УЛУТТУК НАМЫС БОЛБОСО, УЛУТТУК ТИЛ КАЙДАН БОЛСУН!?

  • 09.09.2022
  • 0

2014-жылдын эрте жазы. Мен анда жаш секелек кыз, мектеп окуучусу элем. Ош шаарында “Ырысыбыз – достук, ынтымак” аттуу төкмө акындардын эл аралык фестивалы болот деген кабар эл арасына жайылып, баары ошол айтыш тууралуу кеп куруп калышты.  Ал учурда менин курбалдаштарым айтыш, акындардын таймашы дегенге кызыгышчу да, маани да берчү эмес. А бирок мени жаш чагымдан эле, кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаты, баалуулуктары өзгөчө кызыктырат эле. Үй-бүлөбүздө да кыргыздын баалуулуктарына көңүл бурулуп келет, салттарыбызды да сыйлайбыз. Ошонун таасириненби акындардын айтышы мени аябай кызыктырды.

 

Бактыма биздин кыргыз тили мугалимибиз, Жамила эжеке, окуучуларды топтоп, бир маршрут болуп, дал ошол эл дуу кылып жаткан акындардын айтышына алып барды. Ал убакта шаарга даталуу күндөрү гана барбасак, Ошко баруу биз үчүн майрам болчу. Биринчи жолу С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрына киргендеги алгачкы өзгөчө сезимдер, толкундануу күнү бүгүнкүдөй эсимде…
Дүркүрөгөн кол чабуулар… Залдын ичи толтура эл. Орундуктар толуп, бирин-бири жөөлөп турганы канча. Ошого карабастан, баарынын жүзүндө кубаныч, шаңдуулук, сыймыктануу. Эл ичинде мен да бармын. Айтыш болорун уккан күндөн тарта бул күндү аябай күткөн болчумун. Айтыш уламдан-улам кызый берди. Жарданган эл болсо, кулагынын кужурун кандыра жамгырдай төгүп, булбулдай безеленип сайрап жаткан төкмөлөрдү сүрөп турду.  Мен ошондо улутум, тилим кыргыз экендигине өзгөчө сыймыктанып турдум. Анткени конок болуп келген өзбек, түрк, казак акындарынын арасында кыргызымдын гана үч кыл комузунда, кыргыз акыны төгүп жаткан кыргыз тилинде гана өзгөчө касиет-күч бар экенин сезе алдым. Ошондо кыргыз болуп жаралганыма, ушул керемет тилде сүйлөп, ой жүгүртүп жатканыма ичимен шүгүрчүлүк келтирдим.
Анан кантип эле ушундай касиеттүү ыйык тилди чангандар, тангандар болсун!? Ооба, бул суроону сизге берип жатам, замандаш. Ойлондуңузбу?.. А мен ойлонуп-ойлонуп, ой түбүнө жетпей койдум. Өз элинде жетимсиреп, өгөйлөнгөн тилибиздин ахыбалына ичим ачышты. Жүрөгүм ооруду…
Жакында эле социалдык тармактан бир жаш жигиттин айылдан шаарга, тагыраагы, борборго барып өзүбүздүн улуттук тилде сүйлөгөнү үчүн бир эмес бир канча жолу катуу жеме укканын айтып кейигенине күбө болдук. Эң өкүнүчтүүсү, жаныңды кашайтканы ошол “орус тилинде сүйлө” деп жемелегендер кыргыз улутундагы эле жарандар болуп жатпайбы. Буларда  эмне улуттук намыс жокпу? Кээде ойлоном, булар жок дегенде кайсы өлкөдө жашап жатканынан кабарлары болду бекен?.. Жанагы жаш студент жигит айылдан кандай максат, кандай бийик кыялдар менен борборго келди эле… Айыл жергесинде тил маселеси шаарга салыштырганда көңүл жылытарлык. Анткени үйдөн баштап, бала бакча, мектеп – баары кыргыз тилинде иш алып барат. Биз, мугалимдер, айрыкча кыргыз тилчилер, мектепте окуучуларга “Хан Манастын урпагысың, улуу кыргыз элинин тукумун улоочу силерсиңер, келечек силердин, жаштардын колунда, кыргыз тилинде таза, так сүйлөгүлө, улуттук намысыңар бийик болсун!” деген өңдүү сөздөр аркылуу өзүбүздүн улуттук идеологияны сиңирүүгө аракет кылабыз. Бирок бул ошол кичинекей класста эле айтылып, тар чөйрөдөн мамлекеттик деңгээлге кулачын жайып кете албай жатат. Башкача айтканда, кыргыз тили кыргыз тилчи мугалимдин тилине айланды. Кыргыз тили кыргыз тилчиге гана керектей мамиле. Анан кантип кулачын жайсын эгер мамалекет тарабынан эч кандай кол кабыш болбосо. Балким, жанагы жаш жигит да кыргыз тилинде таза, так сүйлөп түшүнгөнү менен орус тилдүү кыргыздар тарабынан кемсинтилип, басынтылганда кыргыз тилин, “Манасты” окугандан көрө орус тилин эле окуп үйрөнүп албаган экенмин деп аттиң кылды окшойт. Ким билсин. Менимче, мындай ой ар бир айылдан шаарга барган адамдарга келсе керек. Анткени өлкөбүздө кыргыз тилине болгон талап жок. Жумушка кирейин десең да таржымалыңда (резюме) тил билүүсү деген бөлүгүнө көңүл бурушат. Эгер эки адам бир жумушка өзүлөрүнүн таржымалын ташташты дейли. Алардын бири өз ишинин мыкты билет, бирок орус тилинде эркин сүйлөй албайт. Экинчиси иште мыкты деле эмес, бирок орус тилинде эркин баарлашат. Жумуш берүүчү, албетте, экинчини тандап алат. Анткени ал орус тилинде эркин сүйлөп жатпайбы. Мына ушуга окшогон көрүнүштөр коомчулукта толтура.  Ошондуктан шаар эле эмес айыл жерлеринде да орус мектептер ачылсын деген талап жогору болуп жатат. Айтсак, шаарда жеке менчик бала бакча, мектептердин баарынын окутуу орус тилинде болуп жатса, ал эми мамлекеттик мектептердин дээрлик баарында эле, бир классты алсак мисалы, 7-класстын төрт классы орус класс болсо, бир классы гана кыргыз класс болуп калды. Айылды айтсак, кыргыз эле мектептерде сөзсүз бирден орус класс ачылып жатат. Ата-энелер жабылып эле орус класска берүүдө. Жок дегенде орус тилинде эркин сүйлөп,  шаарга барганда кыйналбайт деген аруу ой да. Эмне дейбиз, балким, булардыкы да бир жагынан туурадыр.
Дагы бир нерсени айтпасам болбос, орус тилин билгенибиз менен кыргыз тилине кошуп аралаштырып жаңы “чала моңол” тилин жаратып албадыкпы. Өзүбүздүн тилге кошуп орус тилин деле кордоп бүтмөй болдук. Ошончо орусча сүйлөйт экенсиң таза сүйлө да. Орусчасы түгөнүп баратса кыргызча аралаштырып ийет да кайра эсине келгенде орусча улантат. Же ушунун тескериси башын кыргызча баштап, аягын орусчалап бүтүрүп коёт. Ушул боюнча Чыңгыз Айтматовдун айтканын окуп калдым эле: “Орус тили – улуу тил экендиги бештен белгилүү, анын өлкөбүздүн бардык улуттук маданияттарына тийгизген таасири жөнүндө талкуу баштоо – ачык турган эшикти сүзгүлөй бергендей эле кеп. Орус тили – улуу тил, бирок, бул башка улуттук тилдердин ички мыйзамченемдүүлүктөрүн эсепке албай, ага асыресе орус сөздөрүн болсо-болбосо деле сүйрөп киргизе берүүгө болот дегендикти билгизбейт.” Эң туура баса белгилеп кеткен. “Уже, и, точно, да, нет, ещё, конечно, вообще” жана башка орус тилиндеги сөздөрдү күндөлүк турмушубузда колдонуп отуруп өзүбүздүн төл сөзүбүзгө айлантып алмай болдук. Айрымдар бул сөздөрдүн кыргызчасы жок деп талашат.  А мындайлар менин ар-намысыма шек келтирбей койбойт. Нечен жылдарды камтыган тарыхы бар улуу кыргыз элинин ушул жогорудагы сөздөргө котормосу жок калды беле? Уже – эми, алда качан, эчак эле; и — жана, менен, да, ошентип; точно – анык, так, дал, туура, нак; да – ооба; нет – жок; ещё – дагы, жана, да, эле, болчу; конечно – албетте; вообще – жалпы, жалпы жонунан, дайыма, такыр жана башка. Минтип орус тилин мүдүрүлтүп, “уже, точно…” деген түшүнүккө тете маанилеш ондогон сөздөрү бар кыргыз тилине шек келтирүү кимге кереги бар?! Мындай талуу жерлери бар ойлорду окуганыңызда, балким, улутчулдук көз караштын тардыгы катары баалагандырсыз, окурманым. Ааламдашуу доорунун талабы көп тил билгендик болуп жатпайбы, биздин уул-кыздар да тил үйрөнүп чет аймактарга чыгышсын дээрсиз. Ооба чыгышсын, бирок улуттук тилге болгон сүйүүсү болсун, мекенге болгон урматы болсун. Жаштарыбыздын баары эле чет тилдерин үйрөнүп чет жерлерге жумуш издеп кетишсе, анда кыргыз улутун улап ким калат?! Бүгүнкү күндө талаалап кеткен улан-кыздар кайра Кыргызстанга келет деп эч ким кепилдик бере албайт. Макул алар тилибизди унутпаса да, алардын балдары кыргыз тилинде сүйлөй да, ой жүгүртө да алышпайт. Алар биздин улуттун таза урпагын улап кете албайт! “Тил болбосо – дил болбойт” эмеспи. Касиет кеткенден кийин ал маңкуртка айланат. Маңкурт болсо ата-энесин да, эли-жерин да сүйбөгөн, ыйман, намыс деген эмне экенин билбеген бир көр пенде эмеспи. Андайлардын көбөйүшү мамлекетибизге да, тилибизге да чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан ааламдашуу доорун шылтоолобой, тил маселесине көңүл бурбасак, улуттук тилибизди жоготуп алуу коркунучунда турабыз. Муну менен кыргыз тилине такыр эле көңүл бурулбай калды дегим келген жок. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мамлекет тарабынан “Кыргызтест” системасы түзүлүп, кыргыз тилинин аброюн аз да болсо көтөрүүдө. Айрымдар жогорку кызматка баруу үчүн аргасыздан болсо да кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышууда. Бирок улуттук тилибиз бир эле жол менен өнүкпөйт да. Ал бардык жерде: үй-бүлөдө, бала бакчада, жогорку окуу жайда, базарда, мекеме-ишканаларда, жетекчинин бөлмөсүндө, эң негизгиси – “улутум кыргыз” деген ар бир инсандын жүрөгүндө өнүгүүсү зарыл.
“Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил өз элине улуу. Биздин ар бирибиз бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: анын тазалыган сактай, байлыгына байлык кошушубуз керек” (Ч.Айтматов).

Ата-бабаларыбыз бизге таза тилибизди сактап ушул күнгө алып келип беришти. А бизчи? Биз да кийинки урпакка Манастын тилин таза бойдон өткөрүп бере алат болдук бекен? Намысыбызга келели! Тарых алдында жооптуубуз… Ойлонолу, ойгонолу!

УЛУТТУК НАМЫС БОЛБОСО, УЛУТТУК ТИЛ КАЙДАН БОЛСУН!?

 

 

Мадина Асилбек кызы,  Ош шаарынын

№33 С.Алымкулов атындагы орто мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими,

магистр

 

Бөлүшүү

Комментарийлер