УСТАТТЫН УӉГУЛУУ ТААЛИМИ

  • 21.03.2021
  • 0

И. Раззаков “Ак иштеген акыры жамандык көрбөйт” дегендей, мугалимдердин кесипке болгон сүйүүсүн, ата-энелердин бала тарбиялоодогу жоопкерчилигин эӊ жакшы түшүндүргөн устат, чыныгы элдик мугалим, экспериментатор Гапыр агайдын ысымын укпаган, билбеген мугалим бизде жок болсо керек.

Ал кыргыздын чыгаан уулу жөнүндө 30 жылдан бери иликтеп, “Исхак Раззаковдун инсандык жетекчилик өзгөчөлүктөрү” деген китебин да жазган. Былтыр бир вебинарда ошол эмгегинин негизинде айткан 5 сунушун эстеп келем:

  1. Кыргызстанда таза иштеген, эл үчүн кызмат кылган бардык деңгээлдеги жетекчилерге ыйгарып туруу үчүн “Исхак Раззаков” атындагы орден чыгарылсын.
  2. ”Исхак Раззаков таануу” сабактарын жогорку окуу жайларда атайын курстардын, мектептерде тарбиялык саат, ийримдердин, факультативдин эсебинен окуталы. (Атайын программасын, китебин Гапыр агай иштеп чыккан)
  3. Студенттерге “Исхак Раззаков” атындагы стипендия берип туралы.
  4. Исхак Раззаковдун кундуу сөздөрүн бадырайта жазып, мамлекеттик мекемелердин кире беришине, жетекчилердин кабинеттерине илип коюш керек.
  5. Биздин бардык деңгээлдеги жетекчилер И. Раззаковдун таалимин, өрнөгүн окуп-үйрөнүшү керек.

“Кыргызстанды согуштан кийинки оор кризис абалдан И. Раззаков 15 жылда алып чыккан, биз 30 жылдан бери кыйналабыз. Анткени Исхак Раззаков сыяктуу адамдарыбызды үйрөнбөй, андан пайдаланбай атабыз, — дейт Гапыр агай. — ”Инсан таануу” сабактарын киргизип, анда Ж. Абдрахманов, А, Орозбеков, А. Исакеев, И. Айдарбеков, И. Ахунбаев сыяктуу улуу инсандардын бийик өрнөгүн “Инсан таануу” сабагында окуталы”.

Ушулардын көпчүлүгүн Гапыр Мадаминов өзү иштеген мектебинде киргизген. Ошол үчүн окуучулары таӊ каларлыктай ийгиликтерге жетип жүрөт. Агайдын иш тажрыйбасы, атап айтканда, “Энелер мектеби”, АЭМ (акыл эмгегинин маданияты), “Ой өрүшү (кругозор)” сыяктуу сабактары республикадагы баардык мектептерге жайылтылса, сонун болор эле.

Салтанат Бейшенова, Талас облусу, Кара-Буура району. А. Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер