УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК…

  • 12.03.2021
  • 0

Кара-Кулжадагы автордук мектептин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали САЙДИЛКАНОВ өткөн күздөн бери Бишкекте туруп, эми айылга аттаныптыр. Сапар алдында устат менен биздин гезиттин кызматкери Жолдош ТУРДУБАЕВ азыркы мектеп, педагогдор менен ата-энелердин, коомчулуктун, бийликтин мамилеси, тарбия таалим, кесипке багыттоо, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн милдеттери, деректирлерди которуштуруу жана башка маселелер тууралуу аңгемелешти.

Мугалимин сыйлабаган өлкө өнүкпөйт

– Бишкектен, облус же район борборунан барган “чоңдорду” тосуп алуу үчүн мугалимдерди окуучулары менен кошо тирүү жасалгадай пайдаланып, кол баладай жумшаганга чейин жетишти. Эми бул жагдайды кантип оңдойбуз?

– Мугалим – окуучулардын билим сапатын, тарбиялык өнүгүү деңгээлин көтөргөн негизги күч. Сапаттуу, эффективдүү иштеген мугалимсиз билим берүү тутуму эле эмес, бүтүндөй өлкө өнүкпөйт. Мамлекет, жергиликтүү бийлик органдары бүгүнкү күндө мугалимдин кадыр-баркына, беделине өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

Мугалимдин кадыр-баркы анын өзүнө дагы түздөн-түз тиешелүү. Мугалим канчалык билими жогору, кесипкөй, иши өнүмдүү болсо, аны ата-эне, окуучу, коомчулук дагы кадырлап, сыйлап алат.

Биринчи кезекте мугалимдерди жеткиликтүү эмгек акы менен камсыздоо зарыл. Мен Финляндия өлкөсүнө барганда, ал жердеги кесиптештер баардык кызматкерлердин эмгек акысынан мугалимдики жогору турарын айтышты. Анда мугалимдин эс алуу, дарылануу, күнүмдүк тиричилик керектөөлөрү, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, өркүндөтүүгө ж.б. үчүн зарыл баардык каражат чыгымдары эсептелип, эмгек акынын түзүмү аныкталат экен. Демек, эмгек акысы жакшы болгон кесипке зээндүү, жөндөмдүү балдар тартылат.

А биздин өлкөдө мугалимдердин алган эмгек акысы күнүмдүк керектөөсүнө дагы толук жетпей келет. Биздин кесиптин баркы жок болуп жатканынын негизги себеби ушул. Ырас, ушундай начар мамилеге карабастан мыкты иштеп, кесиптештеринин, окуучуларынын сый-урматына ээ болгон мугалимдер дагы көп.

Экинчи себеби – мугалимдерге өз алдынчалык берилбегендиги. Билимдин сапатын көтөрүп, натыйжага жетүү үчүн өз алдынча усул, ыкмаларды, окуу китептерди жана башка каражаттарды тандай билүү эркиндигине ээ болгондо мугалим өзүнүн ажарын ачат. Ал эми бизде көбүнчө жогору жактан берилген көрсөтмө, жоболордон чегинен чыкпай, калыпка салынган стандарттарды аткаруу менен чектелишет.

Үчүнчүдөн, мугалимдин эмгеги реалдуу бааланбайт. Кээде мугалимдин негизги ишинин сапатына – окуучуларынын билим деңгээлине – басым жасабастан, мектептин дубалдарынын, кабинеттин жасалгасына карап баалашат.

Жылдын мыкты мугалими сынагына чыныгы татыктуу мугалимдери катышпайт, быйыл сен чыгып кой, эмдиги жылы мен чыгып коём деген сыяктуу кезек уюштуруп алышат. Бул жерде жалпы республикалык тестирлөө, олимпиада ж.б. боюнча ийгилик жараткан мугалимдердин мээнети жылдын жыйынтыгында эске алынбай калат. Ошондуктан мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүдө чыгармачылык эркиндик жана мүмкүнчүлүк түзүү абдан зарыл.

Кагазды эмес, ишти көрө билели

– Мугалимди ашыкча кыйнаган жүктүн бири – кагаз толтурмай жөнүндө сөз кылалы.

– Бул өтө орчундуу маселе.
Бектур Исаков “Плакат педагогика” деген терминди киргизген. Ал мектепти жасалгалар, мугалимдерди иш-кагаздар менен баалоо туура эместигин эскерткен.

Жакында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иш кагаздарын иретке келтирүү боюнча буйрук чыгып, тартипке салынды. Бирок мунусунда деле план мындай түзүлүшү керек деген көп стандарттар бар экен. Бул мугалимдин демилгесин чектейт. Жеке оюмда, мугалимдерге карата стандарттар болбоого тийиш. Мугалимдин ишин ал толтурган кагаздарга карай баалаганды токтотолу.

Мугалим өзүнүн классынын балдарынын жеке өзгөчөлүгүнө, өздөштүрүү, тарбиялык өнүгүү деңгээлине жараша чыгармачылык менен план түзүүсү зарыл. Мындан сырткары мугалимдерди ар кандай кошумча иштерге тартпай, кесиптик өнүгүүсүнө шарттар түзүлсө. Мисалы, ар түрдүү шайлоо иштерине, эл каттоолорго, саясий үгүттөө компанияларына тартууну такыр кыскартуу кажет. Ошондо мугалимдердин эл арасында кадыр-баркы, сый-урматы бийик болот.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын мугалимдерге карата көрсөтүлүүчү социалдык камсыздоого тиешелүү беренелери толук аткарылбай келет. Жаңы бүтүргөн жаш адистерге минималдуу эмгек акыдан он эсе өлчөмдө кошумча төлөнөт деп мыйзамда жазылган. Бирок көпчүлүк жаш бүтүрүүчүлөр аны айыл өкмөттөрүнөн албайт.

“Көзгө басар” мектептер, мугалимдерди даярдоо, категория ыйгаруу

– Мамлекет баардык мектептерге бирдей мүмкүнчүлүк түзбөй келет. Мисалы, республика боюнча 100 мектепке өзгөчө камкордук көрүлсө, башка мектептерде анын бири дагы жок болуп чыгат. Билим берүү жана илим министрлиги ар бир мектептин көйгөйлөрүн аныктап, ошого жараша план түзүп иштесе, республика боюнча билим деңгээли көтөрүлөт деп ойлойм. Кээ бир райондордо бир эле мектеп боюнча бүткүл райондун билиминин көрсөткүчү белгиленип калат.

– Көзгө басар дегидейби?

– Ооба. Кыргызстандын PISAдан төмөн деңгээлде болуп жатканынын себеби дагы ушул. Бир мектепке түзүлгөн шарт экинчи мектепте жок болсо, мугалимдердин, окуучулардын көңүлүндө теңсиздик сезими пайда болот. Баарына бирдей көңүл буруп, шарт түзүп берүү керек.

Жыйынтыктап айтканда, сапаттуу мугалимдерди даярдамайынча, билимдин сапаты жогорулабайт. Жогорку окуу жайларда мугалимдерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Мектепти жаңы бүтүп келгендер 1-2 жыл мектеп программасын кайталап окушат экен. Кайталап окуунун зарылдыгы жок, дароо эле кесипке даярдоого өтүү абзел.

Мугалимдердин психология илими боюнча терең билими болушу абдан зарыл. Анткени ар бир жеке инсан, ар бир бала уникалдуу, өзүнчө касиетке ээ. Мугалим ошол касиеттерди талдап, анализдеп, диагностикалаганды билбесе, бала менен иштеше албайт. Педагог бала менен бирге ойноп, жан дүйнөсүн жакындан билип, анын шык-жөндөм, таланттарын ача билсе гана иши өнүмдүү болот. Мугалимдин кадыр-баркын биринчи кезекте окуучу аныктайт.

1989-жылы мугалимдерге эмгек акынын айырмалап акы төлөө дегенди Көңдүк айылындагы мектепте эксперимент жасаганым жөнүндө макала “Мугалимдер газетасына” бир бет болуп чыккан.

Акыркы жылдарда мугалимдердин категориялары жокко чыгарылган эле. Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги категорияларды кайрадан киргизгени жакшы болду. Бирок азыркысын карасам, категория ыйгаруу боюнча дагы эле абдан көп чен-өлчөмдөр белгилениптир. Негизи мугалимдерди үч эле көрсөткүч менен бааласа жетиштүү болот:

  1. Билимдин сапаты (ар бир мектепке барып текшерип аныктоо зарыл).
  2. Тарбиялык деңгээли (окуучулары кылмыштуу иштерге аралашкан жокпу ж.б.).
  3. Окуучунун өнүгүү деңгээли б.а. алган билимин турмушта колдоно билүүсү. Окуучунун эркин ой жүгүртүүсү, сынчыл көз карашы барбы, дилбаян, эссе жаза алабы – ушуларды эле эске алып, мугалимдин ишин баалап, категория ыйгарып, жылдын мыктыларын да ошол көрсөткүчтөр боюнча аныкташ керек.

Райондук билим берүү бөлүмүнөн же министрликтен барганда мугалимдин кагазына эмес, окуучулардын деңгээлине кароо кажет. Ошондо мугалим керексиз нерселерге көмүлүп калбайт.

Мектепке Сегизбаев керекпи?

– Ошол кагазга карап баалагандардын көпчүлүгү мектептен алыс кишилер, бюрократтар, туурабы? Алар сабак деген эмне экенин, тарбия-таалим иши кандай жүрөрүн өтө үстүрт билишет. Ошондуктан аларга кеңсе тили менен жазылган жалтырак отчёттор эле керек. Чыныгы жагдай менен иши жок алардын. Ошондуктан райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын иш-милдеттерин толугу менен өзгөртүү керек. Булардын кызматкерлери колхозго ополдомочун деп жиберилген Сегизбаевге окшоп, үстөмдүк кылбашы, деректирлер, катардагы мугалимдер алардан коркуп-үркүп турбашы керек. Тескерисинче, алар мугалимдерге жөлөк-таяк болсун, моралдык-психологиялык жактан колдоп, усулдук жардам берип, коомчулуктун, жергиликтүү бийликтин алдындагы кадыр-баркын көтөрүп, айрым бийлигине же байлыгына манчыркагандардын кысымынан, басмырлоосунан коргоп турсун!

– Эң туура! Мен өзүмдүн деректир болуп иштеген тажрыйбамда көзөмөлдөө дегенди такыр алып койгонмун. Мектепте ички көзөмөлдөө деген бар го. Ички көзөмөлдөө эмес, жалпы жетекчилик болушу шарт. Текшерүүлөрдүн башкы максаты – мугалимдин кемчиликтерин ачуу эмес, анын мыкты жактарына, ачылбай жаткан шык-жөндөмүнө көңүл буруу. Өсүп-жетилүү дареметин ачып, ийгиликке шыктандыруу зарыл биринчи кезекте.

Демек, текшерүүнүн маңызын түп-тамырдан өзгөртүүгө мезгил келип жетти. РайББ кызматкерлери ар бир мектептеги мугалимдер кандай багытта усулдук жардамга көбүрөөк муктаж экенин аныктап, иш планын түзсүн. Мисалы, эгерде мугалим окуучулар менен жекече иштөөдөн кыйналса, район боюнча андай мугалимдерди топтоп, ошол багытта усулдук жардамдарды уюштурсун. Мисалы, кайсы мектепте окуучулардын сабакка кызыгуусу төмөн болсо, аларга билимди керектөөсүн арттыруучу ыкмаларды үйрөтүү кажет. Алар мугалимдерди басмырлоочу, кемсинтип, кекетип-мокотуучу эмес, дем-күч берип туруучу кызматты аркалашы зарыл.

– Райондук билим берүү мугалимдердин администрациялык эмес, методикалык жагын биринчи орунга коюш керек ээ?

– Ооба. Ошондо натыйжа болот.

Мугалимдин өзү да намыстуу болсо дээр элем. Биз Россиянын Самара (мурдагы Куйбышев) шаарында окуган жылдар Кайра куруу дооруна туш келген. Төртүнчү курста чоң талаш чыгып, ректорат менен факультеттин бир такыр керексиз демилгесине каршы турганбыз. Бир жыл бою тирешип, чогулуштарды кайра-кайра өткөрүп, “Учительская газетага” чейин жазып күрөшкөнбүз. Акыры биздин позиция туура экени далилденген эле. Кийин диплом алып, үйгө кайталы деп жүргөн күндөрдүн биринде шаардан кураторубуз Владимир Петрович көрүп калып, үйүнө чакырып, чай үстүндө бир насаат айткан.

“Сен былтыр бир жыл бою ызы-чуунун башында жүрдүң. Чындык силер тарапта эле, жеңишке жеттиңер. Бирок дайым эле мындай боло бербейт. Айрыкча силер тарапта, Орто Азияда, карөзгөйлүк үстөм келген учурлар көп болот. Ошондуктан сен күч-аракетиңди, убактыңды адилетсиздикке каршы гезитке жазып, соттошуу жолу менен күрөшүүгө эмес, кесипкөй болуп өсүүгө көбүрөөк жумша. Канчалык мыкты иштесең да, иштеген жериңден сүрүлүп чыгып каларың бар, бул ар бир таза иштеген киши басып өтө турган этап. Бирок ошондо жумуш ордуңа кайрадан турууга урунбай, башка жерден ишти такыр башка деңгээлде улантышың керек. Ар ким менен кажылдашып, тийишкендерге жооп кайтарып отурбай, ишиңди илгерилете бер. Ишиңден эч ким кынтык таба албагыдай болуп, кесипкөй (профессионал) деңгээлге жетип таанылсаң, сен жетекчиге эмес, жетекчи сага көбүрөөк көз каранды болот. Анткени башка жакка ишке чакыргандар көп болот, а жетекчиң мыкты кызматкердин кетип калышын каалабайт. Акылдуу жетекчи мекемесинде өнүгүү болушу үчүн кол алдындагы кесипкөйлөрдү сыйлай билиши керек”.

Биздин мугалимдер ушундай деңгээлге умтулса жакшы дээр элем.

– Эң туура. В. А. Сухомлинскийдин сөзү бар эмеспи, “Билим адамды эркин жана кайраттуу кылат” деген. Үч мектепте жалпысынан 40 жылдан ашуун мезгил бою деректир болуп эмгектендим. Тажрыйбамдан улам айта алам өзүнүн билимине, кесипкөйлүк чеберчилигине ишенген мугалимдер дайыма өзүн эркин сезет. Маселен, деректир же окуу тарбия иштери боюнча жетекчи тарабынан берилген тапшырмаларды мыкты мугалим адегенде талдап көрөт. Кээ бирлери бул мага дал келбейт, башка жол менен кетем деп ачык эле айтат.

Мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулата жүрбөсө, өзүнүн кадырын, беделин өзү сактабаса, башка бирөө сактап бербейт. Ошондуктан мугалим өзүнө ишенимдүү, эркин жүрүп, кадыры, ар-намысы үчүн күрөшкөнгө даяр болушу керек. Өзүнүн көз карашын, ар-намысын, ариетин сактаган адамды окуучулар дагы сыйлайт жана үлгү тутат. Мыкты мугалимдин окуучуларын сабактан калтырып башка ишке деректир жумшаса, агайдан, эжейден сурайын дейт. Ал эми жакшы окута албаган мугалимдин сабагынан калууга мүмкүнчүлүк болсо, балдар сүйүнөт эмеспи (күлкү).

(Маектин уландысын келерки сандан окуңуздар. Сөз балдарды кесипке багыттоо жөнүндө болот).

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер