УЛУТЖАНДУУ ПОЭТИКА

  • 01.02.2024
  • 0

УЛУТЖАНДУУ ПОЭТИКА

(Эл сүйгөн акын Байдылда Сарногоевдин жаркын элесине арнайм)

  1. Алгачкы кездешүү

Анда Б. Сарногоевдин “Ашуудан берген отчетум” деген китеби аңызга айланып кеткен кезең болчу.

Байдылда акындын өзүнө түз кезиккенди мындай кой, Байдылда менен баарлашкан кишини көрүүгө зар элек.

Окуучу кезде каникулда кой кыркында иштеп калдык. Мажит аттуу айдоочу кыркынга жумасына бир күйүүчү май ташып келчү. Келген сайын илгери картөшкө сатып барып, Ош базарынан кадимки Байдылдага жолукканын, а тургай аны менен жүз грамм ичкенин, кээде акындын ырларын жатка айтып, ар бир келген сайын улам кызыктарды кобурап берчү. Биз күтөөр элек.

“Эшек дептерди” айрым саптарын ошондо укканым бар.

Мажит байке да Байдылданын стилине салып төгүп жиберчү. Бир жолу түштө тамактанып жатсак, ага жалаң сорпосу куюлуп калыптыр.

– Сорпосунда эти жок,

Ашпозчунун бети жок, — деген саптары бу жерде тез эле эл оозуна алынды. Сорпобузда эт көбөйдү. Ашпозчулардын “коррупциясын” эки сап ыр менен талкалады.

Кой кыркын бүткөнчө Байдылда акын менен Мажит байкенин айрым саптарын жаттап алдык.

Мына ошол тирүү кезинде эле ырлары эл аралап кеткен кадимки Б. Сарногоевге жолугам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.

КМУ, филфак. 1986-жылдын күзү. …“Жаш толкундар” адабий ийримине мүчө болуп, жаңы ырларыбызды окуп, факультетке таанылып, ар бирибиз өзүбүздү Лермонтов менен Есенинден кем көрбөй турган учур.

Мени да орус филфагындагы кыздар “Маяковскийге окшоп кетесиз” десе, ошого эрденип, …чачты Маяковскийче тарап, …Маяковскийче ыр жазып, …Маяковскийдин ырларын которуп, …Маяковский атындагы кыз-келиндер окуу жайына барып, …Маяковский болоорубузга бир аз калган учур эле.

“Жаш толкундар” адабий ийриминин жетекчиси, агайыбыз Калыбек Байжигитов “Жакында жазуучулар союзунда пленум болот экен, бизге үч орун берди, кимиңер барасыңар”, — деди эле, үч студент жазылдык.

Азыркы Жогорку Сот турган имараттын пленумдар залы. Биз телевизордон көрүп жүргөн Кремлдик съезддер залынан кем эмес.

Жаркырайт. …Кызыл килем төшөгөн. …Төрдө президиум. …Ошондогу КМУнун 1-курсунун студенти мен үчүн, мына ушул жерде бүткүл ааламдын тагдыры чечилип жаткандай сезилди.

Адегенде чачын артка тараган Бобуловду, анан галстугу жок келген Сыдыкбековду тааныдым. Жай басып Касымбеков келип, Р.Рыскулов коридордо ырын окуп баштады. Өзүмдү генийлерге аралашкандай сезип кеттим. Айтматов президиумга Москвадан келген адамдар менен кечирээк келди.

Менин максатым танаписте улуу акын-жазуучулардан автограф алуу эле. Ал кезде али гений боло элек акындар, Муса Чотуров, Толукбек Меңдебаиров үчөөбүз түз эле Б. Сарногоевди таптык. Ырларындай шайыр эмес, сүрдүү киши экен. Парткызматкерлердей өтө тыкан кийинип алыптыр.

– Иним, атың ким? — деп курсташымдан сурады.

– Муса! — деп жооп айтты.

Ойлонбостон туруп, шар эле минтип жазды.

“Иним Муса,

Кыздарды ойлоп, көп

  болбо куса,

Калемин курчуп, алдыга уза”.

Ошондо Муса орус филфагындагы бир шаардык кызды сүйүп, куса болуп жүргөн ашыкзарлуу күндөрү эле. Өзү колхоздон келип шаардык кызды сүйүп калуу көбүнесе аягы армандуу болот го.

Андан кийин Толукбек болсо атын сурай электе эле:

– Мен Толукбек,ыр жазам — деди, чек арада командирге доклад берген жоокердей так, так сүйлөп.

– “Тоолорду кимдер сүйбөгөн,

Тоолорду ырдап Тоолукбек

Тоолор деп өткүн дүйнөдөн”

— деп автограф жазды.

Мен болсо ысымымды айттым, башымдагы ак калпакты карап,

“Ак калпакты кие бил,

Ала-Тоо элин сүйө бил” деп шар эле жазды.

Эртеси Б. Сарногоевден кол тамга алганыбыз бүт жатаканага, факультетке даңаза болду. Ошол Байдыкең көргөн калпакты туура беш жыл кийдим. Биз космоско барып келгендей эле көкөлөп калдык.

  1. Байдыкенин балдагы

…90-жылдардын экинчи жарымы эле. Президенттин пресс-катчысы элем. Бир күнү эле туңгуч президентибиз мага гезиттен акын Б.Сарногоевдин маегин окугандыгын, ал киши буту сынып азыр эле айыккандыгын айтып, «эртең кабыл алам», — деди.

Акын Б. Сарногоев Моссоветте жашайт экен. Үйүнө барып учурашып, ал-ахыбалын сурап, эртең мамлекет башчы күтүп жатканын кабарладым.

Зина жеңе аны жетелеп, Байдыке таягын жетелеп, адегенде менин кабинетиме келишти. Экөө тең өмүрүндө Өкмөт үйүнө, Президентке биринчи кирип жатканын, Байдылда байке буту сынганы төшөктөн туруп биринчи көчөгө чыгып жатканын айтып отурушту. Чыкыйып кийинип, галстукту тагынып, чачты келишимдүү тарап, таранган куштай экөө тең жасанышкан экен.

Президенттин кабинетине анда күн кенен тийип турган заман эле. Жарык маанай менен тосуп алып:

– Мурда эле сизге кезиксем деп жүрдүм эле. Эми шарты келди. Ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы, — деп кайрылды.

Демейде ырлары элди сүрдөнтүп жүргөн Байдыкең көрсө өтө уялчаак, аруу, интеллигент инсан экен.

– Рахмат, жакшы, жакшы.

Аскар Акаев эс тутуму күчтүү эле, аңгыча акындын айрым саптарын жатка айта койду.

Улутчул дешет билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн.

Кызыл эт кезден торолтуп,

Кыялым көккө күүлөгөн.

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.

– Бул укмаш саптар! Биз кыргыз тили үчүн эгемендик алгандан бери күрөшүп жатабыз, сиз болсо өмүр бою күрөшүп келе жатасыз, — деди эле, Байдыкең сары өңү кызарып, жаш баладай уялып:

– Жакшы, рахмат, — дегенден башкага жарабай отурду.

Бир канча ирет чыгармачыл чөйрөнүн адамдары менен кошо мамлекет башчысына кирген жайым бар. Алар адатта китебин чыгарып берүүнү, мамлекеттик сыйлык алууну, кээси резюме көтөрө келип балдарын кызматка орноштурууну суранчу эле. Байдыкеңде үчөөнүн бирөө да жок. Эч болбосо бир ырын окуп берип койбойбу деп жатам ичимен. Өтө толкунданган адам эмне кылганын билбей калат окшойт. Байдыкең сакалы жок болсо да, сакалы бар адамдай улам эки колу менен ээгин коомай сылай:

– Жакшы, рахмат, — деп кайталай берди.

Жеңе өтө сыпаа, маданияттуу экен, чайдан этият ууртап, күйөөсүнө чайды алып берип, баарын байкап, эч үн чыгарбай сөзгө аралашпай отурду.

– Ден соолугуңуз эми жакшыбы, балким мыкты догдур табалы, — деди эле, Б.Сарногоев, тура калчудай обдулуп:

– Жакшы, рахмат, — деп баягы сөзүн кайталады да, чачын кайрып койду.

Аскар Акаев элпек ордунан туруп:

– Сиздин кыргыз эли үчүн жазган ар бир ырыңыз бир үйгө тете. Ошол эмгегиңизди эске алып, үй белекке берели дедик эле, бул ошол үйдүн ачкычы, — деп үйдүн ачкычын тапшырды.

Жеңе да, Байдыке да ордунан тура калышты. Экзамен бүтүп, тердегенче жооп берип, зачеткасына баа коё электе тышка шашылган студенттердей Байдыке сыртка шашылды. Жеңе болсо Президент менен кол алышып, кадимкидей тааныштардай коштошту. 7-кабаттан бешинчи кабатка менин кабинетиме келип демибизди басып, чай ичтик.

– Ий кокуй, агайыңдын балдагы кабинетте калып калыптыр, — деп жеңе чочуп, ордунан тура калды.

Байдыке эми араң балдагы жок келгенин түшүнүп, эки жагын карап коёт.

Аңгыча Президенттин жан сакчысы ал балдакты көтөрүп, бөлмөгө кирди. Байдыкең адатынча:

– Жакшы, рахмат, — деп алкады.

Балдак менен 7-кабатка араң чыгып, кайра 5-кабатка балдагы жок эле түшүп кеткен акындын духуна тан бердим. Жеңе тамашалап:

– Балдагы жок деле басат турбайсыңбы. Мага эркелеп жүргөн турбайсыңбы, — деди.

Ошондо түшүндүм, көрсө Б.Сарногоев ырларында шайыр болсо, өзү мүнөзү токтоо, …ырларында шар болсо, өзү өтө сыпаа, …ырларында ачык айрым болсо, өзү уялчаак, тартынчаак, …ырларында бетке айтса, өзү аруу, жөнөкөй, таза, жөнөкөй бир карапайым инсан экен.

УЛУТЖАНДУУ ПОЭТИКА

  1. Поэтика

Эң кызыгы кыргыздын ар бир айылында эң жок дегенде 4-5 киши ыр жазат. Ыр жандуу элбиз. Ымыркай төрөлсө ыр менен тосуп алып, өмүр бою ыр коштоп, илгери аттуу-баштуу адамдардын көзү өтүп кетсе, жакындарына ыр менен угузар эле. Түрк элдеринен кыргыз элинин поэтикага өзгөчө бай экенин Радлов баса белгилейт. Айрыкча, …айылда тунук аба, …туш тарабың тоо, аска, …туйлап аккан суу, …тулпар минген бала, …жаз, жайында жайналган жайлоо, жашыл шибер, …айрыкча таңдын атып келе жатканы менен, ааламга жылдыз чачкан жайкы түн не деген кооздук, не деген поэзия! Ошонун баарын жүрөктөн өткөзүп, күүгө, ырга, дастанга айланткан кыргыз баласы эмеспи!

Ал эми акын болсо элдин эрмеги да, нускоочусу да, сүймөнчүлүгү да. Ошол себептен элибиздин тарыхында акындар уламышка айланып, алардын ырлары санат, нуска, насаат кепке тете болуп, атактуу акындардын ысымдары бий, хан, баатырлардан да ашыкча даңаза болгон учурлар жок эмес. Терме, санат, насыят, керээз, кошок, себүү, сүйүү, дарым, жоктоо, д.у.с. ырлардын эле нечен түрү бар. Ар бир заманга эмне мүнөздүү болсо ошол доордун талуу жерин ырдаган. Кээде акындардын нускалуу ырлары улуттун жүрүш-туруш, ар-намыс кодексине айланып кеткен.

Жеңижок “Аккан сууну”, Калыгул даанышмандыкты, Арстанбек санат, насыятты, Нурмолдо менен Молдо Нияз мусулманчылыкты, Барпы сүйүү менен аялзатын, Тоголок Молдо агартуучулукту, Молдо Кылыч табиятты, “Заманчылар” болсо орус саясаты келгенде кыргыз улуту өзүнүн улуттук шайкештигин, аруулугун кантип сактап калат? Ошол темага түйшөлүп ырга салган. Акын менен эл тагдырлаш. Күйүтүн да, үмүтүн да айтат. Өмүр менен өлүмдүн кылда учунда турса да чыркырап чындыкты айтат. Акындын сезими башкача. Ал караңгылыкта – жарыкты, балчыкта – кооздукту, кумурсканын жашоосунан – ааламды, пас жерден – бийиктикти, жансыздан – жандууну, кайгыдан – кубанычты, өмүрдөн – өлбөстүктү көрө билет. Кээде кеменгер акындар тирүүсүндө барк албай көзү өткөн соң гана кадырланат. Көбүнесе тагдырлары аянычтуу болот. Чыгыш поэзиясында Ибн-Сина куугунда өлгөн, Рудакини сокур кылышкан, Низаминин терисин сыйрышкан, Фарухинин оозун төйнөп, Сабирди чөктүрүп өлтүргөн. Орус акындарында эрөөлгө чыгып, өтө учкул өмүр жашаган А. Пушкин, Есенин, Лермонтов, Рубцов – не деген алптар! Атактуу Абылай хан ырчы Букарды дайым өзүнөн жогору отургузчу дейт. Нукура акындардын тагдыры ушундай.

Б. Сарногоев советтик партиялык поэзиянын доорунда улуттук поэзияны жарата билген акын. Сарногоевдин ырлары ар бир кыргыз үчүн бешик ырындай жагымдуу, комуз үнүндөй тааныш, айылдык карапайым кыргыздын сөзүндөй жөпжөнөкөй, төкмө акындардын ырындай жаттамал, макалдардай нуска жана курч. Өмүр бою ак калпак менен кыргыз тилин ырдап өткөн Сарногоевдей акын сейрек болсо керек.

Жакында эле жаш акын, бу дүйнөдө эрте өткөн Зайырбек Ажиматовду эскерүү кечеси филармонияда эң бийик деңгээлде өттү. Кыргызда акындын орду эң жогору. Есенин өмүр бою орустун ак кайыңын ырдаса, Байдылда Сарногоев кыргыздын тили менен ак калпагын ырдады.

  1. Улутжандуу акын

Евтушенко орус акындары тууралуу: “Эгер орус акындарынан оркестр түзүлсө, анда Тютчев – фортепианодо, Баратынский – скрипкада, Блок – органда, Маяковский – добулбаста, Вознесенский – саксофондо ойномок”, — дейт.

Эгерде кыргыз поэзиясы өзүнчө бир оркестр болсо, мен ойлойм Б.Сарногоев комузда гана ойномок. Балким,
Р.Рыскулов саксофон ойномок. Бобулов добулбаста отурмак. О.Султанов – мандолинде, С.Эралиев – кыл кыякта…

Анын ырлары комуз күүсүндө жөнөкөй, булак үнүндөй укмуштуу, наристенин тилегиндей аруу, бирок эпос сындуу эпикалык. Б.Сарногоевдин поэзиясы бул улутту сүйүүнүн эң сонун үлгүсү. Кыргыз совет поэзиясы бизге не деген адабияттагы алптарды берди. Учурунда партиялык эрежеге баш ийе бербеген, бирок ырлары элге кеңири сиңип, жүрүш-туруштары, жоруктары аңыз кепке айланып кеткен асыл акындарыбыз тууралуу кеп кылганда эң ириде эсибизде Мидин менен Райкан, Какен Алмазбеков менен Байдылда Сарногоев келет. Өз доорунда алардын ырлары китеп, теле, радио менен эмес XX кылымга чейинки оозеки адабияттай ооздон оозго тараган. Карапайым эл болсо жүрөгүнөн түнөк таап, ниетине туура келип, кулагына сиңип, ооздон айтканга уйкаш жана укмуштуу саптарды гана адатта эсине тутуп калат эмеспи. Байдылда Сарногоев ошондой улутжандуу акындардын бири.

Байдылда Сарногоевдин ырлары жасалмасыз. Кыргыз мүнөз, жөнөкөй, табигый. Тез жатталат. Кудум сенин оюңду эле айтып койгондой. Сенин көзүң менен карап, көрүп, сезип, туюп, баамдап, угуп, билип, а бирок, сен айта албай жүргөн сөздү сенден мурун озуп айтып салган сыңары.

Сары-Жазга, Сар-Тектирге алпарып,

Мен уйларды далай жүргөм кайтарып.

Уйду көрсөм чоң энемди көргөнсүйм,

Ал киши да уйга басчу майпайып.

Бул өтө элестүү. Бирок бардык акынга эле жараша бербейт. Ким айылда өсүп, уй кайтарып, чоң энесин көрүп калса, өзүнчө бир атайын тартылган клип катары көзгө элестейт. Б.Сарногоевдин лирика, сүйүү ырлары да өзгөчө.

Колумдагы кооз гүлдүү ак чыны,

Сага жетпейт чынылардын актыгы.

Колдон түшүп сынып калды аттигиң,

Атаганат өмүрүңдүн аздыгы.

Бул чыны аркылуу бүтүндөй бир сүйүүнүн тагдыры сүрөттөлөт. Же болбосо:

Өлүм парс го өкүмүнө көнөөрмүн,

Кез келгенде келбес жакка жөнөрмүн.

Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,

Аял сени бир жалт карап өлөрмүн.

 

Не деген өлбөс, өчпөс саптар!

Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргыздын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

Ар бир кыргыз жигити үчүн Гимн боло турган саптар…

Кыргыз оозеки чыгармачылыгынын угутуна эмне кошулса, анын баары Байдылда Сарногоевдин поэзиясында бар.

…Ант ырларындай шерттүү, салт ырларындай тектүү, …насыят ырындай нарктуу, …бата айтылгандай даңктуу, …дарым ырындай сыр каткан, “дамбыр таш” ырындай шыр кеткен, …алас айткандай аруу, …күрдү ырындай дары, …шырылдаңдай обондуу, бекбекейдей амалдуу, …лакаптай кыска, …макалдай нуска, …төкмөдөй дарыя, …эмгек ырындай мээнеттүү, ай жаңыргандагы батадай сөөлөттүү, …сүйүү ырындай саамал, …акыйнек ырындай таамай, …термелердей куп, …айтыштай жуп, ….өлөндөй кенен, …Манастай терең, …жомоктордой элестүү, эпостордой белестүү, …Деги койчу Б. Сарногоевдин поэзиясы нак кыргыз жүрөгүнөн, тилегинен, ниетинен, сөзүнөн, мүнөзүнөн, талантынан жаралган – нукура кыргыз поэзия! Улутман поэзия!

УЛУТЖАНДУУ ПОЭТИКА

  1. Бир собол

Б. Сарногоевдин тоонун илеби, булактын үнү, шумкардын кыйкуулаганы, күлүктүн кишенегени, боз үйдүн керемети, бешиктин термелгени, арчанын жыты, айылдын тамашасы, сүйүүнүн лаззаты, комуздун добушу, кыргыздын кыргызчылыгы, эң негизгиси эгемен элдин таттуу ой-кыялы бар.

“Байдылданын батальону” ал өзүнчө бир жазыла турган дастан.

Саякбай менен болгон окуялары болсо бир керемет драмалык комедия.

Байдылда акындын ар бир ырын комузга салып ырдаса болчудай.

Быйыл Президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Түмөнбай Байзаковго «Эмгек Баатырын» ыйгарды. Туура чечим.

Эми Байдылда Сарногоевге да баатырлык наам ыйгарылса, сыйлык өз ээсин тапкан болот эле. Акын эне тилин жана элин өз байлыгым деп ырдап өттү.

Эгемен элдин эң сүйүктүү акыны.

Сарногоевдин поэзиясы – кыргызды сүйүүнүн поэзиясы!

Өз тилин, элин мынчалык сүйбөсө бул саптар жаралбайт эле.

Эң соңунда айтаарым, Байдылда Сарногоев кадимки Манас даарыган акын. Анын далили анын өмүрүнүн соңку жылдары (1995-1997-жылдар). Күндөлүк жазып, түшүндө айкөл Манасты көргөнүн жазат. Ар кимге эле мындай түш кире бербейт.

Дагы жүз жылдан кийин да Нарын дайрасы толкуп агып, канчалаган жерлерди жашылдантып, дагы канча ГЭСтер курулар, болочок муундарга жарыгын чачат.

Байдылда Сарногоевдин ырлары дагы ошондой. Кыргыз баласы үчүн дем берет, сөз берет, жарык берет. Көктөй берет. Жаз бир жылда бир келсе, акындын ырларында төрт мезгил бою көңүл көкөлөткөн көктөм бар, соолубас!

 

УЛУТЖАНДУУ ПОЭТИКА

Каныбек Иманалиев,
коомдук ишмер, жазуучу

Бөлүшүү

Комментарийлер