УЛУУ ЭЛДИН УЛУУ СЫЙЫНА ТАТЫГАН ИНСАН

  • 27.05.2024
  • 0

ОшМУ МЕНЕН ТАГДЫРЛАШ АКАДЕМИК ЖӨНҮНДӨ сӨз

Жакында “Кут билим” газетасына ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаковдун “Жарчы, Вестник  Ошского государственного университета” журналында (2015-ж)  жарыяланган макаланын чыгышына байланыштуу мен дагы узак жылдар бою ОшМУда иштеген окутуучулардын бири катары өзүмдүн ой-пикиримди билдирүүнү туура таптым.

УЛУУ ЭЛДИН УЛУУ СЫЙЫНА ТАТЫГАН ИНСАН

Касиеттүү Сулайман тоонун күн чыгыш этегинде жайгашкан даңазалуу да, даңктуу да жогорку окуу жайынын  мааракесинин алдында туруп, бир топ жыл ректор болуп натыйжалуу иштеген, аты кыргыздын кыйырына аттын кашкасындай  таанымал коомдук ишмер, көрүнүктүү илимпоз, академик Бектемир Мурзубраимов жөнүндө өзүм көргөн, билген чындыкты  айтып коюуну чечтим. Бектемир аке 1957-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун астанасын аттап, студенттиктен мектеп мугалимине, андан аспирантурага, кийин институттун окутуучулугуна, соңунда университеттин ректоруна чейинки даңктуу да, даңазалуу да жолду басып өтүптүр. Эсептеп көрсөм, өткөн 85 жылда окуу жайда 13 жетекчи иштептир. Алардын баарынын окуу жайдын түптөлүшүнө салым кошкондугу талашсыз,  бирок бардык  жетекчилердин ичинен узак жана эң натыйжалуу иштегени ушул  Бектемир Мурзубраимов болгонун университеттин тарыхы өзү тастыктап турат. Бул жалгыз менин  оюм эмес, академикти жакындан билген кесиптештеримдин пикири. Жөн жеринен Каныбек Исаков Б.Мурзубраимовдун жетекчилик мектебинен өткөнмүн, таалим-тарбиясын, үлгүсүн алганмын жана үйрөнгөнмүн деген эмес. 

“Ааламга жол айылдан башталат” дегендей, академик Бектемир Мурзубраимовдун агартуудагы, илимдеги байсалдуу сапары ата-энесинен алган тарбиясынан, ыйманга жуурулган айыл-ападагы алтын балалыгынан башталыптыр. А дегенде Өзгөндүн Ичке-Сай айылындагы “Совет” жети жылдык мектебинен окуп, жети жылдык мектепти аяктаган соң Өзгөн шаарындагы облустук мектеп-интернатта эки жыл билим алып, 10-классты 1957-жылы Төрт-Күл айылындагы А.С. Макаренко атындагы мектепте аяктаптыр. Химия мугалими Рыскул Давлетовдун таасиринде ушул эле жылы ОшПИнин химбиология факультетине  тапшырып, 1962-жылы аны артыкчылык диплом менен аяктайт. Студенттик күндөрүндө  беш жыл группанын старостасы болушу, Сталиндик стипендия менен окушу, коомдук жана спорттук иштерге абдан активдүү катышуусу жалпы жаштарга, айрыкча, азыркы студенттер үчүн да өрнөк болорлук үлгүлүү  тажрыйба деп эсептейм.

Эмгек жолун өзү окуган А.С.Макаренко атындагы орто мектепте катардагы мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштап, ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасына тапшырат. Аспирантурага тапшырган  38 аспиранттын ичинен өз мөөнөтүндө илимий иликтөөсүн аягына чыгарып, диссертациясын коргогон эки изденүүчүнүн бири ушул Бектемир агай болуптур.

Илимдин жаш кандидаты 1965-жылдын ноябрь айынан баштап ОшПИге окутуучулук кызматка келип, 1993-жылга чейин  бардык кызматтарды ийгиликтүү аткарыптыр. Проректорлук кызматка коюлгандан баштап 20 жыл бою б.а. 1993-жылга чейин  ректорлук кызматтын тизмесине киргизилип, жыл сайын жолдомо берилип туруптур.

Негизи Б.Мурзубраимов ОшПИде иштеп жүргөн кезинде (1965-1993-ж.ж.)  ар кандай жооптуу кызматтарды аркалоого даяр болуп калган эле. Муну окумуштуу-публицист катары гезит-журнал беттеринде козгогон маселелеринен, активдүү коомдук позициясынан байкасак болот. Сөзүбүз  кургак болбосун үчүн айрым аткарган иштерине токтоло кетели. Ал Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп турганда, жаштар комиссиясынын жетекчиси катары жаштар жана аларды тарбиялоо жөнүндө дайым ойлонуп, өз ойлорун  коомчулук менен бөлүшүп келген. (Б.Мурзубраимов. “Жаштарды тарбиялоо көңүлүбүздүн борборунда”. “Ленин жолу”, 12-июнь, 1981-жыл).

Жаштар жөнүндө маселени азыркы мезгилге чейин байма-бай козгоп, болочок адистерди даярдоочу педагог катары бул көйгөйдү чечүү жолдорун да сунуштаган (Б.Мурзубраимов. “Жаштарга кылым неге тар?”, “Кыргыз руху”, 3-июль, 2009-жыл).  Бул макалада жаштардын арасындагы жумушсуздук, кылмыштуулук, наркомания көйгөйлөрүнүн алдын алуу, жаштар иштери боюнча туруктуу идеологиялык багытты иштеп чыгуу, жаштардын келечеги үчүн кредиттик банктарды ачуу, 9-класстан кийин мектепти таштап кеткен улан-кыздардын келечегине кам көрүү сыяктуу актуалдуу маселелерди көтөрүп чыккан.

Аны Ош шаарынын санитардык абалы, тазалыгы, аны жакшыртуу маселелери да кызыктырган. Архитектуралык жактан терең ойлонулган, генералдык пландын негизинде максаттуу курулуштарды, эс алуу жайларын, скверлерди куруу пайдалуу экендигин жана  ушуга окшогон маанилүү сунуштарын  ортого салган (Б.Мурзубраимов.“Айтпай коюуга акым жок” “Ленин жолу”, 11-февраль, 1988-жыл).

Б.Мурзубраимов ОшТУда ректор болуп ийгиликтүү иштеген (1993-1998ж.ж). өтөгөн эмгектери бааланып,  Жогорку Кеңешке депутат, Улуттук илимдер академиясына, Инженердик академияга корреспондент-мүчө жана башка маанилүү даража, наамдарга ээ болгон.

Б.Мурзубраимовдун Жогорку Кеңештин сессияларында койгон маселелери өзүнүн мазмуну жагынан саясаттан тартып, маданиятка чейинки аспектилерди камтыйт. Мисалы: бюджеттик долбоорду талкуулап жатканда популизмден алыс болууну, бюджеттик каражаттарды тармактарга керегине жараша адилет бөлүштүрүүнү, аны үнөмдүү пайдаланууну сунуш кылган.

Билим берүү, ден соолукту сактоо, маданиятты өнүктүрүү маселелерине да өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен мааракелерди, даталуу күндөрдү, той-аштарды өткөрүүнү, “көрсөтмөлүү” жолугушууларды, көп чыгым талап кылган тосуп алууларды токтотууну, аларга кеткен акчалай чыгымдар ардагерлерибизге, жетим-жесирлерге, жаштарга берилсе, максатка ылыйык болорун байкап, өзүнүн ойлорун  коомчулукка жеткирген.

Айыл чарбасы, финансы проблемалары боюнча да өз оюн ортого салган: “Кредитти, инвестицияны жакшы эле алып жатабыз. Бирок аны пайдалануу жагы начар. Эл аларды максаттуу пайдаланып жаткандыгынан күмөн санап жатышат. …Кредиттин, инвестициянын пайдаланышы жөнүндө маалыматты ай сайын болбосо да, квартал сайын элге жеткирип туруу керек. Кредитти таанышы, “шапкеси” жок, байланышы жок карапайым  адамдардын да алуусуна жетишсек, жакшы болот эле”, — деп белгилеген депутат (1996-жылдын 8-апрелиндеги Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөгөн сөзүнөн).

“Агрардык реформа боюнча жер-жерлерде кыска мөөнөттөгү семинарларды өткөрүү керек. Окумуштуу агрономдорду, зоотехниктерди, ветврачтарды гана эмес, буларга  практик дыйкандарды, малчыларды да катыштырып, ийкемдүү пайдалануу керек”,- деген сунушун айткан (1996-жылдын  8-апрелиндеги Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөгөн сөзүнөн).

Кен байлыктарды чалгындоо жана иштетүү боюнча да анын ойлору бир топ терең. Кыргызстан, анын ичинде, Ош облусу да кен байлыктарга жарды эмес экенин айтуу менен, түштүк жергесинде аны чалгындоо жана кайра иштетүү жакшы жолго коюлбагандыгын белгилеген. Бул маселени ал Президент катышкан Ош облусунун активинде да  кайра кайталап  айтып чыккан.

Б.Мурзубраимов Кыргызстандын экономикасын көтөрүү жолдорунун бири катары элди сарамжалдуулукка үйрөтүүнү, республиканын ички ресурстарын акыл менен пайдаланууну, айыл чарба жана суу чарба министрликтеринин, соода-сатык жана керек-жарак коомунун ж.б. министрликтердин иштериндеги бири-бирин кайталоочу иш-чараларды азайтууну, облус, район, шаарлардагы арабөк, ортомчу, майда, пайдасыз мекемелерди жоюуну, аларды бириктирүүнү, аткаминерлердин санын азайтып,  алардын чет өлкөлөргө жасаган натыйжасыз  иш сапарларын кыскартууну баса белгилеген. Экономиканы көтөрүүнүн эң негизги булагы  — бул чыныгы ишкер адамдарды колдоо жана салык системасын жолго салуу керек экендигин бир нече жолу кайра-кайра кайталап  айткан.

Б.Мурзубраимов “Өлкөдө качан экономика көтөрүлөт?”, “Качан мамлекет бакубат болот, башкача айтканда, эл турмушу качан оңолот?”- деген суроону байма-бай коюп, кайра өзү: “Качан гана эл өзүнүн байлыгын, мүлкүн үнөмдүү пайдалана алса, качан гана эл өзү жерди иштете алса, соода-сатык иштеринин сырларын үйрөнсө, тобекелдикке салып, куру намыска алдырып, ондогон жылдар бою топтогон байлыгын бир күндө чачып жибербесе”, -деп жооп берет (Б.Мурзубраимов. “Өз салтыбыз өнүгүүгө өбөлгө”, Ош, 1999, 29-бет).

Калыстык үчүн айта кетишибиз керек. Б.Мурзубраимовду жакшы билген кесиптештеринин, коомчулуктун бир канча кайрылууларына карабастан, жергиликтүү жана республикалык бийликтер окумуштуу депутатты өзү окуп бүтүргөн, эмгектенген окуу жайга жетечиликти ыраа көргөн эмес.

Демократ министр Чынара Шаршеевна Жакыпова өзүнүн жеке демилгеси менен 1993-жылы буйрук чыгарып, Б.Мурзубраимовду Ош жогорку технологиялык колледжине ректорлук кызматка сунуштаганы агайды таанып-билгендер үчүн жакшы  жаңылык болду. Ал буйрукту министрликтин биринчи орун басары аткарды. Ал жерде тез арада ректорлукка шайлоо өткөрүлүп жалпы жамааттын толук колдоосуна жетишкен, 1996-жылы колледж университеттик статуска ээ болуп, бул окуу жайда Б.Мурзуибраимов 1998-жылга чейин иштеди. А жерде иштегенде кыска мөөнөттө университеттин жаңы корпусу негизинен бүткөрүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалып, жаңы технологияга байланыштуу заманбап адистиктер ачылган.

Өкмөттүн жана министриктин чечими менен Ош шаарындагы курулуш, соода техникумдары, У.Салиева атындагы лицей ОшТУнун курамына өткөрүлүп, университет жаңыча, өзгөчө окуу-өндүрүштүк комплекске айландырылган. Белгилеп кетчү нерсе, окуу жайда окутуучулардын, кызматчылардын айлыктары көтөрүлүп, моралдык-психологиялык климат жакшырып, Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азияда биринчи жолу “Жаштык” телестудиясы ачылып, ошондой эле курулуш, макарон чыгара турган цехтери ишке кирип, тегирмен пайдаланууга берилген  жана топоз, 400дөй кой жандыктары бар көмөкчү чарба да  уюштурулган.

1998-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ОшМУга ректорлукка көрсөтүлгөн. Бийликтин мындай кадамга барышы сыягы мурда иштеп жаткан жетекчиликти тезинен алмаштыруу зарылчылыгынан келип чыккандай…  Мурунку жетекчиге жан тарткан бир топ жан -жөөкөрлөрү, “чоролору” жаңы ректорго каршы  митинг уюштурушуп, ага студенттерди да тартууга аракет кылышкан.. “Арамзанын аягынан чыккан чаң даанышмандын  көзүн каптайт” дегендей жана “Булут канчалык Күндүн көзүн тоспосун, анын нурун Жерге тийгизбей коё албагандай” эле, алардын ойлору ишке ашкан жок. Мында, албетте, Б.Мурзубраимовдун эмоцияга алдырбаганы, токтоолугу жана сабырдуулугу, эң башкысы жамааттын дээрлик көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгондугу башкы ролду ойноду. ОшМУнун аттуу-баштуу окумуштуулары, окутуучулар менен студенттер аны колдошуп,  бир добуштан ректорлукка шайлап алышты.

Өзгөчө белгилеп коючу нерсе, ректор шайлангандан кийин митингге  байланышы бар жетекчилердин, студенттердин бирине да акаарат келтирген жок, б.а., кек сактабады.

Б.Мурзубраимовдун ОшМУнун ректорлугуна шайланып жатканда сүйлөгөн сөздөрүнүн айрым жерлерин мисалга  келтире кетели…

“…Эгер мага ишеним көрсөтүп, ректорлук кызматка шайласаңыздар, анда бардык күчүмдү, болгон акылымды, алган билимимди, турмуштук тажрыйбамды, талант-жөндөмүмдү университеттин аброюн, анын ичинде мына ушул куттуу окуу жайында эмгектенген кесиптештеримдин  кадыр-баркын көтөрүүгө жана бизде окуп жатышкан жаштардын билимдеринин терең болушуна, XXI кылымдын чыныгы адистеринин өсүп чыгышына жумшаймын.

…Ошондой эле жамааттын кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгымдан жогору коюп, ички ынтымакты бекемдөөгө, ар кандай ишти чечүүдө кимдир бирөөлөрдүн кеп-кеңеши боюнча эмес, ак-карасын талдап, жети өлчөп, бир кескенден кийин, ар бир кесиптештеримдин тагдырына кайдыгер карабай, жеңилин жерден, оорун колдон алып, жардам берүүгө аракеттенемин…

…Мен ак эмгек кылгандарды, түз жана таза жүргөндөрдү, ОшМУнун атын жакшы жагынан чыгаргандарды, окуу жайдын келечегин ойлоп, анын аброюнун, кадыр-баркынын артышына өз салымын кошкондорду, жамааттын кызыкчылыгын өзүнүн кызыкчылыгынан жогору койгондорду сыйлаймын жана ар тараптан колдоймун. ..” (1998-жыл, 16-июль)

Негизи, бул сүйлөгөн сөзүнө жетекчилик кызматтын генералдык планы болгондугуна ОшМУнун жамааты баарыбыз көзүбүз менен көрдүк, ага ынандык. Ал ОшМУнун ректору катары иштеген 1998-2005-жылдар университеттин өсүп-өнүккөн жылдары болду. Ушул алты-жети жылдын ичинде университет структуралык жактан кайра түзүлүп, материалдык-техникалык базасы кескин өзгөрдү.

Алсак, окуу имараттарынын саны 11ден 23кө, компьютердик-техникалык каражаттар 238ден 1036га,  интернет түйүндөрүнүн саны 2ден 152ге, билим берүү жана илим изилдөө институттарынын саны 3төн 10го, факультеттер 12ден 19га, кафедралардын саны 54төн 112ге, адистиктердин саны 29дан 72ге, студенттердин саны 13892ден 27179га чейин көбөйүп, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип окугандардын саны 106дан 400гө жетти. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 20дай дистанттык окуунун электрондук борборлору ачылган. Окутуучу-профессордук курамдын жана көмөкчү персоналдардын жалпы саны 629дан 1572ге чейин көбөйгөн. Окутуунун төрт түрү (күндүзгү, сырттан, кечки, дистанттык) боюнча билим берилип, окутуучулардын жана кызматчылардын айлык маянасы 562 сомдон 6172 сомго кескин жогорулады. Мындай маяна бир дагы ЖОЖдордо (Кыргыз-Түрк Манас университетинен башка) болгон эмес.

Албетте, мындай ийгилик өзүнөн-өзү эле келе калган жок. Окуу жайды ичинен да, сыртынан да жакшы билгендиги негизги себеп болсо, тыным билбеген  түйшүктүү эмгектин натыйжасы бардык ийгиликтин сыры болсо керек. К.Исаков макаласында белгилегендей “кээде агай менен түнү бир оокумга чейин иштеп, кайра таңкы саат алтыда иште болуп калган күндөрүбүз көп эле болду”. Ага кошумча Бектемир Мурзубраимовдун адамдар менен тил табыша билиши, өзүнүн ойлогонун аларга түшүндүрүп, ынандырып аткарта алышы, так максатты коюп, ага жетүүнүн планын иштеп чыгышы, ар кандай жаңы идеяларды “жети өлчөп – бир кесип” чечкени, көсөмдүгү, өткөнгө саресеп салып, учурдун көйгөйлөрүн жана келечегин көрө билгендиги, жогорку деңгээлдеги уюштургучтугу, айрыкча, адилеттүүлүгү жана тазалыгы, чечкиндүүлүгү жана кечиримдүүлүк касиеттери негизги ролду ойногон.

Б.Мурзубраимовдун баскан жолуна көз салган адам бир мыйзам ченемдүүлүктү байкайт. Ал – “биринчи” деген аталыш. Алсак, Өзгөн районунан жана ОшПИден бүткөн жогорку билимдүүлөрдүн ичинен биринчи болуп илимдин кандидаттыгын (1965), докторлугун (1984) жактап, профессорлук илимий наамды алыптыр, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Эл аралык инженердик академиянын академиги болуптур. Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен биринчи жолу студент жаштарга өз айлыгынан стипендия ыйгарып, студенттик фонд түзүп, ОшМУнун тарыхында биринчи болуп химиядан диссертациялык советти ачкан.  Дагы бир өзгөчө белгилөөчү жагдай 1995-жылы Ош технологиялык университетинин карамагындагы Өзгөн технологиялык  жана билим берүү институту ачылып,  ал эми 2002-жылы Өзгөн шаарында ар түрдүү жолтоолорго, карама-каршылыктарга карабастан, ОшМУнун медициналык окуу жайынын (медучилище) ачылышына жетишкен.

Бектемир агай – “полктун уулу” дегендей, анын аң-сезимдүү өмүрү ушул окуу жайда өттү. Беш жыл гана ОшТУда (1993-1998) иштегени болбосо, Б.Мурзубраимов окуу жайдын оорун колдон, жеңилин жерден алып, ОшПИге, анан ОшМУга узак жылдар эмгек өтөдү. Бекеринен ОшМУнун  мурдагы жана учурдагы студенттери жана бүтүрүүчүлөрү зор сыймык менен ал айткан “Ошто жашап, ОшМУда окуп, ОшМУда иштегениме сыймыктанамын!” деген учкул сөздү айтып жүрүшпөсө керек. Анын бул сөзү – кашкайган чындык, минтип айтышка Б.Мурзубраимовдун толук акысы бар! Агай университетке ректор болуп келгенден кийин бир ирет маектешип отурганда: “Мен ректорлук кызматка өтө кеч келдим (53 жашта ОшТУга, 58 жашта ОшМУга), жалындаган жашыраак учурумда болгондо, окуу жайга мындан да көп пайдам тийиши мүмкүн эле”,— дегени эсимде. Агайдын бул айтканында чындык бар экендигин ректор Каныбек Исаковдун жараткан ийгиликтери ачык ырастады. Ага кошумча ОшМУнун азыркы ректору Кудайберди Кожобековдун окуу жайдын даңкын, даңазасын дагы күчөтүп, республика гана эмес, бүткүл Орто Азия боюнча эң алдыңкы өнүккөн-өскөн университет болуп жатканы таң калыштуу эмес. Ошондуктан элибиз “Асыл – таштан, акыл – жаштан”, – деп, ташка тамга баскандай айтып койгон турбайбы…

Б.Мурзубраимов өзүнүн жеке аброюн, кадыр-баркын, депутаттыгын туура пайдаланып, окуу жайдын финансылык каражаттарын үнөмдөп пайдалануунун эсебинен, жаңы имараттарды курду жана башкы корпусту, бардык окуу имараттарын, жатаканаларды капиталдык ремонттон өткөрдү. Алсак, искусство факультетинин концерттик жана хореографиялык залы, өзбек гуманитардык институтундагы “Достук” маданият сарайы, дүйнөлүк тилдер, филология, медицина факультеттериндеги лекциялык залдар жана спорттук аянтчалар курулуп, табият таануу факультетинде 750 орундук “Жаштар” борбору ачылды. Шаардын жетекчилери менен сүйлөшүп бир топ имараттарды университеттин карамагына өткөрүп алууга жетишти.

Жогоруда келтирилген көптөгөн маалыматтарды ишенимдүү айтып жатканым жыл сайын, айрыкча, 5 жылдык отчетто университеттеги болуп жаткан өзгөрүүлөр окумуштуулар кеңешинде талкууланып, жыйынтыгы массалык-маалымат каражаттарында кеңири жарыяланып турган. Андан калса, мен окумуштуулар кеңешинин мүчөсү катарында агайдын 60,70,75,80 жылдык юбилейлерине катышып, Б.Мурзубраимовго тиешелүү материалдарды жарыялап турганмын.

Окуу жайдын жетекчилигинин эң негизги жетишкендиктеринин бири катарында университеттин кампусун куруу үчүн Ош шаарынын түштүк-чыгышынан, Ак-Бууранын жээгинен 17 гектар жер  бөлдүрүп алып, кампустун башкы имаратын 3 лекциялык залы, ашканасы менен куруп бүтүп, пайдаланууга бергендиги болду (2004-ж).

Андан кийин ректор К.Исаковдун жигердүү аракетинин натыйжсында ушул аянтта университеттин заманбап бир нече корпустарынын курулушу улантылган.

 Ал эми азыркы ректор К.Кожобековдун аракети менен жогорудагы ийгиликтер улантылууда.

Дагы бир өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, окуу жайдын окутуучуларынын, кызматкерлеринин, студенттеринин эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна байланыштуу да алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Эң алды менен төрт-беш жыл ишин токтоткон 75 орундуу ден соолукту чыңдоочу профилакторий капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы аппаратуралар менен жабдылып ишке кирип, Оштогу насос заводунун эс алуу зонасы сатылып алынып, анын базасында чакан мейманкананын курулушу, Ысык-Көлдөгү 300 орундук пансионат өкмөттүн чечиминин негизинде окуу жайдын менчигине өткөрүлүп алынышы, жылкы, уй, 400дөн ашык кой жандыктары бар көмөкчү чарбанын уюштурулушу, алардын жамаат үчүн кызмат кыла башташы өтө жакшы иш болгон.

Жетекчиликтин студенттерге жана кызматчыларга көргөн камкордугунун эң маанилүүлөрүнүн бири — алар үчүн атайын автобустар (3 чоң автобус, 2 микроавтобус) сатылып алынып, шаар ичинде атайын маршруттар график менен окуу жайдын корпустарына студенттердин,  окутуучулардын жана кызматчылардын убагында ишке жетүүсүнө жана иштен  кайтуусуна ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Академик агайыбыздын дагы бир жасаган саамалыгын айтпай кетпесек болбос: Ош шаарынын абалын жакшыртуу жана аны өнүктүрүү, шаарга экинчи борбор статусун берүү боюнча бир нече жолу демилге көтөрүп, бул маселе ОшМУнун базасында өткөн облустук активде мамлекеттин президентинин катышуусунда талкууланып, Ош шаарынын республиканын экинчи борбору болуп калуусунда чечүүчү роль ойногон.

Жогоруда белгиленип кеткен жумуштардын баары туш келди жасала бербей, окумуштуулар кеңешинин жана ректораттын алдындагы атайын түзүлгөн илимий-чыгармачылык топтун иштеп чыккан программасынын негизинде жүргөндүгү белгилүү. Ал программа боюнча университеттин өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары төмөндөгүлөр:

  • Университетти окуу-илимий усулдук жактан бирдиктүү бүтүн бир комплекс катары өнүктүрүү;
  • дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулуу;
  • жаңы информациялык технологияларды колдонуу жана аны жаңы деңгээлге көтөрүү;
  • окуу жайды өнүктүрүүдө билим берүү менен социалдык-экономикалык максаттардын шайкештигине жетишүү;
  • улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү ширелиштирип, инсанды ар тараптан өнүктүрүү максатын билим берүү жана таалим-тарбия процесси менен шайкештикте жүзөгө ашыруу;
  • үзгүлтүксүз билим берүү процессинин комплексин түзүү.

Бул концепция бардык факультеттерде, ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинде кеңири талкууланып, кабыл алынып,  ар бир структурада жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн.

“Дени тазанын дили таза” дегенди мыкты түшүнгөн ректор окутуучулардын, студенттердин арасында ар түрдүү спорттук мелдештерди өткөрүүнү салтка айлантты.  Мындай иш-чаралардын дээрлик көпчүлүгүнө ректордун өзүнүн катышуусу өтө пайдалуу жана таасирдүү болгон.

Б.Мурзубраимов окутуучулардын адистик деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн ЖОЖдордун ректорлорунун ичинен биринчи болуп “Окутуучу студенттердин көзү менен” деген анкеталык сурамжылоону колго алган. Ректордун  өзүнүн почтасын уюштурган. Ар бир факультеттеги студенттер менен атайын график боюнча (факультеттин жетекчилеринин, кафедра башчыларынын, окутуучулардын катышуусусуз) жолугушууларды өткөргөн. Студенттердин кайрылууларын, сунуштарын, ойлорун жоопсуз калтырбай, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жетишип турган. Башкаруу уюмунун жетекчилигине шайлоо Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодогу деңгээлде өткөн. “Үмүт” студиясы менен “Нур” гезити болочок журналисттерди, шыктуу, жөндөмдүү жаштарды тарбиялап, таланттардын мектебине айланышкан.

Билим берүүнүн дүйнөлүк системасына кирүү үчүн 30дан ашык жогорку окуу жайлары менен байланыш түзүлгөн, мурдагы байланыштар улантылган. Бул иштер эффективдүү болсун үчүн дипломатиялык кызматчыларды жумушка тартуу да белгилүү деңгээлде оң жыйынтыгын берген. ОшМУнун байланыш географиясы буга чейин болуп көрбөгөндөй кеңейген. Мисалы, ОшМУ Американын Кливленд, Мичиган, Вашингтон, Канзас, Германиянын Грац, Франциянын Леон, Швециянын Лунд, Австриянын Технологиялык университети, Кореянын Чонбук, Япониянын Сока, Кипрдин Гирне-Америка университеттери менен тыгыз байланыш түзүп, кызматташууга жетишкен.

Б.Мурзубраимов көптөгөн кадрлардын өсүшүнө себепкер болду, айрыкча, жетекчи кадрлардын. Ал ректор кезинде түздөн-түз бирге иштешкен жардамчылар, кеңешчилер, проректорлор Кыргызстандын бир топ окуу жайларында ректор болуп
(Мамасаидов М., Исаков К., Кененсариев Т., Орозбеков М., Токтомаматов А., Токторов Э., Эргешов А.), жооптуу мамлекеттик кызматтарда (Кадырбеков Н. (депутат), Ормонов Ж. (аким), Аскаров З. (вице-премьер), Атаханов А. (дипломат) ж.б. иштешти.

Жогорудагы жасалып жаткан иштерди тааныштыруу, даңазалоо үчүн ОшМУнун күндөрү борбор калаада зор салтанат менен белгиленген. Бир жума бою Бишкектеги ЖОЖдор менен кызыктуу жолугушуулар, спорттук таймаштар болуп, жыйынтыгында Улуттук филармониянын чон залында ОшМУнун таланттуу чыгармачыл топторунун концерти өткөрүлгөн. Бул концертке бийликтин бардык бутактары, ЖОЖдордун жамааты жана студенттери катышышкан. ОшМУ билим-илим уясы эле эмес, жаш таланттардын ордосу экендигин ачык-айкын көрсөтө алган..

ОшМУ Бектемир Мурзубраимовдун жетекчилигинде Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын алдыңкы сабында болду! Мамлекет башчысы ОшМУнун салтанаттуу 50 жылдыгында белгилегендей, “ОшМУ өзүн-өзү каржылай турган мега борборго айланып калды”,- деген сөзү университеттин баркын даңазалады.

Б.Мурзубраимовдун жанында узак жылдар ректордун жардамчысы, тарбиялык иштер боюнча проректор катары иштеген, 2011-жылдан баштап ректор болуп иштеп келаткан  Каныбек Исаков академиктин  75 жылдык юбилейине байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө жана Ош мамлекеттик университетинин “Вестник” (“Жарлык”-2015) журналында жарыяланган материалда мындай деп эскерет: … Чынында эле 7 жыл бирге иштедим, таалимин алдым, үлгүсүн үйрөндүм, көп жакшы сапаттарын өзүмө сиңирүүгө аракет кылдым. Агайдын ар кандай кырдаалдарда эмнени жасоого ниеттенип тургандыгын көз карашынан сезүү, ички дүйнөсүндөгү оюн ишарат аркылуу түшүнүүнү, көп нерсени айттырбай туюп жасоону өзүмдүн мүнөзүмдө калыптандырдым. Ар кандай кырдаалдарда принцибинен кайтпаган чечкиндүүлүк, кара жанын карч уруп күн–түн тыным билбеген эмгектенүүнү, көздөгөн максатына жетүүдөгү аракетин, керек мезгилде бараткан жолунан кайтпаган чечкиндүүлүгүн, кыскасы, көп нерсени үйрөндүм. Агайдын жашоосунун мазмуну артына из калтыруу, эмгегин элге арноо экендигин жасап жаткан иштеринен байкадым. Б.Мурзубраимов университеттин өнүгүшүнө жөлөк-таяк, арка-бел болуп, ак кызмат кылып, эмгеги сиңген инсан катары опол тоодой эмгек жасап, республикадагы жогорку билим берүүнүн борборуна айлантты. 

Каныбек Исаковдун устатынан алган таасирдүү, пайдалуу таалим-тарбиясы жана өзүнүн дээринде бар акыл-парасаты, уюштуруучулук жөндөмү 7-8 жылдын ичинде университетти бардык жагынан эң жогорку деңгээлге жеткирди окшойт…

Азыркы иштеп жаткан ректор Кудайберди Кожобековдун жетектөөсү менен университет өнүгүү жолунда баратат.  Ак жол, сага сүйүктүү университетим!

Сактанбай Момуналиев,            ОшМУнун кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер