УЛУТТУК ТИЛДИН ТИРЕГИ

  • 30.07.2021
  • 0

Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программада каралган иштерди толугу менен жүзөгө ашырууга, жарандардын мамлекеттик тилге болгон көз карашын туура калыптандырууга чоң салым кошууда. Бул мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

УЛУТТУК ТИЛДИН ТИРЕГИ

– Батма Болоталиевна, «Кыргызтест» системасынын түзүлгөнүнө сегиз жыл болуптур. Бул мезгил аралыгында кандай иштер орундалды?

– 2012-2013-жылдары эл аралык стандарттардын негизинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу «Кыргызтест» системасынын Концепциясы иштелип чыгып, 2013-жылы бекитилген. 2014-жылдан бери жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести республикабыздын баардык аймактарында жүргүзүлүп келет.

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программада негизги басым «Кыргызтест» системасына жасалган. Аталган программада «Кыргызтестке» тиешелүү баардык иштер толугу менен аткарылды.

Тактап айтканда, 2014-жылы системанын мазмуну, баардык деңгээлдер жана субтесттер боюнча тесттери, компьютердик программасы жана сайты иштелип чыгып, «Кыргызтест» системасы боюнча өлкөбүздүн тарыхында алгач мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли компьютердик тест аркылуу аныкталды. Аталган тестке биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматчылары катышкан. Бул биздин өлкөбүздөгү чоң жаңылык болгон. Жаңы түзүлгөн тест системасы менен коомчулукту, анын ичинен айрыкча мугалимдерди тааныштыруу үчүн атайын жолугушуулар, семинарлар өткөрүлө баштаган. Система ишке киргизилгендигин мугалимдер мамлекеттик тилди жигердүү өнүктүрүүгө түрткү берүүчү механизм пайда болду деп кубануу менен кабыл алышкан эле.

Жаңы түзүлгөн системанын кыска мөөнөттө туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн эл аралык адистерди тартуу менен окутуу семинарлары өткөрүлүп, тест түзүүчүлөр жана эксперттер даярдалып жатты.

Ошентип 2015-жылы министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери «Кыргызтест» системасы боюнча тестти компьютердик нукта тапшыра баштады.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, системаны түзүү иши тийиштүү баардык усулдук-ченемдик документтерди иштеп чыгуудан башталат эмеспи. Мына биздин системаны түптөөдө да деңгээлдик мүнөздөмөлөрдү, талаптарды, лексикалык жана грамматикалык минимумдарды, ошондой эле деңгээлдештирилген лексикалык минимумду илимий негизде түзүү үчүн зарыл болгон «Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү» да «Кыргызтесттин» демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыкты.

Тил боюнча баардык көндүмдөрдүн калыптанышын баалоочу мындай тесттерди киргизүү жарандарыбыз үчүн чоң жаңылык болгондуктан, алардын тестке даярдануусуна мүмкүнчүлүк түзүлүп, машыгуу тесттери онлайн тартибинде сайтка жайгаштырылды.

2016-жылы «Кыргызтест» билим берүү системасына киргизилди.

Ушул жылдан баштап мектеп бүтүрүүчүлөрү да тест тапшыра башташты. Тест системасынын ачык-айкындыгы, тактыгы тест тапшырмаларынын ар түрдүүлүгү, тест жыйынтыгынын дароо берилиши ж.б. артыкчылыктары окуучулар тарабынан чоң кызыгуу жана ишеним жаратып жатты.

2017-жылы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргызтест” системасы жөнүндө», «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси» жөнүндө жоболор иштелип чыгып, алар кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер да мамлекеттик тилден тест тапшыра башташты. КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болуп биздин өлкөбүздө катардагы кызматкерлер эле эмес, Президенттикке талапкерлердин тест тапшырышы чоң резонанс жаратуу менен мындан ары тест жаатындагы масштабдуу иштерди баштоого жол ачты.

Атап айтканда, 2018-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жыл, 21-ноябрдагы №757 токтомунун негизинде өлкөбүздүн баардык аймактарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар массалык түрдө тест тапшыра башташты.

2018-жылдан баштап «Кыргызтест» системасы боюнча тесттер жаңы түзүлгөн «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде, атайын бөлүнүп берилген орун-жайда жүргүзүлө баштады. Мекемеде 70 адамга эсептелген сегиз компьютердик класс керектүү техника менен жабдылып, тест тапшырууга баардык шарттар түзүлдү.

Натыйжада республика боюнча 2018-жылы 19319 кызматкер мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды.

 Улуттук «Кыргызтест» системасы жылдан-жылга өнүгүп, 2019-жылдан баштап тест онлайн тартибинде чет өлкөлөрдө да жүргүзүлө баштады.

–  Башка өлкөлөр менен кызматташуу кандай жүрүүдө?

– Алгач кызматташуу РФ ТРКИ тест системасы менен эл аралык жумушчу топтун алкагында 2014-жылдан башталган. 2015-жылдан баштап Казакстан Республикасынын «Казтест» системасы менен алака түзүлдү. Ошондой эле 2017-жылдан баштап Голландиядагы Эл аралык педагогикалык изилдөөлөр институту менен тест жаатында кызматташып келебиз.

2014-2021-жж. аралыгында Кыргыз Республикасынын улуттук тест системасын эл аралык деңгээлде таанытуу максатында, эл аралык конференцияларда жана семинарларда маалыматтар берилүүдө.

– «Кыргызтест» системасын эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн дагы кандай кадамдар жасалууда?

– Биринчиден, Улуттук программанын алкагында эл аралык жумушчу топ тарабынан ТРКИ (Тестирование по русскому как иностранному) системасынын негизинде ТРКО (Тестирование по русскому как официальному) системасы иштелип чыгып, системага тиешелүү ченемдик-усулдук документтери, деңгээлдик тесттери, минимумдары түзүлүп, аталган тест алгач
2020-жылы сыноодон өткөрүлгөн болчу. Расмий тил боюнча ТРКО тестин пилоттук тартипте ишке киргизүү пландаштырылып жатат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Россия Федерациясынын Президенти В.Путин менен расмий жолугушуусу болуп, анда эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык жана союздук мамилелерди чыңдоо боюнча аракеттери тууралуу айтылган.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында орус тилинин расмий тил катары макамын сактап калуу, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара достук, коңшулаштык жана стратегиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн өтө орчундуу жана маанилүү экендиги белгиленген.

Мында ТРКО системасынын иштелип чыгышы, анын ишке киргизилип, тестке алгач Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси, ошондой эле элчиликтин кызматкерлери катышып, жогору баа берүүсү «Кыргызтест» тарабынан баардык иштер ырааттуу жүргүзүлүп жаткандыгынан кабар берет.

Экинчиден, учурда мекемеде «Кыргызтест» системасын эл аралык деңгээлге көтөрүү максатында Эл аралык ALTE ассоциациясынын (The Association of Language Testers of Europe) мүчөлүгүнө киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн «Кыргызтест» мекемеси ALTE ассоциациясы тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык иш-чараларга жигердүү катышуу менен дүйнөлүк деңгээлде таанылуусу жана бул үчүн эл аралык эксперттердин «Кыргызтест» системасына бир нече аудит жүргүзүүсү талап кылынат.

Тилекке каршы, каржы булактары чектелгендиктен, эл аралык конференцияларга катышуу аркылуу чет элдик тест системалары менен мамиле түзүү азыркы кезде мүмкүн болбой турат.

– АЛТЕге кирүүнүн кандай пайдасы бар?

– «Кыргызтест» системасы «Эл аралык система» макамына ээ болсо, өлкөбүздүн жарандары эл аралык тесттерди өз мекенинде тапшырып, сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болор эле.

Бул чет өлкөлөргө окууга, иштөөгө барууда жаштарыбызга абдан керек.

– Буга чейин талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерген комиссия “билет” же “билбейт” деген гана учкай корутунду чыгарчу эле. Тест боюнча кандай аныкталып жатат?

– «Кыргызтест» системасы боюнча тест тапшырууда беш субтест («Лексика. Грамматика», «Угуу», «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө») аткарылып, тест тапшыруучунун баардык тилдик көндүмдөрү бааланат. «Лексика. Грамматика», «Угуу» жана «Окуу» субтесттеринин жыйынтыктары компьютер программасы аркылуу чыгарылат. Ал эми «Жазуу» жана «Сүйлөө» субтесттеринин жооптору квалификациялуу филолог-адистер тарабынан бааланат.

– Сиздердин жамааттын аткарып жаткан ишине коомчулук жакшы баа берип жаткандыгы баарыбызга маалым болууда.

– Мекеменин иштөө шарттары жөнүндө токтоло кетесизби?

– Биздин мекеме Бишкек шаарынын 10-кичирайонундагы Т.Саманчин көчөсүндө Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун (НИСИ) имаратынын жертөлөсүндө жайгашкан. Жамаатыбызда негизинен жаштар эмгектенет. Мекемебиз жер төлөдө экенине жана айлык маянабыздын төмөндүгүнө карабастан, жамаатыбыз өз ишин жоопкерчилик менен так аткарууда.

Жарандардын билим деңгээлин баалоо ишин кынтыксыз жүргүзүү үчүн бизде эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө чоң талап коюлат. Мында заманбап технологияларды эркин колдоно билген, прогрессивдүү, кесипкөй адистер ишке тартылат.

Учурдан пайдаланып, бүтүндөй өлкөбүздүн саясий абалына таасир этүүчү мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү ишти алып барууда тартипти бекем сактоо менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жаңы мамлекеттик кадрлар саясаты жөнүндө» 2021-жыл, 29-январдагы №2 Жарлыгынын аткарылышын камсыздап жаткан эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдиремин.

Маектешкен Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер