УСТАТТАР – УЛУУ ТООЛОРУМ

  • 16.07.2021
  • 0

(Замирбек Бекмуратов, Сатарбек Үмөталиев жана

Мырзабек Иманалиев агайларымдын жаркын элесине арналган эскерүү)

Мен окуган Токтогул Сатылганов (азыркы Рысбек Айдаралиев) атындагы мектеп Талас суусу мөңгүдөн башат алган тоолордун арасындагы Көпүрө-Базар айылында жайгашкан өзгөчө бир мектеп эле. Тоо этегинде, тоо желине ыргалган, көркөмү көз жоосун алган, жомоктогудай кайың токой. Бул мектептен көптөгөн окумуштуулар, акын-жазуучулар, котормочулар, кинорежиссёрлор чыкканы белгилүү.

7-класста окуп жүргөнүмдө кышкы каникулдан кийин Замирбек Бекмуратов деген жаңы агай келди. Замир агай мага математика дүйнөсүнүн эшигин кылтыйтып ачып берген биринчи устатым болду. Мен үчүн математика мектепте окутулган башка сабактардан өзгөчө, сандардын санжыргалуу дүйнөсүнө жетелеген, табышмактуу башка бир нерсеге айлангандай болду. Агай «мен айткандай жаса», «баланча күнгө чейин бүтүр» деп талап койгон катаал жетекчидей деле эмес, тескерисинче, мени математиканын сыйкырдуу ааламына саякатка алып чыккан жашы улуураак жан жолдошумдай эле сезилчү. Замир агайдын устаттык кудурети ушундабы деп да ойлойм. Менин демилгемди басмырлабай, аны колдой билүүсү биздин мамилебизди ширетип, мени өз күчүмө ишендирип, шык бергени эң негизги куралы болсо керек.

7-8-класстарда райондук олимпиадалардан байгелүү орундарды алып жүрдүм. 9-10-класстарда облустук олимпиадаларды да жеңип, республика деңгээлинде ийгиликтүү катыштым. Ал заманда элет-шаар деп деңгээлине жараша, кыргыз-орус деп тилине жараша бөлбөстөн, байгеге чогуу салышаар эле.

Ошентип, 10-классты да аяктадым. Замир агайым тууралуу эскерүүлөрүмдү аяктоо үчүн окуялардын ирээтин бузууга туура келет. Себеби окуумду бүтүрүп келгенден кийин дагы, агай менен чогуу жүрүп калдык. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Новосибирск университетинин аспирантурасын таштап баса берүүгө туура келди. Таласта ачылган физика-математикалык лицейге чакырды агайым. Мурун эсепти кантип чыгарышты үйрөнсөм, эми ошол эсепти башкаларга кантип түшүндүрүштү үйрөнө баштадым. Бала кезимде жакшы математик экенин гана баамдасам, эми адамгерчилигин баамдачу болдум. Өзүнүн салымын, салмагын, сиңирген эмгегин колко кылып айтпаган, жакшылык жасаса, дароо унуткарып койгон сыпайылыгы бар эле. Андыктан алар жөнүндө айтуу менин парзым деп түшүнөм. Кыргызстандын булуң-бурчунан дос-таанышы көп болгондуктан, Замир агай лицейге сырттан мыкты адистерди чакырып, лекция окутту. Лицейде математика, физика, информатика боюнча республикалык олимпиадаларга чабуул койгон, Кыргызстандын менменсинген мектептери менен атаандашкан күчтүү командалар пайда болду. 1992-1996-жылдар аралыгындагы «Манас» лицейинин мурун-кийин кайталанбаган албан ийгиликтери машыктыруучулардын машыктыруучусу Замирбек Бекмуратовдун ысымы менен тыгыз байланыштуу деп ишенимдүү айта аламын.

1996-жылы Таласта И.Арабаев атындагы университеттин филиалы ачылып, жайында мен ошол жакка которулуп кеттим. Күзүндө аспирантурага өтүп, Бишкекке көчтүм. Кышында Замир агай жол кырсыгынан 40 жашында каза тапты.

Бир топ жыл мурун агайым түшүмө кирген эле. Экөөбүз айылдын четинде жүрөбүз. Укмуштуудай теректер шамалга шуулдап ыргалып турушат. Агай маанайы көтөрүңкү «Көрдүңбү мен тиккен теректерди?» дейт мага. Ойгоно калып, теректер — окуучулары экен деп дароо жоорудум. Демек, арасындагы бирөөсү — менмин. Ушул түшүмдү эстеген сайын, көзүмдү жаштап алам.

Сатарбек Үмөталиев деген агай биздин айылдашыбыз болгонун кичүү муун билбей деле калса керек. Ал киши – биздин айылдын башкы дарыгери Аманбек Оморовдун тууганы болчу. Аманбек байкенин чарбагынын башында бүтпөгөн там тураар эле. Бала кезибизде ичине кирип, кафель плиталарын сындырып ойногондон өзгөчө бир ырахат алаар элек. Ошол үйдү Сатарбектин үйү деп коюшчу. Өзүн көргөн эмеспиз. Көрсө, ал киши Фрунзеде политехникалык институтта окутуучу экен.

10-классты бүтүрүп жаткан кезим. Аманбек байкелердин үйүнө конок келген экен, ошолордун бирөөсүн апам үйгө чакырып келди. Чай берип отуруп, апам: «Саташ, айланайын, мобу менин баламды математик деп макташат. Россияга барып окуйм дейт. Текшерип берчи, колунан деги бирдеке келээр бекен же жөн эле далбаса уруп жатабы?» деп калбаспы. Сатарбек агай бийик максат койгонумду кубаттап, айылдан ушундай балдар чыгып жатканына чын дилинен кубанып, мага бир топ эсеп чыгартты. Акырында ойлонуп туруп: «Жийде эже, бала жаман эмес. Бирок дагы тапташ керек экен» деп жооп кайтарды апама. Фрунзедеги дарегин берип, экзамен башталганча эртерээк келип кал деген маанайда кош айтыштык.

Аңгыча 10-класстын экзамендери да бүттү. Бирок 1987-жылы жайында колхоздун эгини, чөбү кар астында калып, беде чабууга буйдалып калдык. Бир жумадай убакыт жоготуп, Фрунзеге бет алдым.

Агайга консультацияга кегендердин көпчүлүгү шаардык балдар болчу. Алардын арасында айылдан келгендери экөө элек. Орусча сүйлөгөн кыргыз балдар бизди чанып, бөлчү деле эмес, болгону орток тил табылбай турду. Көп өтпөй ушундай орток тил математика болуп чыкты.

Сатарбек агай кыйын эсептерди берээр эле. Союздун баардык белгилүү окуу жайларынын бирнече жылдан берки кирүү экзамендеринин эсептери бар эле колунда. Ошолордон чыгартып, үйрөтчү. Андан тышкары, Сатарбек агай убакытты утумдуу пайдаланууга, эсептин чыгарылышын сабаттуу жана ирээттүү баяндоого машыктырды. Ушул машыгуулардын жогору баасын мен жакын арада – алтын медаль ээлери менен бак талашкан өзгөчө маанилүү жана чечүүчү биринчи сынактан өткөн күнү түшүнүп жүрбөйүмбү. Биздин топтун тыңыраагы мен болуп чыга келдим. Агай мени эмнегедир Нурланбай деп атап алды.

Биринчи экзамен математикадан болду. Новосибирскиге бир эле орун берилиптир ошондо. Талашкандардын арасында бир тобу – алтын медалисттер. Эреже боюнча, эгер медалист биринчисин бешке тапшырса эле, калган экзамендерди тапшырбай, окууга өтүп кете бермек. Менде медаль жок болчу, бирок менин багыма беш алган жалгыз мен болдум. Экинчи экзаменди, физиканы да бешке тапшырып, өтүп кеттим. Айтмакчы, Сатарбек агай адистиги боюнча физик болчу. Ошентип, атактуу Новосибирск мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин студенти болдум да калдым. Ушул ийгилигиме Сатарбек агайдын да опол тоодой үлүшү бар.

Сатарбек агай менен акыркы жолугушуубузда Арашандагы үйүнө барып кондум. Узатып жатып, «Нурланбай, жашоодо баарына жетесиң. Адамкерчилигиңди жоготпо» деген сөзүн айтты. Көрсө бул акыркы алган сабагым экен… Көп өтпөй, кант диабетинен каза тапты…

УСТАТТАР – УЛУУ ТООЛОРУМ

Мырзабек Иманалиев кыргыз математика илиминин негизин түптөгөн атактуу окумуштуу математик. 1996-жылы Мырзабек
Иманалиевичке аспирант болуп калдым.

Тамекинин жыты сиңген, китептери ирээтсиз чачылган кабинетке кирдик. Бул анын лаборатория башчысы катары отурчу экинчи кабинети экен көрсө. Директордук кабинетине семинар, диссертация коргоо учурунда гана баш бакчу. Биринчи жолукканыбызда,
Мырзабек агай согуш учурундагы оор балалыгын, кандидаттык диссертациясын коргогонун айтып отурду. Бирок мындан кийин мындай баарлашуу болбой турганын, кийинки кездешүүлөрүбүздө илимди гана талкуулап калаарыбызды ал кезде сезбептирмин.

Тапшырма койгондон кийин тез эле азыноолак натыйжалар менен келдим. Агай кубанып калды. Бирок философия сабагынын көйгөйү көбөйүп кетти. Стипендия аз болуп, акча табамдын далбасасы менен сабактарга катышпай, окуудан четтетилип кала жаздадым.
Мырзабек агай таламымды талашып жатып, коргоп калды. Түнүндө темир жол вокзалында жүк ташып, жол кире үнөмдөмөкчүмүн, —  деп жалган студенттик билет жасата коюп, милицияга түшкөн күндөрүм да болду. Философияны тапшырган соң, менин азап-тозогумду азайтыш үчүн агай мага «Таласыңа кайта бер, стипендияларыңды алганга келип тур» деген кеңешин айтты. Күндүзгү бөлүмдө окуган аспирантты минтип үйүнө жибере салганы, негизинен, мыйзам бузуучулук эле. Ошентип, Таласка кайтып келип, турмуш шартым кичине оңолуп калды.

Автовокзал жакта батирде туруп, электр жарыгы жок күндөрдү баштан өткөрүп, токойдон отун алып жүрдүк. Үйүндө нан жасап саткан наабайлардын айынан трансформаторлор бат-бат эле бузула берчү. Кээде жарылып, өрттөнгөн күндөр болоор эле. Диссертациям чырактын жарыгында жазылды десем да болот.

Мырзабек агай институттун коридорунда ары-бери басып, байма-бай тамеки тарта берчү. Бир жолу мени да кошуп алды. Ошол эле күнү улуу муундун алдына олуттуу маекке чакыртылдым. «Институттун коридорунда, болгондо да Иманалиевдин өзү менен чылым чегишкендей сен ким элең?» деген эскертүү берилди мага. Ушудан баштап агайга тамеки таштаган киши болуп көрүнүп, мурдум «кычышканына» эптеп чыдап, анан дааратканага чуркачу болгом.

Диссертация коргогон күнү институтта чакан чай уюштурдум. Андан чыгып, агайды байбичеси менен ресторанга чакырдык. Агай «өзүңөр эле тойлой бергиле, байбичем экөөбүздү үйгө жеткирип койсоңор болду», —  деген өтүнүчүн айтты. Көндүрө албадык.

Мырзабек Иманалиев 31 жашында москвалык математиктерди бушайман кылып жүргөн эсепти чыгарып, докторлук диссертация коргогон илимпоз, ондон ашуун илим докторун, 40 тан ашуун кандидат даярдап чыгарган устат. Ал татаал теңдемелерди изилдөөнү жеңилдеткен адистердин автору жана чебери болчу.

2001-жылы Мырзабек Иманалиевичтин 70 жаш юбилейине арналган эл аралык конференция уюштурулуп, агай «XX кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн» алтын медалын алды. Бирок конференциянын Ысык-Көлдө өткөн маданий бөлүгүнө катышкан жок. Биз барып, эки-үч күн доклад окудук, эс алдык. Өзү ушул күндөрү да институтка жумушка чыгып, калыбынан жазбай, эсеп чыгарып отурду деп уктук. 80 жылдыгы да конференция менен белгиленди. 90 дун ашына аралаша албады…

Акыркы кездешүүбүз агайдын үйүндө болду. Талас университетинде окуткан студентим, азыр илим кандидаты, Кубат Айтбаев экөөбүз көңүлүн сурап бардык. Экөөбүздүн биринчи жолуккан күнүбүздөгүдөй болуп, чечилип сүйлөштүк. Эмнегедир «Карынын сөзүн капка сал» деген макалды көп кайталады. Мүмкүн бул анын керээзи болгон чыгаар.

Устаттарымдын мүнөздөрү ар кандай эле. Замир агай жумшак жана уяң болсо, Сатарбек агайдын, тескерисинче, үнү бийик чыгып, күлкүсү аба жарып турчу. Мырзабек агай көп сүйлөбөгөн, түнт адам эле. Бирок бул инсандарга орток касиет бар болчу. Ар кимиси өз ишин жан-дили менен сүйүп, шакирт тарбиялашты, жашоого наалуу менен бирөөнү жамандоо алар үчүн жат көрүнүш эле. Менин адис катары да, инсан катары да калыптанышыма үчөө тең бирдей камкордук көрүштү. Сөз соңунда үч устатымдын элинин алдында кылган эмгектерине таазим этүү менен, аларды кыргыздын Улуу Тоолоруна салыштыргым келет. Жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун, ардактуу Агайларым!

Нурлан Абиев,
физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, Тараз регионалдык университети, Казакстан, математика кафедрасынын башчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер