УЛУУ ЖОЛДУН БАШТАЛГАНДЫГЫНА 70 ЖЫЛ

  • 20.04.2022
  • 0

                                                    Папан Дүйшөнбаев,

                          “Манас” жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын айтматовтаануу бөлүмүнүн башкы адиси, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси

УЛУУ ЖОЛДУН БАШТАЛГАНДЫГЫНА 70 ЖЫЛ

                    Быйыл улуттук адабиятыбыз, жалпы эле маданиятыбыз үчүн өзгөчө жыл.Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын башталгандыгына 70 жыл толот. 1952-жылы 6-апрелде “Комсомолец Киргизии” гезитинин №42 санына “Гезитчи Дзюйо” деген алгачкы аңгемеси жарыяланган, ошол жылдын аягына чейин аталган гезиттин августтагы  №2 санына (17,20-август, № 99, №100) “Биз андан ары  барабыз”, “Киргизстан” адабий альманахынын №2-китебине  “Ашым”  деген аңгемелери  чыккан. “Сыпайчы” аңгемеси бул альманахтын кийинки жылдагы № 2-китебинде, “Кайракыда” деген аңгемеси “Советская Киргизия” гезитинин 1954-жылдын 11-апрелиндеги №86-санында жарык көргөн.  

Булар автордун көркөм чыгармаларды жаратууга чындап ышкысы ойгонуп, сүйлөмдөрдү кураштырып, сюжет түзүүнүн техникалык жактарын аздыр-көпттүр  өздөштүргөн   менен чыныгы адабияттын неден башталарын, көркөм ой жүгүртүү  деген эмне экенин түшүнө электеги, ички рухий зарылчылыктан жана муктаждыктан эмес, китептик  таасирлерден  улам гана жаралган үйрөнчүк аңгемелерден болгондуктан автор аларды  кийин китептерине, жыйнактарына киргизмек түгүл, көп учурларда эстегиси да келбегенин   анын чыгармачылыгы менен аздыр-көптүр  алектенип жүргөндөр жакшы билишет. Алгачкы чыгармачылыгы жөнүндө  сөз болгондо “Гезитчи Дзюйону” гезиттик бир кабарга таасирленип жазганын айткан, бирок жогоруда аталган калган аңгемелеринин таржымалдарын чечмелегенин  бир жерден окуй да, уга да элекпиз. Эмне үчүн?

Биологиялык кандай түр болбосун наристелик, балалык курактарын кыйгап өтө албагандай эле сүрөткерлер да үйрөнчүк, калыптануу мезгилин аттап өтүп кете алышпайт. Ал мезгил канчага созулат, эмнелери менен өзгөчөлөнөт, кийинки чыгармачылыгына кандай таасир тийгизет, кандай роль ойнойт,  албетте, ал ар сүрөткердин  жекече  сапаттарына, талантына, аракетчилдигине, эмгекчилдигине жараша болот. Адабиятка үйрөнчүк болуп кирип, өмүр бою андан чыкпай калгандар да аз эмес, бирок ал башка  сөздүн темасы, биздин бул жерде айтайын дегенибиз, сүрөткердин кийинки көркөм ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрү, темпераменти,  таланты анын үйрөнчүк мезгилде жазгандарынан деле байкалат. Ага классикалык далил катары М.Шолоховдун үйрөнчүк кезинде жазган “Дон аңгемелерин” (“Тынч Донго” чейин 3 жыйнак чыгарган) көрсөтсө болот. Ал аңгемелердин лексикасына, стилистикасына жана кейипкерлерди сүрөттөөсүнө, ыргагына  мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү кийин дүйнөгө белгилүү болгон “Тынч Дон”, “Бузулган дың” романдарынан жолуктурабыз.

Ч.Айтматовдун алгачкы аңгемелеринин жазылуусуна Өзбекстандын эл жазуучусу Михаил Шевердиндин алгачкы аңгемелери аябай чоң таасир тийгизгени бир караганда эле көзгө түшөт. Айтматовдун “Сыпайчысын” М.Шевердиндин 1947-жылы жарыяланган “Сипайчи“ деген аңгемесинин бир варианты десе да болот. “Сиз Бейшеналы аксакалды билесизби?” (1:29) деп башталат анын “Биз андан ары барабыз” деген аңгемеси.  М.Шевердиндин “У переправы” деген аңгемеси “Знаком ли вам горный кишлак?” (2: 499) деген суроо менен башталат. Айтматовдун кечүү темасына арналган “Асма көпүрө” деген аңгемеси бар (3: 86). Бир сөз менен айтканда, М.Шевердиндин жаш Айтматовго тийгизген таасири өзүнчө иликтеп, изилдөөнү талап кылат. Бирок, ал таасир кыска убакытка, же Ч.Айтматовдо чоң адабият жөнүндө түшүнүк жаралгыча  гана болгон.

Ошентип Айтматовдун алгачкы аңгемелери көркөм ой жүгүртүү жок, журналистикалык баяндоолордон айрымаланбаган,   кейипкерлеринин максаттары чоң болгон менен  социалдык, психологиялык мотивдери  жасалма, ишенимсиз , тили да, сюжеттери да  примитивдүү үйрөнчүк чыгармалар. Адатта  таанымал сүрөткерлердин көбү  жаш кездеринде  андай чыгармаларды жарыялашканына өкүнүшөт. Конкреттүү  бирден атабаган менен Айтматов  өзү деле  жалпысынан алардын турмуштук, ички зарылдыктан эмес,  китептик таасирлерден улам жаралганын мойнуна алган (5:5). Кайра көргүсү, бастыргысы келген эмес, бирок бир басылып калганды балталап да жок кыла албайсың дегендей, автор каалабаса да аны адабиятчылар, анын чыгармачылыгын иликтегендер издеп таап, 66 жылдан кийин бир эмес, эки ирет которуп, (1.Чыңгыз Айтматов, Алгачкы аңгемелер, кыргызчалаткан  Мырзаян Төлөмүшев, Б., 2018, “Турар”, 76 б., 2. Чынгыз Айтматов, Аңгемелер, которгондор: Токтогазиев Т., Абдылдаева А., Бекболотов Т., Б. 2019. “Полиграф-бумресурсы”, 68б.)    ) кыргызча чыгарышты.Мурда ал аңгемелерди окурмандардын көпчүлүгү билишпесе, адабий чөйрөдөгүлөр гана  угуп жүрүшсө, эми алар адабий фактыга айланды.

Кейипкерлердин иш аракеттерин психологиялык жактан мотивациялоодо, аларды көркөмдүк, эстетикалык  жактан окурмандарга жеткирүүдө   кемчиликтер болгон менен, “болор бала…” дегендей, алгачкы аңгемелеринен эле кийинки дүйнөгө белгилүү  Айтматовго мүнөздүү  коомдогу көйгөйлөргө, актуалдуу маселелерге кайдыгер карап тура албаган, дайыма алар боюнча өз пикирин, позициясын билдирүүгө ашыккан  саясый, жарандык жана сүрөткерлик  оргуган темперамент жана активдүүлүк  ачык көрүнөт. Алсак, алгачкы аңгемесиндеги  Дзюйо деген  баланын атасы согушта өлгөн, апасы иштеген фабриканы америкалыктар аскердик продукцияларды чыгарууга айландырып салышкандан улам жумушсуз калган. Өспүрүм Дзюйо гезит сатып жүрүп америкалык оккупациялык аскерлердин, байлардын кордуктарын көрүп, таптык,мекенчилдик  сезимдери ойгонуп, АКШнын милитаристтик саясатын айыптап, СССРди колдогон демонстранттарга кошулат. Америкалыктарды кетирип, корей согушун токтотуп, тынчтыкты орнотуу үчүн кол чогулта баштайт. Кожоюну коркутса да болбойт, кайра ага өчөшөт.Дзюйо анын опузасын кандай кабылдаганын автор төмөндөгүдөй сүрөттөйт: “Дзюйо унчукпады. Ал андан корккон жок. Ал кожоюнун жек көрүү менен карады да, көтөрүнчөгүн алып, басып кетти” (1:13).

Автордун экинчи аңгемесиндеги  (“Ашым”) пенсионер Ашым мурда колхоздун устаканасында иштеген. Жалгыз баласы  Сагын согушта курман болгон. Узун түндөрдө баласын эстеп, уктай албай кыйналат. Көзү ирмелсе эле , түшүнө баласы кирет. Кызын айылдык түркөй кожо Залым туура эмес дарылап, өлтүргөн. Кийин орус дарыгерлер андай дартка чалдыккандарды оңой эле дарылап, айыктырышкандарын көрүп Ашым кожого ишенгенине  аябай өкүнөт.

Ошол жылы күз жакшы келип, эгин-тегин мол болуп, элдин баары сүйүнөт. Ал тырмоочторго сап жасап отурганда элдин баары митингиге шашып баратканын көрүп, алардын артынан барып Тынчтык кеңешинин чакырыгына кол коёт.

“Биз андан ары барабыз” (биздин оюбузча, муну “Биз арылап барабыз” деп которгон   оригиналга шайкеш келмек)  жогоруда аталгандардан кыйла көлөмдүү , гезиттин эки санына жарыяланган.   Ал- “Кызыл Туу” колхозунун мурабы Бейшеналы аксакал жөнүндө.  Аңгемеде Бейшеналынын көзү менен  өткөнгө ретрореспективалык саресеп жасалып,  1915-жылы  Боромбай деген байдын  суусун элге сатуу үчүн Көк-Суудан Сары Дөңгө чейин   каткалаң дыңды,таштарды аралатып 3 чакырымдык канал каздырганы, анда иштегендерди байдын Жолбун деген жигити дайыма мазактаганы, анан канал бүткөндө суу аягына чейин теппей,  каналдын ортосун  жырып кеткенде жакын ортодогу үйлөрдөн   туурдук, кийиздерди, керегелерди алып келип басышканы, ага да болбогондо ал жерлерге     канал казгандарды жатууга мажбурлаганы, чыйрыккан Бейшеналы суудан чыга качканда  Жолбун тепкилеп, эки кабыргасын сындырганы,  азыр ал колхоздо  элге суу бөлүштүргүч болсо, баласы Самсалы Волга-Дон каналынын курулушунда кадамдап басуучу эксковаторду башкарып, сменасында 9-10 миң кубометрден топуракты чыгарып , эмгек алдыңкысы гана болбостон,  Суучарба техникумунун кечки бөлүмүндө окуп, экскаватору менен Түркмөн чоң каналына  (Кара-Кум каналы алгач ошентип аталса керек) барганы жатканы баяндалат. Аңгеме Волга-Дон каналы курулуп бүтүп, “Комсомольская правда” гезитине “Кадамдоочу экскаватордун алдыңкы комсомол экипажы” деген темадагы макалага баласы Самсалы сүрөтү менен чыкканы жана анын атасына: “Кыял ишке ашты. 13.55те Волга менен Дон бирикти. Биз андан ары барабыз” деген  шаңдуу телеграмма жөнөткөн идиллиялык эпизод менен аяктайт.

“Сыпайчы” деген аңгемеде селпаячы (айрым жерлерде бука байлоочу, кара буура байлоочу деп да айтылат) Бекназардын кирген өзөн ал байлаган букаларды (кайчылаштыра байланган жерине таш толтурулуп, түбүнө   бооланган камыш, бадал байланган үч аяктуу жыгач)  улам алып кете берип, колхоздор суусуз калганы, атасына боору  ачыган баласы Алымбек ага  арыктарга суу бурулган жерлерге эскиче бука байлабастан шлюздарды куруу  керектигин айтса, атасынын ачуусу келип,  аны кетмен менен кубалаганы баяндалат.   Алымбек суутехниктигине окуп, техникаларды алып келип, букалардын ордуна шлюздарды куруп, арыктарды бетондойт. Ага ыраазы болгон атасы төмөндөгүлөрдү айтат: “Сен жакшы иш баштапсың,- деп шыбырады Бекназар, тери куюлган бетин аарчып.-Биздин укум-тукумубуз бүт сыпайчы болушкан, бирок мындай сыпайчы болгон эмес…Сен- чыныгы сыпайчысың!…” (1:64).

Мындан көрүнүп тургандай, аңгеменин философиясын  ошол убакта мода болгон, негизинен азыр деле маанисин жоготпогон; “эскини дайыма-жаңы, мурдагы муундагыларды- кийинкилер жеңет” деген идея түзөт. Аңгемеден автор айыл турмушун жакшы билбегени көрүнүп турат, анда реалдуу турмушка жакындабаган жасалма эпизоддор, сүрөттөөлөр кезигет.Баарына токтолбойбуз, негизгилерин айтсак, букаларды суу киргенде байлабайт, андай иштер кеч күздө же эрте жазда жасалат, анткени суу киргиче жыгачтардын аяктары орношуп, байланган камыштарга, бадал-шактарга кум толуп калышы керек. Суу кирип, кум ойноп калганда орнотулгандар, байлангандар токтобойт. Адатта бийик тоолордогу мөңгүлөр  жайкысын түштөн кийин эрип, өзөндөрдүн киргени күүгүм киргенде күчөп, заарда тартыла түшөт. Реалдуулукка жакындабаган эпизоддордун катарына түндө күн күркүрөп, сел кетип жатканда Бекназардын баласын ээрчитип букалар байланган  алышка барганын кошсо болот. Анткени, кирген өзөндөгү букаларды сактап калганга экөөсү түгүл 5-6 адамдын деле  ал-акыбалы жетпейт.Андай иштер илгертен айылдарда ашар аркылуу гана аткарылып келген.

Бекназардын баласына иш дайындаганы да өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы примитивдүү кино тасмалардай өтө эле жасалма болуп калган. “Токто!- деди да, жакын басып келип, Алымбектин ийнине колун койду..- Иш кыйын. Эртең башкаларга үлгү бол…Сен көнгөнсүң, алар мүмкүн, биринчи жолу келип олтурушат…Сен менин уулумсуң…Сыпайчынын уулусуң” (1:54).

Эмнегедир Ч.Айтматовдун 1950-жылдардагы чыгармаларында сугатташтыруу, кечүү, жаан же бир сөз менен айтканда, сууга байланышкан темалар негизги орунду ээлейт. Ал, биздин оюбузча,  кокустуктан эмес, анын тарыхый обьективдүү  себептери  бар. Анткени, суу темасы элдик оозеки чыгармачылыкта, өзгөчө төкмө  акындардын чыгармачылыктарында   чоң орунду ээлеген. Алсак, Жеңижок үчүн аккан суу (“Аккан суу” деген ырынын 3 түрү бизге жеткен)  өмүрдүн, жашоонун гана эмес, сулуулуктун, тазалыктын, күчтүн жана түбөлүктүүлүктүн, көбөйүп өсүп өнүгүүнүн да символу болуп саналат. Суу- Токтогулдун, Эшманбеттин ырларында да негизги  темалардан. Бул жагынан, Айымкан чоң энесинин жомокторунун, элдик оозеки чыгармалардын духунда чоңойгон  жаш жазуучу элдик көркөм, эстетикалык салтты уланткан. Экинчи жагынан, суу табийгый стихиянын да символу болгондуктан жаш калемгер кирген өзөндөр, бороондуу жамгырлар, опурталдуу асма көпүрө  аркылуу кейипкерлерин экстремалдык кырдаалдарга дуушар кылып, алардын ички дүйнөлөрүн, эмоционалдык чыңалууларын  мүмкүн болушунча  терең ачып берүүгө далалаттангандыгынан улам андай көрүнүштөргө кайрылган деп ойлойбуз. Ага мисал катары жогоруда аталгандардан кийин жазылган  “Ак жаан”, “Асма көпүрө”, “Түнкү сугат”  (3: 68, 86, 127) деген аңгемелерин көрсөтүүгө болот.

Жогоруда айтылгандай кемчиликтер бул аңгемелерде да бар, бирок салыштырмалуу аз.Бул үч аңгеме жөнүндө белгилүү адабиятчы, окумуштуу К.Асаналиев: “Бул аңгемелердин бир артыкчылыгы, андагы сюжеттин оригиналдуулугу.Автор сюжет курууда,биздин оюбузча, кыргыз аңгеме жанрына сөзсүз жаңылык киргизип жатат. Албетте, айрым учурда  жасалмалуулук, ал турмак айрым учурда схемалуулуктун элементтери да кездешет” (4:383) дейт.

Аталган аңгемелердин айрымдары жөнүндө чыгаан адабиятчылар Л.Үкүбаева, А. Акматалиев ар кайсыл убактарда учкай пикирлерин айтышкан.Бирок, алар кыргыз адабиятынын тарыхында биринчи жолу көрүнүктүү   адабиятчы-окумуштуу Садык Алахандын (Садык Тиллебаев)  “Чынгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери”  (5) деген монографиясында ар тараптуу кеңири талдоого алынган. Анда аталган аңгемелерден сырткары жалпы эле Айтматовтаануунун көйгөйлүү маселелери, алгачкы Айтматовтаануучулар жөнүндө оригиналдуу кызыктуу ойлор бар. Ал монография студенттер, айтматовтаануучулар, жалпы эле адабиятты сүйүүчүлөр үчүн кызыктуу, өзүнчө сөзгө арзыйт, бирок аны кийинкиге  калтырып, өз темабызды улантсак,  Айтматов “Гүлсаратка” чейин дың жерлерди өздөштүрүү, жер эне темаларын да  өзгөчө ынтааланып чагылдырган. Алсак, дың жерлерди  өздөштүрүү “Ботогөз булактын” өзөгүн түзөт.“Жамийлада”, “Саманчынын жолунда” табияттын адамга тийгизген таасири, адамдын жерге пиеттетик мамилеси негизги орунду ээлейт.  Толгонай Жер Энеге жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан пиететтик, өнөктөштүк терең сезимдерин арнайт.Эмне үчүн?

Ошол жылдарда саясый, экономикалык жактардан  тынчтыкты сактоо, дың жерлерди өздөштүрүп, сугатташтыруу, дыйканчылыктын маданиятын жана техникалар менен камсыз болуусун жакшыртуу, айыл чарбасына илимдин жетишкендерин киргизүү-  негизги ураан-чакырыктардан,  милдеттерден болгон. Жаш Айтматовдун алгачкы аңгемелери мына ошол тарыхый, саясый, социалдык кампаниялар,  зарылдыктар менен түздөн-түз үндөшүп турат. Андай мезгилдин күрөө тамырынын согушун тыңшап,  анын ыргагына ылайык көркөм чыгармаларды жазып, публицистикалык макалаларды жана диалог-китептерди жаратуу- улуу жазуучу  үчүн кийин  анын  инсандык, сүрөткерлик  облигинен ажырагыс сапаттардын бирине  айланган.

Анын алгачкы аңгемелеринин көркөмдүк- эстетикалык жактарында, кейипкерлердин ички дүйнөлөрүнүн , алардын жоруктарынын мотивдеринин ынанымдуулугунда, а түгүл лексикалык, сюжеттик өңүттөрдө деле кемчиликтери аз эмес, алар тууралуу учкай айттык, бирок  мында айтылбай калган башка мүчүлүштүктөрүнө да карабастан,  алар  чоң  адабияттын эшигин жүрөгү жаратмандык романтикага  жык толуп,  мезгилге үзөңгүлөш болууга умтулуп, ага алайык көркөм дөөлөттөрдү жаратсам дегенде ак эткенден так эткен,  саясый, жарандык позициясы активдүү үйрөнчүк калемгер такылдата баштаганын кабарлаганы  менен баалуу, ошол жагынан сабак болуп кала берет.

 

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР

  1. Айтматов Ч., Алгачкы аңгемелер, Б.,2018.,”Турар”, 76 б.
  2. Шевердин М., “Санжар непобедимый”, Т., 1969., Изд. им. Гафура Гуляма, 672 с.
  3. Айтматов Ч., “Асма көпүрө”, чыг. 10 томдук жыйнагы, 6 т. Б. 2018, “Улуу тоолор”, 624 б.
  4. Асаналиев К., Кыргыз аңгемесинин айрым маселелери. Китепте: Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр. 3 томдук: 1 том., (түз. А. Акматалиев, А.Качкынбай кызы), Б.2018., “Кут-Бер”, 560 б.
  5. Алахан С., “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери”, Б. 2013., “Полиграф-ресурс”, 124 б.
Бөлүшүү

Комментарийлер