УСТАТ БАСКАН УЗАК ЖОЛ

  • 11.06.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Шаршеналы Алиев 70 жашка толуп, учурда өмүрүнүн жарымынан көбүн арнаган сүйүктүү окуу жайы жана кесиптештери менен биргеликте торколуу тоюн белгилеп жаткан кези.

УСТАТ БАСКАН УЗАК ЖОЛ

Белгилүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Шаршеналы Алиев 1950-жылы Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун механика-математика факультетин аяктаган соң, ошол эле жылы В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун физика-математикалык билим берүү факультетинде иштеп баштаган. 1974-1984-жылдар аралыгында өзү иштеген кафедрада окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенип, 1984-1993-жылдары К.И.Скрябин атындагы Айыл-чарба институтунда жогорку математика жана теориялык механика кафедрасында ага окутуучу, доцент болуп эмгектенген.

1991-жылы Шаршеналы Алиевич кандидаттык ишин ийгиликтүү жактап, физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Ошол жылдан бүгүнкү күнгө чейин И.Арабаев атындагы КМУнун физика, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинде иштеп келет. Бул жылдар аралыгында
Шаршеналы Алиевич математика жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы (1993-1994); педагогика факультетинин деканы (2003-2005); Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун математика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доктаранты; жогорку математика кафедрасынын профессору, кафедра башчы, Илим изилдөө институтунун директору болуп иштеди.

2005-жылы “Педагогика багытындагы гуманитардык адистиктердин студенттерин кесипке багыттоо, математикалык билим берүүнүн илимий-дидактикалык негиздери” деген темада докторлук ишин ийгиликтүү коргогон.

2008-жылы Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин окуу жана илим изилдөө иштери боюнча проректору, көп өтпөй ректору болуп да эмгектенди.

Шаршеналы Алиевичтин жетекчилиги астында онго жакын илимдин кандидаты диссертациялык ишин коргоду. Агай бүгүнкү күнү Педагогика илимдеринин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган диссертациялык кеңештин мүчөсү.

Агайдын 100дөн ашык илимий-методикалык эмгектери, анын ичинен эки монография, сегиз окуу китеби, жети методикалык колдонмосу басмадан чыккан.

Кыргыз билим берүүсүнө сиңирген эмгеги бааланып, “Билим берүүнүн мыктысы”, Билим берүү жана илим министринин Ардак грамотасы, Кыргыз тили улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, Тоголок Молдо атындагы төш белгиси, И.Арабаев атындагы КМУнун “Эмгек сиңирген ишмери”, Нарын областынын “Ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылган.

Шаршеналы Алиев 48 жылдык эмгегинин көбүн Кыргыз мамлекеттик университетине арнады. Окуу жайдын оор жүгүн көтөрүп жүргөн, мээнеткеч инсан катары аны университеттин жетекчилиги менен эмгек жамааты жогору баалайт.

– Шаршеналы Алиев – биздин университеттин чыгаан окумуштуусу, дасыккан усулчусу, тажрыйбалуу педагог жана чыныгы патриоту. Ал бизде узак убакыт эмгектенди. Жаштарга, өсүп келе жаткан муунга тарбия берүү менен бирге, математикадан мыкты методист экенин далилдей алды. Агайдын жетекчилиги менен “Педагогикалык билим берүү” багыты боюнча бакалавр жана магистратура программасынын мамлекеттик стандарты бир топ толуктоолор менен кайрадан жазылды. Тактап айтсак, стандарттын “педагогикалык билим берүү” багытындагы педагогикалык практикага “мектеп күнүн” кошуу агайдын жеке идеясы болду. Бул да болсо анын кыргыз билим берүүсүнө кошкон салымы деп билем. Шаршеналы Алиевичтин илимге, билимге болгон астейдил мамилеси педагогика илиминин өркүндөп-өсүүсүнө, бүгүнкү кыргыз билиминин алдыга арыш ташташына кошкон чоң салымы боло алды, — дейт КМУнун ректору Т.Абдырахманов.

Шаршеналы Алиевичтин кесиптештери анын кандай гана көйгөйлүү маселе болбосун көңүлдөгүнү таап, көпчүлүккө төп келе тургандай ийкем ийгерген, илгери ой жүгүрткөн мүнөзүн жактырышат.

– Агайды прогрессивдүү ойлорду, инновациялык башталыштарды, жаңы идеяларды чыгарып, билим берүүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон жаратман инсан катары тааныйбыз. Мени тагдыр чыгаан педагог Шаршеналы агай менен 2003-жылы кездештирди. Агай көп жылдан бери педагогика факультетин жетектеп келген. Шаршеналы Алиевич менен педагогика, окутуунун методикасы боюнча көп пикир алмашып тураар элек, ошондо жаш адис экениме карабай, мени менен токтолгон кесип ээси катары сүйлөшүп, туура жолго багыттап тураар эле. Азыр дагы агай ар дайым жөнөкөй, кичипейил, ары адамгерчилиги менен адамдарды өзүнө тартып турат. Педагогикалык адистиктерге “Мектеп күнүн” киргизүү – агайдын идеясы катары билем. Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы боюнча чыгаан окумуштуу, билим берүүнүн фундаменталдуу проблемаларын, окутуунун жана тарбиялоонун теориясын, мектеп дидактикасын да өнүктүрүүгө салым кошкон, — дейт педагогика факультетинин деканы М.Онолбаев.

Билим берүүдөгү ийгиликке жетүүнүн маанилүү кадамы ‒ билим берген устат менен билим алган шакирттин ортосундагы сырдашууга, түшүнүүгө жана ишеничтин даражасына жараша болот. Бул байланыш канчалык күчтүү болсо, келечек ошончолук кубаныч тартуулайт. Шаршеналы Алиевич шакирттеринин арасында да чоң кадыр-баркка ээ.

– Устатчылыктын баардык баалуулуктарынан, келечекке кубаныч ыроологон касиеттеринен менин сүйүктүү устатым Шаршеналы Алиевичке кудай аянбастан эле берген көрүнөт. Менин ардактуу агайым чыныгы устат, азыркы мезгилдин көсөмү, замандын акылманы, калысы, сынчысы, шакирттерине тогуз жолдун тоомундагы жол көрсөткүчү, муун тарбиячысы. Ал керт башынын жыргалчылыгынан шакирттеринин мүдөөсүн бийик тутуп, элим деген ыйык максатты көздөп жашайт. Доор демин жаземдебей туюп, баамдап, окуучуларын заманга жараша жаңы эс-тутумга, жаңыча акыл калчап, ой жүгүртүүгө багыттап, рухий маданияттын кутун учурбай сактап турат. Жаш ынтызарларга туура багытты көрсөтүп, алардан илимпоздордун бир муунун тарбиялап чыкканга чоң салым кошкон жана күнү бүгүн да талыкпаган мээнеткеч, ар дайым бел чечпеген мээнеттүү түйшүктүн ичинде жүргөн жан дүйнөсү айкөл, адамгерчилиги бийик илимпоз, устат. Шаршеналы агай – бактылуу адам. Агайыбыз жетимиштин кырын кырдаса да орошон ойлорун оргуштатып, билим берүү системасына жарым кылымга жакын өмүрүн арнап келет. Ондогон илимдин кандидаттарын даярдап, саяпкер сымал ар бирине аярлуу мамиле кылып, таптап, илимдин даңгыр жолуна коё берди. Алар агайыбыздын ишин татыктуу улантып, кыргыз илиминин пайдубалын бекемдешүүдө. Устатыбыз бүгүн да тыным албайт. Эртеден кечке педагогикалык иштер, жаңы ойлор, жаңы илимий долбоорлор… Шаршеналы Алиевич ‒ УСТАТ деген жогорку даражага толук татыктуу, — дейт шакирти, п.и.к., доцент Мурзабаев Көчкөнбай.

Окуу жайдын эмгек жамааты Шаршеналы Алиевичке 70 жаш торколуу тою менен чын дилинен куттук айтып, ага өмүр, ден соолук тилеп, ушул арышынан жазбай иштеп, келечекке татыктуу муунду тарбиялай беришине тилектештигин билдиришет жана аны менен сыймыктанарын айтышат.

Чолпон КУДАЙБЕРГЕНОВА, «КБ»

Жүзгө чыгыңыз

Ашууларда отчетту берип жатасыз,

Айткан, жазгандарыңыз да катасыз.

Ааламдашуу, жаңылануу шартында,

Арабаевде Сиз ат көтөргүс атасыз.

 

Сексен, токсон, жүз жашта да ушундай,

Сүрүңүз болуп теңир тоонун кушундай.

Жаштарга дем, карыларга бел болуп,

Жүрүңүз дайым ушул бойдон бузулбай.

 

Токтосун Атанаев, профессор

 

ШАРШЕНБЕК – шайыр жигит!

Жетимиш жаш – карылыктын алды,

Илимде кыйла такшалды.

Калысын айтсак ар кептин,

Кээ-кээде кетмейи бар чычалап.

 

Шыйрак жээр кезде башты алды,

Ат эмес, асыйда макталды.

Түнөк таап «Женпедден»,

Билимге үндөп жаштарды,

Университеттин кышын коюшту,

Кафедра, факультетти да башкарды.

*

Эми Шаке!

Кубанычты коштоп жүрөөр кейиш бар,

Кууралды да унуткараар бейиш бар.

«Мугалим мөмөлүү дарак» десек,

Өзүңүздөн шактап турган «жемиш» бар.

Эл-журтуңа эмгек кылып аман жүр,

Тирүүлүктүн акырында жеңиш бар.

 

Маматкан Чоров, досу, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер