УСТАТТЫН ҮЛГҮСҮ

  • 09.12.2020
  • 0

Академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдыгына карата

Элибизде устат деген эки;- тар жана кеңири мааниде айтылат. Бир кесипте узак жылдар бою иштеп, өз  ишинин  мыктысы болуп, көптөгөн шакирттерди тарбиялап,  өстүрүп, үй-бүлөсүндөгүлөргө, айланасындагыларга үлгү болгонду—тар маанидеги устат дейбиз. Кесиби менен гана чектелбестен  саясатта, коомдук иштерде да өзгөчөлөнүп,  адеп-ахлактык, инсандык  мыкты сапаттары менен улуттук деңгээлге көтөрүлгөндөр,  таанылгандар  кеңири маанидеги устаттар. Анткени, алар конкреттүу бир чөйрөдөгүлөргө гана  эмес, жалпы элдик таанууга ээ болушуп, улуттук  деңгээлдеги үлгүгө  айланышат.Менимче, академик Бектемир Мурзубраимов өзүнүн моралдык жана адеп-ахлактык сапаттары, кесиптик жана руханий деңгээли боюнча мына ошондой улуттук деңгээлдеги устаттардын катарына кирет.

УСТАТТЫН  ҮЛГҮСҮ

Мен Бектемир агайды жыйырма жылдан ашык убакыттан бери билем. Алгачкы жылдары анда-санда көрүп, кээде  гана аралаша калсам, акыркы убактарда тез-тез жолугушуп, баарлашып жүрөм. Агайдагы мен баалаган эң жакшы сапаттардын бири—коомдогу  оң-терс көрүнүштөргө  эч качан кайдыгер карап турбай, дайыма аларга иши менен гана эмес, сөзү менен болсо да таасирин тийгизүүгө  умтулган жарандык активдүүлүк, маанайы, кызмат абалы кандай болбосун дайыма адамдарга  илбериңки ырайынан, жылуу мамилесинен  жазбаган  оор басырууктуулук мүнөздүү болуп саналат.         Педагогдук-  жүздөгөн, мүмкүн, миңдеген  кесиптердин бири, бирок ал кесипте иштегендерде өзгөчө  аура бар. Ким өмүрүнүн башталышында бир нече жыл педагог болуп иштеп, анан башка кызматтарга өтүп кетсе да анда мугалимдерге мүнөздүү   сапаттардын сакталып каларын көп эле көрүп жүрөм. Ал биринчи кезекте— комплиментардык жылуу  ырай,  ачыктык, тактык, айланасындагылардын жүрүм-турумдарына, мүнөздөрүнө  сабырдуулук. Булар өмүр бою таалим тарбия берүүдө эмгектенгендердин кулк-мүнөзүнө, жүрүм турумуна  биротоло сиңип, айрылгыс сапаттардан болуп каларын Бектемир агайдан көрүп келатам. Бул мезгилдин ичинде агайдын бирөөлөргө үнүн жогорулатып сүйлөгөнүн же орой мамиле жасаганын көрбөдүм. Кандай маанайда болбосун сабырдуу, токтоо, илбериңки  калыбынан жазбайт.

Бектемир Мурзубраимович мындан алтымыш жылдай мурда өзү төрөлүп өскөн Өзгөндүн бир мектебинен педагогдук эмгек жолун баштап, ошондон бери  өсүп келаткан жаш муундарга, жалпы элге таалим тарбия берүүдө. Анткени, ал жаш кезинен бери эле окутуучулук, илимпоздук менен чектелбестен коомдук иштерге да активдүү катышууда. Бир кезде ал окуткандардын алды эбак эс алууга чыгышса,калгандары орто жаштан ашышып, билгендерин, үйрөнгөндөрүн жана көргөндөрүн балдарына, неберелерине, чөбөрөлөрүнө  нускалашууда. Алардын жекече инсандык  жана кесиптик сапаттарында сөзсүз Бектемир агайдан оошкондор, жугушкандар да бар. Анын  педагогдук  жана окутуучулук чеберчилигинин, илимпоздорду тарбиялап, өстүрүүдөгү эмгегинин, усулиятынын улуттук билим, илимде салмактуу орду бар.Демек, Бектемир Мурзубраимович түздөн туз педагогдук иштен алыстап кеткендигине чейрек кылымдай болгон менен ал  чачкан үрөндөр өсүп-өнүп, тамырлап, өз жемишин берүүдө. Ошон үчүн элибизде “мугалим-мөмөлүү дарак” деп айтылат. Ал эми дарак бир эле мөмөлөбөйт. Мөмөлөө деген жаратылыштагы айлампа циклдердей эле түбөлүктүү процесс. Мөмөлөгөн сайын ал жаңыланып, ареалын, орбитасын  кеңейте берет. Бул биринчиси.

Экинчиси. Агайыбыздын  эл башкарганга тиешелери бар шайлануучу, дайындалуучу кызматтарга аралашкандыгына жарым кылымдан ашты. Алгач комсомолдук, профсоюздук уюмдардын жетекчи курамдарына кирсе, кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун сырттан окуу боюнча проректору, облустук элге билим берүү бөлүмүнүн Кеңешинин мүчөсү,  факультеттин деканы, окуу жайдын парткомунун катчысы болуп жыйырма жылдай иштеди. Ал кызматтардын баары жүздөгөн адамдарды башкарууга, миңдеген  жаштарга  билим, тарбия берүүгө байланышкан түйшүктүү иштерден экендиги жөнүндө сөз кылып кирсек бир макала да аздык кылмак. Ал кызматта иштегендердин  күндөлүк  тажатма процесстерден башка нерселерге убактысы деле калбайт, бири бүткөндөй болсо, анын артынан экинчилери жарала берип, адам сормо  сазга сорулуп баратканга окшой баштайт, бирок  ал өзүнчө сөздүн  темасы, биз бул жерде  Бектемир Мурзубраимовичтин мына ошол милдет-түйшүктөрү көбөйгөн кезде экинчи публицисттик шыгы ойгонуп,  1980-жылдардын башталышынан бери учурдун көйгөйлүү маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пикирлерин, сунуштарын тынбай айтып келе жаткандыгын белгилегибиз келет.

Өз ойлорун кагазга түшүрүүгө шык, жөндөм  көп адамдарда эле болот, бирок кыңылдап үн созгондун баары ырчы боло албагандай эле, калем кармагандын баары эле публицист боло албайт. Ал үчүн көргөндөрүнө, билгендерине кайдыгер карап тура албаган өзгөчө жарандык активдүүлүк,  жанар от (страсть) тийиштүү деңгээлде даярдык, аларга кошо батылдык да талап кылынат.Анткени, публицистика көйгөйлүү  маселелерди козгойт, белгилүү деңгээлде маселени драмалаштырып да жиберет, ал окурмандардын бир бөлүгүнө жакса, экинчи бөлүгүн, өзгөчө  ал маселелерде кызыкчылыктары барлардын, бийликтегилердин кыжырларын келтирип, тескери реакцияларды жаратышы толук мүмкүн. Убагында публицистикалык эмгектери үчүн П.Чаадаевден баштап А.Зиновьевге чейинкилер куугунтуктарга, сүргүндөргө туш болушкан. В.Ленин да өзүн биринчи кезекте публицист деп эсептеген. Демократиялык мезгилде андай ашкере  жазалар жок, бирок өтө активдүү болуп кеткендердин азыр деле согончокторун сыйра басып, тиричиликтерин оорлоткусу келгендер аз эместигин күндөлүк турмушта көрүп эле келатабыз.

Бектемир агай  жаш муундарга таалим тарбия берүүдөгү мугалимдердин орду жана ролу, жоопкерчиликтери, коомдук башка институттардын, жалпы элдин милдеттери жөнүндө конкреттүү фактыларга, анализдерге негизделген макалаларды көп жазды. Мен  бир күн да мугалим болгум келбеген  менен ал жөнүндө көп окучумун, ойлончумун. Идеалдуу  мугалимди табуу кыйын, ал жомоктордо айрым көркөм чыгармаларда, усулияттарда  гана болушу мүмкүн, бирок жаштарга орто деңгээлде болсо да жетиштүу таалим тарбия бере алгыдай мугалим кандай болушу керек?-дегенде баарын сыдыргыдан өткөрүп, “идеалдуу мугалим—биринчи кезекте чыныгы олимптердей сабырдуу, толеранттуу болушу, анан балдарга өзгөчө ырайымдуу болушу  керек” деген жыйынтыкка келгем.

Билим элдин көбүндө эле бар, бирок бир ооз каяша сөз укса, ачуулары келип титиреп кетчүлөр же ызы-чууларга нервдери чыдабаган териси жукалар  мектепке барышса, анда анын өзүнүн да, балдардын да шору. Шар кеткен суу бир жайкап өтуп кетет, ал мэи акырын шашпай тыпылдаган тамчы бетонду да, ташты да тешет. Мен бул жерде чыныгы мугалим тамчыдай максаттуу жана сабырдуу болушу керек дегим келет.Педагог  ошондой, балдардын ички дүйнөлөрүн түшүнө билген адам болсо, ал бир айтканын он иреттен кайталап отуруп билгендерин да окуучуларга жеткирет, ал  адеп-ахлактуулук, жакшы жүрүш туруш жөнүндө ар кимдерге  ашыкча лекцияларды окубай эле, өзүнүн инсандык  үлгүсү  менен   жаштарды да өзүндөй болууга  үйрөтөт. “Мектеп адамды тарбиялап, калыптандырат, ал эми  окуу жайлары аларга адистик гана берет”- деген академик Д.С. Лихачев.Бул ойго толугу менен кошулам, адамдын 5-6-класстарга чейин калыптанган сапаттары өмүр бою калат, андан ары ага жарытылуу деле эч нерсе кошулбай, оошпой жугушпай  тургандыгын өз  тажрыйбамдан билем. Бир кезде мени окуткан Кайып, Жоро, Абас, Зинаида Петрик сыяктуу агай-эжейлеримди дайыма жылуу  сезимде эстеймин.Тескери, ассоциацияларды, сезимдерди жараткандары да бар, бирок, алар аз, анын үстүнө бир кезде агай-эжейлериң сага  кандай кечиримдүүлүктө  мамиле жасашса, көп мезгилдерден кийин сен да аларга ошондой  карай баштайт экенсиң.

Минтип ретрореспективалык  чегинүүгө түшүп чыкканыбыздын себеби, жогоруда айтылган жакшы сапаттардын бардыгы Бектемир агайда бар.

Б.Мурзубраимовдун Ош мамлекеттик университетинин материалдык, техникалык базасын чыңдоо боюнча кандай чоң иштерди аткаргандары жөнүндө көп эле жазылды, айтылды. Аларды кайталоонун кажети жок. Ток этерин гана айтсак,  азыр ал жагынан Кыргызстандагы бир дагы жогорку окуу жайы ОшМУга теңдеше да, атаандаша да албайт. Агайдын жарандык активдүүлүгү, “жанар чогу” эми жалындап күйө баштагандыгы 1990-жылдардын аягында дагы бир жолу көрүнүп, дагы деле жанып келатат. Ал ошол мезгилден тартып каада –салттарды, үрп-адаттарды жөнгө салып, ашыкча ыгым-чыгымдарды азайтуу боюнча көп демилге көтөрдү, көптөгөн макалаларды жазды. Айрым талкууларына, “тегерек үстөлдөгү” маектешүүлөрүнө  мен да катышып, материалдарды даярдагам. Ал темадагы макалаларын агай өзүнчө китеп кылып да чыгарды. Ал демилгелердин негизинде Ош мамлекеттик администрациясы каада-салттарды жөнгө салып, ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча атайын токтом да кабыл алган. Байкашымча, агайдын демилгелери республиканын түштүгүндө көбүрөөк колдоого ээ болуп, айрым айылдарда ысырапкорчулукту азайтып, салт-санааларды заманга ылайык келтирүү  боюнча элдик жыйындардын атайын чечимдери да кабыл алынып, алар негизинен сакталып, аткарылып келүүдө. Маселен, мен төрөлүп өскөн  айылда маркумдар акыркы сапарга узатылганда 3 күнгө чейин ири мал  союлбайт. Алыстан келгендерге гана жеңил чай берилет. Аза күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин гана бир бодо же жылкы менен кара ашы өткөрүлөт.

Мындай чектөөлөр ар кандай формаларда республикабыздын түштүгүндөгү көптөгөн айылдарда, кыштактарда бар.  Айрымдарыныкы  жогоруда мен айткандан да катуу, бекем. Алсак, мындан 5-6 жыл мурда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл  аймагында ысык-суук мааракелерде ысырапкорчулук кылгандарга айып пул салынчу, азыр кандай экендигин билбейм.Мындай көрүнүштөрдүн эл арасына акырындап сиңип баратуусунда  агайдын көп жылдык демилгелеринин, аракеттеринин да үлүшү бар.  Бирок, республиканын түндүгүндө андай демилгелер таптакыр колдоого алынбай жаткандыгы да чындык. “Пайгамбарчылык аста-аста”, көч бара-бара түзөлөт” дегендей, андай жакшы көрүнүштөр өлкөбүздүн түндүгүндөгү айыл-кыштактарга да  акырындап таралат деп ойлойбуз. Кыйналып тапкандарын, чогулткандарын куру намыс үчүн  бир күндө чачып жиберип отура бергенден көрө ал каражаттардын балдарды окутканга, ишкердикке же бир нерселерди курганга  жумшалганы  жакшы эмеспи.

Мурдагыларын жыйналган макалалары, башкалар  жазгандан гана билсем, акыркы жыйырма жылдай убактан бери коомго, элге таасирин тийгизе турган окуялар боюнча дайыма өз карашын, позициясын билдирип, калыс сөзүн айтып, элди сабырдуулукка, ынтымакка гана чакырып келгенине өзүм күбөмүн. Ал 2007-жылдагы тирешүүлөр жөнүндө өзгөчө эсте каларлык  калыс пикирин айткан. Депутат болуп жүргөндө парламенттеги ашыкча  жиктешүүлөр, тирешүүлөр жөнүндө жазып, аларды конструктивдүүлүккө чакырса,  экинчи элдик революциядан кийинкилердин кемчиликтери, мүчүлүштүктөрү жөнүндө убагында айтты, жазды. Мүмкүн, агайдын  жупуну басыңкы үнү убагында жулкунбайлардын кыйкырык –бакырыктарынын арасында байкалбай, жетишерлик угулбай калышы да ыктымал, бирок  айткандары, жазгандары чындык.  Ал  2017-жылдагы шайлоодо  мурдагы президентти жандап да жүрдү, бирок ал шайлангандан кийин андан тез эле алыстап кеткендиги да ырас.  Пандемия башталганда  элди сабырдуулукка, этияттуулукка чакырды, анын атайын фондусуна 100 миң сом каражатын кошту. Колунда барлардан, мүмкүнчүлүктөрү жеткендерден каражаттарды жыйнап, өлкөнү сырткы карызын кескин азайтуу  боюнча реалдуулукка негизделген сунушун да берди. Сунуш  колдоо тапса, өзү да четте калбасы түшүнүктүү,  ал сөзүн дайыма иши менен ырастаганга көнгөн адам.

Бектемир Мурзубраимович жакында өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилегени турат. Ал химия боюнча илимдин доктору, академик, Жогорку Кеңешке үч жолу шайланып, комитеттерин, республикадагы 2 жогорку  окуу жайын жетектеген чоң мамлекеттик ишмер. Химия боюнча түшүнүгүбүз чектелүү болгондуктан ал жакка тереңдебедик, мамлекеттик  жана коомдук иштери жөнундө бизден башкалар да жазышкан, дагы жазышат болушу керек. Ошондуктан агайыбыздын мааракеси алдында анын өзүбүз жакшы билген жактарына, сапаттарына гана токтолдук.

Мааракеңиз куттуу болуп, дагы узакка эл үчүн кызмат кылыңыз урматтуу Устат агай!

                          Папан Дүйшөнбаев,

                        Жазуучу, адабиятчы, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты

          

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер