УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК…

  • 30.03.2021
  • 0

Кара-Кулжадагы автордук мектептин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали САЙДИЛКАНОВ менен уюштурган маегибиздин ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮГҮН сунуштайбыз (биринчиси 12-мартта, экинчиси 19-мартта жарык көргөн).

УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК...

Байбичеси Батмакан Орозалиева менен (“Окуучулары республикалык олимпиадаларда химия жана биологиядан биринчи орундарды ээлеген, айрымдары мыкты догдур болушту. Атам экөө чогуу эс алууга чыгышты. Бири-бирисиз жарым күн жалгыз кала алышпайт, мектепке, опера-балет, концерттерге чогуу барып, чогуу келишет”, — дейт кызы, азыркы таанымал журналисттердин бири Мээрим Сайдилканова).

 

Лидердин өрнөгү

– Мектеп деректири менеджер болсо деген пикир көп айтылып келет. Сиздин оюңуз кандай?

– Туура, менеджерлик сапат керек. Бирок муну менен эле чектелген жарабайт. 40 жылдан ашкан деректирлик тажрыйбама таянып, жетекчи өзү үлгү болуп иштөөгө тийиш деп айта алам. Өзүнүн сабактарына, иш-чараларына кесиптештерин чакырып туруусу абзел. Экинчиси, ал мыкты мугалимдерди билип, команда түзүшү кажет. Ошол мыктылардын башка мугалимдерге таасирин күчөтүп, жамаатты жаңы идеялар менен, ата мекендик, дүйнөлүк педагогиканын жаңылыктары менен куралдандырып туруу өтө зарыл.

Мектеп деректиринин ишинин ийгилигинин ачкычы, кыймылдаткыч күчү – окуучуларды улуу иштерди жаратууда, мектептеги көйгөйлөрдү чечүүдө акылкөй кеңешчиси кылып алуусу. Ар бир окуучунун «Менин мектебим – менин өлкөм! Мен өлкөмдүн ээсимин! Анын келечеги менин колумда!» деген ураанга шыктанып аракеттенүүсүнө жетишүүсү.

К. Ушинский: “Мугалим билим алууну токтоткондо, мугалимдик сапаты жоголот”, — деген. Деректирдики дагы ошондой: өзү өрнөк көрсөтө албай калганда, мугалимдердин ишениминен айрылат.

Баардык орчундуу иштерди кол алдындагылар менен акылдашып жасаган оң. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” эмеспи, орчундуу чечимдерди көпчүлүк менен талкуулап, кабыл алган жакшы.

Педагогикалык кеңешменин республикалык жобосуна ылайык, мектеп деректири же завуч, мисалы, “Окуучулардын биринчи чейректин жыйынтыктары боюнча окуучулардын билим сапаты жана келечектеги милдеттер” деген темада баяндама жасайт. Аны мугалимдер угуп, сени мактады, мени жамандады деп кетип калат да, таасири жокко эсе болот.

УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК...

Атасы Нурмаметов Сайдилкан менен (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 3-украиналык фронтто 1119-аткычтар полкунун бөлүмүн башкарыптыр. 2-даражадагы “Даңк”, Ленин жана көптөгөн башка орден-медалдардын ээси болгон экен).

 

Бизде андай эмес. Адегенде баарына айтам. “Биринчи чейректе кандай ийгиликтерге жеттик? Кайсы мүчүлүштүктөр, кемчиликтер болду? Ошол кемчиликтердин кетишине эмне себеп болду? Ал себептерди кантип четтетебиз? Ар бириңер сунушуңарды бергиле”, — дейм. Топ-топ болуп талкуулап, бирден лидери чыгып, тезистерин ортого салат. Айтылган сунуштарды добушка коюп, мектептеги педагогикалык кеңешменин чечими катары кабыл алабыз.

Бул деген эмне? Идеяны коллектив өзү иштеп чыкты, кантип жүзөгө ашыруу жолдорун да өзү белгиледи. Эми аны өзү аткарат. Ошон үчүн деректир демократиялык башкаруу ыкмаларын өзү жакшы билүүгө тийиш. Ал өзүнүн мугалимдерине ишениши керек. Анткени ишеним – бул абийирдин күзгүсү. Мугалим өзүн мезгил-мезгили менен бааласа, анализдесе, биз анын кемчиликтерин эмес, биринчи кезекте анын өзүнө болгон ишенимин бекемдей турган жактарын айтууга тийишпиз. Бул жагынан жардам берип, тигил жагынан ушундай мугалимдерге кошуп, тажрыйбасын жайылталы деп бүтүмгө келебиз.

Деректирдин дагы бир сапаты, ал көрөгөч болууга тийиш. Ар бир адамдын жакшы жагы бар. Эң начарынын да дареметин ачса болот. Мугалимдин жакшы жагын таап алып, ошол аркылуу аны өнүктүрүп чыгыш керек. Тескерисинче, жамансың, колуңдан эчтеке келбейт ж.б. десе, анда оңолбойт. А бизде мектепте эң негизгиси ушуга көңүл бурулса жакшы болмок.

– Жетекчиликтин менен жамааттын бири-бирин оозунан сөзү чыга электе түшүнгөн, ишенген мамиле болгону кандай жакшы!
А.Макаренконун айткан мындай сөзү бар: “Ишенимдин өлчөмү талаптын деңгээлин аныктайт”. Ал баланы урматтасаң, ишеним көрсөтүшүң керек, сый-урмат менен ишенимдин байланыштуулугун эске алмайынча, инсанды тарбиялап өстүрүү мүмкүн эмес деп баса белгилеген экен. Деректир да ар бир мугалимге, кесиптешине ишенбесе, өйдөсүнүп караса, өктөмдүк, үстөмдүк кыла берсе, мектепте өнүгүү болбойт, иш илгерилебейт. Жетекчи кол алдындагыларды ийгиликке шыктандырып, билбегенин алардан сурай жүрсө, өз ара ишеним, кызматташ мамиле бекемдейт эмеспи.

Акаевдин тушунда Кыргызстан мугалимдердин алгачкы съездди болгон. Ошондо биринчи күнү жалпы жыйын өтүп, экинчи күнү делегаттар бир нече секцияга бөлүнүп, алдыңкы мектептерге барышты. №67 мектепке барган топко мен дагы кошулуп калдым. Азыр кандай экенин билбейм, бирок ошол жылдары абдан демократиялуу нукта иштеген мектеп болгон экен.

УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК...

Республиканын туш-тарабынан келген мугалимдерди босогодон деректир өзү тосуп алды. Ал убакытты мүмкүн болушунча сарамжал пайдаланып калалы, класстарга кирели, сабактардын жүрүшүнө көз салып, анан мугалимдердин айтканын угалы деди. Улам бир эшикти тыкылдатып мугалимге кайрылып, сиздин сабагыңызга кирсек болобу беш мүнөткө деп деректир өзү суранып жатат. Биз киргенде, мугалим дагы эч кандай кысынбай, күнүмдүк сабагын адаттагыдай өтүп жатты. Ишине тың, өзүнүн баркын билген мугалим экендиги көрүнүп турат. Деректирби же министрликтен келген адамдарбы – баарын бирдей, өзүнө тең адамдар катары кабыл алганы сезилип турат. Анан коноктордун суроолоруна жооп берип жатып өз идеяларын ушунчалык төгүлүп айтып кирди!

Тилекке каршы, убакыт тар эле. Ошондо деректир: “Сиз абдан сонун ойлорду айтып жатасыз. Бирок башкалардын сабагына да баш багалы”, — деп мугалимден кечирим сурады. Кийинки класска баратсак, коридордо бир кемпир пол жууп атыптыр, биз өтүп кетсек болобу деп андан да деректир уруксат сурады. Ал дагы дароо эле кача койбой, келгендер кимдер экенин карап, анан четке чыкты. Кыскасы, бүт нукура, эч кандай жасалмасы жок, чын ыкластуу, бири-бирин сыйлаган таза атмосфера экен.

Акыры мугалимдердин жалпы талкуусуна катыштык. Ал жерде деректир бир бурчта эле отуруп калды. Алыскы аймактардын биринен келгендердин бири: “Мен өзүм деректирлик кызматымды таштап, ушул мектепке келип пол жууп иштегенге дагы макул болот элем. Бул жердеги маанай мага абдан жакты!” — деди.

– Бул мыкты өрнөк. Өз ара сый-урмат, ишеним болгон жерде ийгиликке жол ачылат.

Мектептин бюджетин кантип толуктайбыз?

– Каржылоо маселеси боюнча мектепке өз алдынчалыкты бериш керек. Кыргызстанда ар бир окуучуга карай жан башына каржылоо деген абдан жакшы жобо киргизилген. Бирок ушул механизм толук ишке ашпай жатат. Финляндияда жыл башында республикалык бюджет бекитилгенде эле мектепке тиешелүү акчаны түз которот экен. Жергиликтүү бийлик (муниципалитет) да окуучулардын санына жараша каражатты дароо которуп берет дешти. Мектепте ал каражатты кантип сарптоону деректири жамааты менен акылдашып, өз алдынча чечет экен.

УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК...

Окуучусу Эркин кызы Айжаркын менен (ОшМУда дүйнөлүк тилдер факультетинде окуйт).

 

Өз алдынчалык болсо, мектеп өзү тырышып, ички бюджетти сарамжалдуу колдонот. Мисалы, оңдоп-түзөөгө, мугалимдерди сыйлоого өзүнчө бөлүшөт. Бизде мектеп деректирлеринин каржыны өз алдынча мерчемдөө мүмкүнчүлүгү жок. Мындан үч жыл мурунку атайын жободо айтылган, бирок азыр толук ишке ашпай жатат.

Илгери Көңдүк айылындагы мектепте иштеп жүргөндө атайын көмөк чарбаны уюштурганмын. 50-60 кой, эки уй бар эле, төлдөн жыл сайын мугалимдерге берилчү. Кечээ Кара-Кулжа районунда мектептерге акимчиликтен жер бөлүп берип жатыптыр деген бир жакшы кабар уктум. Ушундай көмөк чарбаларды көбүрөөк уюштурса, жакшы да. Деректирлер командасы менен изденип, иштин натыйжасы көзгө көрүнөрлүк болсо, атайын көңүл бурган бизнесмендер, ишкерлер да табылат.

Мисалы, биздин автордук мектепке он жылдан бери кесипкөй жаш ишкерлердин клубу каржылык көмөк көрсөтүп келет. Жыл сайын
жалпы республикалык тесттен биринчи орунду алгандар окуучуларга беш миң, экинчи орунга жеткендерге 3 миң, аларды даярдаган мугалимдерге 5 миң сомдон сыйлык беришет. Жогорку окуу жайга өз күчү менен өткөн үч студентке ай сайын
2 миң сомдон стипендия берип турушат. Бул дагы мугалимдерге кыйла чоң түрткү болот. Ошон үчүн өзгөчө мектептерге каржыны өз алдынча тескөө мүмкүнчүлүгүн берип, деректирлерге ишеним көрсөтүү кажет.

Маектешкен
Жолдош ТУРДУБАЕВ.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер