УНИВЕРСИТЕТ 4.0: ӨНҮГҮҮНҮН ИННОВАЦИЯЛЫК ЖОЛУ

  • 05.07.2021
  • 0

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды заманбап жолго баштаган “Университет 4.0.” концепциясы менен өнүктүрүү каралган жол картасы иштелип чыгып, кабыл алынуунун алдында турат. Андагы негизги багыттар жана милдеттер жөнүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров “Кут Билимге” маек курду.

УНИВЕРСИТЕТ 4.0: ӨНҮГҮҮНҮН ИННОВАЦИЯЛЫК ЖОЛУ

– Негизги өзгөрүүлөр дароо эле болуп калбайт. Биз бул жол картаны үч жылдык деп алганбыз. Негизги ошол “Университет 4.0” багыты менен бара тургандай иш-чаралар көргөзүлдү. Азыркы учурда жогорку окуу жайлар билим берүү гана кызматын аткарып жатат. А биздин оюбузча, азыркы дүйнөдөгү жогорку атаандаштык шартында жогорку окуу жайларда билим берүүдөн тышкары илим дагы жүрүш керек. Экинчиден, ошол билим берүү жана менен илим менен катар жогорку окуу жайында жаңы инновация пайда болуш керек. Жыйынтыгында өлкөнү экономикалык жактан өнүктүргөнгө анын өзүнүн салымы болушу керек.

Бул үчүн өзүнчө тийиштүү шарт түзүлүшү керек. Карап көрсөк, бүгүнкү күндө алар жок экен. Биринчи карай келгенде, укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдарды карап чыгышыбыз керек экен. Мисалы, жогорку окуу жайларында финансылык көз карандысыздыкты камсыз кылуу, экинчиден, рынок талабына ылайык жаңы инновацияны жасап, аны сатыш керек экен. Ошенткенде гана илим прикладдык түрдө түздөн-түз инновацияны пайдаланууга алып барат экен да.

Экинчиден, 20-30 жылдан бери инерция менен келе жатыптыр. Ошондуктан мазмунду, анын түзүмүн өзгөртүш керек экен. Бизде жогорку окуу жайлардын керектүү деңгээлдеги потенциалы кээ биринде бар, кээ биринде жок. Бирок ошол потенциалы бар ЖОЖдор дагы инновацияны жарата албайт экен, анткени мыйзамдык чектөөлөр бар. Ошондуктан ошол чектөөлөрдүн баардыгын алып салып, бир жаңы форматка трансформация кылалы, жаңы бир мейкиндикти берели деп жатабыз. Бул эми бир гана жол картасы менен чечилип калбайт. Министрлик буга чейин эле мыйзамдарды, укуктук- ченемдик актыларды инвентаризация кылып жатканбыз. Эки ишти айкалыштыруу керек. Эртеңки күнү университеттер, жогорку окуу жайлар үчүн “Университет 4.0” концепциясы менен өнүгүүгө укуктук-ченемдик жактан шарт түзүү зарыл.

– Өнүккөн өлкөлөрдө жогорку окуу жайларында академиялык эркиндик, финансылык өз алдынчалык бар. Мына Казакстанда да ушундай шартты түзүп жатышат. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында тигил болбойт, бул болбойт деген кол байлаган тоскоолдуктар өтө көп да. Мына ошол тоскоолдуктардан арылыш үчүн жок дегенде академиялык эркиндик берилип, университеттер керектүү заманбап программаларын өздөрү тандашы керек. Экинчиден ашыкча текшерүүлөрдөн эркинирээк болуш керек эмеспи?

– Бул жагынан иштер министрлик тарабынан башталган. 2019-жылы улуттук квалификация системасын бекиткенбиз. Анын ичинен ошол системага ылайыктуу мамлекеттик стандарттардын макетин дагы бекиткенбиз. Бул эмнени билдирет? Мурункудай мамлекет тарабынан сабактардын тизмесин бербейбиз, академиялык эркиндик берилген. Ар бир жогорку окуу жайы кайсы бир адисти даярдоого керектүү мазмундун тизмегин жазышат. Бул боюнча азыркы күндө жаңы муундагы мамлекеттик стандарттар экспертизадан өтүп, азыркы учурда бекитилүү алдында турат.

2022-2023-жылдан баштап бул стандарттар күчкө кирсе, жогорку окуу жайларында академиялык эркиндик болот деген ойдобуз. Экинчи жагынан финансылык боштондук деген эмнени билдирет? Бул деген өзүлөрүнүн акчасын каалагандай колдонуу эмес. Бул жогорку окуу жайлары өзүлөрүнүн изилдөөчүлүк потенциалын колдонуп, кадимкидей эле бизнес чөйрөдө болобу, же экономикада, же мамлекет тарабынан болобу, бир тапшырманы, инновациялык изилдөө аткарып, акча тапсын деп жатабыз. Мисал үчүн бир жогорку окуу жайында бир лаборатория болсо, аны менен бизнеске керектүү кызмат аткарып, изилдөөлөрдү жүргүзүп, кийин өндүрүшкө чыга турган прототиптерди жасап берсе
болот.

– Биз жана жогорку окуу жайларынын экономикага салымы жөнүндө йтып жатканда эске ала турган орчундуу бир жагдай бар. Маселен, жазында жарыялаган маалымат боюнча чет өлкөдөн келип окуп жаткан студенттердин саны бир жылда эле эки эсе көбөйүп, 70 миңден ашыптыр. Алардын өлкөгө алып келип жаткан акчасын эле эсептесек, өзүнчө эле бир “Кумтөрдүн” кирешеси түшүп жатпайбы?!

– Муну сиз туура айттыңыз. Билим берүү экспорту биздин билим берүүнү өнүктүрүү программасынын өзүнчө артыкчылыктуу багыты. Ошол максат боюнча министрлик акыркы 2-3 жылдан бери бир топ иш барып жатат. Биринчи жыйынтыгы, чет элдик студенттердин саны бир жыл ичинде эки эсе көбөйдү. 42 миңден 72 миңге жетип отурат.

Экономикалык жагын да эсептеп көргөнбүз. Бери дегенде эле ар бир чет өлкөлүк жаран биздин мамлекетке келгенде бир айдын ичинде квартирасына, тамак-ашы, кийим кечесине орто эсеп менен 300дөн 500 долларга чейин жумшайт экен. Муну эсептей келгенде аябай эле чоң сумма чыгат. Бул бир жагынан инвестиция болуп жатат. Экинчи жагынан, биз окутуунун сапатын аябай жакшы кылсак, алар ушул инвестицияны дагы беш-он эсеге көбөйтө турганы бышык.

Азыркы учурда жогорку окуу жайларында эки жүз он тогуз миңдин тегерегинде студент бар экен. Ошондо ар бир үчүнчү студент чет өлкөлүк болуп жатат. Бир жагынан жакшы көрсөткүч, экинчи жагынан бул бизге чоң жоопкерчиликти артууда. Ошондуктан ушул жакшы тенденцияны бузуп албаш үчүн жогорку окуу жайларын өнүктүрүүдө туура саясат жүргүзүп, ар бир окуу жайдын беделин көтөрүү керек.

Имиджди бекитүүнүн бир гана жолу бар. Бул деген эл аралык рейтингдерге кирип, таанымал болуш керек. Ал жагынан да биз өзүнчө QS World University Rankings сыяктуу эл аралык рейтингдерге кирүүнүн жол картасын иштеп чыгып, ал жагынан да иш алып баралы деп жатабыз. Анткени эл аралык рейтингде таанымал болгондо гана жогорку окуу жайдын имиджи, статусу көтөрүлөт. Чет өлкөлүк студенттердин саны көбөйөт. Ошондо алардын ар бири биздин экономикалык өнүгүүгө чөйрөгө өзүнүн реалдуу салым кошо алат.

Маектешкен К.Чекиров

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер