УЛУУЛУКТУ ЖАРАТКАН УЛУУ УСТАТ

  • 25.04.2024
  • 0

 

№10 Ж. Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин химия мугалими болуп иштегениме бир топ жыл болду. Менин мугалим болуума, химия жана биология предметинен сабак берген атам Надырбеков Жакыпбек себепчи болгон.

УЛУУЛУКТУ ЖАРАТКАН УЛУУ УСТАТ

Көрүнүктүү ишмер М.И.Калининдин: “Өз кесибин жакшылап тандап алуу, белгилөө — өз өмүр жолун, өз мүнөзүн, өз түшүнүгүн белгилөө, өзүнүн турмушта керек болор жерин табуу дегендикке жатат”, — деп айткан сөзү менин сезимимден түнөк таап, мен мугалимдик кесипти тандап алгам, мен — мугалиммин.

Ал жөнүндө айтсам: А. Рудаки:    Нур төшөлүп жолуңа, айың тууп турганда.

Үлүшүңдү алып кал, ышкоо тартып кур калба демекчи,

Жараткан жашоого келүү үлүшүн берип,1929-жылы 21-ноябрда Надырбеков Жакыпбек Жаңы-Жол айылында жарык дүйнөгө келген.

Надырбеков Ж. 1937-жылы мектеп босогосун аттап билим алып, 1947-жылы М.Горький атындагы №1 орто мектепти жалаң “эң жакшы” деген баалар менен аяктап, жетилүү аттестатын алган. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия, биология факультетине тапшырган.

Ч. Айтматов:  “Кагазга катталын калган жакшы наам, түгөнүп бүтпөй турган өмүр”, — деп айтылгандай, Надырбеков Ж. 1949-жылдын 1-сентябрында “Кечүү” сегиз жылдык мектебинде директор болуп дайындалуу менен эмгек жолун баштаган. 1950-жылдын 1-сентябрында Жаңы-Жол  райондук элге билим берүү бөлүмүндө мектептер боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенген. 1953-жылдын 6-апрелинде “Райкомол” жети жылдык мектебине директор болуп дайындалган.

Ж. Баласагын: Үйрөнгүлө, балдар, илим, өнөр,

Ырасында илимден өмүр өнөр.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине химия, биология бөлүмүнөн билим алууну улантып, 1960-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1958-жылы январда Кыргызстан коммунистик партиясына мүчө болуп кирген. Ал эми 1966-жылы Кыргыз ССРине “Билим” коомуна мүчө болгон.

Элдик акыл:   “Ар адамдын болсо эгер нуска сөзү,

Ал нуска сөз — түбөлүктүү акыл көзү”,- деп айтылгандай,  Надырбеков Ж. 45  жылдык эмгек жолунда жан дүйнө таанымынын кеңдиги, акыл оюнун тунуктугу, кыраакылыгы, көрөгөчтүгү, сезгичтиги жана дилгирлиги менен окуучуларга билим тарбия берген.

Л.Н.Толстой:  “Үйүндө бактылуу болгон адам гана бактылуу”, — деп айткандай, Надырбеков Ж. төрт уул, үч кыздын сүйүктүү атасы болгон. Өмүрлүк жары Саадат менен жашоонун бактылуу учурунда 30 небере, 9 чебере көргөн.

Надырбеков Жакыпбектин сабак өтүүсү, окуучуларга болгон мамилеси, сабакта теманы турмуш менен байланыштуулугуна басым жасоосу менин химия предметине болгон кызыгуума түрткү болгон болсо, үйдө сабакта берилген тапшырмаларды маңдай-тескей, бетме-бет баарлашуу менен аткарууда даяр түрдө айтып берчү эмес.  Бир тапшырманы аткаруу үчүн бир нече суроолорду берчү, бул учурда менин өз алдынча ойлонуумду өнүктүрүүгө, аң-сезимдүүлүгүмдү арттырууга өбөлгө түзгөнүн, мен өзүм химия предметинен билим берүүдөгү 45 жыл педагогикалык эмгек жолумда сезип келем. Эсимде, 9-класста “Туздардын гидролизи” деген тема боюнча үй тапшырмасын аткарууда эрежени гана жаттап алып, бүттү деген тыянакка келген учурда менин устатым, менин атам, өмүрүн билим-тарбия берүүгө арнаган Надырбеков Жакыпбек дагы эле кезектеги суроолорун:

— катиондук гидролиз;

— аниондук гидролиз;

— катиондук-аниондук гидролиз боюнча маалыматтап, тамак-аш тузунун, цинк хлоридинин, натрий карбонатынын гидролиз реакциясынын теңдемесин жазуу жөнүндөгү суроолор менен мага кайрылган. Мен суроолорго жооп берүү үчүн кайра-кайра окуп, изденип, суроолорго жооп таап, реакциянын теңдемесин жазып, анын туура аткарылышы жөнүндөгү жылуу пикирден сүйүнүчкө ээ болгонумдан сөзсүз химия предметинен сабак берген мугалим болом деген тыянакка келгем. Ошондогу окутуунун суроо-жооп иретинде өткөрүлүүчү формасын -эвристикалык аңгемени, мен да сабагымда көп колдоном. Анткени билгичтик менен коюлуучу суроолор аркылуу билимдин, байкоонун негизиндеги жаңы түшүнүктөргө корутундуга өз алдынча келе калып, предметке болгон кызыгуудан кесип тандоо аракети пайда болорун педагогикалык эмгек жолумда А.Сарбекова №10 Ж. Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин химия мугалими, Н.Калманбетова  Ж.Баласагын  атындагы Улуттук университетинин  химия факультетинин бүтүрүүчүсү, Р.Жылдызбекова Ж. Баласагын  атындагы Улуттук универстетинин химия факультетинин студенти — ушуларга устат болуу менен тастыктай алдым.

“Адамды бактыга үйрөтүү мүмкүн эмес, бирок бактылуу кылып тарбиялоого болот”, — деп атактуу педагог А.С.Макаренко айткандай, улуу кесипке багыттап, бактылуулуктун жолун көрсөткөн устатым, атам Надырбеков Жакыпбектин элесине ар убак таазим этем. Жашоонун ырахаты — сүйгөн кесиби экендиги бул чындык, андыктан көңүлдүн берилиши, жүрөктүн каалоосу, сезимдин сүйүүсү менен бул кесипти тандап алганым үчүн бактылуумун деп эсептейм.

УЛУУЛУКТУ ЖАРАТКАН УЛУУ УСТАТ

Ж. Надырбекова,  №10 Ж. Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин химия мугалими,  Аксы району, Жалал-Абад облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер