УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК…

  • 19.03.2021
  • 0

Кара-Кулжадагы автордук мектептин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали САЙДИЛКАНОВ менен уюштурган маегибиздин ЭКИНЧИ БӨЛҮГҮН сунуштайбыз (биринчиси 12-мартта жарык көргөн).

УЛУУ КӨЧТҮ ӨКСҮТПӨЙ УЛАНТАЛЫ ДЕСЕК...

Айыл менен шаарды кантип жакындатабыз?

– Агай, сиз өткөн күздөн бери Бишкекте туруп, эми кайра айылыңызга аттаныпсыз. Элеттик жана шаардык балдардын айырмасын, буларды кантип жакындатуу керектигин сөз кылалы.

– Өтө орчундуу тема. Жарым жылга жакын шаарда жүргөндө, кыргыздын келечеги, тагдыры мени ойлонтту. Шаарда ар кандай ийримдер толтура экен. Ата-энелер түрдүү ийримдерге алып барышат. Бул жакшы, баланын келечегине көңүл буруп жатканы туура.

Бирок шаардык балдар улуттук тамырынан ажырап калгандай. Мисалы, менин неберелерим баары орус тилинде сүйлөйт. Үйдө ата-энеси кыргызча сөзгө тартууга аракет кылышат, бирок баары бир орусча сүйлөп кетишет. Көчөнүн баары орусча болгондон кийин…

Бала бакчалар менен мектептер орусча билим, тарбия берет. “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан бери өлкөбүздө ырааттуу саясат жүргүзүлбөгөндүгү сезилди. Шаардагы көрнөк-жарнактардын баары орус тилинде, бул мени аябай капалантты.

Эртең менен жана кечинде ден соолугума байланыштуу жөө басам. Көчөдөн чоң эле кишилерге салам айтсаң, алик албайт экен. Аябай таң калдым! Бул деген кыргыздын пейилине туура келбеген нерсе. Жадырап-жайнап сүйлөшкөн кыргыз жок болуп баратыптыр. Америка, Батыштагылар көчөдө баратса, тааныбагандарга деле жылмая саламдашып, кол булгап өтүшөт эмеспи.

Биздин борбор шаарда бири-биринин үйүнө кирүү деген жок экен. Мисалы, айылда жердештер менен сүйлөшүп турасың. Ал эмес Ошко инилеримдин үйлөрүнө барып калганда, короого чыгып коңшулар менен баарлашчумун. Борбор шаарда андай пейил калбаптыр. Кыргыздын келечеги кандай болот деп ойлонуп калдым…

Меймандос, кең пейил, ачык айрымдыгы менен элибиздин жүзү ачылат. Шаарда калктын өзүмчүл мүнөзү балдарга катуу таасир этет экен. Айылда бир коңшуң үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрсө дагы, ага чай алып киресиң. Шаарда кыргыз бала бакча, мектептерин көбүрөөк ачуу абдан зарыл.

– Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, шаардан эмнелерди айылга жана, тескерисинче, айылдан шаарга алып келиш керек деп ойлойсуз?

– Биздин Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруусу менен Америкадан ыктыярчылар келип жатат. Эми Бишкек менен Оштон да ар бир айылга ыктыярчы мугалимдерди даярдаса, жакшы болмок. Аларды тосуп алууга айыл өкмөтү, бизнесмендер, байлар кол кабыш кылышы керек.

Мурдагы жылы биздин мектепке Американын Жаңы Мексика штатынан 59 жаштагы Дана деген англис тилчи мугалим келген. Ошол ыктыярчы мугалимдер биздин салттарды, өзүбүз анча баркына жетпеген нерселерди үйрөнүп кетишет.

Эгер шаардан ыктыярчы мугалимдер барса, айыл жериндеги мугалимдер, балдар алардан жаңы инновация боюнча билимдерди үйрөнүшөт. Ал эми шаардык мугалимдер айыл жериндеги каада-салтты үйрөнүп келип, борборго жайылтса, кандай сонун болмок. Министрлик жалпы билим берүүнү реформалаганда ушул ишке көңүл бурушу керек деп ойлойм.

Финляндияда карылар клубдары бар экен. Пенсия курагында жаңы нерселерди окуп-үйрөнгөн кандай жакшы! Фин карылары, мисалы, шахмат боюнча секциядан окуп, өздөрү жашаган кварталдагы балдарга үйрөтүп күн өткөрөт экен. Аялдар ар кандай тигүү, токуу, сайма өнөрлөрүн үйрөнүп алышат. Ушундайларды уюштуруп койсо, кабат үйлөрдө зеригип отурбай, мага окшогондор келет элек да. Келип сүйлөшүп отурсаң, бакылдашып баарлашсаң, чериң жазылат эмеспи!

Айылда ата-энелердин билим жагынан балага камкордугун күчөтүү зарыл. Шаардыктар акча төлөп, балдарын көп ийримдерге алып барып турушат экен. Негизи каржылоо маселесинде биздин билим берүү мыйзамын конституцияга биротоло акысыз деп койбой, мектептен тышкаркы убактарда кошумча акы төлөп окууга жол берген оң. Ыктыярдуу салымдардан кошумча каржылоого чек коюлбашы керек го. Шаарда ушул жагы жакшы жолго салыныптыр. Мисалы, менин неберелериме канчалаган акчаны төлөп жатышат. Ар бири бассейн, футбол, менталдык арифметика ж.б. барат, ар бирине өзүнчө төлөнөт. Айылда ата-энелер андай камкордук көрбөйт да. Баласы сабактан келер замат малды каратып коёт.

Айылдан саламдашуу, адеп-ахлак, пейилди алып келиш керек. Айылдын жакшы жагын шаарга, шаардыкын айылга алып барып айкалыштырбаса болбойт.

Жигиттер намыстуу болсун десек…

– Мектептерде эркек мугалимдер барган сайын азайып баратат. Шаарда дээрлик жокко эсе болуп калды. Ушул маселени кантип чечебиз?

– Мектепте эркек мугалимдер иштебегендиктен, балдар жигитке таандык мүнөз, сапат, касиеттерге –
эр жүрөктүүлүк, тайманбастык, кайраттуулук, чыдамкайлык, өжөрлүк, намыстуулукка ээ болбой калууда. Көбүнчө аялзатынан назиктик, боорукердик сапаттарын алып жатышат. Ырас, булар дагы керек. Бирок балдардын жигиттик мүнөзү калыптанбайт, үй-бүлөнүн ээси болгонго тарбияланбайт.

Эр жигит атанын жолун жолдоочусу, мураскору болушу, б.а. үй-бүлөлүк династияны сактап, улуу көчтү уланта билиши зарыл. Эми ошол үй-бүлөнүн жоопкерчилигин көтөргөн кайраттуу, чыныгы намыстуу азаматтар азайып баратат. Ошон үчүн эркек мугалимдер мектепке өтө зарыл.

Жигиттерди мектепке тартуунун эң башкы жолу – эмгек акыны көтөрүү. Финляндиянын көп мектептерине барганда, 70-80%ын эркек мугалимдер түзөрүн көрдүм. Котормочу аркылуу деректирлеринен эмне үчүн ушундай деп сурадым. Биринчиден, туруктуу, ырааттуу иштеш үчүн эркек мугалимдерди көп тартабыз дейт. Аялдар декрет ж.б. кетип турат эмеспи. Экинчиден, аларда эмгек акы чоң экен. Эркек мугалимдер ошон үчүн дагы эч жакка кетпей, кызыгып иштешет экен.

Ал эми бизде мугалимдин айлыгы жетпейт да. Үйдүн ээсинин милдетин аткара албайт, ошондуктан башка иштерге кетип калышат.

Деректирдин кереги

– Деректирлердин арасында чейрек кылымдан бери отуруп, ал гана эмес балдарына өткөрүп берип өзүнчө эле династия кургандар да бар экен. Ошолорду ротациялаш керек деген сөздөр болуп жатат. Муну кандай уюштурса болот? Мисалы, бир райондо лидер мугалим завуч же деректир бар дейли. Ал мектебиндеги команданы ушундай көтөрүп койсо, ал өзү кеткенден кийин деле командасы туура нукка салынган ишти уланта бергидей болсо, деректир мыкты лидерге муктаж башка мектепке барып, деңгээлин көтөрүп бере алабы?

– Мен деректир болуп көп иштедим дедим го. 90-жылдардын деректирлердин курамы биздин район боюнча абдан күчтүү болду. Россиянын Петропавловск шаарында деректирлердин райондук кеңеши иштеп, талапкерлерди карап чыгып, артта калган мектептерге дайындоо үчүн райББге сунуштайт экен деп гезиттен окуп калдым. Райондук методикалык кабинеттин чогулушунда ушул тажрыйбага өтпөйлүбү деп сунуш кылдым.

Бир күнү райББ башчысы чакырып калды. Барсам, столун бошотуп: “Бул жакка отуруңуз”, — дейт. Мен эмнеге отурам десем, сиз бир совет түзүп деректирлерди өзүбүз дайындайлы деп жатыпсыз го деди. Аны сизге туура эмес жеткиришиптир деп түшүндүрүп бердим.

Бул иштин уюштурулушу райондук билим берүү бөлүмүнүн деңгээлине жараша болот.  Эгерде ошол киши инновациялык, жаңычыл процесстерди колдой турган, демократиялык ыкмада башкарууга жөндөмдүү башчы болсо, иши жүрбөй жаткан мектептерге убактылуу жөнөтүүнү уюштурса болот. Аны деректир өзү жалгыз жасай албайт, андай укугу жок – мыйзам жол бербейт.

Чынара Жакыпованын бир артыкчылыгы, министр болуп турган кезде “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга альтернативдүү (автордук ж.б.) мектептерди ачууга болот деген жобону киргизүүгө жол ачканы. Мисалы, мен автордук мектепти ачууда ошондон пайдалангам. Кийин ал алып салынды. Демек, ошол үчүн «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга дүйнөлүк тажрыйбалардын жакшы натыйжалуу жактарын алып, өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.

Көп жылдар бою бир деректир башкарган мектепте билим сапаты, тарбиянын деңгээли жакшы, ата-энелер коомчулугу да ыраазы болсо, жетекчини кетириштин кажети жок.

Кээ бир деректирлер лидерлик, менеджерлик, уюштуруучулук касиетин бир жылда, ал тургай үч-төрт айда эле сездирет. Мектеп жамааты, ата-энелер ага баа берип коёт. Демек, бул жерде маселе жетекчинин жашында эмес, анын иштин көзүн көрө билген көрөгөчтүгүндө. Мектепте деректирди эмгек стажына карап чектөөгө болбойт. Эгерде мектепте системалуу түрдө өнүгүү болсо, натыйжа сапат болсо, ага колдоо көрсөтүш керек. Өнүгүү жолундагы мектептин жетекчисин алмаштырганда, иш артка кеткен учурлар көп кездешет.

Сухомлинскийдин “Деректир – мектептин күзгүсү, нуру” деп айткан сөзү бар. Жетекчи кандай болсо, мектеп ошондой болот деген мааниде. Деректир биринчи кезекте мектепти өнүктүрүүнүн идеясын алып жүрүүчү, ошол идеяга коллективди бириктирүүчү, баш коштуруучу касиетке ээ болушу керек.

Экинчиден, мектеп жетекчиси өз предметинен мыкты окутуп, усулдук чеберчилиги жагынан да башкаларга өрнөк болушу зарыл. Эгерде ал өзү начар мугалим болсо, сөзүнүн таасири жок болот.

Мектеп деректири ар бир мугалимдин жеке жөндөмүн, шыгын, талантын, кызыгуусун, керектөөсүн, муктаждыгын жана мүмкүнчүлүгүн билиши керек. Ошого жараша ал мугалимдердин көйгөйлөрүн билип, ар бир маселенин себебин аныктап, тийиштүү ыкмаларды иштеп чыгып, жүзөөгө ашыруу, аткаруу жолун, б.а. программасын коллективге сунуш кылуусу кажет.

Мугалимдин ачуу тери

27 жашымда райондук партиялык комитеттен Жданов деген орто мектепке деректир катары жиберишкен. Ал убакта ушул мектеп эң артта калып калды деп жерий албайсың, кайсы мектепке жиберсе, жок дебей барчубуз. Барганымда, ата-эне, окуучу, мугалимдерди чогултуп, талкуу уюштурдум. Биздин билим берүүдө, тарбиялоодо кандай кемчиликтерибиз бар? Себептери эмнеде? Мугалимдин билиминин жетишсиздигиби, ишке болгон мамилесиби, окуучунун кызыкпай жатканыбы же материалдык базанын начардыгыбы? Бул суроолордун баарына жоопторду аныктап алгандан кийин, эми жагдайды жакшыртууга кандай сунушуңар бар деп анкета тараттым. Негизги жоопторду анализдеп, мектептин беш жылдык стратегиялык планын иштеп чыктык. Демек, эмнелерди аткарабыз?

Биринчи көйгөй – ошол мектепте мугалимдердин кадыр-баркынын төмөндүгү деп көпчүлүгү белгиледи. Агай, эжейлерди эч бир окуучу тоготпойт, ата-энелер аларга ишенбейт. Бул көйгөйдү чечиш үчүн өздөрүн өзгөртүү педагогдордун оюна келген эмес…

Мугалимдин кадыр-баркы качан гана ал өзүн кесипкөй катары көрсөткөндө көтөрүлөт. Кол жоорутпай акча табат деп жаман көргөн ата-энелерди бир агайдын сабагына катыштырдым. Алардын бири келип: “Мугалимдердин тер төгүп иштей турганын эми билдим. Булардын эмгеги өтө оор турбайбы?!” — деди таңыркай.

Биз талдаган маселенин башкы себептеринин бири мектеп менен ата-энелердин байланышпаганы экендигин аныктадык. Ата-эне мектеп турмушунан алыс болсо, мугалимдин кадырын билбейт. Кызматташ, шериктеш, өнөктөш болуп иштегенде гана ата-эне мугалимдин кадырын, баркын билет.

Экинчиден, мугалимдерди атайын курстардан өткөрүүгө өзгөчө маани бердик. Ошентип, мугалим өзүнө ишенип, мен деле балдардын сүйүүсүнө, ата-энелердин сый-урматына ээ болот турбаймынбы деп шыктанып иштей баштайт. Мектепке ата-энелер тынымсыз келип, окуу-тарбия иши бизге да тиешелүү турбайбы дейт. Туюкка кептелгендей абалдан ушинтип чыкканбыз.

(Маегибиздин кийинки бөлүгүндө деректир менен мугалимдер жамаатынын мамилеси тууралуу сөз кылабыз)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер