрүм кыздарга өтө көңүл буруп, шарт түзүшүбүз керек, — деди Кристин Жольм.

Анын айтымында, март айында 16 өспүрүм кыз  Алма-Аты шаарына барып, Аль-Фараби атындагы Казак университетинин базасында нанаспутникти куруп, стратосферага учурушкан. Бул кичинекей демилгени  окуучуларга жайылтып, айтып берүү керек экенине токтолду.

Насаатчылар кыздардын жашоосун өзгөртөт

“Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова насаатчылык институтту кантип жайылтып, кантип өнүктүрүп кетебиз деген маселе бар экенин белгиледи.

УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

— Биздин эң биринчи стратегиялык өнөктөшүбүз — КР Билим берүү жана илим министрлиги. Экинчиси — Балдарды коргоо борбору жана БААУнун Инновациялык колледжи. Үч өнөктөш бирге эриш-аркак болуп бири-бирибизге көмөктөшүп иш алып келе жатабыз. Долбоордун философиясы  – дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы STEM багытындагы  эмгек рыногунда аялзаттын катышуусун жогорулатуу, лидерлигин калыптандыруу. Жалпы республикалык тестирлөө – биздин фонддун иштөө компоненттеринин бири болду. ЖРТга 2020/2021, 2021/2022-окуу жылдарга 400 кызды даярдап чыгып, жок дегенде 70% STEM багытындагы жогорку окуу жайларга өтүү керек. Былтыр 215 кызды окутсак, 204 кыз ЖОЖго тапшырды. 11и ар кандай себептер менен тапшырышкан жок. Ошол кыздардын 97% ЖОЖго өтүп, анын 72% STEM багытында кесиптерди тандап алышты. Алты кыз чет мамлекеттеги ЖОЖдорго өтүп кетишти. Долбоордун эң негизгиси – насаатчылык программасы. Беш ай бою былтыр 113 насаатчы иштеп, 800 кыз ошол курстан өтүшкөн. Долбоор башталгандан  бүгүнкү күнгө чейин 193 насаатчы 2100 шакирт менен беш айлык мөөнөттө ишмердүүлүктү уюштурганга жетишти. Насаатчы кесипке багыт берди, ар түрдүү экскурсияларды уюштурушту, кесиптин артыкчылыктары боюнча маалымат беришти, мастер-класстар өткөрүлдү, көңүлдүү кездешүүлөр болду. Буюрса эми күзгө чейин дагы бир фаза сиздер менен иштеп, 2600 кызды насаатчылык программадан өткөрөбүз деген ойдо турабыз, — деди координатор.

Ошентип, иш-чарага келген насаатчылар өз ойлорун ортого салып, өздөрүнүн тажрыйбасынын алкагында бир топ кыздардын жүрүм-турумун өзгөртүп, ойлорун топтогонго, келечекке максат койгонду үйрөтүшкөнү тууралуу презентация жасашты.

Менторлор менен ментилер эмне дешет?

Калипа САЛИЕВА, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти:

— “Илимдеги кыздар” долбоору абдан жакшы проект. Келечекте кандай кесип тандап алса болот,  STEMдин артыкчылыктары кайсы деп кыздарга айтып берүүдөн сырткары окуу жай менен тааныштырып, консультацияларды берип иштеп келатабыз. Маалымат көп, аларды иргеп алып, турмушка багыт берчү кеп-кеңештерди беребиз. Табигый илимдин өзгөчөлүгү – илимдеги ачылыштар. Инженердик кесип өтө оор кесип,  аны тандагандар жумушсуз калбайт, бирок кыздар мындай кесипти аркалай албайт. Ошону менен катар тилдерди үйрөнүш керек. Химия жаатындагы маалыматтар менен кыздарды кенен тааныштырабыз. Анткени,  мен өзүм химия мугалимимин. Ар бир программа боюнча ондон кыз бөлүп беришкен, баш-аягы 30 кызды даярдап чыктык. Магистранттар да иштешет, биздин колубуз бошобой калган учурда бири-бирибизди толуктап турабыз. Социалдык жактан начар үй-бүлөнүн кыздары бул долбоорго тартылышты. Жекече сүйлөшкөн учурлар болду, телефон менен байланышып сүйлөштүк. Кыздардын турмушка көз карашы абдан өзгөрдү. Бизден тартынып же уялып  айта албагандарды магистранттарга айтышат.  Бул долбоорду региондорго чейин алып чыгуу керек. Анткени, булуң-бурчтагы кыздарга багыт берүүбүз зарыл. Билим берүү жана илим министринин  табигый илимдерге басым жасап жатканы баарыбызды кубандырып жатат.

Токтокан КУРАЛАЕВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., профессор:

— “Илимдеги кыздар” долбоору эң актуалдуу проекттердин бири. Кыздарыбыз илимге муктаж. Мектептен беш  кызды бөлүп беришти. Биринчи келгенде университеттин  окумуштууларынын эмгектери менен тааныштырып, өзүмдүн монографиямды, чыгарган китептеримди берип, илим менен иштеген адам кандай болот, кандай ийгиликке жетет, илимдин актуалдуулугун жайма-жай түшүндүрүп бергенде, кыздар абдан кызыгып калышты. Биринчи күнү келгенден азыркы учурдагы мүнөзү токтоо, кандай теманы баштабайлы көңүл буруп, ынтаа менен угуп турушту. ЖРТга кандай даярданабыз, илимде кандай жетишкендиктер болуп жатат, илимдеги кыздардын ролу кандай ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде көп жолугушуулар болду.

Ажар РАИМКУЛОВА,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, п.и.д.:

— Долбоор менен иштегениме бир жылдын жүзү болду. К.Бобулов атындагы №82 мектептен беш кызды бөлүп беришти. 1-ноябрда жолугуп, КУУнун бардык корпустарын көрсөттүк. Билим берүү программалары менен тааныштырып, STEM программасына кызыккан кыздар болгондон кийин аларды информатика кабинеттерине алып барып, IT технология боюнча маалымат бердик. Ай сайын жолугуп турабыз. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборуна экскурсияга чыгып, кошумча билим берүү деген эмне экенин көрсөттүк. Алардын берген концерттерине катышты. И.Арабаев атындагы КМУУнун алдыңкы тажрыйбалуу окумуштуулардын иш технологиялары менен тааныштырып, профессор Айчүрөк Калдыбаеванын жетишкендиктерин көрсөттүк. “Тарбия — илимде үлгү” дегендей, өрнөктүү адамдар менен жолуктуруп, ийгиликтерди багындырган эжейлер менен жакындан тааныштырдык. Кыздар тың, баары эле жогорку окуу жайга өтөбүз дешти. STEM предметтерине багыттайлы десек, гуманитардык багытты жактырышат экен.

Жыпара ТУРМАМАТОВА, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун гендер боюнча адиси:

— Ош, Бишкек шаарларында, Кара-Суу районунда “Илимдеги кыздар” долбоорун ишке ашырып жатабыз. Негизги максат – кыздарды мотивациялоо, дем берүү, алардын кыялдары, мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенине  ишендирүү. Маселен, 16 өспүрүм кыз Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак университетинин базасында нанаспутникти куруп, стратосферага учурушту. Бул нерсени окуучуларга жайылтып, айтып беребиз деген оюбуз бар. Аль-Фараби университетинин базасы абдан күчтүү болгон үчүн ошол жерде иштедик. Ментордук программа чоң мааниге ээ.  Менторлукту жайылтуу боюнча сунуштар болсо, колдоого даярбыз.

Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА, ишкер:   

  УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН— Бул долбоор абдан маанилүү долбоор. Мага бөлүнүп берилген жети кызга биз баскан татаал жолду баспаш үчүн аларга түшүндүрүп, үйрөттүм. Анткени, алардын жашоосуна жеңилдик болуш үчүн. Маселен, кыздар мектепте бир стандартта билим алат, ата-энеси менен бир теманын тегерегинде сүйлөшөт.  Ошол рамкадан чыкпай эле кыйнала берет. Ал эми бизге окшогон менторлор менен ар кандай темада эркин сүйлөп, сырларын айтып, лидерлик сапаттары ачылды. Кыргыздын дөөлөттөрүн үйрөнгүлө, баалуулуктарын көргүлө, өзөгүбүздү билгиле деп айтып бергенге аракет кылдым. Канчалык илимдүү, билимдүү, акылдуу болсоңор дагы өзөгүңөрдү сактап жүрүү керек дедим. Кыздарга канат байлап койдук. Эми алар ар кайсы чөйрөдө талпынышат, өсөт, учушат.

Сауле СОВЕТАЛИЕВА, менти:

УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

— Я из N19 школы. Сегодня я хочу рассказать, чем программа ,,Девочки в науке” мне помогла. Представьте, что вас заставили играть в игру, где вам плохо объяснили правила. И вам дают выбор: вступить в альянс, или в орду, или быть мирным жителем и т.д. Что бы вы сделали? Почти в похожей ситуации находятся подростки. Наверное вам тоже это знакомо, когда вы спокойно учитесь до 9-го класса, а далее все начинают спрашивать, кем ты будешь, какую профессию выберешь? И мы начинаем искать информацию, искать своё хобби. И понимая, что ты не знаешь чем хочешь заниматься, нас охватывает паника и стресс. Мы просим помощи у родителей, но они не всегда способны помочь. В такое время мне лично помог проект ,,Девочки в науке”. Нам предоставили возможность работать на компьютере, мы изучали основы программирования, бизнеса, слушали истории успешных людей, которых специально для нас пригласили наши менторы. Изучали профессии, возможности, рассматривали университеты, также мы писали резюме и учились выступать. Во-первых, этот проект помог мне определиться с профессией. Во-вторых, дал мотивацию на стремление к лучшему. В-третьих, помог стать более увереннее в себе. В-четвёртых, этот проект дал много полезной и нужной информации. Раньше я хотела быть архитектором, а теперь задумываюсь о профессии в сфере IT, и я верю что у меня всё получиться! Хочу выразить огромную благодарность нашим менторам, которые без какой-либо денежной оплаты, начали нам помогать и поддерживать, а также фонду “Инициативы Розы Отунбаевой” и ЮНИСЕФ.

Алтынай БАЙЫМОВА, менти:

УСТАТТЫН ЖОЛУ УЗУН

— Мен N42 мектептин 9-классынын окуучусум. Бул долбоорго ноябрь айында кошулгам. Биринчи жолугушуубузда ар бир ментор өз группасына он чакты кыздардан бөлүп алды. Биздин группабызга күн сайын ар кандай пайдалуу маалыматтарды жиберип турду. Жума сайын кызыктуу жерлерге экскурсияга чыгып турдук. Мисалы,  музейлерге, галереяга, банкка (Финкабанк),  «Той» аттуу сок чыгаруучу заводго, китепканаларга. Оффлайн жолугушуулар да абдан кызыктуу темалардын тегерегинде талкуулап, ойлорубузду ортого салып, көз карашыбызды билдирип турдук.

Эгерде, менин ушул жазганымды мен курактуу кыздар окуп жатса, ушул долбоорго катышкыла деп сунуштайт элем. Эң маанилүүсү менторго суроо берүүдөн тартынбагыла! Активдүү катышкыла, канчалык демилге силер тараптан болсо, ментор ошончолук көбүрөөк силерге жардам берет!

Бул долбоорго келгенден кийин абдан өзгөрдүм.  Себеби, мен ойлогондой, кыздар менен чогуу, башка көптөгөн адамдар менен таанышып, байланышта жүргөн үчүн жашоомдо ачылыштар боло баштады десем болот.  Эгерде мен бул долбоорго катышпасам, беш айдын ичинде билген көп нерселерди укмак да, билмек да эмесмин.

Буга чейин ата-энем мени сүрөтчү бол деген эле, бирок долбоордон кийин IT тармагына ооп калдым, программист болсом деп кыялданып жатам. ITде сүрөт аркылуу веб-дизайнер болсом болот экенин билдим. Дагы маркетолог болсомбу деген ойлор азыр мени курчап турат.

Менин менторум — Венера Кожомкуловага чоң рахмат айтам. Ошондой эле ЮНИСЕФке, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондуна, ушул долбоорго салымын кошкон бардык адамдарга таазим этип, чын жүрөктөн ыраазымын!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер